Астына салып калмакты, Айдап кетип баратат. Күрзү кылып Саңгенди, Жайлап кетип баратат. Эр чырагы эки көз, Маңдайында жалтылдап, Жайнап кетип баратат. Уусаңген онтоп жалынып, Сайрап кетип баратат. Буурулу аксак жетелеп, Семетей басып энтелеп. Колу сынып Жалгызек, Мине албай атка сендиреп. Жаралуу болгон Канчоро, Карап турат эндиреп. Катып турат хан Бакай, «Жалгыз уулум өлдү — деп Ажыдаардай бул душман, Элге кайдан келди» — деп. Сүрдүгө эли бергенде, Буурулдуи буту сынганын, Анда Бакай көрдү дейт. «Аттын буту сыныптыр, Арстандын жаны тыныптыр Өлсө өлгөндүр Байтайлак, Арстандын алы кандай» — деп? — Байтайлакты унутуп, Семетейге кайгы жеп. «Караан болбой калкында, Канчоро жатып алды — деп, Жалманбоз турат майданда Жалгызек кайда кеткен» — деп. — Белине таңуу бектерди, Эми Бакай хан эстеп. Ырысына жараткан, Илгеркинин карысын. Намыс учун жараткан, Жаш уландын баарысын. Байтайлакка карабай, Майдандагы чорого, Салып Бакай баратат. Бозжорго менен алкылдап, Семетейге хан Бакай, Кирип келди жакындап. Ачуусу келген Бакай хан, Кандуу найза салат, бейм. Өлтүрбөсө да бул абам, Өзүмдү жара кылат, бейм? Семетей турат муну ойлоп, Жалгызек дагы аны ойлоп. Бирок жетти Бакай хан, Жаңыдан акыл кеп ойлоп: «Канкорум, шайык нетти — деп, Тай буурул аксак көрүнөт, Не калба болуп кетти — деп? Арстаным, шайың нетти — деп, Атың аксак көрүнөт, Азап күн кайдан жетти — деп? — Жалгызекти имерип, Каңкорго айткан сөздөрүн, Талаага таштап жиберип. — Кулак сал, бала, сөзүмө, Не калба болду өзүнө? Шалпайыңкы көрүнүп, Калыптырсың, көзүмө. Өлсө жалгыз, ким өлдү, Кабылан арстан Жалгызек, Ким көргөн мындай күндөрдү? Каптап калмак кетпесин, Куткаргыла көп элди! Калың элден айрылсак, Калганга кыйын иш болот! Жалгызынан айрылган, Карып калган Бакайга, Калдайган кара кыш болот! Эркин өткөн жыргалда, Элдин баары кор болот. Башканын көзүн карашып, Балдардын баары зар болот. Басарга жолу тар болот, Байланып колу шал болот! Таарынчыны койуңар, Таарынбаймын мен Бакай! Бузук кыйал болбосун, Күнүмдүгүн карабай, Түбөлүгөн ойлосун! Айдалып кетсе байкуш эл, Көзүнөн агып кандуу сел, Оодарылып жата албас, Айкөл Манас баатыр шер! Манастан тукум бар туруп, Карыган Бакай мен туруп, Алп Жамгырчы хан туруп, Жалгызек баатыр, сен туруп, Эки чоро шер туруп, Элди эстебей балам — деп, Бышактап ыйлап мен туруп. Чаптырып ийсек Таласты, Айдатып ийсек алашты. Кара кыргыз уругу, Кабылан Кошой ханымдын, Алмамбет, Чубак залымдын, Ажыбай, Сыргак баатырдын, Арбагына чет болуп, Кантип бетин көрөбүз? Мындай наам алгыча, Салышып жатып өлөбүз! Көргүлүктү көрөлүк, Урушуп жатып өлөлүк. Өлсө өлгөндүр Байтайлак, Эл тынчытып көмөлүк! Сырдаган Коргон кур калса, Зыркырап эмчек сыздаса, Чыркырап бала ыйласа, Мөкчөйүуп чалдар муңканса, Туулбай туна чөккүн — деп, Тукум болбой өлгүн — деп, Арстандын калып артында, Мындай кордук көрдүк — деп. Ак чачтуу кемпир каргаса, Ак калпак кыргыз элим — деп, Ак шумкар шаңшып үн салса. Алашым кайда кеттиң — деп, Кош жаңырык үн салса. Ала-Тоо какшап муңканса, Сабалаган эркиндеп, Залкайган кыргыз элим — деп, Асманда булут сумсайса. Караңгыда нур чачкан, Баскан кыргыз жол тапкан. Кайран журт кайда кеткен — деп, Каалгып ай чыкпаса. Кубат берген баарыга, Кубанткан жанды жарыкка. Курдашым Манас баатырдын, Кураган эли кайда — деп, Орноткон тагы кана — деп, Күн көшөгө тартынса. Куу инген кетсе букулдап, Көлдөкү куулар кукулдап. Куу тайган кетсе кыңшылап, Тулпарым кетсе азынап, Ушулардын