Ысыган жүрөк муздадып, Сүткө суусун канышып. Эр Манастын мүрзөгө, Бакай болуп барышып. Арбагы эбеп жөлөөр деп, Куран окуп алышып. Амандашып коштошуп, Абдан ыйлап боздошуп. Эки зайып бир эркек, Баары кары окшошуп. Каныкейдин сөзүнө, Кулак салып токтошуп. Күмбөзү бийик босого, Адам барбай ошого. Төр жагын карап отуруп, Каныкей ыйлап ошондо. «Алланын берген сыймыгы, Асылым Манас өлгөнүң. Эми айтып атам кыдыртып, Эл чогултуп көмгөнүм, Он күн өтпөй артыңда, Эми кордук көргөнүм. Амырына кудайдын, Айлам барбы көнгөнүм, Карыган атаң Жакып хан, Хан төрөм сага кас кылган. Жаман санаа ниетин, Калың журтка паш кылган. Кудай сенин атаңды, Эрибес боорун таш кылган. Асылым Манас өлгөнү, Эл чогулуп көмгөнү. Артында калган тууганы, Жыйнап койгон мал-пулун, Камчыга ченеп бөлгөнү. Абыке, Көбөш иниңди, Арамдыгы билинди. Бел кылып мында мен турам, Арка кылып кимиңди? Карыган Бакай досуңдун, Айласы жогу билинди! Жердеген жериң кең Талас, Жеке журтка баш болгон, Сен элең баатыр эр Манас. Турган жериң кең Талас, Сурап журтка баш болгон, Сен элең өткөн зор Манас. Асылым кеттиң дүйнөдөн, Азабың тарттым бүгүн мен. Арбагың эбеп жөлөөрсүң, Артыңда калган балаңды. Алып кетсем эми мен, Адырда жылкың ала баш, Аргымак атың аралаш. Абыке, Көбөш, Жакыптан, Намысын каалап аларга, Артыңда калган бала жаш. Азабым айтам арызданып, Жаныңа мени ала жат! Тоодо жылкы ала баш, Тобурчак атың аралаш. Тобурчак кармап минерге, Тобуңда калган бала баш. Тозогум айтам арызданып, Күйгүзбөй мени ала жат. Сары кызыл аралаш, Ыраңдап түрдөп сырдаган, Сарайың калды каңгырап. Кыргызда төрөм өзүң жок, Кыйнооңду тартып маминтип, Каныкей калды жалдырап. Ак жашыл сырдан аралаш, Сарайың калды каңгырап. Жанымда төрөм өзүң жок, Кара бет калды жалдырап. Жайкалган Талас бош калды, Атакелеп ыйларга, Аркаңда Семең жаш калды. Көйкөлгөн Талас бош калды, Абакелеп ыйларга, Көтүңдө балаң жаш калды. Жердеген жериң кең Талас, Абыке, Көбөш журтка баш. Ордуңда тагын ээлерге, Артыңда калган бала жаш. Белинен сынды терегим, Бейжинге барган береним. Султан Алмаң, Чубакты, Бейжинге белек бергениң. Бектерди белек берип сен, Же өзүң тирүү келбедиң. Кайрылып сынган терегим, Казатка барган береним. Кан Музбурчак, Сыргакты, Казатка белек бергениң. Бергениңе жараша, Өзүң аман келбедиң. Казатка бардың кол менен, Адам тапкыс жол менен Айлана кара тоо менен. Оргуган аппак шор менен. Капырга таштап колуңду, Падышам кайгырып келдиң жол менен, Жайкалып бастың кол жыйнап, Чактабай арбын мол жыйнап. Чабам дедиң Бээжинди, Чарчаттың бекер жан кыйнап. Чарыйар чаркы барбаган, Чакташып бенде албаган. Искендер изин салбаган, Илгертен киши албаган. Байгамбар, сааба жетпеген, Байыртан киши кирбеген. Балакеттүү Бейжинге, Падышам баатыр, бардың сен, Жапасын тартып балаңдын, Жанымды кыйнап калдым мен. Бейжинге бардың жол алып, Кырылды журтуң суналып, Кыйла баатыр кыргыздан, Кыйамат көздөй жол алып. Башымда күткүн сыймыгым, Баштан айак шор алып. Барбай турган Бейжинди, Падышам кандай чендеген? Барса келбес Бейжинди, Башынан кытай жердеген. Адам ата – Обо эне, Ошондон бери карата Адам уулу жеңбеген. Барамын деп падышам, Балакетке желдеген. Ойуң менен кол жыйнап, Оолуккандай дембе-дем. Урматына кызыгып, Улук болуп калгандын, Тирүү пенде келбеген. Асылдан тандап кийиндиң, Арстаным артык билиндиң. Айдап барып колуңду, Анжуга барып кийирдиң. Алтымыш уруу алашты, Алардын баары ийилди. Айдап барып арстаным, Ал Бейжинге кийирди. Токсон уруу түрк уулу, Түгөл баарың ийилди. Токтотпой айдап барысын, Тозоктуу жолго кийирди. Башынан киши барбаган, Барса