← Семетей 1/3

Семетейдин жалгыз көздүү Мадыкөлдү сайышы

Бетпак тоону жердеген, Түркмөн деген эл деген. Ал туркмөндү башкарган, Жалгыз көз деген эр экен. Маңдайында жалгыз көз, Бендеден башка шумдукту. Бир бөлөкчө жаралган, Теңдешип бенде жеңбеген. Өзү балбан адамдан, Ар канча балбан болсо да, Башка жакка барбаган. Шукурлуунун тоосунда, Карагайлуу коосунда, Карманап деген бар эле, Кара дөө деген иниси, Ага-ини жан эле. Карманаптын алгапы, Эр Манастын эжеси, Кардыгач дегеп кыз эле. Жакып хандын тун кызы, Манас менен киндиктеш, Карманаптын колунда. Далай малы бар болуп, Коломтолуу бай болуп, Козголбой жатчу неме эле. Түркмөндөгү Жалгызкөз, Үйүндө жатып ойлонуп, Тегеренип толгонуп: «Күчүм болсо ушундай, Орустан киши катылбай, Баатырлыгым ушундай. Бараңдан киши катылбай, Букар менен Шам шаарын, Чаап алсам болбойбу? Карманаптын жылкысын, Айдап алсам болбойбу? Жакыптын кызы Кардыгач, Карманаптын алганы. Айалдан сулуу сонун — дейт, Тартып алсам болбойбу?» Канча жылдан бер жакка, Козголбогон түгөнгүр. Өзүнүн аты Мадыкөл, Кошумчасы Жалгыз көз, Өлүм айдап, кан тартып, Өзү үйүндө жата албай, Карманапка жөнөдү. Элинен тандап кол жыйнап, Аз жыйнабай мол жыйнап, Беш миң киши нак ылгап. Аш-тамагын көп алып, Арбын кошун кол айдап. Бетпактыдан аттанып, Шүкүрлүү көздөй жол тартып, Карманап көздөй оң тартып. Келе жатат Мадыкөл, Керней, сурнай чуулатып. Арада нече конуптур, Алда канча жол басып, Шүкүрлүү жетип болуптур. Шүкүрлүүнүн жери жай, Карманаптын калкы бай. Улуу, кичүү дебестен, Элинин баары жалпы бай. Өзү тажик мусулман, Мунун журту илгертен, Чачылган эмес, бузулган, Жылкы алам — деп, — Жалгызкөз, Кол салып келди ушундан. Арага киши жиберип: «Карманап мага келсин — деп, Үзөнгүмдөн кучактап, Таманымды өпсүн — деп, Эли, журтун башкарып, Кан болуп жата берсин — деп, Каалаганым Кардыгач, Катынын тартып кетем» — деп. Келген киши кеп айтып, Калтырбай кепти деги айтып. Карманап өтө бузулуп, Каарданып тутулуп: «Кара дөө иним кайда — деп, Кайрат кыл, белин байла Дөө деген сенин атагың, Бастырып үйдөн чыкпайсың, Ушунуңа капамын! Жайы, кышы тап жылбай, Жалгыз үйдө жатасың. Бересиңби түгөнгүр, Жалгызкөздүн жазасын!» «Айланайын, акебай, Айтасың сөздү ар кандай. Жалгыз көзү бар болсо, Сокур эмес сак болсо, Желмогуз болуп жүрбөсүн? Каныбызды сорбосун? Калтырбай сойуп койбосун?! Адамдын этин жейт дечү, Төкпөйт деген сорпосун. Кара дөө атым болголу, Ат бастырып чыкпадым Же сайышып душман жыкпадым, Кардыгачты бер десе, Анча неге сыздадың? Бербейсиңби катынды, Албайсыңбы малыңды, Хандыгың башта бар болсо, Дагы аласың катынды!» «Бокту жеген акмак — деп, Болбогон кепти кылат — деп, Катынын тартуу кылганда, Калган эл укса уйат кеп! Мен өзүм да баатырмын, Жалгыз көз кандай кылат» — деп Эл чогултуп, туу сайып, Азыраак кошун куралып, Астынан чыгып, жол тосуп, Жалгыз көзгө жол кошуп, Ак асаба желегин, Асманды көздөй аштатып. Атыш, чабыш кылбастан, Сайышар жерин басташып. Күтүп турду Карманап, Жалгызкөздү сакташып. Жалгызкөз жайы ушундай, Жаандан ашкан кыйын ай. Чын ачуусу кармаса, Чийки жеп койот, адамды ай. Жылында киши берүүчү, Урумдун эли чыдабай! Орустан алман алуучу, Кыздан салык салуучу. Кебеп кылып адамды, Жеп бүтүрүп жануучу. Адамды көрсө түк койбойт, Айбаты катуу эр ушу! Мурунунун үстүндө, Муштумдай болгон жалгыз көз, Адамзатка окшобойт. Кан куйгандай кызыл көз, Орто бойлуу тууралжын, Угуп турсаң, кызык сөз! Кыздан алман алучу, Койнуна анын жатучу. Башканы эмес катынын, Жеп алчу канкор капырың, Жылбас чабдар аты бар, Минип алган баатырың: «Карманап деген