← Семетей 2/3

Шүкүрлүүнүн тоосуна, Ошого жакын жеткенде. Эки жагы бийик тоо, Орто жери терең коо. Кырында кайкы белес жол, Адам ашчу жери ошол. Жалгыз кыйа аттанган, Кадымтен бери бел ошол. Семетей чыкты койгулап, Буурул менен деги ошол. Эжесин карап көрбөдү, Өзү жалгыз кудайдын, Өкүмүнө көнгөнү. Дүрбүнү алып койнунан, Көзүнө салып көргөнү. Шүкүрлүү бетин караса, Адырмак жери түз талаа, Айдап жылкы келатат, Желмогуздай чоң балаа. Карап көрсөң капырды, Адам жээчү жакырды, Кабагы салык, өңү саз, Узун эмес бойу пас. Туурасы келет төрт кучак, Булчуңу бука санындай, Муну көргөн тирүү жан, Калар эмес наалыбай. Бышыгы менен кери жок, Чийкиси менен иши жок. Кандай нерсе жесе да, Карды оорубай аш болот. Колуна алган бир кыз бар, Катуу кыйын жумуш бар, Байкап уккун кыргыздар. Баатыр Семең, эрлигин, Айкөлдүн уулу жалгыздын, Айбыкпаган шерлигин. Ошол үчүн ал алган, Чынкожо менен Толтойдон, Атышып жүрүп теңдигин. Көрө салды Семетей, Келе жаткан немеңди. Көрсө дагы жалгыз көз, Кишиби деп кенебей. Байлап алган кызы бар, Чыктап жээчү тузу бар. Калтадан тузду алганы, Эңкейип кызды кармады. Канжарды алып колуна, Жарганы кызды калганы! Жапаасын көрүп канкордун, Семетей туруп албады. «Манастап» ураан чакырып, Качырып жетип барганы. Жалгызкөз ачык угалбай, Кара дөө окшойт — деп ойлоп, Кычырып жатат агасын, Кызыгып мага ал келсе, Кетирейин чамасын. Эч нерсе менден кери жок, Кыздын кылып айласын, Эр Семетей баатырдын, Көп элдер көргөн пайдасын. Муштаганда таш тешкен, Белинин сынып кетпеген, Ак болоттун кыймасын, Төкөр уста эптеген, Атадан калган Сырнайза, Сундуруп алды колуна, Жалгызкөздөй баатырдын, Сайып өттү сооруга. Селт этип бойу дүркүрөп, Чочуп кетти ушунда. Жети кабат темир тон, Кийген экен үстүнө. Отурайып тиктесе, Тик бакпай бенде жүзүнө. Кызды таштап жиберип, Жылбастын башын имерип: «Кайдан келдиң, бала — дейт, Каның тартып мага» — дейт?! Өзүң толук баласың, Бүткүл этиң май го» — дейт?! «Сен билбесең менмин — дейт, Манастын уулу Семетей, Сени издеп келдим» — дейт. Көкжал Манас дегенде, Күүгүмдөп көзү тунарды. Манастын атын укканда, Нур кетип бети кубарды. Айбаты бар арстанын, Айкөл Манас мамындай, Атын уккан бенделер, Акылынан шашканы: «Андай болсо Семетей, Арып-чарчып келипсиң, Кылар ишиң баштагын, Кийгеним темир тон — деди, Кылыч кеспейт, ок өтпөйт, Денем таштан бил — деди. Мени сайып эңкейтчү, Туула элек бир — деди! Алдыма келген жаш бала, — Сен кезегиң ал — деди. Жеринен арбак колдогон, Беттешкен бенде оңбогон. Бала жолборс Семетей: «Баштагы кезек сенден» — деп, Башын чайкап болбогон. «Болбосоң, бала, мейлиң — деп, Канын, тарткан экен — деп, Капшырайын жерге — деп. Кызыталак Семетей, Көрсөтөйүн көзүңө, Эрдемсиген түгөнгүр, Энеңдин тойун өзүңө! Кандай чыксаң ошондой, Чыккан жердин тешигин, Көрсөтөйүн сага мен, Кире турган эшигин. Катырайын кадамың, Жегизейин кешигиң!» — Деп, Мадыкөл жалгыз көз, Күүлөнүп найза алды эми. Күркүрөтө сунду эми, Найзаны таштап жиберип, Он эки канат ордодой, Оң жагыда чойун баш, Ошону колго алды эми. Жылбас атты чуратып, Жылмаңдап өңүн тер басып. Күңгүрөнгөн түгөнгүр, Кош колдоп келип урду эми. Калканы бар далыда, Туулгасы бар башында, Эр Семетей кебелбей, Карап турат алдында. Чойун баш келип тийгенде, Калкандын баары калдырап, Туулга бүтүн быркырап. Жон сөөгү ооруп зыркырап, Кете жазды асыл жан, О дүйнө көздөй чыркырап. «Эр кезеги бир — деди, Эр Семетей баатырың, Мен урамын тур» — деди! Атасы Манас баатырдын, Чойун башы жок эле. Иштетер болсо чойун баш, Айбалтанын