Кызыл дөө өлсө Мадыкан, Кылайып арман кылбаган. “Меники кылам, болду — дейт, Кыргызды жеңип мен алсам. Дембелеп жүрүп чабышып, Учөөлөп келип сайышып, Кызыл дөөнү алышты, Бирине бирин жеткирбей, Түгөтөйүн кыргызды”, — Деп, ойлонуп Мадыкан, Каары катуу эр чыкты. Түрү суук жалгыз көз, Жоондугу он бир кез. Жалганда бул чочконун, Бүтөр эмес жулкушу, Кебетеси, кешпири, Оңой олтоң неме эмес. Оңойлук менен бендеген, Оморулар бел эмес. Оройун көрсөң чочконун, Беттешип ага ким чыкса, Көрүнүп көзгө тургудай, Өлүм жактан бир элес! Бастек бойлуу, керк беттүү, Жай турганда мүнөзү, Жер чапчып топо жамынган, Топоз бука келбетүү. Минген уйу көк бука, Бурула берсе булт этип, Сууда сызган балыктай, Капкайда кетет жылт этип, Ойкуштап бука токтобойт, Аргымактай кылт этип. Эки жагын каранып, Бетинде ачык жери жок, Сакал, мурут жүн алып. Узун эмес орточо, Сынбас найза карманып. Сыздырып минген букасын, Жетип келди жаланып. Чыкканда элден бөлүнүп, Бүтүн дүйнө жер бетин, Оруп, жыйып алчудай, Тартынар жери көрүнбөйт, Тирүү жандан эч кандай. Аңтарып көзүн тиктесе, Асмандагы жарык күн, Корккондой болуп бүрүлдөп. Өнүп жерге чыккан чөп, Эси чыгып дирилдеп. Жерге башка түр кирип, Жөрмөлөп жерде жүргөн жан, Жай-жайына киришип. Ыраңын көргөн капырдын, Манжудан чыккан баатырдын, Көз жеткен жерде жан калбай, Талаадагы кайберең, Башын жерге салалбай, Чөп үзүп жерден алалбай. Бендеден бенде туулуп, Жан чыгыптыр ар кандай! Жаагы жардын чабындай, Бетиндеги бырышы, Кыйан жеген агындай. Кызыталак түгөнгүр, Кыйалданып ушундай. Жетип келди майданга, Желмогуздай жулунуп. Тосуп чыкты алдынан, Алмамбет уулу Гүлчоро, Суркойонду суурултуп. Ооздукка күч бербей, Суркоен турат булкунуп. Келген жерде Мадыкан, Кеңешкели келгендей, Кебелбей турат кеп уруп: “Келген киши сен кимсиң? Кержеңдеген Сур кула, Келиштирип минипсиң. Атаңды айткын жашырбай, Атыңды айткын жашынбай! Алдымдан тосуп келипсиң, Акыретке кетесиң, Кайра айланып дүйнөдө, Кала албайсың эч кандай! Эрлик кылдың сен бүгүн, Эми келдим мен сага, Кара жандан түңүлгүн! Кызыл дөөнү сойдуңар, Кылгылыкты кылдыңар. Кокого сайып найзалап, Койбой жанын алдыңар. Кеткендердин кегин кууп, Өлгөндөрдүн өчүн кууп, Бирге жүздү белгилеп, Кек алуучу мен бармын!” — Деп, айтканда Мадыкан, Гүлчоро анда мындай дейт: “Айтарын билбей тамтырап, алактаган айбан — деп! Ким экенин билбесең, Не келесиң темтиреп?! Өзүмдүн атым Гүлчоро, Атамдын аты Алмамбет, Маа жолуктуң, бадырек. Тирүү кайта кетишиң, Бул жалганда кыйын кеп! Тааныбасаң бизди сен, Таанытайын сага мен. Мингени айдай ачык боз, Арстан Манас эр менен, Ажырашкыс болгон дос, Аксакалдуу Бакай хан. Кызыл Буурул ат минген, Салакасы келишкен. Салты башка кишиден, Күн чырайлуу, жылдыз көз, Көркөм киши Семетей. Алтымыш түрлүү кубулган, Асемдеп кийген буруудан. Бар кийими буулумдан, Балдай сөзү угулган. Барча тоодой көрүнгөн, Айчырайлуу, ак жүздүү, Арстандын уулу Семетей, Ажыдаардай ышкырган, Адамдан башка иш кылган. Атышып келген далайды, Кара жер менен тең кылган. Калайыктан кем кылган, Кара көздөн от жанган, Кандуу беттен нур тамган, Караган бенде таң калган. Калба салган дөөлөргө, Кайраты артык Семетей. Сага окшогон немени, Алып жүргөн абакем, Бучкагына теңебей! Санды көрсө шашпаган, Сан экен — деп — качпаган. Сапырып ийип ар качан, Санаада ишин баштаган. Карала ат минген калкайып, Кайраттуу баатыр Канчоро. Көптү көрсө шашпаган, Көп экен — деп — качпаган. Көөнүдө ишин бүтүрүп, Көп эрди жерге жаздаган. Көрүнгөн көзгө бир башка, Көзөл Чубак баласы, Күркүрөгөн Канчоро. Күндү күнгө уласаң, Курчалышып тура алсаң. Кырк күндүк далай чабышта, Талыкпаган эр ошо. Талабы артык бендеден, Таалайы артык шер ушу! Ким болосуң сен өзүң? Чычкан тешкен куржундай, Маңдайда жалгыз бир көзүң! Жылкы таппай, уй минип, Эрмин дейсиң күүлөнүп! Атаңды айт, өзүңдү айт, Ал жайыңды такыр айт. Эрдемсибей чокчоңдоп, Арыз абалың бар болсо, Абакеме барып айт! Бекер өлүп кетесиң, Таттуу жандан кечесиң. Такандашсаң сен бизге, Кайра келбес чын жайга, Караңгыга кетесиң,! Элиң кайсы сеники? Жериң кайсы сеники? Бекер келип катышып, Кебиң кайсы сеники?!» Деп, Гүлчоро айтканда, Мадыкан күлүп карсылдап, Ачылып оозу үңкүрдөй, Кабаган иттей арсылдап. Маңдайында жалгыз көз, Толгон көлдөй жалтырап: «Атамдын аты Нескара, Калдайдын уулу Коңурбай, Таласыңа барганда, Талаалатып кыргыздар, Такыр сайып алыпсың. Алмамбет уулу сен болсоң Жеркендин сайы Сайрамда, Манжунун ханы Нескара, Атамдын башын алыпсың! Өзүмдүн атым Мадыкан, Өчөшүп жоону кыйратам. Кайра келбес чын жайга, Гүлчоро сени узатам! Бакайыңды байлайын, Калган журтуң кыргызды, Баш аламан айдайын. Мактаган төрөң Семетей, Сага барча тоо болсо, Ал мага журтта калган тебетей. Ошол үчүн бул жерде, Мен турамын баарыңды, Бучкагыма теңебей! Элим манжу уругу, Өзүм манжу улугу. Шаарым Жилин суу бойу, Анык билгин сен муну! Атамдын кунун алсам — деп, Ар качан жүрдүм камым жеп. Бир күнү барды алдыма, Жамгырчынын Шаймамбет, Беш жыл болгон баргалы, Беш ай болгон Шаймамбет, Мага кебин салганы. Аңгычакты алдыма, Керимбай барды казактан. Чыдай албай келдим — деп, Кыргыз салган азаптан. Өз, жат элин билбеген, Ит экен кыргыз — деп, — билдим. Миң тулпарга бербеймин, Көк буканы мен миндим. Көп сөз айтып не пайда, Кобураба, Гүлчоро, Күн тийбес жайга сен кирдиң! Жалгыз кантип жатам — деп, Жаадыңа алба, Гүлчоро. Эр Семетей, Канчоро, Алачыктай кара таш, Аңтара тартып албасам, Бастырып ага салбасам! Алмамбет уулу сен болсоң, Баш сөөгүңдү каптатып, Тепме тобум кылбасам! Өзөгүңдү жарбасам, Өпкө, боор, жүрөгүң, Ич каныңды албасам. Бөйрөк майың, карын май, Чоң казанга сызгыртып, Сом этиңди тууратып, Ачуу тузга чыктатам Арманда өтөт экемин, Кумардан антип чыкпасам! Жалгыз калам — деп, — коркпо, Жилигиңди чагамын, Кууруп жеп сени тынамын! Акундун кызы Чүрөктү, Ааламга аты дүмөктү, Олжо катын кылбасам. Шаатемир кызы Чачыкей, Үмүтөйгө бербесем. Акбала сенин катының, Шаймамбетке алдырам. Шаймамбетти Таласка, Семетейдей хан кылам! Өзүм көчүп Жилинден, Кочкорго шаар салдырам. Кокондун шаарын бош кылам, Түркмөнүңдү жок кылам! Манаска салган күмбөзүң, Жыпжылма түптүз чактырам, Каныкейди күң кылам! Ташкен менен Наманген, Анжунун элин кондурам. Чайчүй, Букар, Шаңкайды, Сага жөлөк далайды, Кетирем шайын аларды! Коросон, Ооган, Испанды, Жедигердин Жетисуу, Уламдын бели Кыйбаны, Амур бойу, Ургөнчтү, Эркечтам менен Кашкарды, Сарыкол, Чымкент аларды, Алажууку, Үчташты, Кетментөбө, Жазыны, Атбашы жайлоо, Нарынды, Тартып алам барыңды! Көтмалды, Бишкек шаарыңды, Жок кыламын аларды. Билбейсиң, кыргыз бачагар, Өзүңдүн чактап алыңды! Алтай, Текес, Кеминге, Айдап жылкы салдырам. Алматынын шаарына, Казактарды ээ кылам! Кутубий менен Манастын, Коргондорун чактырып, Которуп атын алардын, Орхундун ойун бош таштап, Чактырамын баарысын, Ташка ойдурган катыңды! Барскон менен Дарканды, Бучкагыма тедебей! Айдыңкөл менен Нураңды, Атайлап атын өчүрүп, Башкача бурам буларды! Үчкаркыра, Сарарка, Байатан айткан жерлерге, Жердетпейм кыргыз аларга!» — Деп, Мадыкан айтканда, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Тартынбаган эч кимден, Так сүйлөгөн эр экен, Таалайы артык шер экен. Мадыканга