сенби — деп, Кардыгач кызык көрүнсө, Кармашар болсоң келгин» — деп. Бу да мыкты бек айбат, Тартынган жок тайгактап. Жалгыз көздү тургузбай, Артынан өлүм айдактап. Беттешип кире барганда, Карманап сайып калганда, Карманаптын найзасын, Кармап алды жазганбай. Кара дөө жетти артынан, Агасын карап туралбай. «Ага-ини келет — деп, Намыс кылып уйалбай. Мендей баатыр болобу, Экөөнү каттап бир албай?!» Кара дөөнүн найзасын, Мадыкөл дагы кармады. Карманап менен Кара дөө, Тарттырып ийип найзасын, Куру кол болуп калганы. «Көзүң көрүп турчу — деп, Куп кылар ишим ушу — деп, — Өз элинин ичинен, Кызыл тору жигитти, Кычырды — бери келгин» — деп. Чыкырып алып жигитти, Ким билет мунун жумушун? Жанындагы жигитти, Жалдырап карап турушу. Колунан анын кармады, Канжарлап кардын жарганы. Көрсөтүп туруп майданда, Чыркыратып жалмады. Көрүп турган капырды, Коркпой бенде калбады Кара дөөнү шилиден, Сол колу менен кармады. Карманап болсо оң колдо, Кар кылышы болжолго, Жакып хандын Кардыгач, Качырып жетти ошондо. Өзү катын карыган, Мүчөсү эркек далыдан. Кара дөө менен эр Манап, Кардыгачка жалынган. Сууруп алып найзасын, Кетирди мунун айласын. Кутказды кайын инисин, Кутказды Карманабын. Жедирбестен жырткычка, Ажыратып экөөн тең, Бура тартып, дуу койуп, Издемек болду Кардыгач, Семетей сындуу инисин. Таппай калды дөөлөрдү, Ташка чыгып аралап, Качып кеткен жөөлөрдү. Элин койбой көчүрдү, Жылкысын койбой жылдырып, Баарын айдап кетирди. «Дагы элден калды» — деп, Аралап жүрөт тоолорду, Антарып жүрөт коолорду. Тогуз күндүн ичинде, Алты жигит, беш кызды, Он бирин сойуп жеп болду. Жата турсун Жалгызкөз, Жарма ордуна кан ичип. Ойной турсун Жалгыз көз, Нан ордуна киши жеп. Жан айабай Кардыгач, Семетейге кетти издеп. Өзү көргөн жол менен, Кең Ташкендин ой менен. Наманген басып аралап, Айагы өөдө Таластын, Күмбөзүн көрдү талаадан, А дүйнө кеткен Манастын. Куран окуп Манаска, Кудайына сыйынып, Элечек жок башында, Эркекче кийим кийинип. Эр Семеңдин үйүнө, Барып түштү Кардыгач. Тааныган жок Семетей, «Кайдан келген киши» — деп? Ал аңгыча болбоду, Ак сакалы жарк этип, Күн нурундай жалт этип, Хан Бакай кирди эшиктен. Карап калып кабылан, Карындашы Кардыгач, Көргөн жерден тааныган. Жолун кууп Манастын, Эже дээчү мурунтан: «Эжеке, аман жүрдүңбү? Эрмекке бала сүйдүңбү? Эркекче кийим кийинип, Кыйынчылык көрдүңбү? Өзүң, басып келипсиң, Кыргынчылык көрдүңбү?» Кабылан сурап калганы, Көзүнүн жашы бурчактап, Кардыгач кебин салгааны: «Бетпак тоону жердеген, Баары түркмөн эл деген, Ал түркмөндү башкарган, Жалгыз көздүү эр деген, Адамдын этин чийки жейт. Орустун элин жадатты, Урумдун элин каратты. Мени соогат берсин — деп, Карманапка кат жазды. Бербеймин — деп, Карманап, Кошуун курап, кол жайкап, Намысына талашты. Карманап күчтүү эр эле, Мени менен бир тууган, Манасымдай шер эле. Кайын иним эле Кара дөө, А дагы кимден кем эле? Экөө катар качырса, Сууруп алып найзасын, Куру кол койду жөн эле. Намысым үчүн эркекче, Кийинип алып мен бардым. Ажыратып дөөлөрдү, Ажалынан кутказдым. Алдыңа келдим мен мында, Өзүң билгин калганын!» Семетей угуп туруптур, Сөзгө көңүл буруптур. Эженин жүзүн көрбөгөн, Ким экенин билбеген. Эми билди Семетей, Чоролорду чакырбай, Бастырып кетти жапжалгыз, Чоң экен — деп кенебей. Адамдын этин жей турган, Жалгыз көздөй жырткычты, Бучкагына теңебей. Бастырганда Кардыгач Баса минди атына. Кирип алды ал ээрчип, Семетейдин артына. Күйүп ичи жалын чок, Курган малдын дартында. Айабады жалгыз — деп, Семетейдей жакырды, Ал өңдөнгөн капырга. Намангенден өткөндө, Ташкенди басып кеткенде.