← Семетей 3/7

Орто жери ойулуп, Тегеренип бургуйлап. Жан айабай Коңурбай, Сууга кирди койгулап. Сууга Коңур киргенде, Алты найза бойу муз, Токтоо кылбай ойулуп, Суу үстүндө калкылдап, Салдар агып баратат. Шыр-шыр этип үн чыгып, Карлар агып баратат. Жарга урулуп токтолуп, Коңурбай башы кодоңдоп, Бир көрүнүп жок болот. Анда-санда найзанын, Учу чыгат сороктоп. Кээ бир жерде туулгасы, Көрүнүп калат короктоп. Акылга чебер Гүлүстөн, Алтымыш эки уруудан, Окшобогон буруудан, Аралаша эштирген. Алмамбеттнн чалмасын, Көрөмүн — деп, — пайдасын, Туруп кармап турганы. Тезектей калкып Коңурбай, Бир тешикте көрүндү. Көргөн жерде Гүлүстөн, Чалма салып ат кармап, Азоо минип, жылкы айдап, Машыгып чыккан Гүлчоро, Чалмасын шилтеп калганы. Салып көнгөн Гүлчоро, Чалманы жазбай салганы. Эки колун капшыра, Как эмчектен түшүптүр. Мойнуна чалма түшкөндө, Калчанын иши бүтүптүр. Гүлчоро чалма тартканда, Өзү калып чалмада, Алгара сууга акканда, Амалы кетип зор калча, Бүт эле тоодой бир барча. Кыйрынан музга ыктады, Оңойлук менен тартканга, Муз үстүнө чыкпады. Үзөңгү боого Гүлүстөн, Чапма салып басыптыр. «Манастап» баатыр бакырып, Бар кайратын ашырып, Коңурбайды тартыптыр. Күчү ашкан беренге, Күркүрөгөн эренге, Муз туруштук кыла албай, Баш-айагы жүз бута, Калыңдыгы каткан муз, Тогуз аркан бойу бар, Каңтарылыл кеткени. Коңурбай болуп копурук, Аңтарылып кеткени. Короо ордунда көпкөк муз, Асманга учту чыркырап. Он күндүк жерге барыптыр, Сынган муздар зыркырап. Чыргадай сүйрөп Коңурду, Тоодой кылып томурду, Көрсөтүп ага сонунду. Семетейге барам — деп, Гүлүстөн жөнөп калганы, Асман тиреп каркайган, Бойун жасап заңкайган. Зымылдаган капчыгай, Бир кептешке келгенде, Такашып Коңур калганы. Күч келтирип тартканда, Үзүлүп кетти арканы. Күү менен келе жаткан ат, Суркойен тулпар мүргүдү. Кайра тартты Гүлүстөн, Ак шамшар кармап колуна, Эки жеңин түрүнгөн. Чаап салат экен — деп, Карап туруп Коңурду, Чаптырып ийип бекер — деп, Жер жайнаган көп калмак, Чөп катары тирүү арбак. Аламан койуп келе атат, Куткарсак — деп — Коңурду, Атып мылтык баратат. Аккан селдей түрүлүп, Коңурбай үчүн күйүгүп. Как ошондой учурда, Каары катуу эр Семең. Кандуу кылыч, жалдуу шер. Кайраты артык Канчоро, Кара кытай, манжуну, Кайнаган калмак, анжуну, Гүлчорого жеткизбей, Кайра тосту ошону, Көргөнгө укмуш жумуш бу. Гүлчорого Семетей: «Жабыр салып тулпарга, Тоодой болгон калчаны, Башы керек эмеспи, Башын чаап таштагын! Абасынан укканда, Ачылып көөнү Гүлчоро, Булгап чапкан шамшардын, Учу айга такалды, Кесип өтүп Коңурду, Жерге кирип кадалды. Сабы колдо болбосо, Көк өгүздүн мүйүзүн, Кесип кете жаздады. Ханы өлүп, туусу жыгылды, Кара кытай, көп калмак, Каңгайды көздөй сыйлыкты. Азынап аттар мөңкүдү, Айылын көздөй жөңкүдү. Амудун улуу суусуна, Канча калмак калкыды. Жеңишин көрүп кыргыздын, Күкүктөр чоор тартышты. Акыйнек куштар айтышты, Кутулдук деп өлүмдөн, Суурлар анкуш салышты. Асман кулду карсылдап, Урмат топ атты тарсылдап. Жер бийледи кылтылдап, Ырдады Амур зыңкылдап. Жанаша туруп шаңданып, Кун менен ай кулундөп, Айкөл шерди баш кылып, Өлгөндүн кунун алышты, Такымга атты салышты, Таласка жөнөп калышты. Таласка барып эсен сак, Каныкей менен Бакайдан, Амандык сурап калышты, Анан үй-үйнө жанышты. Түгөнүп калган хан Коңур Түйшүктүү туулган оңбогур. Көзү тирүү чагында, Колунда өкүм барында, Атагы калмак уруудан, Уушаңдын эле иниси, Уусаңгенди баш кылган. «Семетейди кычырдым, Элебей келет быйакка, Сен баргынын Таласка», — Деп, жиберген алашка. Жиберилген Уусаңген, Ара сырттап, жол тартып, Айдама