Гүлчоро, Мана мындай дээр экен «Сен, Мадыкан эркиңче, Баш болдуң элге көөнүңчө. Ашыгыпсың, Мадыкан, Ажалдан мурун өлгүнчө. Бек шашыпсың алдырап, Ажал сага келгинче! Эренди сайдым элден мен, Эр сайдым чандан жерден мен. Эсиргенди көрбөдүм, Эл ичинде сендей мен! Эсирбесең неткениң, Эртеден айткан кептериң?! Эзелки жайың байкасам, Коркконуңдан, Мадыкан, Андан-мындан кеп сурап, Жоокалаткан кептендиң. Бар ойлогон кыйалың, Баары бузук, ит, сенин! Кыскасын айтсам, Мадыкан, Талас эмес, жер эмес, Наманген, Ташкен шаар эмес, Көтмалды, Бишкек, Самаркан, Сен айдасаң алардан, Баарынан чыга берүүчү, Кыргыз андай эл эмес! Кетментөбө, Жазыны, Эркечтам менен Кашкарды, Коросон, Ооган, Испанды, Чайчүй, Букар, Шаңкайды, Жетисуу, Үргөнч буларды, Барыскон менен Дарканды, Айдыңкөл менен Нураны, Саа бастырсам, Мадыкан, Маа жетпейби убалы! Бошотуп берип саа жерин, Семетей карап турабы?! Атбашы, Нарын, Арпага, Алматы, Алтай, Сары арка, Күн чыгыш жак тарабы, Орхундун Кызыл дайрага, Кутубий, Манас шаарларга, Тарбагатай, Илеге, Көктокой, Күнөс көп жерге, Түш көрдүңбү, Мадыкан, Бара албайсың ал жерге?! Эки күн жарык көргөзбөй, Жиберейин, Мадыкан, Кире турган тар жерге, Өлүгүң ачык таштабайм, Этиңди ит жеп кутуруп, Ээсин каап кокустан, Калбаны элге баштабайм. Алалбайсын Чүрөктү, Ааламга аты дүмөктү. Айткан ушул кебиңди, Киши укпасын, ит уксун, Тирүү жан койбой жалмаган, Козголбогон жер уксун! Жамгырчынын Шаймамбет, Баш боло албайт алашка. Жамгырчы тирүү турганда, Бара албайт басып Таласка Айабайт аны Жамгырчы, Өз жерин саткан талакка. Өтүп кетсе билбеймин, Көрүнбөй качып арапка! Ак калпак кыргыз элине, Ээ болупсуң, Мадыкан, Өз ойуңда жерине! Ата болуп асырап, Эне болуп чын сактап, Эмин-эркин өстүргөн, Менин жерим болсо — деп, Көргөн киши күйүккөн. Даңктуу аты Тыйаншан, Алатоону кыргыздар, Саа береби, Мадыкан?! Токсон уруу көп алаш, Тегеректеп курчалып, Ала-Тоого жайлашкан. Энем — суу, атам — тоосу Мисирден жакшы бул бизге, Алатоонун коосу — деп, Ак калпак кыргыз не айткан?! Заңкайган бийик Тыйаншан, Ак дейилде жамынган. Суу акпаган сүт аккан, Күркүрөп сүтү күч аккан. Сүтпү, суубу таанылбай, Сай-сайында бүт аккан. Эл Кысылган күн болсо, Он, он беш жыл тим эле, Кайып менен жан баккан. Ант кылышат кыргыздар, Абдан кыйын иш болсо, Алатоо урсун — деп айткан, Алты ата, жети бабасы, Ак калпак кыргыз алашка, Алатоо болгон паанасы: Алатоодон айрылбас, Түптүү кыргыз журт ушу Жүз ата болсо баласы, Жүрөгүнүн канындай, Алаш уулу болгонго, Аркайып турган Ала-Тоо, Чечекейдин карасы. Алатоону таанытып, Сен чочкого кеп айткан, Алмамбет шердин баласы! Өлүмдөн коркуп, Мадыкан, Жоокалатпа сен мынча. Жалынсаң да, жалбарсаң, Койбоймун тирүү жалганда! Деп, Гүлчоро айтканда, Айтарына сөз таппай, Ачууланып Мадыкан, Өткүр темир найзаны, Булгап колго алганы. Шүдүңдөтүп букасын, Бул капыр жөнөп калганы. Сайамын деп, жоо келсе, Гүлчоро туруп алабы? Батарына чукулдап, Күн кылкылдап барганы. «Сайыштырбай бөлгүн — деп, Жез доолбас ургун» — деп, Канчорого хан Бакай, Кабар айтып салганы. Жез доолбас кагылды, Манжулардын элинен, Керней, сурнай чалынды. Мадыкан менен Гулчоро, Беттештирбей жандырды, Мадыкан кайта келгенде, «Жапандыктын аскери, Кыргыздар сойду эки эрди, Коркконунан Мадыкан, Кол кайтарбай келгени, Бу көрөкчө жапанга, Бүгүн түн качып кетели», Деп, кеңешип жапандар, Жапа доңуз атып жеп, Бака, жылан, коңуз жеп, Чөп тамырын терип жеп, Кай кеткени белгисиз, Бирден кетти темтиреп. Жапандын эли жок калды, Таптырып келмек тургайлык, Кеткенине жапандык, Мадыкан, казак кубанды. Керимбай бузук жеткирген, Жээнбай артып келтирген. Жылкы этинен жакшы жеп, Бал чайкаган кымыздан, Көөкөрдөгү арактан, Айабай кана ичишип, Курчанган белин чечишип, Төрт баатыр жатып таң, атты. Тулпарларын токунуп, Туйгундар түгөл камданып. Ордунан турду берендер, О дүйнө кеткен Манастын, Арбагына жалбарып Аңгычакты Мадыкан, Уйку көрбөй таң атып, Гүлчоронун кебине, Күйүгүп бетбак арданып. Өгүзүн минип дардаңдап, Мурду бузук барбаңдап. Эки буту салбаңдап, Капшытын керип кампайып, Көк буканын үстүндө, Көпкөн суурдай дампайып. Айгыр тепек кептенип, Укмуштуу мурду жалпайып, Келип калды талпайып. Башкаларга жол бербей, Жанында эки баатырды, Бирөөң, баргын сен дебей, Бастырды баатыр Семетей. Кызыл дөөдөн кечээ ал, Чокмор жеген ченебей. Кары Бакай кеменгер, Кара кулак шер этке, Кандыра эки тойгузган. Арак менен жуудурган, Аруу менен буудурган. Тарамышын аркардын, Майда туурап кууруткан. Сарымсак менен согонго, Чылап туруп сугунткан. Кырма кызыл дарыны, Ичинен берген күчтүүлөп. Кайнатма кара дарыны, Тышынан чапкан эптүүлөп. Тал-тал кетип бөлүнгөн, Этин була жымыйткан. Сөөгү ооруп сыздабай, Эти чирип суу акпай, Өз жайында Семетей. Өрөпкүгөн эр неме, Жоо жарагын бүт алып, Тай буурулга минди эле. Ак күбө кийип, ок өтпөс, Кандагай кийип, чок өтпөс. Сырнайза алып, ийилбес, Сом балта алып, жанына, Кылычы бар кабында. Кылым бенде тең келбес, Азыркы күндө Семетей, Ачууланган чагында. Буурулду минип күүлөнүп, Кирип келди көкжалың Мадыкандын жанына. Семетейди Мадыкан, Көз жиберип бир карап, «Мага кантип Семетей, Тең келе алсын» — деп санап, Теминип минген букасын, Жанаша тосуп капырың, Кыргыздын кыраан баатырын. Карс дедире бир сайды, Мадыкандын найзасын, Сайдырбастан Семетей, Кагып ийди алдыртан. Семетейдин балтасы, Алдыртан өөдө тийгенде, Каңгып найза сайылбай, Белинен сынып кетти эле. Менменсиген Мадыкан, Балтага капыр камынган. Аңгычакты турабы, Манастын уулу жаш арстан, Сырнайнзаны ыргады. Мадыкандай анжуну, Кара боорго бир сайды. Манастан калган Сырнайза, Бор сайгандай өтчү эле, Кара ташты муштаса. Найзанын учу жетерде, Болжолу жок Мадыкан, Бооруна кирип кетерде, Баатырдын сайган найзасын, Астыртан кагып ийди эле. Эр Семетей тың экен, Баатырлыгы чын экен. Мадыкан каккан найзаны, Чыгарбады колунан, Сайдырбай какса боорунан. Буурул ат менен имерип, Кыйгактуу найза баатырың, Кызталакты кыйрынан, Сайып өтүп кетти эле. Кырынан найза тийгенде, Кыймылдабай, былк этпей, Кылчалык чочко солк этпей, Кийими темир уйуткан, Найзадан темир курчу өтпөй, Күүсү менен Буурулдун, Семетей өтө бергенде, Теңи сынып жоголгон, Кыйгагы кеткен найзасын, Баштагы бүтүн немедей, Семетейдин жонуна, Көк бука менен тап берип, Май сооруну болжолдоп, Күүсү менен койду эле. Темири жок найзасы, Сокмоктуу тийип капырдын, Чоң ополдой Семетей, Чок талдан качкан эликтей, Чылбырын чойуп Буурулдун, Чыдабай ыргып кетти эле Канкорун, ыргып кеткенде, Канчоро баатыр жетти эле. Кайраттуу баатыр Канчоро, Чолок найза Мадыкан, Кара сандын сом этке, Канык муштап өттү эле. Укмуштуу уй мингени, Канчоро атын бургуча, Темири жок найзаны, Бөйрөккө шилтеп ийди эле. Сокмоктуу найза жеткенде, Сонун көргөн сайышты, Ойун көгрөн чабышты, Ойрон болгон Канчоро, Оң жагына кыйшайып, Ооп барып түштү эле. Буудандан артык Көк бука, Желгенине жел жетпейт. Жанашып шамал ушуга, Капташып калган хан Бакай, Так ошонун тушуна. Чорого сайган найзаны, Кыйгап чочко кармады. Кыйрына келген Бакайды, Кыйырынан бир сайды. Ак сакалы жарк этип, Туурдан түшкөн бүркүттөй, Томолонду далп этип. Арстандар өөдө болгунча, Арбагы артык Гүлчоро, Андай