Ташкындуу күчүн бергендей, Аркайган мөңгү, ак баш зоо, Кайрат кирип кайыптан, Турган тулпар баспастан, Бутун сергип, күч жыйнап, Жорголой басып ыргыштап, Жолго түшө калганы. Ошондой кылып жоо сайган, Найзага илип калдайтып, Анжу, манжу, казакка Көтөргөн бойдон ал барган. Анжулук жандан түңүлүп, Аккубак катуу сүйүнүп. Керимбай менен Үмүтөй, Эң эле жаман күйүгүп. Жетелей чаап, боз бээсин, «Садага кылам эрге — деп, — Агеркеч келет жүгүрүп. Кара тоодой калдайтып, Мадыканды Гүлчоро, Көтөрүп алып келгенде, Аттан түшүп аламан, Амандык сурап бары жан. Ызы-чуу болуп чуркурап, Баары турду зыркырап. Хан Бакай абаң карыйа, Эр Семетей, Канчоро, Салып жетип келишти, Гүлчоронун жанына. Эсендик айтып сурашып, Жай жайына түшүрдү, Аскердин баарын чубатып. Эртеси элди жыйдырды, Эр Семетей кеп кылды: «Жапан менен анжуну, Ким барып аны чыкырды?» — Деп, Семетей айтканда, Эч кишиге кеп бербей, Керимбай айтты сөзүн жай: — Жапанга барса, мен бардым, Манжуга дагы мен бардым, Аларга кабар мен салдым. Хан Үмүтөй жумшады, Барбаймын — деп — айтпадым. Жыйнап келдим бул элди, Кыдырып келдим көп жерди. Барган күнөө менде бар, Баргызган мени Үмүтөй. Чакырган күнөө менде бар, Чакырткан мени Үмүтөй. Кырк миң алтын пул берип, Кызылуйук чоң дөөгө, Кылкылдаган деңизге, Кыйамат жакын бир жерге, Барып келгин сен — деди, Тил билесиң бар — деди. Барып келдим аларга, Барып абал айтканда, Баары келди бул жайга. Алдына миңден алтынды, Алман салдык байларга, — Деп, Керимбай айтканда, Анда Семең мындай дейт: «Калжыраба, Керимбай, Капкайдагы бокту жеп. Манжу, жапан элдери, Караанга келген аскерсиң, Бас десе басып келгенсиң, Жай-жайыңа сен кеткин! Атынңменен тонуңду, Олжолоп алып нетейин? Жөө, жылаңач калтырып, Азапка салып нетейин?» Аскер башы алардан, «Баш киши мында кел десе», — «Мен элем — деп — башчысы», — Бир киши чыкпайт алардан. Баш билги болгон коркушуп, «Башыбызды алат» — деп, — Коркконунан кобо албай, Ордунан өөдө туралбай, Эси ооп турганда, Жапанга аскан чүпүрөк, Как ошондон белгилеп, «Жашынсаң да белгилүү, Тур ордуңан келгин — деп, — Ордуңан тур» — дегенде, Чанданып тура калалбай, Жыгылып, кооп темтеңдеп, Белгилүү болуп калгандар, Жүгүнүп бели эңчеңдеп. Буластаган далайдын, Буту, колу бүгүлдү. Миңге башчы болгондон, Манжудан турду миң киши, Жапандан турду кырк киши, Казактан турду он киши, Мадыкандын чатырга, Чогултуп баарын киргизди. Семетей менен хан Бакай, Басып булар кирбеди. Баарысынын үстүнө, Баатыр Гүлүс киргени, «Нак кан ичме келди» — деп, Баарысы андан сүрдөдү. Жыйылган тиги топ элге, Гүлчоро мунтип сүйлөдү: «Кызылуйук, Мадыкан, Кылымды соруп турганда, Кылган ишин сен, — деди, Журт болбой кара жерге кир, Катар өлсө ал экөө, Эң курбаса куржундап, Курчап кирип барууга, Куурагыр, алың келбеди! Өз жериңде ал экөө, Орой сөздү эр беле? Уруп-согуп көп тилдеп, Жалкытканбы силерди? Башчың башчы болгунуң, Жалгыз башка ээ болуп, Аты жогун жөө болуп, Баштап алып аскериң, Баарың кетип жоголгун! Азык-түлүк, ок арткан, Алда кандай заман — деп, Алдын алып тон арткан, Төөнүн баарын таштагын. Аттууң канча, жөө канча, Эсебиңди айткының!» — Деп Гүлчоро айтканда, Жапандыктар жабырап: «Атыбыз жок, жөө келдик, Үч ай болду келгели. Ат миништи үйрөндүк, Жылкы деген мал болбойт, Биз жылкыны билбейбиз, Чарбага жарды жерибиз. Далайыбыз алдыңда, Качып жолго киргенбиз. Минген жылкы баарысы, Керимбай менен Үмүтөй, Өз элинен алышты. Кызылуйук дегенге, Согат кылып барышты. Жаныбыз калса чоң олжо, Биз ыраазы ошого», — Деп, чуркурап турушту. Жапандык айтып болгондо, Манжудан айтты канчасы, Анталашып мунчасы: «Жуз миң аскер биз келдик, Аттуу келген элүү миң, Аты жогу элүү миң. Казактан алдык жөө аскер, Казактан алдык атты да, Аттуу болдук баары аскер. Жөө кетели барыбыз, Көп болду казак чыгымы, Элүү