Гүлчоро менен Жубатайдын кармашуусу
Калмактын иши тез болгон, Алп жамгырчы баатырга, Бир бала жолдо кез болгон. “Өзүң чоочун баласың, Кайсы жакка барасың? Кабыландай жаш бала, Кабарың айта саларсың”. — Анда бала кеп айтат: “Өзүң кары аксакал, Жүрдүң кайда — деп айтат?” — “Мени койуп сен бала, Өзүңдүн айтчы кабарын, Чыныңды айтпай сен койсоң, Көмө чаап саламын!” Бурулбай бала бастырып, Бура тарта берерде, Эр жамгырчы баатырың, Шамдагай эле эң эле, Бура тарта бергинче, Этегинен кармады. Карыса да эрлик чоң, Камгактац эңип алганы. Коркконунан чыдабай, Колго түшкөн байкуш жан, Бала сөзүн баштады, Бар сырын айтып таштады: “Алдыга Саңген кеткен — деп, Алып кегин кабар — деп, — Жубатай мени жумшады. Айдама кошун кол келет, Ар жагында бул кырдын, Калмактын колу мол келет. Келип калса кыргыздан, Кимиси ага тең келет?!” — Жашырбай баарын чын айтып, Жаш бала тилин безенет. Баланы кармап ныктады, Кулагын кесип алганы, Жаагын канган чыктады. “Колуңа, бала, алгын — деп, Алп Жамгырчы кылды — деп, Жубатайдай баатырга, Жашырбай айтып баргын” — деп, — Кулагын берип колуна, Баланы салып жолуна. Алласына сыйынып, Баштагын кудай оңуна, “Мурун мындай жок эле, Жаңы чыккан эр окшойт, Жабуу болгон Жубатай, Кадайын найза бооруна”. Эки жагын каранып, Эр Жамгырчы карыйа, Ээрди-башын жаланып. Түптүү турган чынарды, Түбү менен бут бойдон, Сууруп колго аны алып. Нуру кетип бетинен, Кубат кетип белинен. Кайрат кылып чыкса да, Карылыгы билинген. Кайкалаган кайран эр, Кабыргадай ийилген. Оозунда жалгыз тиши жок, Алдыңкы ээрди келпийип. Эрликти бербей колунан, Эр Жамгырчы диңкийип. “Бала алдыга кетти — деп, Кабарды айтып жетти” — деп. Өзүнө берип кайратты, Келип калган окшонот, Кайрат кылар убакты. Такоол кылган Буурулдун, Талкалап бутун кыйратты. Ээн талаага таштады, Семетейдей чыйракты. Карып калган Бакайдын, Башын кесип уулунун, Кайгыга салып ыйлатты. Уусаңгендей баатырды, Гүлчоро сайып кулатты. Кожожаштай мергенди, Жебелеп жерге сулатты! Баарын алып ойуна, Карысаң да Жамгырчы, Эми кылгын кайратты! “Гүлчоро келер бекен — деп, Элди көрөр бекен — деп? Келип калса Коргонго, Изимди кууп келер — деп. Өлбөй калса Кожожаш, Гүлчородой чунактын, Табар бекен убактын. Гүлүстөн жерди тайанса, Тагдыр ошол, кудурет, Баарыбызды куураттың!” — Деп, ошентип Жамгырчы, Түптүү чынар өнөрүп, Эрлигин бербей колунан, Карыса да күркүрөп, Өргө келсе күрс этип, Демик алып жөтөлүп. Жөтөлгөндө күч келип, Карылык эмей неткени, Токтоло калып, дем чыгып, Антип-минтип Жамгырчы, Белге келди тер чыгып. Үч-Кошойдун алкым таш, Алды бөксө, жери саз, Жаткан экен калың кол, Жайбаракат каз канат. Кайкыдан чыгып караса. Байакы бала баратат. Барып бала буркурап, Жубатайга зыркырап: “Буйрунуңа тез болдум, Наркы каптал бөксөдө, Карыган чалга кез болдум,, Жолуккан чал кеп сурайт, Барасың кайда, — кеп сурайт. Түз жообумду бербедим, Салам айтып койбодум. Карып калган абышка, Канчалык — деп — ойлодум. Көзүмө илбей ал чалды, Кордук көрүп сойлодум! Бура тарта бергинче. Өзүмдү алып өңөрүп, Такымына басканы, Ээрге башым жаздады. Кордукту салып башыма, Кулагым кесип таштады. Кулакты берип колума, Баргын — деп, — бала жолунда, Жашырбай, бала, айтып бар, Жубатай деген чоңуна. Деп, чунак чал кутурган, Койо берди жолума. Таап келген кебим бул, Кулагыман айрылып, Алдыңа келген ишиң бул. Карыдан келип бел жакка, Көз жиберсем ал жакка. Кудай урган ал чалдын, Кылбаган иши калбады, Өнүп турган чынарды, Кармап туруп белинен, Түбүнөн жулуп алганы. Өңөрүп алып чынарды, Атын жолго салганы. Келе