күндөр кез келсе, Жалгыз эмес миң чоро. «Манастап» ураан чакырып, Кыйкырыгы баш жарып, Качырып кирген баатырдын, Кайратын көргөн таң, калып, Бакайды сайган Мадыкан, Оңолуп кайра болгунча, Күүсү менен найзанын, Көкбукадан аңтарып, Сайып өтүп кеткенде. Эңишке келген Суркойон, Жел өпкөрөөк мал экен, Камчы тийген ачынып, Араандай оозу ачылып. Тартса оозуна күч бербей, Алып өтө бергенде, Жанында турган Семетей, Энөөлүгү курусун, Керге келбейт бирерде! Копбой калмак Мадыкан, Муну чокуга тартып жиберсе! Айбандан жаман Көк бука, Жалгыз муйуз маңдайда. Мадыкандын алдынан, Мүйүзүн салып чатына, Үстүнө аны мингизди, Көтөрүп алып тиргизди. Сынып калган найзасын, Жыгылган жерге таштаптыр. Ачууланып ал чочко, Балтасын ала баштаптыр. Ошонгочо Семетей, Айылда жүргөн немедей, Ажал-өлүм маңдайда, Келип карап турса да, Кебелбей турат көрдүңбү, Тай буурулга ал минбей! Тайтайып турган баатырды, Жакын жеткен Мадыкан, Балта менен чапканы. Балтаны шилтеп ийерде, Барып жетип ал кезде, Баатыр Гүлүс арстаның, Бар күчүн жыйнап колуна, Көт жактан келип бир сайды, Көмүлгүрдү сооруга. Манжунун ханы бадырек, Түк эсепке албады Канчоро жете барганы, «Кырк кабырга чени — деп, Кый сүбөөнүн бети — деп, Нар жагында сөөк жок, Жука жерин ушу» — деп, Болжоп найза ыргады, Болжолдуу жерге урганы. Такыр темир кийгени, Урган найза сынганы. Кур кол калып Канчоро, Жарактан жаны тынганы. Күүлөнүп келген алыстан, Алмамбет уулу Гүлчоро, Жан айабай найзалап, Ач карышкыр шекилдүү, Жан ачышьп кайсаңдап. Гүлчоро өтө бергенде, Канчоро кирип, балта чаап. Эрегишкен эки арстан, Урушту мыктап салышты. Ителгидей имерип, Бири найза шилтесе, Бири балта жиберип. Ошондо араң, Семетей, Тайбуурул минди залкайып. Алатоодой даңкайып: «Тур, Гүлүстөн, Канчоро, Элөөсүздөн бул чочко, Буурулдан сайды ыргыта. Кара баштуу бендеден, Жыгылбапмын бу чакка. Арбагына жөлөнө, Атам баатыр Манаска, Эрегишин көрөйүн, Эсирген бул тажаалга. Качан болсо бир өлүм, Жумуру баш адамга». Деп, Семетей баркылдап, Атадан калган Аккүбө, Чагылып күнгө жаркылдап. Уңгусу темир, учу курч, Учуна салган кара курч. Ташты сайса сынбаган Сырнайзасын күү менен, Мадыканга ыргады. Канчоро, Бакай, Гүлчоро, Кадыр Алла колдо деп, Чыгып төшкө жылганы. «Кетирбестен убактын, Манастын уулу чунактын. Табайын — деп, — өчөшүп», Мадыкан чочко убактын. Боз мунарык жер чаңдап, Топурак учуп тумандап. Көрсөтпөй күндү чаң каптап, Көрүнсө кээде ал экөө, Көп мезгилде көрүнбөй, Салгылашат карсылдап. Жарактын үнү чака-чак, Алмамбет уулу эр Гүлүс, Ар жоругу бар Гүлүс. Асмандан жамгыр жаадырып, Жердин чаңын арылтып. Жайнаган манжу, казактар, Кыргыздан келген төрт арстан, Бир-бирине таанышып. Семетей менен Мадыкан, Күжүлдөшкөн баатырлар, Көк талаада сайышып. Күчү артык немелер, Өлүмдөн кайгы түк жебейт, Балта менен чабышып, Бирин бири элебей. Эки күн өтүп кеткенде, Музбурчактын Аккубак, Анжунун элин азгырып, Элүү миңин котчу алып, Жапандарды кубалап, Суук Шиберге барганда, Өзү жайчы Аккубак, Күндү жайлап дубалап. Анжудан эиүү миң өлдү, Өзү келди саламат. Булар мунтип жүргөндө, Манастын уулу Семетей, Бир ишти калган элебей. Эбин таап Мадыкан, Билекке сайып ийиптир Билекте кашка тарамыш, Такыр кыркып кетиптир. Ошонгочо Мадыкан, Салгылашып жүрүптүр. Нымыгып бойу тердебей, Жаралуу болгон абасын, Шалпысынан көрүптүр. Шашыла минип атына, Эр Канчоро жөнөптүр. Чубактын уулу Канчоро, Ач айкырык, куу сүрөөн, Ачуусу келсе кайран эр, Жедигердин көп колун, Жалгыз жүрүп жүдөткөн Карала тулпар ат минген, Кабаттап темир кийинген. Казабына келгенде, Канчаны жерге кийирген: «Кагылайын, хан аба, Абамдын шайы кетиптир, Уруксат бер уулуңа, Мен барайын ушуга!» Деп, Бакайдан суранып, Жооп сурап бата алып, Чубактан калган Акнайза, Чындап колго карманып. Чымырканып Канчоро, Мадыканга бет алып, Бастырган жерден бакырып, Барлык үнүн айабай, «Манастап» ураан чакырып. Караланы камчылап, Алчыланып баратат. Үнүн уккан баатырдын, Анжу, манжу, казактар, Калтылдашып карашат. Учунан жалын күйгүзүп, Өңөргөнү Акнайза, Жалтылдатып баратат. Ыраактан көрүп караанын, Илебинен от жанган, Ырайымсыз чоронун, Ыдыгынан жадашат. Күлчоро жете барганда, Шайы кетип шалдайган. Талкаланып бүткөн бой, Тарамышы кыркылып, Такатсыз турган Семетей, Чорону көрүп кубанган. Анжу, казак бул журттар, Алдында келип Канчоро, Мадыкандан телп эле, Ыргып кеткен неме эле. «Бул күчтү кайдан тапкандыр, Эки күн жатып, эс алып, Эми кайра келгенде?» Деп, күркүрөп көпчүлүк, Айыңдашып турду эле. Канчоро жете келгенде, Семетей атын бурду эле. Семетей баса бергенде, Мадыкандай эренге, Баатыр чоро эр неме, Бар күчүн айап ченебей, Бар тобокел мейли — деп, Зыңгыратып найзасын, Карс дедире урду эле. Букасы менен булкуйуп, Бул Мадыкан бадырек, Былк этип койбой турду эле, Ителги тийген таандай, Имерип жааган жаандай. Чубактын уулу эр чоро, Өзү мыкты шамдагай. Чондугунан чочконун, Тоо экен — деп, — жазганбай. Албан түрдүү урушуп, Ат арытып, чарчатып. Салты жок уруш баштады, Айанбай катуу жулкушуп. Эки имерип Канчоро, Удаа сайып өткөндө, Оодарылбас кара таш, Манжунун ханы Мадыкан, Каардуу уруш баштады. Ылачындай Канчоро, Ырайымсыз ошого, Бар кубатын бүт жыйнап, Кулачын кыйла жазганы. Кабуусуна келгенде, Сом темирден уйуткан, Балта менен чапканы. Белсенип чапкан балтага, Менменсиген Мадыкан, Бели сына жаздады. А дүйнө кетип каларга, Араңдан зорго тас калды. Алдыңкы сапар келгенде, Алмадай учуп кетти эле. Эми мага теңби — деп, Эндирей түшүп оңолуп, Эби келе түшкөндө, Эр Мадыкан бадырек, Кыйрына келген мезгилде, Жалпагы менен балтанын, Жаңзап өтө бергенде, Карала аттан Канчоро, Кайраты артык эр чоро, Капкайда ыргып кетти эле. Канчорого карабай, Ажалы тарткан Мадыкан, «Гүлчоролоп» чакырды. Үнүн улай Гүлчоро, Суркойон менен оргутуп, Артынан чаңын бургутуп, Эңишке кирген бүркүттөй, Эки ийнин куушуруп, Жан алгычтай түрү бар, Жан алчудай сүрү бар. Жагалданган жалкы шер, Жан айабай качырган, Ааламдан тапкыс асыл жан, Кылга байлап таштады. Кылымда мындаи болгон жок, Кыйын уруш баштады. Жалгыз кылга байлаган, Жан аманат карызды, Эрлигин баатыр Гүлчоро, Беттеше келген жеринде, Мадыканга таанытты. Урган найза күркүрөп, Тийген найза табына, Чыдай албай Мадыкан, Сийдиги чыгып буркуруп. Берен Алмаң көкжалы, Белин бекем байлады. Көз ачтырбай чочкону, Үстөккө-босток сайганы. Ар канча кылып аракет, Алдында минген букадан, Аңтарып сайа албады! «Найзадан айла кетти — деп, Насибин, ушул белем — деп, Имерип сайса бадырек, Бу дүйнөдөн кеттим» — деп. Сабына коло орогон, Алыскы жоого жорогон. Атасы баатыр Алмаңдан, Мурас калган Айбалта, Кыймылдатпай кесүүчү, Кыйа тартып таш чапса, Жанын кайдан айады? Айбалтаны колго алды, Комутта жазып, кур калып, Кайра кирген кырданып, Тап бүркүттөй сурданды. «Эбине келсе бадырек, Дүйнөдөн эми кетти — деп, — Үзөнгүгө тамандап, Алдынкы ээрдин бек тиштеп, Ачылса жолум шар болуп, А дүйнө кеттик — деп, — тиштеп». Арта салып ийинге, Кош колдоп тартып жиберет. Балтанын үнү чак — деди, Түшчүлүк ыраак көп элге, Жанында турган немедей, Тундуруп кулак шак — деди. Шай колдогон Гүлчоро, Чапкан экен жакшы эле. Төш жары энин келтирген, Уйутуп койгон сом темир, Жарылып сырты кеткени! Он