Жалгыз көз катуу өкүрүп, Жаалысы менен түкүрүп. Чойун башты колго алып, Жылбас атты айабай, Камчы менен бир салып. Эр Семетей баатырды, Чапмак болду каарданып. Арбагы айкөл Манастын, Арка болуп Семеңе, Артында турат калкайып. Жалгыз көздүн көп кошун, Карманаптын калың, эл, Карап турат жардашып. Жалгыз көз капыр кутургур, Жан айабай ант ургур, Жаман чапты кырданып, Жаачу күндөй сүрдөнүп. Чойун баш менен урганда, Жылбастын башын бурганда, Жыгылды — деп Семетей, Жылмайып карап турганда. Чаңдан чыкты Семетей, Камчы уруп бууданга. Арман кылды Жалгыз көз, Жаза чапкан экемин, «Аттиң» деп бушманда. «Манастап» Семең, бакырды, Жалгыз көздү чакырды. Семетей үнүн укканда, Колуна балта курч алып, Алдыдан ал да качырды. Ажыдаардай өңдөнүп, Түрүн көрсөң, капырды, Маңдайга келип түз туруп. Семетейди башка уруп. Майдандын ичин чаң, алып, Чаңда Семең көрүнбөй, Жакасын элдер карманып. Жагалданган Семетей, Жалтанбай да, кенебей, Камчы берип Буурулга, Чаңдан чыкты эрендей. Эки кезек өткөрүп, Элди аман көз көрүп. Башын өөдө көтөрүп, Эр Семетей жөтөлүп, Жагалдап Семең, чыкканда, Жалгыз көз жана бушманды, Бүтүлүү тоо болсо да, Кадайын — деп бооруна, Чоң найзаны колго алып, Жүргөн жерге чуу салып, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп чочко күч алып. Качырып найза муштады, Ал кумардан чыкпады. Найзасы сынды белинен, Үзүлүп орто жеринен. Күүгүмдөп көзү тунарып, Кулагы укпай чуу алып. Көзүн бардап Семетей, Жана кайта эс алып. Тай буурулду чууратып, Чандан чыгып буралып: «Жалгыз көз баатыр, кел — деди, Кезегимди бер — деди! Кезек менен иши жок, Ант ургурду карасаң, Айткан сөздө бүтүн жок. Жан айабас жалгыз көз, Кылычын алып колуна, Кызталак кызып баратат. Жылбас аты кайыктай, Сызып кетип баратат. Эр Семетей баатырын, Кызып кетип баратат. Арстандан калган Сырнайза, Аны карман колуна, Атасы тушуп ойуна, Кадамак болуп бооруна. Кыйамына келгенде, Кыйкырып барып тийгенде. Кыйгактуу найза, көк түпөк, Төш жаргыча киргенде, Найзаны сайып мылгытып, Тезектен бетер ыргытып. Кайра айланып сайды эле, Өтө берип имерип. Чарайнасы чатырап, Чыдай албай быркырап, Темир сооттор жыртылып. Тепчип найза өттү эле, Арстандын уулу чунагың, Мына ошондой күчтүү эле. Найзага сайып көтөрүп, Жалгыз көздүн өзүнө, Айтты баатыр эр немең, Далай кепти өткөрүп: «Талоон койуп тынч элди, Талайсыңбы, Жалгызкөз?! Бекерче эле бирөөнүн, Ак никелүү катынын, Каалайсыңбы, Жалгыз көз? Алман алып кыздардан, Жалмайсыңбы, Жалгыз көз?! Тирүүлөй адам этин жеп, Кандайсыңбы, Жалгыз көз?! Кылычтын мизин кан кылып, Жалайсыңбы, Жалгыз көз?! Айдап малын олжолоп, Кордойсуңбу, Жалгыз көз?! Урушка олжо алганда, Өлүм акыр болот — деп, Ойлойт белең, Жалгыз көз?! Урумдан алман кыз алып, Ойлойт белең, Жалгыз көз?! Эми күчүңдү элге күч кылып, Көйрөңдөнүп ташты чаап, Көрбөйсүңбү, Жалгыз көз?! Боз дөбөнү тоз кылып, Болжолу жок сөз кылып, Бөлбөйсүңбү, Жалгыз көз?! Бараңдын элин аралап, Башка журтту талап чаап, Жойлойсуңбу, Жалгыз көз?! Кайда кетти ал күчүң, Бучкагыңа теңебей, Койбойсуңбу, Жалгыз көз?! Сонунду бүгүн көрдүңбү, Сойлодуңбу, Жалгыз көз?! Семетей мени сойот — деп, Ойлодуңбу, Жалгыз көз?! Жети кабат темир тон, Кийесиңби, Жалгыз көз?! Деги ажал болот — деп, Билесиңби, Жалгыз көз?! Жарлаган жерге жан койбой, Кырасыңбы, Жалгыз көз?! Бүтүн кылым калкына, Турасыңбы, Жалгыз көз?! Шыйрактанпкармап Семетей, Урасыңбы, Жалгыз көз?! Капташып ажал өлүмгө, Каласыңбы, Жалгыз көз? Тирилип кайра жериңе, Барасыңбы, Жалгыз көз?! Семиз болсо сойуп жеп, Өзүң окшош адамга, Зулум, закмат