жатат артыман, Салам — деп — биз калбаны!” Жоонун жайын укканда, Жубатай турбайт кубанбай, Анын жайы момундай, Алп туулган Жубатай, Кытай менен калмактын, Кошулушкан жеринде, Койбой баарын жыкчу эле, Күрөш кылган кезинде, Балбанды жыгып, байге алган, Эрди сайып даңк алган. Коңурбай менен Эсен хан, Жеңилип андан таң калган. Ошол эрдигине ишенип Жоо дегенде кубанган, Жамгырчы жайын укканда, Камынбай буу да турбаган: “Кошуну жок бир чалдын, Өпкө, боорун тешейин, Көрсөтүп туруп өзүнө, Бөйрөк майын эзейин, Чоң кесеге толтуруп, Жүрөк канын ичейин, Айтканымды кылбасам, Жубатай болбой кетейин, Уусаңгендей баатырдан, Анан кабар албасам. Жебе тартса жазбаган, Кожошаш баатыр бар болсо, Уусангең менен Жубатай, Биригип экөө баш кошсо. Томкорулат Семетей, Болсо да аскар, бийик тоо!” — Деп Жубатай күүлөнүп, Ачууланып сүйлөнүп. Доолбасы кагылып, Калмактар атка жабылып. Жебе, жасын асынып, Дүрдүгүшүп калышты, Орчун колу камынып. Ал аңгыча жакындап, Карыса да Жамгырчы, Жетип барды чамынып. Жамгырчынын көргөнү, Көк чынарды өнөргөн, Эрдик артык көгөргөн. Элден башка дөө экен, Байкап көрсө Жамгырчы, Киши эмес дөө экен, Келе жатса ыраактан, Аты жок өзү жөө экен. (Өңүрүп алган чынары, Көрсөтпөй атын далдалап, Жөө сыйактуу көрүндү). Каранын аны көргөндө, Жубатай көөнү бөлүндү. Талдужал деген аты бар, Өөрчүп турган Жубатай, Жаш баладай салты бар. Бастырып чыкса түгөнгүр, Найза колдо жалтырар, Карыса да Жамгырчы, Кайдан мындан тартынар? Маңдайлашып жатканда, Кылычтап кырып калмакты, Айдап койдой кырдыртып, Алып башын сыдыртып, Гүлчоро келген чагы бар. Ошол жерде Гүлчоро, Учурашкан жайы бар. Усаанкеңдин колунан, Эр көкүрөк зорунан, Тирүү койбой сойуптур, Кишинин жеп ич майын, Ал Гүлүстөн тойуптур, Калган журттун бөлүптүр, Атпай уулу кыргызга, Малай кылып бериптир. Ошондой кылып таратып, Кенколду көздөй бет алып, Кайра жаанып бериптир, Аз күн болгон кеткени, Арада өргүп күн өтпөй, Ал кошунга жетиптир. Калмактын элин таныбай, Кайсы экенин биле албай, Карап турдуп мамындай, Кыйа тартып өткөндө, Жамгырчыны тааныды, Муну ойлоп налыды. “Уусангең сайдым эр бүктөп, Кожошаш өлдү жер жыттап, Колун айдап кыргынга, Калган колун калмактын, Кыргызга бөлүп тыңгынча. Дагы артынан калың кол, Келген экен кыргызга. Алп Жамгырчы келиптир, Караса да ал мында, Эр Семетей Жалгыз эк, Кайраттуу баатыр Канчоро, Карыйа Бакай абакем, Өлгөн белем чынында?! Калган элем ал элде, Алп Жамгырчы карыйа, Жалгыз өзү ырымга?” — Деп, ойлонуп Гүлүстөн, Уруш десе күч алып, Күүсү жанбайт бир иштен. Тамак ичсе ичпесе, Тамай отуз күн жүрсө, Карды ачканын билбеген. Кара суу келип оозунан, Өзөгү ооруп жүрбөгөн. Өткүр туулган чунагың, Өрчүй берет дембеден, Жоону көрсө Гүлчоро, Кара бойун чыйраткан, Пендеде мындай берең жок, Кайраты чыйрактан, Канжыгага калдайтып, Уусаңген башын байланган. Беттешип келген пендени, Бекер койбой жайлаган, Чынкожонун сойгон кул, Чын кан кумар болгон кул. Толтойдун ичин жарган кул, Боорунан өтүн алган кул. Уусангендей калчанын, Башын кесип келген кул, Кожожашты жайлаган, Атып көзгө кандаган, Калың колун калмактын, Жуушатып койдой жалмаган, Катылышкан ушуга, Тирүү пенде калбаган, Кайраты артык эң чыйрак, Карылуу баатыр, бир балбан. Жамгырчыны көргөндө, Жаны чыгып абыдан, Ачууланып айкырып, “Абакелеп” бакырган, Укпаганда абышка, “Жамгырчы — деп чакырган, Алдындагы Сур атка, Эңкейишти камчы уруп. Жакын жетип барганда, Жалт этип карап Жамгырчы, Гүлүстү көрө салганда Жиберди күлүп борсулдап: “Айланайын Гүлүс, ай, Билесиң кыйын жумуш, ай.