убалы, Канткенде бизди соо кылмак?! Эл ичинен эр туулат, Элин сактайт туу кармап. Эли үчүн эр өлөт, Эбегейсиз шер өлөт. Эр өлбөсө, эл өлөт, Эри өлсө, эл көмөт, Эл болбосо ким кемет?! Кайраты толук азамат, Ушундайда көрүнөт. Чырпыгы сынса, чынардын, Жаз менен жана көгөрөт. Буурулдун бутун таңгыла, Калмакты сайып кыйратып, Калганды сактап калгыла!» — Жалгызынан айрылып, Кан түтөп ичтен кайгырып. Хан Бакай турса муну айтып, Жалгызек ойлоп муңайып: «Кагылайын, абаке, Карагын менин өзүмө. Калмак Саңген баатырды, Көмө сайар кезимде, Учурадым кесирге. Калмактап мерген жеткенби, Аткан огу туш келип, Каруумду үзүп кеткенби? Унутпаймын, абаке, Сенин карылык сөзүң эстелди!» Каары кайнап кулбөгөн, Өрттөнгөн токой түрдөнгөн, Канкордун уулу түгөнгүр, Күнгүрөнө сүйлөнгөн: «Айланайын, абаке, Буурул атка ок тийди. Болбоду шайым тим эле, Аттан мурун маа тийди. Аколпок тешип өтпөдү, Тешүүгө күчү жетпеди. Жаанын огу жарылып, Жерге түштү кептенди». Канкордун кебин укканда: «Катыгүн, балам, не дейсиң, Тепчип кеткен ок жанып, Билбей калган белемсиң?! Ачуулуу келип, мас болуп, Жаралуу калган кезиңде, Акылыңа, Жалгызек, Илбей калган белемсиң?! Кайсы жерге тийди эле, Ок тийген жерди көрөйүн?!» — Олпокту барып караса, Ок өтүптүр ушунда.. Темир соот күрөкө, Так өтүптүр ушуга. Бакайга даана көрүнүп, Олуйа келди алдына, Жылаңач бала дубана. «Арстан эрге кайгы жеп, Аткан ок тепчип жетерде, Ашыгып араң жеттим — деи, Тасмасынан чың, кармап, Тартып салып кеттим» — деп. Кобурап бала суйлөдү, Семетей менен Жалгызек, Үнүн укту баланын, Көрө албады караанын. Сергек туулган Жалгызек: «Абаке, жакшы билгин — деп, Кужурлуу туулган Гүлчоро, Куткарып калды бизди — деп. Уусаңгендей баатырды, Кан ичме жинди капырды, Найзага илип кетти — деп. Көтөрүп алып капырды, Чокмор кылып жакырды. Калмактын калың кошунун, Аралап кирип кетти — деп. Бизге тийген жебени, Ага да атты бекен — деп? Эми айласы нетти — деп, Колу сынып Канчоро, Жарадар болуп кеткен — деп. Арстанга жардам кыларга, Калган эмес бектен» — деп. Анда айтат хан Бакай: «Баарыбызды кыйраткан, Бел коргондо Шыпшайдар, Калмакча аты Шыпшайдар. Эл койгон аты Жойкара, Ошонун уулу Кожожаш, Келгени, бейм, ант ургур. Эреңдерди кыйратып, Сойгону, бейм, мант ургур. Эми билдим баатырлар, Башын кесип кетуучу, Баатыр эмес Уусаңген. Аткан экен Кожожаш, Азапты салып бул башка. Гүлүстөн кетсе алыска, Гүлүстөндөн айрылсак, Ким жарайт эми намыска? Жарар бекен Айчурөк, Аркасынан барышка?» Бакай абаң муну айтып, Эки эренге жай айтып. Берендерди ээрчитип, Коргонго барып кирди эми. Өзү Бакай табыпкер, Жалгызек менен Канчоро, Шыпа кылып колуна, Салгын деп кудай оңуна. Тай буурулдун шыйрагын, Буулум менен чырмады. «Чиритпей өзү сактайт» — деп, Алтындан шакшак кылганы. Каде менен оротуп, Хан Бакайдын таңганы. Алдырып келди талаадан, Арстан Тайлак баланы. Айчүрөк учуп асмандап, Гүлчоро кеткен кол айдап, Андан кабар ким алат? Барарга киши жок болуп, Баралбай кыргыз токтолуп. Жүз отузда бул кезде, Барууга турду камданып, Эр Жамгырчы козголуп. Ал Жамгырчы баатырдын, Минген аты Уларбоз, Салынганы байандоз. Саадагын алып байланбай, Колуна кармап найза албай. Кайда терек, тал болсо, Жулуп алчу тайманбай. Ошону менен жоо алган, Илгертен берки адаты. Карылык менен кери жок, Ойуна түшүп санаты. Уларбоз менен аргытып, Алчактап кетип баратты. Муну мындай таштайлы, Жубатай менен Гүлчоро, Жоругунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.