отуңду, Жайасыңбы, Жалгыз көз?! Калың түркмөн элиңди, Айдайыңбы, Жалгыз көз?! Жарадар кылып жөн койбой, Жалмайынбы, Жалгыз көз?! Өзүң кары менен жашмын, Жайлайынбы, Жалгыз көз?! Жалпы жандын көп өчүн, Алайынбы, Жалгыз көз?! Кара эшектей кардынды, Жарайынбы, Жалгыз көз?!» Жалгыз көзгө кеп айтып, Өткөзүп ага бек айтып, Как ошондо Семетей, Найзаны оңдоп имерди, Оро-пара тумшукка, Ташка уруп жиберди. Шаркырап каны чачылды, Сөпөттөй сөөгү жанчылды. Жалгыз көзгө Семетей, Билбейсиң, — деп алыңды, Кара калпак түркмөнгө, Ажал өлүм табылды. Көзү көрүп өлгөнүн, Өлбөйлү туруп берип — деп, Кол салып бала жолборско, Кошундун баары жабылды. Телегейи тең экен, Баары тегиз эл экен. Кишилери зор экен, Бойу бийик чоң экен. Аскердин түбү ал элден, Адылерден дээр экен. Кара болот зулпукор. Кармап сууруп кынынан, Качырып кирди Семетей, Жабылган элдин кыйрынан. Кылычын шилтеп тарткандай, Мизинен каны чуурган. Кылкандай найза, көк желек, Кылкылдаган аскерге, Кыйын болду бул дүбөк. Арылган боздой турултуп, Аткан тандай суурултуп. Жалгыз көздүн аскерин, Айдап Семең, үркүтүп. Таш кыйа, татаал капчыгай Тайгак, тарма жолу бар, Айдап кирди аскерди, Бала жолборс айанбай. «Тирүү койсом болбойт — деп, — Баатыры өлгөн кошуну, Жабылып мага жолойт — деп. — Тирүү калса булардан, Жазасын элдин берет» — деп, Күчү менен кери жок, Куп байлады белин ал, Кубалап кырды элди ал. Чындап бузду пейлин ал, Чың байлады белин ал. Бирин койбой талкандап Түптүз кылды элди ал. Жалгыз киши калбады, Жан качырбай жайлады. Катылышып түркмөндүн, Казат кылган бул элден, Үйүнө киши жанбады. Өчөшкөндөн Семетей, Кара калпак түркмөнгө, Бетпак тоого барганы. Жалгыз көздөй зулумду, Өлтүрүп андан өчтү алды, Өчөшкөн калың көптү алды. Жалгыз көздү жалманган, «Укмуштан угуп, өлдү — деп, Урумдун эли кубанды. Семетейди көрсөк» — деп, Эли, журт калбай чубады Тообо, назыр кылышып, Урумдун эли жыйылып, Укмуштан угуп Семеңди, Уламалап мактады. «Буту менен бир тепсе, Тоолор учуп асманга, Периштелер качкандай. Бир үйлөсө күү менен, Дарыйа толкуп чайпалып, Сабасынан ташкындай. Бир жылмайса күн күлүп, Кабагынан ай күлүп, Көзүнөн жылдыз чачкандай. Жалгыз көз жырткыч өлбөсө, Кетет элек кырылып, Калат элек баарыбыз, Караңгы көргө тыгылып. Бир жылда он беш кыз алган, Баарын койбой жеп алган, Кемип калса кыз чыкпай, Айдап кетип малды алган. Он жылдан бери карата, Ошондой кордук бул салган. Сен өлтүрдүң капырды, Теңдешпеген эч балбан». Жалгыз көздөн кутулуп, Элдин көөнү шат болду. Элдер жана чуркурайт: «Бул Жалгыз көз капырдын, Кылганы бизге дарт болду, Көкөйдөн чыккыс дат болду. Бойкат анын катыны, Сак туулса ал бала, Жана салат чоң жаңжал. Кабыл кылсаң тилекти, Жарып аны сен салсаң». Катынды издеп табарда, Кардын анын жарарда. Эжекеси Кардыгач, Болбой койду так анда: «Өзүң дагы жалгызсың, Өчөшүп сен чочкого, Аскерди койбой бут кырдың Курсакта жаткан бул бала, Чоңойуп сага не кылсын?!» Кардыгач сөзүн алганы, Жарылбай катын калганы. Жалгыз көздүн катыны, Эркек бала ал тууду. Атын анын Сарт койду, Акыры жүрүп ал Сарттан, Кыргызга бүлүк чоң болду. Бура тартып Семетей, Таласты көздөй оролду. Кол кармашып Семетей, Кара дөө менен достошту. Кетемин — деп элине, Эжекеси Кардыгач, Эли менен коштошту. Урумдан келген көп элден, Улуу, кичүү дебестен, Акыл, насаат көп укту. Арбын алды олжону, Ар бир ишке жолукту. Атасы айкөл Манастын, Арбагына сыйынып, Аттанып эли алашка, Эчен күнү жол басып, Жетип келди Таласка. Муну мындай таштайлы Чыгымдан коркуп Коңурбай, Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.