келбес Бейжинге, Бардың, баатыр, тил албай. Айбалта тийип шилиге, Аманат жандан ажырап, Азапка салдың мамындай. Айлыңда кантип мен турам, Абыке, Көбөш Жакыптын, Кылганына ар кылбай. Көтөрүп жүрүп багайын, Белегиңди кар кылбай. Өмүрү болсо Семетей, Өчүмдү алып берер дейм, Өзгө элге зар кылбай, Аркаңда жалгыз туйагым. Амандыгын тилеймин, Акыры алла кудайдан, Армандуу өлүм айрылттың. Ак никелүү жубайдан, Сандаган журттум түрк болду. Сандалган энең баш болду. Сакалын жеди карыган чал, Саңсарларга баш болду. Тирүүмдө көрдүм ыраат, Кылганым ага аз болду»!... Кыйла сөз айтып буркурап, Чыйырды менен Бакайдын, Угуп сөөгү зыркырап. Ал аңгыча угулду, Ыйлап бала чыркырап. Баланын үнүн укканы, Басып Каныш чыкканы. Курчанып жонго көтөрүп, Баланы Сарытаз алып келгени. Каныкейдин алдына, Сакалы ылдый жаш кетип, Карыган Бакай басканы. Төрөсүнүн өлгөнүн, Кайнатсы билгизип. Кайран Бакай карыя, Калмакчы болду бул жерде. Төтөлөп жолго киргизип. Сарытаздын алдына, Салып Бакай барганы. Колун сунуп арбайтып, Баланы Бакай алганы. Амансыңбы балам деп, Кучактап Бакай ыктады. Көзүнөн аккан кандуу жаш, Жакасын жууп чыктады. «Семетей балам сенсиң деп Сагынган карың менмин деп, Кудай таала туз буйурса, Чоңойсоң кайтып келгин деп, Чоң болгондо табарсың, Жооңдон кегиң аларсың. Жолугушкан жоо болсо, Айанбай найза салаарсың. Жетимдик кылып койбосоң, Жериңди келип табарсың. Карып калган Бакайдын, Ошондо көргүн керегин. Ушу болсун арнаган, Балага менин белегим. Кайра келсе Таласка, Ушундан таанып алайын. Чоң кынымды берейин». Сакал салчу кылаптан, Кошо суурду жанынан. Муну алгын Каныш деп, Каныкейге арнаган. Төтөлөп жолго киргизип, Баланы тосуп жүрөрмүн, Түбөлкү сырын билгизип, Тирүү болсоң барарсың, Төркүнүң таап аларсың. Төрөдөн калган туйакты, Өз билгиңче багарсың. Тору этиңе толгондо, Кең Таласты табарсың. Минген атың жоорутпа, Төрөдөн калган туяктын, Теги эле көөнүн оорутпа. Киши көзүн салбасын, Каныкей сөзгө кулак сал, Кирпил болуп калбасын. Баланы жаман бакканың, Өзүңө болор жаман ат. Баарыңарды тапшырдым, Кудайыма аманат. Семетей балам бөрү бол, Бөрү болбой каман бол, Бөлүнүштүк аман бол». Берметтей жашы тизилип, Ичеги боору эзилип. Кайран Бакай карыйа Кайра тартып келди эми. Минип алып жогол деп, Эки байтал берди эми. Амандашып кайткан соң, Хан Бакай сөзүн айткан соң. Анда туруп Каныкей, Сарытазга кеп айтты. Серпип кашын муну айтты. Кишиге айтпа сырыңды, Башында сага бактырдым, Балага кылып ырымды. Хан көтөрөм коргонго, Аман болсо жалгызым, Асылы анык чыным бу» Каныштын кеби ырас деп, Кабыл алды Сарытаз. Эми эле хандык тийгендей, Өрүпкүп кетип баратат. Бурулуп чыкса тумшуктан, Түшүп Бакай ал жатат. Коргондун ханы келди деп, Тосуп Бакай кеп айтат: «Сарытаз жакын келгин деп, Айтамын сөздү билгин деп, Үч айдан артыгыраак жол, Темир хандын шаары деп. Мында туруп нетесиң, Эртеңден баштап күтүнүп, Ошол жерге баргын деп. Алтын, күмүш берейин, Кеңири малды алгын деп. Дүкөн ачып, мал жайып, Соодагер болуп калгын деп. Жер-жемишти көп салгын, Ичмек жагын камдагын, Кулагың салгын Сары аба, Унутуп сөзүм калбагын. Көптү көргөн карысың, Байкап жүргүн сыртынан, Чоңойсо бала Семетей, Алгындай болсо намысын, Эбин тапсаң айткының, Эли журтту тааныткын. Ашкере кыйын эр болсо, Эгин салып жер айдайт. Куурулу жолу шар болсо, Куш жайылып куу кармайт. Куруган жаман ал болсо, Айылдан чыгып баса албайт. Асылы дээрлүү жан болсо, Үйүндө жатып алалбайт. Байкап жүрүп мүнөзүн, Болоорун өзүң билесиң. Эли журтун билгизип, Эбин таап ийерсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.