сырты эле. Мизи, сырты балтанын, Уйуткан болот курч эле. Качан да болсо канкоруң, Сырты менен урчу эле. Каары менен чапканда, Ташты талкан кылчу эле. Буурул атты секиртип, Бурулуп чыгып желигип. Жанаша түштү Семетей, Алдында атын теминип. Чаап өттү Семетей, Орой төбө чокуга, Карап көрсөң Жалгыз көз, Калканы жок далыда, Туулга жок башында. Кийгени тери тебетей, Кебелбей турат ушунда. Мына ошону көргөндө, Таң калды Семең ушуга «Кандай кылсам экен — деп, Кабылан Манас атамдын, Арбагы колдор бекен» — деп? Балталарын ташташып, Колго найза кармашып. Качырышып сайышып, Карсылдашып салышып. Бирин бири жеңе албай, Эки күн турду тайышып. Жаракта жалгыз бүтүн жок, Баарысы сынган быркырап. Жалгыз гана Сырнайза, Колунда турат зыңгырап. Желмогуз Жалгыз көзүңдүн, Деги жаны аманат. Ал Семетей баатырды, Арбактар сакта саламат. Семетейди карасаң, Серпишкен жоосу аламат. «Арбагың азыр жолдо — деп, Атакем, мени колдо — деп, Калганга кылбай жаманат!» Эр Семетей баатырың, Атасы өткөн Манастын, Арбагына сыйынат. Орто белден алышып, Оодарышып калышып. Аттын баарын чарчатып, Аслы айла болбоду, Жерге түшүп бул экөө, Чечип салды тондорду. Арбайтып сунуп колдорун, Көрсөтмөк болду болжолу. Өөде-төмөн сүрүшүп, Күрөкөлөр жыртылып, Чынжырлары кырчылып, Жердин бети жыртылып. Кургак жерден суу чыгып, Чуңкур жерлер дөң болду, Дөңсөө жерлер көл болду. Кармашканы экөөнө, Бүгүн жети күн болду. Жалгыз көз да кошуун көп, Семетейде жөлөк жок. Ошондо да чунагың, Коркуп калбайт дегеле, Анткени баатыр жүрөк ток. Жалгыз көз туруп кеп айтат, «Шер экенсиң — деп айтат. Чыныңды айтчы сен кимсиң, Эр экенсиң мен билдим?» Семетей анда муну айтат: «Жашырбаймын, шерменде, Атамдын аты алп Манас, Өзүмдүн атым Семетей, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, Элибиз кыргыз көп алаш!» «Андай болсо, Семетей, Атка минип алалы, Кезектеше калалы. Сенин каның ичпесем, Жалгыз көз атым курусун. Айкөл Манас баатырдын, Тукумун бүгүн үзбөсөм! Белиңди байла абыдан, Үмүтүң үзгүн жаныңдан Издегеним сен элең, Өзүң келип калыпсың, Таалайыма табылган. Өлтүрбөй мен койомбу, Өзүң келип кабылсаң?!» Колуна алды кылычын, Капырдын көрчү жумушун. Каршы маңдай жагында, Кара сеңир тоо келди. Кылычын кармап колуна, Качырып тоого дап берди. Талкан кылып тоо-ташты, Эр Семетей баатырды, Коркутамын — деп келди. Кылычты тартып алганда, Кара ташка салганда, Каары менен чапканда, Как жарылып кара таш, Талкаланып туз болду. Кайраттанып ошондо, Жалгызкөздөй баатырдын, Жүрөгүнө күч толду: «Койсоңчу, бала Семетей, Көрдүңбү деди ушуну?!» «Кара ташка чапкыча, Канкор мага чапкының. Такандашчу Семетей, Күчүң, болсо ачкының, Эрдигинен жазганбай, Семетей айтты ушундай. «Дагы күчүм көрсүн — деп, Жүрөгү чыгып өлсүн» — деп, Жанаша турган боз дөбө, Колундагы чойун баш, Чаап тартып алганда, Томурулуп тоодой таш, Асманды көздөй зыркырап, Учуп чыкты кара таш. «Эрдемсиген, Семетей, Өрөпкүбөй көзүңдү ач!» Аны Семең, элебей, Эрдик менен кенебей, Жалгызкөздөй көкжалды, Бучкагына теңебей. Үстүнө келди бастырып, Тай буурул менен тебелей. Чийкилей адам этин жеп, Ал Жалгыз көз кутургур, Ууртунан кан куйултуп. Карышкырдай ант ургур, Семетейди карады. Эми ойлоп санады: «Кабыландай эр экен, Кара кашка шер экен. Бала да болсо Семетей, Азыр мага тең экен. Семетей турса залкайып, Тай буурул менен чайпалып. Аккула менен болкойуп, Арстан Манас зоңкойуп. Уй куймулчак Сарала, Уйулгутуп Алмамбет. Көктеке менен болкойуп, Көзөл Чубак келатат. Буларды көрүп Семетей, Кайраттанды ченебей.