← Семетей 1/7

Коңурбайдын өлүшү, Уусаңгендин дүмөгү

Семетей жатты жоо жайлап, Теңдешпей бенде бел байлап. Жыл он эки ай күн өттү, Мөөрлөшкөн калмактан, Алман алар күн жетти. Алыскы жерге баргызбай, Айланып кара кыш жетти. Жамбы издеп барган жок, Жай алып жатып, кыш өттү. Ойлонуп куу Коңурбай: «Мындан айла издейин, Алдында бир кур берейин, Андан кийин арстанга, Элчи салып көрөйүн». — Деп, ошентип түгөнгүр, Айла менен пул жасап, Жезден алтын ал жасап, Калайдан күмүш мол жасап, Семетейге жиберди. Жыйырма чейрек «алтынга», Баскан экен ал мөөрүн. Ар жыл сайын беришке Жалганы пулдун чыкканча, Жарамак болду бир ишке. Бир жылкысын бергенде, Кийинкисин токтотуп, Эки жылы сүйрөшкө. Камданууну ал ойлоп, Бир беттешип көрүшкө. Амалын таппай кыйналып, Чыдабады ал ишке. Бул Коңурбай чоң калча, Айла тапты бир башка. Бейжинде жатып тактада, Кабарчыны чаптырып, Эсен ханды алдырып, Далай чоңду чакыртып, Сөзгө элди кандырып: «Адам уулу жаралып, Жер жүзүнө келгени, Бейжин аты койулуп, Шаар түрүнө келгели, Кытай аты койулуп, Эл түрүнө келгели, Тепсетип ушул Бейжинди, Эч бир адам келбеди. Келсе дагы адамдар, Алып шаарын жеңбеди. Түрк уулунун Манасы, Алып кетти ал — деди. Атайлап сапар жол тартып, Алыска бардым мен — деди. Сойдуруп келдим ошондо, Нескара баштап эрлерди! Семетейге жеңдирдим, Мен карыгандыгым билдирдим. Жадаса хандар билбейсиң, Душманың ким, досуң ким, Көңүлүңө илбейсиң! Семетейге жол бердим, Жыйырма чейрек алтынды, Бир жыл жүктөп мол бердим. Нак алтын бербей ошого, Сары жез менен калайдан, «Сап алтын» кылып мен бердим; Баштагысы бекер го, Эми билгин, хандарым, Семетейдин жеңгенин. Ар жыл алман сен кылып, Алтын, күмүш бергениң! Үйдө жатсаң, улуктар, Элиңдин пайда, зыйанын, Эч качан да билбейсиң. Эби келсе сиздерге, Эр Семетей баатырга, Элчи салсак, мен деймин. Аларда эки жол койсок, Ал бирөөнө жөн койсок. Кара аскерди эсепсиз, Дептерден жыртып таштасак, Алптарды алып эсепке, Ашык болсо кун берсек, Ашып кетсе күн алсак. Алтынды койуп, хандарым, Ашып кетсе биздин алп, Тамгалатып жер алсак. Ушу менин акылым, Ойлонгула, улуктар, Түпкүлүгүн акырын! Адам адам болгону, Алтын такта Бейжиндин, Алтын, күмүш теңгесин, Алым салып ким алды? Манас келип жол салды, Эки сапар кол салды. Албай койуп жериңди, Кайсынысы кур калды? Бергиле кеңеш кебиң» — деп, — Айтып сөзүн муңкайды. Кулак салып Эсен хан, Угуп туруп далай хан, Кеңеш кылып олтуруп: «Билгини сага бердик — деп, Өзүң билип кылгын — деп, Четтен келген жоо болсо, Эрлик кылган сенсиң» — деп. Алп Коңурбай баатырга, Алар берди бирлигин, Өлүм менен тирлигин. Колуна бийлик алганда, Козголуп жатпай зор калча, Эки киши жиберди, Элчи кылып чабарга. «Амердун улуу суусунда, Кызыл кыйа бели бар, Тулаңы калың жери бар, Ушуга келсең Семетей, Жарашсак деген кебим бар. Сенин менде кегиң, бар, Менин да сенде кегим бар. Үстөмдүктүү сен алып, Алым алган жериң бар. Малды, пулду таштайлы, Кара баштан баштайлы. Кара баштуу адамдан, Кара аскерди эч качан, Сан эсепке албайлы, Алптарды санайлы. Ашык болсо кимдики, Күн беришип тарайлы. Артык, кемдик барк болсо, Жер тарабын карайлы. Же Манастын көзү барында, Менин толук чагымда, Же менин көзүм барында, Сенин толук чагыңда. Бешикте бала уктабай, Белдерде жылкы жуушабай. Кармашып келе жатабыз, Көп жылдан бери тынч албай. Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы. Өзүң ойло, Семетей, Жаңы эрге кекти калтырып, Калганга убай кылбайлы. Өзүмчө акыл ойлонуп, Туура көрдүм буларды». Жазган каты ал экен, Коңурбай сөзү бул экен. Окутуп катты Семетей, Ойлонгону бул экен. «Алпты эсепке салсам — деп, Артык чыгат биздин эл, Күйрөктүүнүн сырт жагын, Бери тартып алсам — деп. Акимсинген Коңурбай, Алдыма менин -келмекби?! Алпым менин көп чыкса, Айрып жерин-бермекби?! Мындай сонун эсепти, Таба албай мен турам. Болжогон күнү ал келсин, Ошого жете мен барам». — Деп, сурданып Семетей, Атайлап ага кат жазбай, Элчини сыйлап атказбай, Айтып сөзүн жиберди. Алыска барган элчилер, Антип, минтип журушуп, Араңдан зорго келишти. Семетейдин сөздөрүн, Бир бирден айтып беришти, Келем деген кебине, Кесирлүү бул чоң калча, Өтө кыйын кош болду Айласын көрчү түгөнгүр, Ок жыландай октолду. Алымга берип жүрүүчү, Алтын, күмүш теңгени, Бербей турган окшонду. Кыш өттүү да жай келди, Болжол кылган жерине, Ал Коңурбай чоң келди, Айдама кошун кол келди. Кара тоодой хан Коңур, Канчаны жеген оңбогур. Эки тизгин, бир чылбыр, Өз колуна тийгенде, Уй түгүндөй кол менен, Уйпалачу ой менен, Амурду көздөй жол алды, Айдама кошун кол алды. Шайтандын тилин билгенден, Жыландан камчы илгенден. Шумдуктун кара тулпарын, Ажалдын кара бүркүтүн, Томогосуз көтөрүп, Тоо омкоруп жүргөндөн. От жалынын бүрккөндөн, Үрөйү элдин үрккөндөн. Адам тилин билбеген, Аркан чач нечен дөөлөрдөн. Жанына котчу алыптыр, Жабыла жөнөп калыптыр. Чыр чыгарса Семетей, Кыймылдатып кебелтпей, Жылдырбай байлап алам — деп, Жөргөмүш торун жайыптыр. Амурдун кызыл кыйага, Айкырып жатып алыптыр. Ошол кезде карасаң, Арстан туулган эр Семең, Айласы арбын эр немен, Чоролор менен кеңешип, Кандай күндөр болот — деп, Айбалта, кылыч өгөшүп, Казактардын көп колун, Буктурма кылып салыптыр. Калчанын күчүн көрөм — деп, Ашыга жөнөп калыптыр. Айта-буйта дегинче, Тулпарларын чуратып, Төбөдөн тозон чубалтып, Салып кирип келиптир. Хан каадасы болгонча, Коңурбайдын ойунча, Кабылан Семей, хан Коңур, Такка чыгып олтурду. Көп кечигип турбады, Бүтүн кебин урганы, Бүтүшкөн шарт бойунча, Алпты эсепке алганы. Каңгай жактан өлгөн алп, Артык чыгып калганы. «Мөөр бас» — деп Коңурбай, Ормон окуу салганы. «Алды менен Манаска, Алты жүз миң калмакты, Айыбына бересиң», — Деп, Семетей айтканы! «Бул эмине кылык — деп, Бул кайдан келген кычык кеп?!» Алп Коңурбай чоң калча, Ачууланып калганы. Ангычакты Гүлчоро «Атаңдын көрү чуржут кул, Айткан сөздү угуп тур. Алмамбет, Чубак, Музбурчак, Ажыбай, Көкчө, эр Сыргака. Алп Серек калган эрлердин, Булардын баарын жеп койдуң! Аз келгенсип ал ишиң, Таласка барып өрт койдуң! Андан кепти ачпасак, Күн берем — деп, — калмакка, Абакем мөөрдү не басат?! Алманга берчү алтынды, Убагыңда бербейсиң. Алтын — деп, — сары жезиңди, Күмүш — деп, — калай, темирди, Алдаган кептен сен калча, Ал эмнеге келбейсиң?! Күн бергин — деп, — Коңурбай Калжырап бокту не жейсиң?! Сен албайсың, бересиң, Мойнуңду бурсаң, сен калча, Азыр менден өлөсүң!» Арстандын түрүн көргөндө, Санаасын санга бөлгөндө. Ашыккандан Коңурбай, Алдыртан кирпик ирмеди. Шайтандын тилин билгендер, Шашылып атка минди эми. Эки жактан калың, кол, Ат койушуп калды эми. Канаттуу жетпес талаада, Кангайдан келген балаага, Канкорлор уруш кылышты, Канчасын аттан жыгышты. Кызыл кыйа талаада, Кызыл бороон жел болду. Кыйкырып үнү басылбай, Кыжылдаган эл толду. Токтобой кошун толкуду, Аккан селдей толкуну. Алдары арбын күчтүүлөр, Найзасы албарс учтуулар, Ылганып алга чыгышты. Уч кабылан буларды, Антара сайып жыгышты. Кылычы кызыл -курчтуулар, Кытайдан чыккан мыктылар. Желеги желге- жалпылдап, Жез барабан- карсылдап. Айбалта көккө жаркылдап, Ат койуп катар келишти. Өлүмдөн туура шек кылбай Ойлорунда баарысы, Кыргызды байлап кетишти. Кызыл желек, Сырнайза, Тоо томкоргон бир сайса.