← Семетей 1/8

Гүлчоро менен Мадыкандын кармашуусу

Кызыл дөө өлсө Мадыкан, Кылайып арман кылбаган. “Меники кылам, болду — дейт, Кыргызды жеңип мен алсам. Дембелеп жүрүп чабышып, Учөөлөп келип сайышып, Кызыл дөөнү алышты, Бирине бирин жеткирбей, Түгөтөйүн кыргызды”, — Деп, ойлонуп Мадыкан, Каары катуу эр чыкты. Түрү суук жалгыз көз, Жоондугу он бир кез. Жалганда бул чочконун, Бүтөр эмес жулкушу, Кебетеси, кешпири, Оңой олтоң неме эмес. Оңойлук менен бендеген, Оморулар бел эмес. Оройун көрсөң чочконун, Беттешип ага ким чыкса, Көрүнүп көзгө тургудай, Өлүм жактан бир элес! Бастек бойлуу, керк беттүү, Жай турганда мүнөзү, Жер чапчып топо жамынган, Топоз бука келбетүү. Минген уйу көк бука, Бурула берсе булт этип, Сууда сызган балыктай, Капкайда кетет жылт этип, Ойкуштап бука токтобойт, Аргымактай кылт этип. Эки жагын каранып, Бетинде ачык жери жок, Сакал, мурут жүн алып. Узун эмес орточо, Сынбас найза карманып. Сыздырып минген букасын, Жетип келди жаланып. Чыкканда элден бөлүнүп, Бүтүн дүйнө жер бетин, Оруп, жыйып алчудай, Тартынар жери көрүнбөйт, Тирүү жандан эч кандай. Аңтарып көзүн тиктесе, Асмандагы жарык күн, Корккондой болуп бүрүлдөп. Өнүп жерге чыккан чөп, Эси чыгып дирилдеп. Жерге башка түр кирип, Жөрмөлөп жерде жүргөн жан, Жай-жайына киришип. Ыраңын көргөн капырдын, Манжудан чыккан баатырдын, Көз жеткен жерде жан калбай, Талаадагы кайберең, Башын жерге салалбай, Чөп үзүп жерден алалбай. Бендеден бенде туулуп, Жан чыгыптыр ар кандай! Жаагы жардын чабындай, Бетиндеги бырышы, Кыйан жеген агындай. Кызыталак түгөнгүр, Кыйалданып ушундай. Жетип келди майданга, Желмогуздай жулунуп. Тосуп чыкты алдынан, Алмамбет уулу Гүлчоро, Суркойонду суурултуп. Ооздукка күч бербей, Суркоен турат булкунуп. Келген жерде Мадыкан, Кеңешкели келгендей, Кебелбей турат кеп уруп: “Келген киши сен кимсиң? Кержеңдеген Сур кула, Келиштирип минипсиң. Атаңды айткын жашырбай, Атыңды айткын жашынбай! Алдымдан тосуп келипсиң, Акыретке кетесиң, Кайра айланып дүйнөдө, Кала албайсың эч кандай! Эрлик кылдың сен бүгүн, Эми келдим мен сага, Кара жандан түңүлгүн! Кызыл дөөнү сойдуңар, Кылгылыкты кылдыңар. Кокого сайып найзалап, Койбой жанын алдыңар. Кеткендердин кегин кууп, Өлгөндөрдүн өчүн кууп, Бирге жүздү белгилеп, Кек алуучу мен бармын!” — Деп, айтканда Мадыкан, Гүлчоро анда мындай дейт: “Айтарын билбей тамтырап, алактаган айбан — деп! Ким экенин билбесең, Не келесиң темтиреп?! Өзүмдүн атым Гүлчоро, Атамдын аты Алмамбет, Маа жолуктуң, бадырек. Тирүү кайта кетишиң, Бул жалганда кыйын кеп! Тааныбасаң бизди сен, Таанытайын сага мен. Мингени айдай ачык боз, Арстан Манас эр менен, Ажырашкыс болгон дос, Аксакалдуу Бакай хан. Кызыл Буурул ат минген, Салакасы келишкен. Салты башка кишиден, Күн чырайлуу, жылдыз көз, Көркөм киши Семетей. Алтымыш түрлүү кубулган, Асемдеп кийген буруудан. Бар кийими буулумдан, Балдай сөзү угулган. Барча тоодой көрүнгөн, Айчырайлуу, ак жүздүү, Арстандын уулу Семетей, Ажыдаардай ышкырган, Адамдан башка иш кылган. Атышып келген далайды, Кара жер менен тең кылган. Калайыктан кем кылган, Кара көздөн от жанган, Кандуу беттен нур тамган, Караган бенде таң калган. Калба салган дөөлөргө, Кайраты артык Семетей. Сага окшогон немени, Алып жүргөн абакем, Бучкагына теңебей! Санды көрсө шашпаган, Сан экен — деп — качпаган. Сапырып ийип ар качан, Санаада ишин баштаган. Карала ат минген калкайып, Кайраттуу баатыр Канчоро. Көптү көрсө шашпаган, Көп экен — деп — качпаган. Көөнүдө ишин бүтүрүп, Көп эрди жерге жаздаган. Көрүнгөн көзгө бир башка, Көзөл Чубак баласы, Күркүрөгөн Канчоро. Күндү күнгө