сегиз миң ааламды, Оруп-жыйып алчудай, Опул-топул бат эле, Бир орого салчудай. Одурайган бадырек, Ыргаган шамал теректей, Элебеди бул чочко. Кыймыл этип, солк этпей, Кылчайып карап турганда, Амалы кетип ушунда, «Эми кандай кылам — деп, Чын шайтаным кармады. Көз ачтырбай урам» — деп, — Кол тындырбай Гүлчоро, Сырты кайсы, миз кайсы, Устөккө-бостоктөбөлөп, Салып турат дембелеп. Манжудан келген Мадыкан, Андай уруш көп көргөн. Качан чарчап чаалыккан. Колун сунуп алдыртан, Алмамбет уулу Гүлүстү Ач билектен кармаган. Билекке манжа илинди, Бул бадырек айбандын, Баатырлыгы билинди. Билегин толгоп кармады Колундагы айбалта, Жерге түшүп калганы. Ал кармаса Гүлчоро, Жанын айап калбады. Сол колун сунуп имерип, Жакасынан кармады. Кудай өзү жаратат, Кубаты артык жандарды. Катуу силкип, бек тартып, Манжунун ханы тажаалдан, Алмамбет уулу арстан, Оң колун сууруп алганы, Жакадан чойуп тартышып, Тамандаша калганы. Тартышканда чыдабай, Такыр темир сооттун, Узун, туура бөлүнүп, Чыгып кетти далдалы, Суркойон менен Көк бука, Айак шилтер аларда, Арга, медер калбады. Колдорун тартып алышпай, Кан ичип кайра жанышпай, Кармашкан бойдон көк түзгө, Ал кезекте баатырлар, Катары менен түштү эле. Буттап темир курчанган, Жан айашпай ал экөө, Белиндеги жынжырдан, Былкылдатпай кармашты. Балбандарча басышты, Бардык күчүн салышты. Аркасына сүрүшүп, Этегин кайра түрүшүп, Көрүп туруп ал экөөн, Көпчүлүк жандан түңүлүп Жаркырап жерге күн тийбей, Чаңга бети көмүлүп. Кээ кезинде үндөрү, Элге угулуп кай чакта, Бирин бири серпишип. Айкырышкан убакта, Капкачандан бер жакка, Катып калган кара жер, Оргуштап агып, суу чыгып, Толуп калды булакка. Буттары тийген кара таш, Чыдаштык бербей курган таш, Топурактай чачырап. Бирин бири тиктесе, Азуулары качырап. Кош көөрүктүн отундай, Көзүнөн жалын чачырап. Эки күнү, бир түнү, Эрикпестен кармашып. Сооттун баары жоголгон, Сонунда мындай болбогон. Бирин бири жеңбеди, Жеңүүгө алы келбеди. Ошол кезде хан Бакай, Салып жетип келгени. «Чарчадыңар,арстандар, Салгылашып кеттиңер, Күнү-түнү сеп албай. Керней, сурнай тарттырып, Ажыратсак ал кандай? Тогуз, он күн дем алып, Ылгап жарак колго алып, Беттешсеңер бул кандай?» Бакай минтип барганда, «Куру кантип жанам» — деп, Алмамбет уулу ач арстан, Ичинен кайгы, бушман жеп. «Хандык өкүм өзүндө, Кандай кылса кылар» — деп, — Унчукпай турду мостойуп. Манжудан келген кызыталак, Оозунан түтүн, буу чыгып, Чокуга чапкан немедей, Орго-баргы сөз кылып: «Мен майдандан чыкпаймын, Кыргыз атың өчүрүп, Жоготпой сени туз кылып! Мына бу уругу кытай Гүлчоро, Өлтүрөмүн алдыда, Жууруп ундай нан кылып! Жебесем кумар чыгабы, Семетей, Бакай ханыңы? Бириң аттан жыгылсаң, Бириң келип камына, Уурулукча жоо алып, Карабайсың буруттар, Өзүңдүн алы жайыңа! Койнумда алтын кудай бар, Мен сыйынам ушуга Жазганбастан кудайдан, Алмамбет уулу Гүлчоро, Чокуга аны чапканга, Арданам мен артыкча!» — Деп, Мадыкан каарданып, Көзүнөн жалын от жанып. Суу көрбөй жаткан канча жыл, Шорлуу чөлдөй кумсарып. Кара нөшөр жаачу, Жай күнүндөй бүркөлүп. Кабагынан каапырдын, Тийип турган жарык кун, Туткасы анда кептенип, Жаркырабай түнөрүп. Оозунан көбүк буркулдап, Соотун оңдоп курчанып, Бүткөн бойун топчулап, Кара бойун упчулап. Алайа капыр тиктесе, Ал чочконун көзүнөн, Алачыктай от чыгат. Маңдайга келген тоо, таштар, Чыдай албай таш кулап. Карагай, кайың теректер, Балталап кесип жаткандай, Туруштук бербей карсылдап. Көзүнүн чаары жеткен жер, Муз жарылып тарсылдап. Кыймыл эткен бүт жанды, Калтырбай баарын соргон жер, Токтоно албай калтылдап. Күн тутулуп, карайып, Ай чыга албай жашынып, Каарынан коркуп чочконун, Асманда жылдыз аз калып. Койо берип Гүлүстү, Букага минди камданып. Аркага колун шилтеди, Алып келген жүктөтүп, Алтымыш балбан манжудан, Жоо жарагын, кийимин, Толуктап алып келгени. Койнуна колун салганы, Жакут менен көздөгөн, Коло менен жасаган, Колдой турган кудайын, Колуна кармап алганы. Калдыр-күлдур дегенсип, Кашкайып каран күлгөнсүп, Мойнун ийип, каш серпип, Койнуна кайра катканы. Көрүп туруп капырды, Кабылан Бакай карыга, Гүлчоронун айтканы: «Айланайын, абаке, Дем алдырам мени — деп, Убара болбо, тегеле. Кантип кайра жанайын, Кол менен жасап кудайын, Колдоп мени койот — деп, Көйрөңдөнүп өкүрсө?! Атам баатыр Манастын, Арбагына сыйынам. Алты күндөн ашырбай, Арасында чочкону, Чанданды соргон дүйнө ушул, Таруудай сөөгүн калтырбай, Талкалап муну тоз кылам! Менменсиген чочконун, Өз кайратын башына, Өлө турган күч кылам!» Деп, Гүлчоро Бакайга, Кашкайып туруп кеп айтып, — «Кайыр кош, аба, — деп айтып, — Сайып алсам чочкону, Манжу, жапан, казакка Найзага илип көтөрүп, Алып барам ушуну. Башаламан барбаңдап, Ала көөдөк Канчоро, Манжу менен жапанга, Аралап кирип кетпесин. Байкабай артын дардаңдап, Тайбуурул менен абакем, Бастырбасын салбаңдап. Бекер убал байкасам, Караанга келген кошунду, Карандай кырып, кан чачмак. Бир сураймын, абаке, Атамдан калган Сырнайза, Жеткирип аны берип бак. Ылдамырак желиң — деп, Айланайын, абаке, Жеткиртип аны бериң» — деп, Айтып турду Гүлчоро , Арты-артынан кан какшап. Барган менен Бакай хан, Баатырлар болбой койгондо, Баш байланып барбаса, Майданда турган жекме-жек, Жакырлар болбой койгондо. Айрыкчасы Мадыкан, Карарып болбой койгондо. Өчөшүп ага Гүлчоро, Баатыр жан болбой койгондо. Бозжорго менен аргытып, Чаң уйултуп самсытып. «Канчоролоп» чакырып, «Канкордон калган Сырнайза Алып чап» — деп, бакырып. Оозунан кеп чыкканча, Оро-пара маңдайда, Көрүп турган Канчоро, Найза өңөрүп чапты анда. Алдында анын Суркойон, Алмамбет уулу Гүлчоро, Айбаттанып жоо сайган, Адамдан артык шер чоро. Куйушканын кыскартып, Басмайылын бош тартып. Боор олоңун бек тартып, Алмамбеттин бадана, Сары алтындан көздөгөн, Самсыган кытай Бейжинде, Салтка кийген тон ошо. Үпчүлүгү үч тогуз, Үпчүлөндү, эр чоро. Топчулугу үч тогуз, Топчуланды, шер чоро. Куймалуу алтын үзөнгү, Нардай болгон Сур атка, Теплей ыргып мингени. Тили таттуу, боору таш, Буудай жүздүү, кара каш, Ширин сөздүү, от көздүү, Асталап сүйлөп кыз үндүү. Чыбыктай бели буралган, Жер бетинде жок эле, Мындай сулуу жаралган. Алагар көзү чолпондой, Эр кулагы калкандай, Кызылы кызыл, агы ак, Карга тамган кан кандай? Сыпаттап айтып болгусуз, Тамылжып турат бети айдай. Чачы тал-тал жибектей, Ээрдиндеги муруту, Найзага таккан түпөктөй. Кара бойу келишкен, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Сырнайза колго тийгенде, Күлүңдөдү, сүйүндү. Мадыкандын түрпөтүн, Көзү көргөн хан Бакай, Гүлчородон түңүлдү. Жоо жарагы алдында, Дайарланган Мадыкан, Кирген нардай чамынып, Сокмоктуу найза колго алып Барып тийди качырып. Сокмоктуу найза тийгенде, Мадыкан муштап ийгенде, Кез төш жары найзасы, Бадана, соотун талкалап, Чарайнасын жок кылып, Колтуктун көбүк этине, Төрт карышча киргенде. Көк букасы бултулдап, Желип өтө бергенде, Сом этке найза тийгенде, Алмамбет уулу Гүлчоро, Чын ачуусу келгенде. Кыйшайа түшүп опоңуп, Оргуштап аккан кызыл кан, Капталынан куйулуп. Султандын уулу чорого, Мындай жара буйумбу? Аз болгондо аккан кан, Арыкта суудай куйулду. Сырнайзаны колго алып, Чын ачуулап умсунду. Мадыкан бура тарткыча, Чарайнанын четине, Ай далынын