Эркечтамды бет алып, Калмактар келди чубалып. Дүнүйөнү мол алып, Кашкарды көздөй жол алып. Кашкарга кирип кеткенде, Кетмекчи болду калмактар, Дүнүйөнү кутказып. Талабына жетпеди, Артынан кууп Байтайлак, Бала арстан жеткени. Байтайлак барып, жол кошуп, Астынан чыгып, жол тосуп. Сайышар мыкты жок экен, Сапырып элин чапканы. Кайра айдашып мал, пулун, Кең колду көздөй баштады. Келе жатат, Байтайлак, Таланга кеткен малды айдап. Кең колду көздөй жол алып, Алтын, күмүш мол алып. Кыргыздан жалгыз бирөө жок, Кара калмак колду алып. Күндүз ага кошулбай, Кошулуп бирге олтурбай. Түндөсү өзү күзөтүп, Келе жатат бала арстан, Алтын, зарды жүктөтүп. «Өлбөй тирүү болгондо, Кеңколго жетип барам — деп, Кудайсыган Уусаңген, Куп жайыңды табам — деп. — Кужуру кайнап курушуп, Кыжыры кайнап кырданып. Ууруча шаарды чабат — деп, — Калмактарга сурданып. Тирүү киши кетирбей, Кырайын — деп — чуу салып. Издеп келсе калмактар, Эрдигин анын көрөйүн, Эрегишкен калмактын, Бейжинин талап келейин. Адам кылар иш эмес, Мунун жазасын колго берейин!» — Деп, ошентип Байтайлак, Жаш балапан, ой кыска, Жакын келип Кең колго, Жетип келди жол кыска. Келе берсин аралап, Кошойдун уулу Жалгызек, Ошондон кабар ким алат? Бакайдан кабар барганда, Катты колго алганда. Жаткан экен Жалгызек, Мазардын тоосу жайлоодо. Семетейге таарынып, Ачууланып чачылып: «Кошой сандан калбаса, Кошойдун берген желегин, Өлгүчө Манас кармаса. Кошойдун уулу мен болсом, Семетей теңине албаса. Барбай койсом белем — деп, Талап алса мейли — деп. Кара чоктуу калмакка, Калка болгон, чоң төрө, Кызыл чоктуу кытайга, Кызмат кылган, чоң төрө, Кызыталак Семетей, Элчилешип келем — деп, Өзү келсе жеке эле, Барбай койсом белем — деп. Ойуна алып эми эле, Өчөшпөйүн арстанга, Кайраты журтту басканга. Ашыккан окшойт хан Бакай, Калмак каптап жатканга. Калмактын канын суу кылып, Көк жаңыртып, чуу кылып. Кыйратайын аны — деп, Кылым кыргыз журтуна, Кылайын кызмат дагы — деп. Дагы эле бизге иш бар го, Кыраан султан Семетей. Таарынчы айтып көрсөм — деп. Талатып койуп көп элди, Тарттырып койуп Коргонду, Жата берсем болбойт» — деп, — Намысына толгонду. «Аркамдан кыргыз кол келсин. Аз келбесин мол келсин! Аттанып өзүм жөнөйүн, Арбактар мага жол берсин!» — Деп, ошентил Жалгызек, Жалманбозду токунуп, Кеңколдо жаткан Уусаңген, Үйүндө жатып коркутуп. Сыртынан тилдеп Семеңди, Ала көөдөк эренди. Кошойдун уулу Жалгызек, Койбоочудай күүлөндү, Ат арытып,жол жүрүп, Айабастан мол жүрүп. Ажыбай барган беш күндө, Ал эки күндө келгени. Түндүк жаккы чек экен, Ашып түштү Жалгызек, Төө жайлоо деген бир белди. Алды жагын караса. Жүк жүктөгөн нары бар, Үстүндө жүгү бир тоодой, Олжо алган чагы бар. Ким экенин биле албай, Карап белде тура албай. Кайраты толук эренин, Өз кайратын тыйа албай. Ылдый тартып далактап, Эки этеги салактап. Кирип келди ал элге, Эки көзү алактап. Жүктөгөнү зар экен, Айдаган калмак сал экен. Кууп жетип Байтайлак, Кайтарып келген кези экен. Ушул сапар келгени, Такыр калмак эл экен. Калмактын тилин так билген, Жалгызек жайы ал экен. Калмак менен сүйлөшүп, Кажы-кужу үндөшүп. Уларбоз менен солкулдап, Байтайлак келди бир кезде. Эки баатыр көрүшүп, Колдун учун өбүшүп. Эсен-соосун сурашьш, Амандашып турушту. Эл үчүн кылып намысты, Эр жигит кылат жумушту. Жалгызек баштап сөз сүйлөп: «Байтайлак баатыр, — деп сүйлөп. Абакебиз хан Бакай, Аман бүгүн турат — деп, Тарттырып ийсек Коргонду, Уккан элге уйат кеп! Семетей кылган кандай иш, Элчилешип бир жумуш, Элге кыйын мүшкүл иш. Барган жокпу, абакем? Кең колдо жаткан берендер, Айтпадыңар биздерге, Ошондуктан көбүрөөк, Таарынгым келет сиздерге». Байтайлак күлүп жарк