кошун кол тартып. Аруулугун, сактыгын, Алдынан чалып, жол тартып Адамы жок жер менен, Алатоону кылаалап, Түк казакка туйгузбай, Эч бир жанга билгизбей, Барып жетти бир кезде, Самаркандын сыртында, Жайлоосу Белсаз, Кырчында, Каныкей, Бакай, Жамгырчы, Жаткан кезде ушунда. Калкылдатып туу жайып, Аскердин чыкты карааны. «Кайдан келген адам» — деп, Айран таң, болуп калышты. Ойлоп калды кыргыздар, Мындан кабар алышты. Кошуну элге барса да, Бир бөлүгү калмактын, Чон коргонго барышты. Айчүрөк кеткен Үргөнчүкө, Акун ханды көрөм — деп. Кошунду калың көргөндө, Калктын баары эңдиреп, Башкарган аны баатыр жок, Айласын таппай сендиреп. Атка минер киши жок, Аны менен иши жок. Коркутуп элди чуу кылып, Атып мылтык, жаа тартып, Кайрат кылып бара албай, Жигиттер чуулап ыйлашып. «Чоң, коргонду ачкын — деп, Төрөңдүн барбы дүйнөсү, Аны тезден тапкын» — деп? Сыркоргонго түшкөнү, Калдайа басып ордону, Элөөсүздөн жоо алган, Кандай десе көп болор, Калмактан келген ушуну. Кыра кыргыз ичинде, Калмак эли көп эле. Уусаңгендин кошунга, Калбай баары кошулду. Калмактын ханы Уусаңген, Хан тактага олтурду. Ээн жаткан жерди алды, Эндекей жаткан элди алды. Албаганда неткени, Сыркоргон колдон кеткени. Алыста жүрсө күн доолап, Арка болчу бектери, Талабына калмактар, Такыр бүгүн жеткени. Талап-булап кыйратып, Катын, кызын ыйлагып, Алтын, зарын жүктөтүп, Камкасын кайра бүктөтүп, Качырына жүктөтүп. Тубарларын бүктөтүп, Тулпарыпа жүктөтүп. Зар койбоду шаарына, Салган кийиз калтырбай, Мейманкана, сарайга, Талап алды баарын да. Коргонго келген булардан, Кол салып келген олжо алган. Айылга барган сырт жактан, Эми ошондон кабар алалы. Жамгырчы, Бакай, Каныкей Келген жоону карады. Кеңколдо жаткан төрөнү, Кум жам кылып келген, бейм?» Деп, ошентип санады. Ачуудан ичи ачышып, Коркуш жок мындан жашынып. Жаңы баатыр Байтайлак, Минерге аты жок болуп, Айласы кетип токтолуп. Жамгырчынын Уларбоз, Карып калган мал эле. Карыса да Уларбоз, Бир жылкыча бар эле. Уларбоз минип алкылдап, Чарайна, сооту жаркылдап, Баса минип үстүнө, Бакайдын уулу Байтайлак, Баатыры жок үстүндө, Орого бузук калмактын, Айдама кошун колду айдап, Алыска барчу элди алды, Калмактан кабар сөздү алды, Семетейдин алыска, Элчилешип кеткени, Ал элден билип бул калды. «Кеткени, абам, жалганбы, Кеткени, абам, чын болсо, Коргонду талап алганбы? Таланган болсо Сыркоргон, Кыргыздын журту сандалды. Айдап алып аскерди, Ал Кеңколго барганбы?» Жата албады үйүнө, Жамгырчы, Бакай аттанды, Көзү көрдү келишип, Кең коргонду басканды. Койбой талап малды алган, Коргонго койгон такты алган. Кара кыргыз журтунун, Үстүндөгү бакты алган. Уусаңген калып коргондо, Дүнүйөнү узаткан. Уусаңген элге муну айткан: «Ара сырттап басканда, Алаштар туйуп калбайбы? Дүйнөнү тартып албайбы? Кашкардын жолун айланып, Каңгайга кетсек жакшыраак. Ара сырт бизге жакын жол, Жакын да болсо ыраак жол. Кашкар бизге ыраак жол, Ыраак да болсо жакын жол. Ыраак — деп, — андан эринбей, Таластан алган олжону, Кутказар жагын карагын». Бастырмак болду кубалап, Бакайдын уулу Байтайлак Бала жолборс чоң балбан, Кошойдун уулу Жалгызек, Ошого киши жиберип: «Алдынан тосуп чыккын — деп, Ара сыртты карасын, Карап мен да келем — деп. Кашкар жакты карагын, Кашкарга кирип кетпесе, Артынан кууп жетем — деп. Башын кесип келбесем, Байтайлак атым бекер — деп! Ажыратып мал, пулдун, Баарын алып келем» — деп! — Атасынын атынан, Жазып катты жиберип. Баш кишиге карабай, Малдын кетти артынан. Чоң жолдордон из чалып, Бара жатат Байтайлак. Эки жагын каранып, Келе жатат Байтайлак.