бетине, Качырып найза бир урду. Күчтүү урган Сырнайза, Бор сайгандай күрт этип. Төш жары кирип, ал кетип, Муштап өтө бергенде, Уй мүйүзүн тайанып, Араң өөдө болду эле. Далыдан аккан кызыл кан, Көк буканы жошолоп, Соорусунан куйулган. Ант ичкендей арданып, Манжунун ханы түгөнгүр, Ачууланып саргарып. Ал төш жары кирген Сырнайза, Мадыканга канчалык? Качырып жетти Гүлүстү, Жаралуу каман кептенип. Найзасын булгап имерди, Балакеттүү түгөнгүр, Бөйрөккө сайып жиберди. Бөйрөккө найза тийерин, Баатыр Гүлүс билгени. Бөйрөгүнө тийгизбей, Мадыканга билгизбей, Машы чыккан эр чоро, Ат капталга шалк этип, Жыгыла берди ошондо. Каңгып сайган найзасы, Кайпып өтүп кеткени. Мадыкандын Көк бука, Сууда сызган балыктай, Бурулганда булт этип, Бута атым жерден көрүнүп, Төрт туйагы шырыктап, Уйдан чыккан шум бука, Кош кулагы шалактап, Ача туйак шарактап. Букасын кайра бурганда, Кайра айланып бир сайса, Жок болчудай көрүндү, Эр Гүлүстөн жалганда. Эсин жыйып жалактап, Элөөрүгөн баатырың, Оңолуп минип сермелип, Алдындагы Сур атка, Айабай камчы бир салды. «Манастап» ураан чакырып, Болумдуу чочко капырды, Май сооруга бир сайды. Ошол урган Сырнайза, Томолонуп кетмекчи, Утур келсе кыр ташка. Таамай күчүн арнаган, Май соорудан койгондо, Мадыкандай чочкону, Томолото жаздады. Тоодой болгон бадырек, Тоңкойуп көтү кыйшайды, Жаралуу болгон көк жолборс, Жолуккан бенде соо болбос. Алмамбет уулу эр Гүлүс, Азыркысын ага окшош. Баатырдан тийген найзаны, Манжунун ханы Мадыкан, Балбандык менен көтөрдү. Ким көргөн мурун мындай жан, Күч келген сайын күч алган?! Зордугун капыр көрүнттү, Суркойон оозун бургуча, Султандын уулу Гүлүстүн, Соорудан канын төгүлттү. Гүлчоро минген Суркойон, Өмгөчөктөп жыгылды. Үстүндөгү Гүлчоро, Топого башы тыгылды. Букасы мыкты капырдын, Сайганы жазбас жакырдын. Алдындагы Көк бука, Өкүрөңдөп жүгүрүп, Өтө берди төрт бута. Машы чыккан балбан эр, Байыртан намыс алган эр. Төрт айактап тик туруп, Сур атты тартты чылбырдан. Сөөгү сак калган Суркойон, Ыргып турду, чыйрак мал. Эки жерден найза жеп, Көбүк эт менен соорудан, Гүлчоро жолборс көкжалдан, Оргуштап агат кызыл кан. Кошо минди эр Гүлүс, Ат турганда ордунан. Минген менен баатырда, Найза сайар чама жок, Анжудан келген чочкого. Аккан каны төрт талаа, Кимдер айтып, ким айтпайт, Бендеде мындай чоң балаа! Качырышып сайа албай, Бирине бири бара албай. Ортосу алыс төрт бута, Экөө турду түз талаа. Ойуна түштү Гүлүстүн, О дүйнө кеткен эр Манас, Ошол учур маалда. Эки көзгө жаш алып, Эбегейсиз кайгырып. Түштүк жагын каранып, Гүлүстөн турду ошондо, Арбактарга жалынып: «Акырет кеткен атамдын, Арбагы келер болсочу! Олуйа заада Кошойдун, Оройу келер болсочу! Оройу бузук чочкодон, Өзү колдоп койсочу! Кыйамат кеткен Алмамбет, Көрбөдүм жүзүн дүйнөдө, Эл айтат сенин атаң деп, Кылчайып келер болсочу! Кысылган мындай күндөрдө, Кызыл кан аккан мезгилде, Кыйа карап койсочу! Кытайдан келген Алмамбет, Кыйамат кеткен нечак — деп, Бет алган жакка тырышкан, Кебездей ичи аппак — деп. Жалгыз уулу Гүлчоро, Жан кыйналды жаман — деп, Айланар күнү болорбу? Армандуу кылып хан атам, Арбагы эбеп жөлөбөй, Манжунун ханы Мадыкан, Агызып каным койорбу?! Көктеке сындуу ат минген, Көпкөк темир кийинген, Теминишкен душманын, Жети кат жердин алдына, Тим эле тирүү кийирген. Акбалтанын Чубак хан, Кызыгышкан урушта, Суудай кызыл кан аккан. Султандын кулу экен — деп, Сүйөр күнүм болорбу?! Суркойон минип Гүлчоро, Жүрөр күнүм болорбу?! Шолоктоп ыйлап мен турсам, Султан Чубак арбагы, Сөөбөй мени койорбу?! Кара калпак кыргагы, Кабылан Манас чыйрагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Телкызыл сындуу ат минген, Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Жолугушкан немени, Жонуна найза аштаган. Учурайт экен ошого, Топурак баскан далай жан. Карыпка жардам болорбу, Ошол кабылан баатыр Сыргактан?! Эң алдында мен өлсөм, Өчөгүшүп чочкодон, Эр Канчоро ал өлөсө, Караан болгон артында, Эки чоро тең өлсө. Арстандан калган туйактын, Тулпардан калган чунактын, Анда айласы не болор? Кан жөткүрүп абакем, Капталынан жаралуу. Карыйа Бакай абамдын, Ак сакалын кызартып, Кара мүртөз Мадыкан, Кан кылып башын аларбы? Атпай алаш көп журттун, Манжунун ханы бул иттен, Амалы кетип каларбы? Жамгырчынын Шаймамбет, Манжуга барып сатылган, Ал арсыз пайда табарбы? Алп Жамгырчы карынын, Каныкей энем баарынын, Канжарлап кардын эшерби? Кардап журуп чочколор, Карыганда ошолор, Так айласы кетерби? Жалгызек менен Байтайлак, Бул бадырек Мадыкан, Башын кесип байланат. Ак калпак кыргыз кайран журт, Аргасын таппай сандалат. Айчүрөк учса куу болуп, Акун хандын шаарына, Таап бергин — деп, — Чүрөктү, Манжунун колу жык толуп, Аны да жаман кыларбы?! Түпкү төркүн ээси — деп, Букардагы Ысмайыл, Түпкү тирек сенсиң. — деп, Түп көтөрө кырарбы? Кылгылыкты кылабы, Кызыталак манжулар Кырып ийип, тыңарбы?! Кашкардагы Жоодарды, Маргалан, Ташкен, Коконду, Башкарып турган Сынчыны, Чогултуп баарын жыйарбы? Чокко салып боорун жеп, Чочконун жаны тынарбы?! Ата болуп асырап, Эне болуп алпештеп, Эркелетип эл баккан, Алатоо кыргыз энеси, Ээн таштап, бул жерди Ойунда ишин кыларбы?! Колотунун баарынан, Шарылдап суу куйулган. Суу оордуна сүт аккан, Ааламда сонун Тыйаншан Торопойун тоздуруп, Топурагын боз кылып, Туугандын белин бош кылып; Душмандын көөнүн кош кылып, Күркүрөп капыр барарбы? Күзгүдөй жарык тийген күн, Гүлдөгөн кайран биздин жер, Чүмкөнүп кара каларбы?! Акырет кеткен төрт берен, Алатооңду эстесең, Арбагың келе каларбы? Атакемдин Ак күмбөз, Ай ааламда даңкы бар, Күл, талкан кылып бул чочко, Кулатып бузуп саларбы? Күмбөзү жок Манастын, Оорагы өчүп каларбы?» — Деп, буркурап Гүлчоро, Көзүнөн аккан жашы бар, Көп кыйналып турганда, Алдындагы Суркойон, Ээсинен мурун жаныбар: «Ажыратып, Гүлүстөн, Алатоонун чөбүнөн, Айбандар көөнүн ачуучу, Көк ала майдан төрүнөн, Манжуга олжо кылгынча, Суркойонду деги сен, Аккула ата, ала жат! Азыз хандын Алмамбет, Арнап минген Сарала, Арстандан айрып калтырбай, — Арбагың мени, ала жат! Алп Чубак минген Көктеке, Аккула менен барабар, Атагың жүрөт эмгиче, Суркойонду, ала жат! Манжуга олжо бергинче, Сырттан Сыргак баатырдын, Сындуу малы Телкызыл, Суркойонду тарп кылбай, Жалынам сага, ала жат!» — Деп, Суркойон солкулдап, Жетим калган баладай, Ичин тартып болкулдап, Айбан мал ыйлап турганда, Күрпүлдөктүн куйушта, Таамай түш болгон убакта, Жер силкинип, күн өлүп, Күн өлбөсө неткени, Күүгүм тартып кеткени! Капкара булут чогулуп, Чүмкөлүп катуу койулуп. Жел күркүрөп, үн чыгып, Түштүк батыш жагынан, Тунарык кызыл сүр чыгып. Каркайып турган Алатоо, Асман менен теңдешкен, Жаш тилекти көргөндө, Жалпайып жылма болчудай, Жашып башын ийишкен. Карагай, кайың, тал, терек, Бороон, шамал урса да, Шоодурабай дарак, таш, Тилден калып унчукпай, Дымыгып кетти кара жер. Кызталак манжу дартынан, Кыйамат кайым болгондой. Аңтарылып жер, асман, Ар мүнөзүн байкасаң, Астын-үстүн болгондой. Таштан ташка секирген, Назик муңдуу үндөрүн, Аккан суулар келтирген, Жер жайнаган чечекей, Гүлдөрүн күбүп түшүрдү. Күзгү коңур салкындай, Өзүнүн өңүн өчүрдү Өйүз-бүйүз кеп жандар, «Алда кандай заман — деп, Болду бүгүн жаман» — деп, Бирин бири