этип, Ителгидей барк этип. Кужурлуу туулган балакет. Мойну кетип шылк этип: «Анык курбум, Жалгызек, Кудайга душман мен болуп, Айта албаймын жалган кеп. Өрттөнүп өлгөн канкордун, Өзү жалгыз кеткенин, Гүлчоро менен Канчоро, Ээрчитип алып экөөнү, Желип кайда житкенин, Айтсак такыр билбедик. Айдама кошун кол келди, Ошондо гана биз уктук, Коңурбайга кеткен — деп, Калмактан кабар алганбыз, Эстүү баатыр, Жалгызек, Таарынчы айтар кез эмес. Ээн талаада биз айтсак, Жер укпаса, ким угат? Таарынчы кепти айтышчу, Семетей мында жок турат. Айкөл Манас баатырдын, Арбагы учун кылалы, Айанбастан кызматты. Аксакал ата, хан Бакай, Ардактуу эне Каныкей, Урматы үчүн кылалы, Ушул сапар кызматты. Андан кала бергенде, Калың кыргыз эл үчүн, Кылалы, баатыр, кызматты. Семетей менен беттешсек, Айтарбыз кийин таарынчы. Тарттырып койбой Коргонду, Бүгүн жетип баралы. Уусаңген деген зору бар, Падышалык тактага Минип алган чоңу бар. Бала Семей жолборстун, Аркасында жөлөкбүз. Менин кебим мына ушу, Жалгызек курбум угуп ал!» Акылы дайра, ойу көл, Атасындай эр экен, Падыша улуу Бакайдай, Баштаган жолу эп экен. Жалгызек анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: «Семетейге өчөшүп Сенделтпейли бул элди. Талантып каран калмакка, Таратпайлы бул элди! Тоо тоого чилдей бул элди, Тоздуруп ийсек болобу? А дүйнө кеткен Манастын, Арбагы бизди койобу?!» — Эки баатыр кошулуп, Булардын жүргөн жеринен, Кан агат кийин жошулуп. Бакайдын уулу жолборстун, Он тогузда жашы бар. Калмак, каңгай, кытайды, Ойрон кылар иши бар. Өзү бала, шер кайрат, Өчөшкөнүн талкандайт. Жаңыдан атка мингенде, Алоокенин кенжеси, Алтымыш жайсаң инисин, Ороккырды жалмаган. Ал Кеңколго тургузбай, Калмак менен каңгайды, Аралап кирип айдаган. Жаңыдан чыгып кыргыздан, Таанылып келе жаткан ал. Жалгызек өзү эң мыкты, Сөз айтканга өтө ыктуу. Сөзү ширин нагыздуу, Кимге болсо жагыштуу. Жыйырма экиде жашы бар, Хан Кошойдун уулу ушу. Жалгызек менен Байтайлак, «Ал Кеңколго барам — деп, Коргонду сактап калам» — деп, Ал экөө келген алдынан, Калмактын салган дартынан. Эр Семетей, Гүлчоро, Бели катуу Канчоро Жете келип артыңан, Жүктүү нарды көрүштү, Илгери карай жүрүштү. Шартылдата бастырып, Жетүүгө тез күйүктү. Жолдо бара жатканда, Гүлчоро айтат бул ишти: «Алыстан келген бул душман, Коргонду басып алган, бейм, Кордукту журтка салган, бейм. Кор кылып элди койгон, бейм, Жамгырчы, Бакай, Каныкей, Катары менен сойгон, бейм. Байтайлак өлүп калганбы? Каш кайтарар киши жок, Калмактар кирип алганбы? Абаке, сенин эрдигиң, Адамдан кыйын шердигиң, Асли жакшы болбойт ко, Колуңдан кетет теңдигиң! Элдин баарын кем дедиң, Эр кадырын билбедиң, Кыргыз менен калмактың, Ортосунда чоң ишти, Жалгыз өзүң бийледиң Карыйа Кошой абамдын, Сыйлабадың арбагын. Карап турса Төштүк хан, Бучкагына албадың! Жолдо турса Үмүтөй, Карын бөлө тууганың. Учурашып жок десе, Тайежеңе барбадың. Чыгарасың, абаке, Кандай кылып кирин жууп» Ушулардын зардабын?!» Гүлчоронун кебинен, Улай кармап Канчоро, Күйүттүү кепти башынан, Баштап калды ал чоро: «Абакемдин башынан, Киши менен иши жок. Алыстагы киши эмес, Короосунда кой баккан, Киши менен иши жок. Башканы койдум, кантейин, Бала кезден бирге өскөн, Мени менен иши жок! Бул сапаркы жумушта, Эл билгендин баарысын, Ичине салды кызыл чок! Арбагын, сенин чоң болду, Айласыз элиң, токтолду. Гүлчоро күйүп айткандай, Күлдү журттун баарысы, Тарап кетет окшонду!» — Деп, ошентип сөз кылып, Канчоро айтып токтолду. Күлүмсүрөп Семетей, Мыйыгында күлдү эле. Кылган иши жолу жок, Как ошондо билди эле, «Айланайын балдар, ай Белиме тануу жандар, ай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.