миң аттуу аскердин, Музбурчактын Аккубак, Качып кеткен жапанды, Табабыз — деп, — кубалап, Күндү жайлап дубалап, Муздатып жолго салды эчак. Ырайым кылсаң калганга, Кыйылып кетчү бир жанга. Нааразы биз болбойбуз, Элүү миң, атты алганга». Деп, айтканда алардын, Кабыл алып айтканын. «Аты жогун аттуусу, Таштап салып кетер» — деп, Найза, мылтык, балтасын, Баарын берди колуна. Азык-түлүк, нан, чайын, Алтын, күмүш акчасын, Калтырбай берди алардын: «Мылтыгың бердим колуңа, Бекер элге катышып, Калба салба жолуңа. Кардын ачса кийик бар, Каптал-каптал коолордо, Заңкайган бийик зоолордо. Атып жеп, жаның багып кет, Турба, жөнө, жолуңа! Башкарып келген аскерди, Бийлик бердим силерге, Төкпөй-чачпай буларды, Алып кеткин элиңе!» — Деп, Гүлчоро айтканда, Күлүңдөшүп сүйүнүп, Суурча жонун түйүшүп, Чубап булар жөнөдү. Семетей калыс экен — деп, Көзү жетти айгине. Дөөлөр айдап келбесе, Кыргызды чаап алсак — деп, Келбейт элек бул жерге». — Деп, сүйлөшүп кужулдап, Куржундары мойнунда, Манжу менен жапандын, Курттай болуп чубуруп, Булар түштү жолуна. Агеркечтин үйүнө, Арстандар келип түштү эле, Куруп калган Үмүтөй, Жандан күдөр үздү эле. Чай, тамагын ичкенде, Казактын элин жыйдырып, «Жаш баланы азгырып, Кас кылгандыр бирөө — деп, Мында жок азыр күнөө» — деп. Акыл, насаат кеп айтып, Үмүтөйдү жемелеп, Сөз айагы, сокмогу Керимбайды тебелеп. «Эки күн малың жыйгын — деп, Көчтүң камын кылгын» — деп, Жаккан өтун өчүрдү, Казакты айдап көчүрдү. Алматы, Алтай, Сарарка, Жай жайына коңдурду. Жай алдырып казакты, Кетер маалы болгону. «Көзүң ала, ичиң заар, Сенден чыгат далай чаар!» Деп, Керимди кекээрлеп, Семетей айтып койгону. Жалпы казак элине, Үмүтөйдү хан койду. Бузуку кул Керимбай, «Эми эбимди табат» — деп, Көп акылды ойлоду. Ойлогон менен ал канча, Барар жери болбоду, Саргарып өңү ооруду, Асылган оору койобу? Шайы кетип Керимбай, Сакайар чара болбоду. Үмүтөйдү чакырып, Ойунда кебин салганы. Жаш Үмүтөй баатырды, Дагы азгырып алдады: «Кеп айтамын мен — дед, Кеңешимди бил — деди. Сүрөтүңдү хан койду, Мындан кийин Семетей, Сени эсепке алып койобу? Байкап жүргүн ар качан, Өзү билип иш кылат, Сага кеңеш салбастан. Каныкейден кете албай, Агеркечтен өтө албай, Хан атады наамыңды, Мындан кийин Семетей Чыгарбайт сенин дайныңды. Кеңештен качан кур калсаң, Себеп кылып ошону, Бул үчөө карып чал болот, Беттешип көргүн бир жолу! Бузуктун ушул кеңеши Үмүтөйдүн өлүүгө, Буруусуз себеп болгону. Кызыл кыйа талаада, Коңурбай менен сүйлөшүп, Семетей башын алганда, Жолунда турса Үмүтөй, Тепсеп өтүп Семетей, Кеңешсиз кетип калганда. Керимбай кебин ойлоочу, Акеркеч айтса тил албай. Болбой барып Таласка, Ошондо өлөт болжолу. Күдүр молдо бакырды, «Эр Семетей жумшаган, Коңурбайдын жылкысын, Айдап кет — деп — акыры». Семетейден ажырап, Кетечиде жүргөндө, Карагулдун өлгөнүн, Хан Коңурбай укканда, Арбын киши жиберип, Айдатып кеткен жылкысын. Кудур молдо кеп айтып, Көргөн-билген немесин, Баштан айак көп айтып. Кудур кеби бүттү эле, Эр Семетей Бакайга, Канчоро, Гүлүс баатырга, Акеркечтин үйүнөн, Аттанар мезгил жетти эле. «Ала кетет мени» — деп, Өз жанынан Керимбай, Тирүүлөй үмүт үздү эле. Эртең кетет — деп — угуп, Көк ташка кошуп кучала, Майга ачытып ичти эле. Элебей ичкен эң жаман, Боор, бөйрөк эзилип, Кызыл кан агып курсактан, «Керимбай ооруп жатат» — деп. Эр Семетей кеп уккан. «Сак болсо ала кетейин, Өлөр болсо зилинде, Канын жүктөп нетейин?» — Деген ойдо Семетей, Барып кирсе үйүнө, Ушул бүгүн өлчүдөй, Узап барса күүгүмдө. Өлүп кетти Керимбай, Күн козү түш мезгилде. Таластан келген төрт берен, Аттанып жөнөп кетти эле Атбашы менен Нарынды, Аралап басып буларды, Айлына аман жетти эле. Муну мындай таштайлы, Семетей менен жалгыз көз, Сайышынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.