карабай, Талаада жүргөн айбандар, Эмизе берди алмашып, Өз баласын тааныбай. Муңдуу сайрайт булбулдар, Мурункудай наалыбай. Ак муздун баары көгөрүп, Жер жүзүндө бар нерсе, Калды катып дени өлүп. Аңгычакты болбоду, Ашкере келди бул жерге, Арбагы Манас колдоочу! Түштүк жактан сурданган, Кызыл мунар арылды. Жаркырап жерге күн тийип, Күзгүдөй болуп жарыды. Келе жатат төрт берен, Көргөн жандар тааныды. Тоонун баары оштонуп, Томсоргон тоолор жок болуп, Мойундарын көтөрүп, Көргүн мени дегенсип, Турнадай болуп койкойуп, Гүлдүн баары чатырап, Байчечекей жер жайнап, Булбулдар сайрап, тил кайрап, Муңдуунун көөнү ачылып, Көк ала майдан жер бети, Көргөндүн баары калды таң. Камбар ата сылаган, Ай соорунун түзүндө, Минген аты Аккула, Айбандан башка жаныбар, Аккула минип залкайып, Алатоодой заңкайып, Алдыда баштап айкөл шер, Келе жаткан чагы бар. Уй куймулчак Сарала, Уйулгуткан бирөө бар. Темир көк тулпар ат минген, Көк темирден тон кийген, Көзөл Чубак келаткан. Сырнайзасын зыңкыйтып, Телкызылды кындыйтып, Зерлүү таажы кийинген, Өз кезинде Сыргактын, Сексен нөкөөр кашында, Күнү-түнү бир жүргөн. Мындай дөөлөт ким көргөн? Келген күкүк түрдөнгөн, Күлө багып кашкайып, Өңу жарык күзгүдөн, Айкөл шерден айрылбай, Ал үчөө катар бир жүргөн. Кудай бетин нары кыл, Күлгүн тартып жер күлүп, Тиктенип чептер сүйүнүп Таштын баары жалтырап, Жер ачылып жаркырап, Нур чачылып жыт бурап, Жан-жаныбар кыбырап. Сүйкүмдүү сонун көрүндү, Жердин бети жыбырап. «Кыргыздын колу келди — деп, Жайнаган манжу, казактар, Төртөө келип, жөн койбой, Сойду эле кан кылып, Кызылуйук дөөнү — деп, Төртөөнө төртөө кошулду, Эми кандай болду» — деп? Баатырды көргөн далайы, Эл тарабын карасаң, Сүйүнбөгөн бир жан жок. Жоо тарабын карасаң, Күйүнбөгөн бир жан жок. Бирде өөдө, бирде пас, Ушундай экен дүйнө шок! Жергелетип төрт баатыр, Желе, жорто келатыр. Сарала менен теңселип, Кыраан Алмаң, эңсенип, Баатыр Гүлүс жанына, Бөлүнүп жалгыз ал келип. Сүйүнүп жашы токтобой, Көз айырбай жалдырап, Гүлүстөн калды шалдырап. Азыз хандын Алмамбет. Гүлүстөнгө айткан кеп: «Тирүүмдө жүзүң көрбөдүм, Алтын чырай бетиңден Алдейлеп, балам,сүйбөдүм. Жай алган жерге тынч койбой, Жалынып катуу наалыдың. Манжудан чыккан Мадыкан, Жан кыйналар эр эмес. Тоо бузулуп дүркүрөп, Сайларга келип жык толуп, Агызып кетер сел эмес. Келгин, балам, жаныма Оң колунан бир кармап, Оң, колум күчүн бердим — деп, Сол колунан бир кармап, Сол колум күчүн бердим — деп. Ойронун чыгар чочконун, Ушул чакта манжунун, Кайраты сага теңби — деп? — Аркасынан сылады, — Адам уулу далыңды, Тийгизбесин жерге — деп. Көрүшөрбүз да бир күн, Жан кыйналып күч келсе, Жаштык кылбай чакыр — деп. Болгун, балам, турбагын, Бул бадырек чочкону, Кара жерге батыр — деп. Бул өңдөнгөн сом билек, Ар кайсы жерде элдедир. Мадыканча болбосоң, Тукум болбой жерге кир! Караанга келген кошунга, Катылбагын, тийбегин!» — Сөзүн айтып болгунча, Өйүздөгү көп жанга, Ирмеп көзүн Гүлүстөн Серпип кашын караса, Көрүнүп турган бул төртөө, Кай кеткени билинбейт, Карааны жок эч жайда. Апкаарыбай, калтарбай, Манжунун ханы Мадыкан, Атырайып түрү суук, Карап турат маңдайда. Караанын көздөн чыгарып, Калкынан эми чыккандай, Эр Гүлүстөн чыйралып. Сырнайзаны колго алып. Жан алчудай сурданып. Өлгөндү көрүп көз менен, Күлүңдөп өңү нурланып. Бастырып жөнөй бергенде, Мадыкан турат муну айтып: «Сээрчисиңби, Гүлчоро, Сени менен сүйлөшкөн, Айтчы атын ким ошо? Аккула минип шаңданган, От жанып көзү маңдайдан. Өзгөчө түрү бир башка, Аккүбө кийген кайсы жан? Качырганын кайсаган, Кагышкандан тайбаган, Көк темирден тон кийген, Көгала тулпар ат минген, Көрүндү көзгө бир адам, Көп адамдан сүрдүү экен, Анын аты ким экен? Сырнайза колдо зыңкыйган, Шыргыйдай бойу шыңкыйган, Санды көрүп шашпаган, Сан экен — деп — качпаган, Сапырылган заманда Санаада ишин баштаган. Караса жүзү нурланган, Качырса жүз миң, кол алган. Темир кызыл көк атчан, Темингенин куткарбас, Саңоору алтын шумкар жан, Келгендердин ичинен, Салакасы артылган Зерлүү жака, алтын тон, Салты менен жамынган, Аныңдын айтчы аты ким?! Эки күндүн алдында, Хан Бакай келген жаныңа, Дем алып кийин келгин — деп, Канчалык айтып жалынса, Болбой койдум мен анда. Ойлогомун ал чакта, Оморо сайып алам — деп, Ойдунга каның жайам — деп. Ойума келбей мен калдым, Кутулуп сенден калар — деп. Өз ойумда жүрчү элем, Ак калпак кыргыз алашты, Айак асты кылбаган, Коң төрөнү чабал — деп. Туудурган атам Нескара, Туруштук кылбай душманга, Аралатып кыргызды, Алда кандай иши — деп, Көз кайкыган анжуга, Хандык наам алганбы, Кырмуз шаанын Мурадил, Кылымдан чыккан чабалбы? Деп, жүргөмүн башында Баарысын айтып бир бирден. Андан кийнн Гүлүстөн, Мага уруксат бергин сен, Элиме барып келейин, Эки күн жатып, дем алып, Сегиз болдуң төрт элең. Селдей каның агызып, Эдебиңди берейин! Сөз талашып калкымда, Өлүп кеткен алдымда, Кызыл дөөнүн дартында, Тамак ичпей келгемин. Тамактанып алайын, Ак айлаңды кетирип, Талаада каның жайайын. Өлтүрдүм — деп, — кош болбой Таласыңа барайын. Таш талканын чыгарып, Коргонуң талап алайын!» Жоокалатып кеп сурап, Жоо бөрүсү Гүлүстөн Мунун жүрөгү канча — деп, — сынап. Мадыкан антип турганда, Ак сакалы чайкалып, Бозжорго менен чайпалып, — Жашы кыркта немедей Досун көргөн хан Бакай, Ажары айдай нурланып, Келе калып кеп айтат: «Э, кулунум, Гүлчоро, Келип кеткен байатан, Кербендерим муну — айтат. Бир тойуучу ырыскы, Тамагы бар бул иттин, Ичпей турат бу капыр, Ошол үчүн көөдөңдөн, Кылча жаны кыйылып, Чыкпай турат бу капыр. Байкап туруп алыстан, Байатан бери карасам, Элиме барып келсем — деп, Мөөнөт сурап жалынган. Барсаң, барып, келгин — деп, Айтсаң, боло жаш арстан!» — Абасы айтып анчалык, Акылына сөз салып, Кошко карай жөнөдү, Кайра тартып жол алып. Мадыканга Гүлчоро, Айтмак болду шаңданып. Кырчактын кыраан барчыны, Шаңшыгандай Гүлчоро. Жерге чыккан жашыл чөп, Абанын жамгыр суусуна, Аңсагандай, Гүлчоро: «Э, Мадыкан, сен уккун, Караанын көрүп шерлердин, Кантериңди биле албай, Айлаңды таппай удуктуң! Аккула минип шаңданган, Айбатын көргөн жалтанган, Атагы алаш көп журттун, Алатоодой аркасы, Ак калпак кыргыз журтунун, Калдайган темир капкасы, Көргөндө эстен тандыңбы, Арбагы азыр тирүүдөй, Атакебиз Манастын?! Алдыңкы келген айкөл шер, Аты Манас баатыр эр. Жүрөгү чыгат кыпылдап, Көрүнүп койсо карааны, Сага окшогон немелер! Мени менен сүйлөшкөн, Алгыр бүркүт түрдөнгөн Азыз хандын Алмамбет, Кытайдан келген эр экен Мен Гүлчоро бакырды, Анын уулу дээр экен. Көз көрбөй, кулак уккан кеп, Манжу, калмак, чүржүттөр, Чогулушуп алган — дейт. Кылымдар бойу былк этпей, Ажыдаар — деп — аталган, Кытайга түйшүк салган — дейт. Таарынып кытай ханына, Манжу, калмак, чүржүткө Бошотуп шаарын берген — дейт, Ошондо кең Таласка келген — дейт. Айкөл шердей зор баштан, Алмамбет султан жол баштап, Элүү төрт илек кол баштап, Түрк уланы келген — дейт. Анжу, манжу, калмакты, Кытай, кыргыз бирлешип, Бейжинден айдап чыгарып; Түндүк жакка кууган — дейт Көпкөк темир кийинген, Көгала тулпар ат минген, Көргөндүн бойу титиреп, Көзүнөн жалын, от күйгөн, Балта дөөнүн эр Чубак. Беттешкенден жеңилип, Көзү өтүп кеткиче, Теңдигин колдон бербеген, Түбү