уласаң, Курчалышып тура алсаң. Кырк күндүк далай чабышта, Талыкпаган эр ошо. Талабы артык бендеден, Таалайы артык шер ушу! Ким болосуң сен өзүң? Чычкан тешкен куржундай, Маңдайда жалгыз бир көзүң! Жылкы таппай, уй минип, Эрмин дейсиң күүлөнүп! Атаңды айт, өзүңдү айт, Ал жайыңды такыр айт. Эрдемсибей чокчоңдоп, Арыз абалың бар болсо, Абакеме барып айт! Бекер өлүп кетесиң, Таттуу жандан кечесиң. Такандашсаң сен бизге, Кайра келбес чын жайга, Караңгыга кетесиң,! Элиң кайсы сеники? Жериң кайсы сеники? Бекер келип катышып, Кебиң кайсы сеники?!» Деп, Гүлчоро айтканда, Мадыкан күлүп карсылдап, Ачылып оозу үңкүрдөй, Кабаган иттей арсылдап. Маңдайында жалгыз көз, Толгон көлдөй жалтырап: «Атамдын аты Нескара, Калдайдын уулу Коңурбай, Таласыңа барганда, Талаалатып кыргыздар, Такыр сайып алыпсың. Алмамбет уулу сен болсоң Жеркендин сайы Сайрамда, Манжунун ханы Нескара, Атамдын башын алыпсың! Өзүмдүн атым Мадыкан, Өчөшүп жоону кыйратам. Кайра келбес чын жайга, Гүлчоро сени узатам! Бакайыңды байлайын, Калган журтуң кыргызды, Баш аламан айдайын. Мактаган төрөң Семетей, Сага барча тоо болсо, Ал мага журтта калган тебетей. Ошол үчүн бул жерде, Мен турамын баарыңды, Бучкагыма теңебей! Элим манжу уругу, Өзүм манжу улугу. Шаарым Жилин суу бойу, Анык билгин сен муну! Атамдын кунун алсам — деп, Ар качан жүрдүм камым жеп. Бир күнү барды алдыма, Жамгырчынын Шаймамбет, Беш жыл болгон баргалы, Беш ай болгон Шаймамбет, Мага кебин салганы. Аңгычакты алдыма, Керимбай барды казактан. Чыдай албай келдим — деп, Кыргыз салган азаптан. Өз, жат элин билбеген, Ит экен кыргыз — деп, — билдим. Миң тулпарга бербеймин, Көк буканы мен миндим. Көп сөз айтып не пайда, Кобураба, Гүлчоро, Күн тийбес жайга сен кирдиң! Жалгыз кантип жатам — деп, Жаадыңа алба, Гүлчоро. Эр Семетей, Канчоро, Алачыктай кара таш, Аңтара тартып албасам, Бастырып ага салбасам! Алмамбет уулу сен болсоң, Баш сөөгүңдү каптатып, Тепме тобум кылбасам! Өзөгүңдү жарбасам, Өпкө, боор, жүрөгүң, Ич каныңды албасам. Бөйрөк майың, карын май, Чоң казанга сызгыртып, Сом этиңди тууратып, Ачуу тузга чыктатам Арманда өтөт экемин, Кумардан антип чыкпасам! Жалгыз калам — деп, — коркпо, Жилигиңди чагамын, Кууруп жеп сени тынамын! Акундун кызы Чүрөктү, Ааламга аты дүмөктү, Олжо катын кылбасам. Шаатемир кызы Чачыкей, Үмүтөйгө бербесем. Акбала сенин катының, Шаймамбетке алдырам. Шаймамбетти Таласка, Семетейдей хан кылам! Өзүм көчүп Жилинден, Кочкорго шаар салдырам. Кокондун шаарын бош кылам, Түркмөнүңдү жок кылам! Манаска салган күмбөзүң, Жыпжылма түптүз чактырам, Каныкейди күң кылам! Ташкен менен Наманген, Анжунун элин кондурам. Чайчүй, Букар, Шаңкайды, Сага жөлөк далайды, Кетирем шайын аларды! Коросон, Ооган, Испанды, Жедигердин Жетисуу, Уламдын бели Кыйбаны, Амур бойу, Ургөнчтү, Эркечтам менен Кашкарды, Сарыкол, Чымкент аларды, Алажууку, Үчташты, Кетментөбө, Жазыны, Атбашы жайлоо, Нарынды, Тартып алам барыңды! Көтмалды, Бишкек шаарыңды, Жок кыламын аларды. Билбейсиң, кыргыз бачагар, Өзүңдүн чактап алыңды! Алтай, Текес, Кеминге, Айдап жылкы салдырам. Алматынын шаарына, Казактарды ээ кылам! Кутубий менен Манастын, Коргондорун чактырып, Которуп атын алардын, Орхундун ойун бош таштап, Чактырамын баарысын, Ташка ойдурган катыңды! Барскон менен Дарканды, Бучкагыма тедебей! Айдыңкөл менен Нураңды, Атайлап атын өчүрүп, Башкача бурам буларды! Үчкаркыра, Сарарка, Байатан айткан жерлерге, Жердетпейм кыргыз аларга!» — Деп, Мадыкан айтканда, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Тартынбаган эч кимден, Так сүйлөгөн эр экен, Таалайы артык шер экен.