← Семетей 2/4

Көрбөгөнү көр болсун, Ошентип жүрүп жан багып”. Абыке сөзү бүттү эми, Көбөш баатыр күүлөнүп, Көрсөтөм деп сүйлөнүп, Абыке, Көбөш, Жакып хан, Ачууланып токтошуп, Калмакка казат кылчудай, Мылтыктарын октошуп, Кылса болот буга деп, Убада сөзүн токтотуп. Эч биринде уйку жок, Үшкүрүшүп муңайып, Ачуусу менен токтолуп, Түн ичинде барарга, Алыста жоосу жок болуп, Таң саргарып атты эми, Тараза жылдыз батты эми, Баарысы тегиз чогулуп, Манастын айылын басты эми. Чыйырды менен Каныкей, Чын эле жаман шашты эми, Жер астына ор казып, Семетейди катчудай, Кылаарын билип мурунтан, Айлына жакын келтирбей, Семетейди Каныкей, Сарытазга тургузган. Шексиз кылып койууга, Кылаарын билип кулдардын, Семетейди катуу үчүн, Ор казган болуп турганы, Каныкейдин даанасы. Эркелетип колуна, Эрмек кылып сүйгөнү, Сатып алган баласы, Семетей башка катылып, Жесирлер баскан санаасын. Абыке, Көбөш, Жакып хан, Өрүштөгү малды алып, Катарлашкан нарды алып, Казына күмүш зарды алып, Катканын билбейт сандалып, Көрүнө турган малды алып, Чыйырды менен Каныкей, Кан какшады зарланып. Куруган эки катынды, Өз айынан көчүрүп, Үстүндөгү ордосун, Үзүгүн сыйрып чечтирип, Катарлаган туу-туусун, Каршы терши бүктөтүп, Карматып келген нарларга, Казына зарын жүктөтүп, Чыйырды менен Каныкей, Чымырканып күч кетип, Ал аңгыча болбоду, Жакып хан келди жаркылдап, Үнү катуу баркылдап. “Айткан сөзгө көнбөйсүң, Арың кеткен ит долу, Абыкеме тийбейсиң, Көңүлүңө сыйбайсың, Көркүң менен ит долу, Көбөшүмө тийбейсиң, Долу сен, кар болоруң билбейсиң, Кең дүйнөсүн тарытып, Талкала, — деп долуну” Жакып хан турду демитип, Анда туруп Каныкей, Атасына кеп айтты: “Атаке баарыбызды тапкансың, Бала кылып баккансың, Өлгөн уулуң барында, Өзүң бек болуп жаткансың, Кары да болсо атаке, Чын акылга толо элек. Манас уулуң өлгөнү, Толук он күн боло элек. Манас өлдү сүйүндүң, Кейибедиң балам деп, Эки арамың ээрчитип, Эми келдиң чабам деп, Мал айдадың чарбакка, Баарыңды койдум арбакка, Бирөөң экөө болбой кал, Бир конушка конбой кал,. Биз өңдөнүп арман күн, Асылым Манас өлбөй кал. Теңдейт деген сөз кана, Жетим, жесир убалын, Акыретте көздөп ал. Энтелеген курган чал, Эки уулума тийбейт деп, Айлымды келип камадың, Хан уулуңдун мал-пулун, Душмандан бетер таладың, Абалтан арам иттерге, Тиймек түгүл сийбеймиң, Кыларың ишин мурунтан, Илгертен бери билгенмин”. Ал аңгыча болбоду, Жакып хандын ичине, Жыйылып шайтан толгону, Минген атын дыркыратып, Уландарга чакыртып, “Муну көрчү Абыке, Муңайып туруп каласың, Медер кылып алыптыр, Кечээ эле тууган баласын. Тууганы үч жыл боло элек, Үч жашка анык толо элек, Телчип басып борбойуп, Темтеңдеп басып кобо элек, Чолпондой көзүн жайнатып, Тунжур куштай талпынып, Муну тирүү койуш анча эмес. Кудай кылат ар ишти, Курчанып белин баса элек, Кундакта жатып бул жетим, Кылганы турат бир ишти. Нөөмөт бербей силерге, Атасы жүрдү башында, Өрүпкүгөн жетимди, Өлтүргүлө жашында. Бергенин кудай алчу эмес, Берен болчу неме экен, Бирди кылбай калчу эмес, Бул өңдөнгөн чунакты, Тирүү койуш анча эмес, Каныкей долу катынга, Бир кылбагын үч кылгын, Тил албаган кайратын, Өз башына күч кылгын”. Карыйа Жакып кеп айтып, Кайдасың Көбөш деп айтып, Өлтүргүн деп баланы, Катуу үнү чыгып жеме айтып. Койчу деп мойнун бурган жок, Токтоо кылып турган жок, Бөрк ал десе баш кескен, Бул экөөндөй урган жок, Жайлагын деп баланы, Жакыптын жаны тынган жок, Жаман арам эки айбан, Койчу деп сабыр кылган жок, Көбөш менен Абыке, Бир бастырып жанашып, Өлтүрөм