тектүү шер Чубак. Сырнайзасын зыңкыйткан, Таптаза бойун шыңкыйткан. Тиктесе көзү сурмалуу, Түлөк куштай кылтыйган, Баатыр Сыргак хан ошо. Чоң Бейжинде урушта, Токсон уруу түрк уулу, Алда канча санаксыз, Анжу, манжу, калмакта, Кармашты канча көп көрдү. Ошол күнү тайманбай, Жалгыз жумуш бүтүргөн, Жакыптын,Сыргактын уулу Тегин киши дебегин, Келген төртөөн сен муну! Бүткөн бойун чойундан, Эритип куйуп койсо да, Эбиң, келди, Мадыкан! Качалбайсың, ажалдан, Айтканымды мен кылам. Алдындагы Көк бука, Сен кептенип, Мадыкан, Уйду минип не кылам?! Кебетеңди байкасам, Эки бетиң толуксуң. Соруп жатып анжуну, Семирип, чочко, толупсуң! Көч-көч айдап, жол тарткан, Өлүгүң калып талаада, Казактын ити тойунсун! Эми имерип, бир сайсам, Ээрден сени кыйшайтам. Гүлчоро атым курусун, Илип алып найзага, Тебетейдей көтөрүп, Манжу, жапан, казакка, Аралап элге барбасам! Уруксат бербей мен койсом, Бир тойбой өлсөң, жалгандан, Арманың калар ар качан! Бер жагы эки күн болсун, Нар жагы жети күн болсун. Арманың, чыгып болгунча, Барыңды ичип тойунгун. Кайтып келип бул жерге, Кара койдой сойулгун. Болжолдуу күндөн кечикпей, Өзүң, келгин сен — деди. Эрте, кеч байкап жүрөсүң, Сен кептенип, аш уулап, Кошко барбайм мен» — деди. Ушу болот баатырдын, Манжунун ханы капырга, Мөөнөттүү жооп бергени. Суркойон оозун бош койуп, Башынан алып жүгөндү, Эчтемеден камы жок Агытып атын жиберди. Көк букачан Мадыкан, Күңгүрөнүп бул айбан, Кошуна барып далпайып, Ашпоздору ашыгып, Жапа тырмак камдашып, Жалгыз жеген тамагын, Жамактап аз айталык. Чочкосу жок ал жерде, (Чочкодон артык кем эмес) Айуу менен сууру, Арбын эле ал жерде. Алман салып угузуп, Анжу, манжу, казактан, Алты жүз мерген жиберди. Он бир айуу, беш жүз суур, Бир күндө атып келгени. Жылкынын этин жебеген, Айып экен бир жери. Уйдан сойду он үчтү, Төөдөн сойду экини. Койдон сойду бир жүздү, Он бир айуу, беш жүз суур, Он үч сыйыр, бир жүз кой, Эки төөнү аа кошуп, Баарын жалгыз жеп бүттү. Кош тегирмен жүгүргөн, Кош жаңырык үн салган, Күрпүлдөктүн куйуштан, Бир өзөндү бүт ичип, Какшытып аны соолутту. Курсагын сылап чердейип, Кош болуп капыр оштонду. Алты киши түк тынбай, Маңдайдан аккан терлерин, Арытып, аарчып алалбай, Күнү-түнү дем албай, Бек кыйналды шордуулар, Ташып тамак бералбай. Кымыздан тарткан аракты, Кылкылдатып бул чочко, Жутуп турат, дем албай. Арак, эттин баарысын, Такыр жеди бадырек, Өлбөстүктүн дарысын. Алты батман нан жеди, Ошондо да тойунбай, Кана тамак маа — деди. Беш жүз уста жыйнады, Найза, балта, кылычын, Мизин ууга сугарды. Жонундагы жаранын, Каны менен ириңин, Тарттырып аны чыгарды. Бүткөн бойу жеңилди, Көк бука болду мингени. Күн чекеге жеткинче, Оозу тынбай жегенин. Күн көзү түш болгондо, Шашылып жолго киргени. Караанын көрүп капырдын, Кан ичме доңуз баатырдын, Гүлчоро атын кармады. Жети күн жатты майданда, Оозуна даам албады. Токсон күндүк салышта, Мындай нечен сайышта, Тотугуп өңү калбаган, Оозуна тамак албаган. Карды ачып талбаган, Кабылан туулган эр немең, Калың элдин баарынан, Кайраты артык кабылан. Караанын көрүп каапырдын, Катыны эркек туугандай, Каткырып күлүп сүйүнүп, Суркойон белин чыңдады. Атадан калган Сырнайза, Мадыканга ыргады. «Армансыз өлсүн чочко — деп, Алдыңда сайып алсын» — деп, Аңкаарыбай турганы. Көк камандай күркүрөп, Күчү артык Мадыкан, Көргөндүн бойу дүркүрөп. Элесин көргөн айбандар, Эси чыгып бүркүрөп. Жетип келди майданга, Көөрүктөн чыккан жалындай, Эпкини катуу күжүлдөп. Айал кылып турбады, Ал Мадыкан бадырек, Аргытып найза урганы. Найзаны күүлөп сунганда, Учунан жалын, от күйүп, Жолум үйдөй чок күйүп. Алдындагы Көк бука, Ок жетпестей жүгүрүп. Кейпин көрүп чочконун, Эр Семетей, хан Бакай, Канчоро баатыр үч арстан, Турушту андан түңүлүп. «Кыйырга эми келди» — деп, — Гүлүстөн турат сүйүнүп. Сокмогу менен найзанын, Соолгон чочко муштады. Кенебеген Гүлүстөн, Кеңири бул жалгандан, Кетип кала жаздады! Атынын жалын кучактап, Чарайнасы жарылып, Быт-чыт болду нечен кат Бул бадырек Мадыкан, Гүлүстү урган найзада, Улуу Инген тоосун бир сайса, Томоруп түптөп таштамак! Өзү сайып кош болуп, Көк Бука менен оштонуп, Кыйа тартып, бир сайып, Өтө берди кош болуп. Найзаны муштап, тартканда, Талкаланып чарайна, Быт-чыты чыгып жатканда, Кол арыктай шарылдап, Эр Гүлүстөн баатырдын, Соорудан каны акканда. Кездемдин учун кылайтып, Кезгерип найза чунайтып. Керене кулук Сур атты, Камчы берип чуратып. «Көтөндүн бүрөө чети — деп, Алтын ээр калмакча, Аркасында кашы — деп, Качырып найза урчуу жер, Нак капташтынңушу» — деп, Сундурган найза тартпады, Сегиз көчүк кошууга, Сырнайзаны аштады. Тоодой болгон бадырек, Тоңкойуп жерди жазданды. Кылбай койбойт Гүлчоро, Оозу менен айтканды. Алдындагы Сур аттын, Ооздугун тартканы. Имерилип айланды, Эң эле жаман карарды. Эндиреп жаткан чочкону, Эмчектин асты көбүк эт, Үстүртөн найза мадады. Таамайлап келип бек сайды, Аркасынан Сырнайза, Учу чыгып кылтайды. Найзаны сайып таштады, Имере кармап балтаны, Кан ичме минген Көк бука, Орой төбө чокуга, Унгусу менен бир салды. Балтаны тартып алганда, Катуу чапкан сом балта, Мээсине орноп калганда, Төрт айагы тыбырап, Өкүргөн үнү көк жарып, Көк бука өлүп калганы. Балтаны байлап жанына, Салып жетип келгенче, Мадыкандын алдына, Найзаны кармап сабынан, Ыкшап сайын абыдан, Так көтөрүп алганы. Мадыкан менен Гүлчоро, Оор келип Сур атка, Жүрө албай калганы. Өзү айбан Суркойон, Алдыңкыдан бешбетер, Аккан дайра, тоо, ташка, Айрыкчасы Тыйаншан, Бек жалбарып ушуга: «Колдогун, мени дем берип, Айланайын, Алатоо, Суусун ичкен колот, коо! Чөбү күрүч, суусу сүт, Алатоо, мага бергин күч! Салкындуу жыпар, сайын түз, Залкарлуу тоом бергин күч! Үстүмдөгү Гүлчоро, Эбегейсиз шер болуп, Жеңе албай дегеле, Адам уулу тең болуп. Найза илип Семетей, Мадыканды көтөрсө, Басалбай турсам майышып, Шерменде айбан мен болуп. Кандырып суусун суу берип, Суркойонду тааныткан, Ак карлуу ата Алатоо, Алсызга медет кылбасаң, Мындай тирүү болгуча, Өлгөнүм жакшы курган жан!» Коргошундай таш эрип, Суркойон ыйлап теңселип. Буркурап айбан турганда, Алатоонун ардагы, Арстан Манас арбагы, Алдында минген Кула атты, Куйундан бүткөн бул атты, Кыз олуйа Кеңколдон, Күрпүлдөккө узатты. Ак калпак кыргыз элине, Атасындай асырап, Ак сүтүн берген Алатоо, Жардам кылып Сур атка, Созуп мойнун узартты. Азар түмөн айбанды, Асыраган Алатоо, «Аккула менен баргын» — деп, Ак кайыпка тоо айтты. Ак кайып менен Аккула, Кирип келди жер чаңдап. Күрпүлдөктүн куйушка. Аркырап үнүн чыгарып, Кишенеди Аккула. Чылбырын илип мүйүзгө, Жетеледи ак кайып. Кайнап турган калың эл, Баарысы көрүп, таң калып, Белин тартып, бүт серпип, Эки дөөнү көтөрүп, Анжу, манжу, казактын, Жүз элүү миң, аскерден, Ашып калган немеси, Жүрөгү чыгып баарынын, Баатыр шерден сүрдөдү. Ташкындуу күчүн бергендей, Аркайган мөңгү, ак баш зоо, Кайрат кирип кайыптан, Турган тулпар баспастан, Бутун сергип, күч жыйнап, Жорголой басып ыргыштап, Жолго түшө калганы. Ошондой кылып жоо сайган, Найзага илип калдайтып, Анжу, манжу, казакка Көтөргөн бойдон ал барган. Анжулук жандан түңүлүп, Аккубак катуу сүйүнүп. Керимбай менен Үмүтөй, Эң эле жаман күйүгүп. Жетелей чаап, боз бээсин, «Садага