деп ээ кылбай, Күң баласын талашып, Каныкей менен Чыйырды, Каргай берди жаны ачып. Эки катын биригип, Эмгектеген баланы, Бооруна басып дүм түшүп, Талашканын көргөндө, Калың элге чуу түшүп, Манастын уулун айайт деп, Өз элине таарынып, Жакып хандын көөнүнө, Айабаган чуу түшүп, Эрегишип киргенде, Элин басып жоо түшүп, Баланы сууруп алышып, Баатырсынып калышып. Колунан жулуп алышып, Комбоосунуп калышып, Жоо түшүргөн немедей, Жакып ханга барышып. Көкбөрү тартып баланы, Эки арам кетти жарышып, Жайлады Жакып баланы, Эки уулуна үйрөтүп, Күң баласын өлтүрдү, Көкбөрү кылып сүйрөтүп, Баланы шейит кылышып, Баарынын жаны тынышып. Өлүмдүн иши кор экен, Жамандын иши чор экен. Баш билги көзү өткөндө, Артында калган кор экен. Каныкей менен Чыйырды, Кыбыла карап отуруп. Жаш аралаш кызыл кан, Көзүн жашка толтуруп. Манасты ыйлап жоктошуп, Эки жесир бечара, Олтурушту окшошуп. Энеси турду үн кошуп, «Эсит ботом өлдүң деп. Акырет кеттиң кулунум, Айрылды кийген буулумум. Азабын тарттым маминтип, Асылым Манас уулумдун. Талаан койду малыма, Зар какшатпай энеңди, Тарта жатчы жаныңа. Ээ кылбады малыңа, Эмгекти тирүү тарттырбай, Энеңди алчы жаныңа! Эрмек кылып сүйсүн деп, Баламды койбой колума. Адамдан капыр карыган чал, Арманды салдың ойума! Дүнүйөнү мол алып, Душмандын көөнү басылды. Күйгүздүң отко ботом! — деп». Энеси ыйлап басылды. Каныкей турду кан какшап, Кайырма жака киш ичик. Желбегей жеңин бош таштап: «Кайран төрөм артынан, Кайгырайын көз жаштап, Артык тууган кан төрөм, Азелде тагдыр ушу экен. Муну кимден мен көрөм? Адамдан капыр атаң бар, Беш күн өтпөй таланып. Бек арылбас капам бар, Береним төрөм арбагы. Бечерага болсун жар, Алалдык менен караны. Акыры кудай теңшесин. Аман болсом кесермин, Үч айбандын эңсесин. Өлтүрсө өлүп калармын, Өлбөсөм күндү көрөрмүн. Кудайга зарым угулса, Курган чал өчүм алармын». Каныкей менен Чыйырды, Кан какшады зар ыйлап. Карап турган калың журт, Токтоо кылбай баары ыйлап. Эки катын журтунда, Калды эми жан кыйнап. Уулунун малын жоодой чаап, Укмушту Жакып баштады. Улутуп эки зайыпты, Өз журтуна таштады. «Эрлигимди билет деп, Ээси ооганда келет деп, Кайратымды билер деп. Карды ачканда келер деп». Такыр талап малды алган, «Үч берен» деген эр ошол, Каныкейди журтуна, Таштап кеткен жери ошол. Байыркынын акмагы, Баласын жоодой чапчу экен. Бакай баатыр чеп болуп, Темир тоодо жатчу экен. Бакай хандын ичине, Нечен акыл кирүүчү, Нечен акыл чыгуучу. Абыке, Көбөш Жакыптын, Башта эле сырын билүүчү. Кантти экен деп санады, Кайран Бакай көзүнө, Дүрбүнү алып салды эми. Пар келтирип тушуна, Манастын айылын карады. Үй-үлкүмөт мал-пулдан, Эч көрүнбөйт карааны. Айдап кетсе калтырбай, Караанды Бакай табабы. Эр Бакайдын санаасы, Алда канча бөлүнөт. Эрбеңдеген журтунда, Эки караан көрүнөт. Кылган экен буга деп, Кандуу жаш көздөн төгүлөт. Кудай кылды кантем деп, Курган Бакай наалыды. Эки зайып экенин, Эми Бакай тааныды. «Көп кечикпей кетсин деп, Самаган жерге жетсин деп. Эки койду бышыртып, Эки зайып жесин деп. Эри менен дос элем, Ант актайын билсин деп. Эки чанач сүт алып, Суусаган жерде ичсин деп. Эки байтал күч алып, Жөө баспай минип кетсин деп. Субайдан берер чама жок, Кандыгы тайган колунан, Ал Бакайда амал жок. Ээр токум тарттырып, Эти-сүтүн Бакайың, Байталдарга арттырып. Эки байкуш катынга, Ичи жаман ачынып. Туура жолго жанашып, Душмандарга көрүнбөй, Бөксө менен желиптир. «Минип алып жогол деп». Байталды Бакай бериптир. Каныкей менен Чыйырды, Сүттөн жутуп алышып.