кылам эрге — деп, — Агеркеч келет жүгүрүп. Кара тоодой калдайтып, Мадыканды Гүлчоро, Көтөрүп алып келгенде, Аттан түшүп аламан, Амандык сурап бары жан. Ызы-чуу болуп чуркурап, Баары турду зыркырап. Хан Бакай абаң карыйа, Эр Семетей, Канчоро, Салып жетип келишти, Гүлчоронун жанына. Эсендик айтып сурашып, Жай жайына түшүрдү, Аскердин баарын чубатып. Эртеси элди жыйдырды, Эр Семетей кеп кылды: «Жапан менен анжуну, Ким барып аны чыкырды?» — Деп, Семетей айтканда, Эч кишиге кеп бербей, Керимбай айтты сөзүн жай: — Жапанга барса, мен бардым, Манжуга дагы мен бардым, Аларга кабар мен салдым. Хан Үмүтөй жумшады, Барбаймын — деп — айтпадым. Жыйнап келдим бул элди, Кыдырып келдим көп жерди. Барган күнөө менде бар, Баргызган мени Үмүтөй. Чакырган күнөө менде бар, Чакырткан мени Үмүтөй. Кырк миң алтын пул берип, Кызылуйук чоң дөөгө, Кылкылдаган деңизге, Кыйамат жакын бир жерге, Барып келгин сен — деди, Тил билесиң бар — деди. Барып келдим аларга, Барып абал айтканда, Баары келди бул жайга. Алдына миңден алтынды, Алман салдык байларга, — Деп, Керимбай айтканда, Анда Семең мындай дейт: «Калжыраба, Керимбай, Капкайдагы бокту жеп. Манжу, жапан элдери, Караанга келген аскерсиң, Бас десе басып келгенсиң, Жай-жайыңа сен кеткин! Атынңменен тонуңду, Олжолоп алып нетейин? Жөө, жылаңач калтырып, Азапка салып нетейин?» Аскер башы алардан, «Баш киши мында кел десе», — «Мен элем — деп — башчысы», — Бир киши чыкпайт алардан. Баш билги болгон коркушуп, «Башыбызды алат» — деп, — Коркконунан кобо албай, Ордунан өөдө туралбай, Эси ооп турганда, Жапанга аскан чүпүрөк, Как ошондон белгилеп, «Жашынсаң да белгилүү, Тур ордуңан келгин — деп, — Ордуңан тур» — дегенде, Чанданып тура калалбай, Жыгылып, кооп темтеңдеп, Белгилүү болуп калгандар, Жүгүнүп бели эңчеңдеп. Буластаган далайдын, Буту, колу бүгүлдү. Миңге башчы болгондон, Манжудан турду миң киши, Жапандан турду кырк киши, Казактан турду он киши, Мадыкандын чатырга, Чогултуп баарын киргизди. Семетей менен хан Бакай, Басып булар кирбеди. Баарысынын үстүнө, Баатыр Гүлүс киргени, «Нак кан ичме келди» — деп, Баарысы андан сүрдөдү. Жыйылган тиги топ элге, Гүлчоро мунтип сүйлөдү: «Кызылуйук, Мадыкан, Кылымды соруп турганда, Кылган ишин сен, — деди, Журт болбой кара жерге кир, Катар өлсө ал экөө, Эң курбаса куржундап, Курчап кирип барууга, Куурагыр, алың келбеди! Өз жериңде ал экөө, Орой сөздү эр беле? Уруп-согуп көп тилдеп, Жалкытканбы силерди? Башчың башчы болгунуң, Жалгыз башка ээ болуп, Аты жогун жөө болуп, Баштап алып аскериң, Баарың кетип жоголгун! Азык-түлүк, ок арткан, Алда кандай заман — деп, Алдын алып тон арткан, Төөнүн баарын таштагын. Аттууң канча, жөө канча, Эсебиңди айткының!» — Деп Гүлчоро айтканда, Жапандыктар жабырап: «Атыбыз жок, жөө келдик, Үч ай болду келгели. Ат миништи үйрөндүк, Жылкы деген мал болбойт, Биз жылкыны билбейбиз, Чарбага жарды жерибиз. Далайыбыз алдыңда, Качып жолго киргенбиз. Минген жылкы баарысы, Керимбай менен Үмүтөй, Өз элинен алышты. Кызылуйук дегенге, Согат кылып барышты. Жаныбыз калса чоң олжо, Биз ыраазы ошого», — Деп, чуркурап турушту. Жапандык айтып болгондо, Манжудан айтты канчасы, Анталашып мунчасы: «Жуз миң аскер биз келдик, Аттуу келген элүү миң, Аты жогу элүү миң. Казактан алдык жөө аскер, Казактан алдык атты да, Аттуу болдук баары аскер. Жөө кетели барыбыз, Көп болду казак чыгымы, Элүү миң аттуу аскердин, Музбурчактын Аккубак, Качып кеткен жапанды, Табабыз — деп, — кубалап, Күндү жайлап дубалап, Муздатып жолго салды эчак. Ырайым кылсаң калганга, Кыйылып кетчү бир жанга. Нааразы биз болбойбуз, Элүү миң, атты алганга». Деп, айтканда алардын, Кабыл алып айтканын. «Аты жогун аттуусу, Таштап салып кетер» — деп, Найза, мылтык, балтасын, Баарын берди колуна. Азык-түлүк, нан, чайын, Алтын, күмүш акчасын, Калтырбай берди алардын: «Мылтыгың бердим колуңа, Бекер элге катышып, Калба салба жолуңа. Кардын ачса кийик бар, Каптал-каптал коолордо, Заңкайган бийик зоолордо. Атып жеп, жаның багып кет, Турба, жөнө, жолуңа! Башкарып келген аскерди, Бийлик бердим силерге, Төкпөй-чачпай буларды, Алып кеткин элиңе!» — Деп, Гүлчоро айтканда, Күлүңдөшүп сүйүнүп, Суурча жонун түйүшүп, Чубап булар жөнөдү. Семетей калыс экен — деп, Көзү жетти айгине. Дөөлөр айдап келбесе, Кыргызды чаап алсак — деп, Келбейт элек бул жерге». — Деп, сүйлөшүп кужулдап, Куржундары мойнунда, Манжу менен жапандын, Курттай болуп чубуруп, Булар түштү жолуна. Агеркечтин үйүнө, Арстандар келип түштү эле, Куруп калган Үмүтөй, Жандан күдөр үздү эле. Чай, тамагын ичкенде, Казактын элин жыйдырып, «Жаш баланы азгырып, Кас кылгандыр бирөө — деп, Мында жок азыр күнөө» — деп. Акыл, насаат кеп айтып, Үмүтөйдү жемелеп, Сөз айагы, сокмогу Керимбайды тебелеп. «Эки күн малың жыйгын — деп, Көчтүң камын кылгын» — деп, Жаккан өтун өчүрдү, Казакты айдап көчүрдү. Алматы, Алтай, Сарарка, Жай жайына коңдурду. Жай алдырып казакты, Кетер маалы болгону. «Көзүң ала, ичиң заар, Сенден чыгат далай чаар!» Деп, Керимди кекээрлеп, Семетей айтып койгону. Жалпы казак элине, Үмүтөйдү хан койду. Бузуку кул Керимбай, «Эми эбимди табат» — деп, Көп акылды ойлоду. Ойлогон менен ал канча, Барар жери болбоду, Саргарып өңү ооруду, Асылган оору койобу? Шайы кетип Керимбай, Сакайар чара болбоду. Үмүтөйдү чакырып, Ойунда кебин салганы. Жаш Үмүтөй баатырды, Дагы азгырып алдады: «Кеп айтамын мен — дед, Кеңешимди бил — деди. Сүрөтүңдү хан койду, Мындан кийин Семетей, Сени эсепке алып койобу? Байкап жүргүн ар качан, Өзү билип иш кылат, Сага кеңеш салбастан. Каныкейден кете албай, Агеркечтен өтө албай, Хан атады наамыңды, Мындан кийин Семетей Чыгарбайт сенин дайныңды. Кеңештен качан кур калсаң, Себеп кылып ошону, Бул үчөө карып чал болот, Беттешип көргүн бир жолу! Бузуктун ушул кеңеши Үмүтөйдүн өлүүгө, Буруусуз себеп болгону. Кызыл кыйа талаада, Коңурбай менен сүйлөшүп, Семетей башын алганда, Жолунда турса Үмүтөй, Тепсеп өтүп Семетей, Кеңешсиз кетип калганда. Керимбай кебин ойлоочу, Акеркеч айтса тил албай. Болбой барып Таласка, Ошондо өлөт болжолу. Күдүр молдо бакырды, «Эр Семетей жумшаган, Коңурбайдын жылкысын, Айдап кет — деп — акыры». Семетейден ажырап, Кетечиде жүргөндө, Карагулдун өлгөнүн, Хан Коңурбай укканда, Арбын киши жиберип, Айдатып кеткен жылкысын. Кудур молдо кеп айтып, Көргөн-билген немесин, Баштан айак көп айтып. Кудур кеби бүттү эле, Эр Семетей Бакайга, Канчоро, Гүлүс баатырга, Акеркечтин үйүнөн, Аттанар мезгил жетти эле. «Ала кетет мени» — деп, Өз жанынан Керимбай, Тирүүлөй үмүт үздү эле. Эртең кетет — деп — угуп, Көк ташка кошуп кучала, Майга ачытып ичти эле. Элебей ичкен эң жаман, Боор, бөйрөк эзилип, Кызыл кан агып курсактан, «Керимбай ооруп жатат» — деп. Эр Семетей кеп уккан. «Сак болсо ала кетейин, Өлөр болсо зилинде, Канын жүктөп нетейин?» — Деген ойдо Семетей, Барып кирсе үйүнө, Ушул бүгүн өлчүдөй, Узап барса күүгүмдө. Өлүп кетти Керимбай, Күн козү түш мезгилде. Таластан келген төрт берен, Аттанып жөнөп кетти эле Атбашы менен Нарынды, Аралап басып буларды, Айлына аман жетти эле. Муну мындай таштайлы, Семетей менен жалгыз көз, Сайышынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.