← Семетей 1/8

Баатырлардын кеңеши, Кызылуйук дөөнүн жер жазданышы

Кетечинин сазына, Ай шоолалап тийген кез. Жайылган жылкы ичинен, Кысырдан ылгап таңдады. Кысыр калып туу болгон, Тултуйуп майга жык толгон, Тору бээни жайлады. Канчоро камбыл туу бээни, Чай кайнамда сойду эле. Аңгычакты Гүлчоро, Кемегени ойду эле. Бакай менен Семетей, Кеңеш менен болду эле. Көмкөрмөлүү казанын, Кемегеге астырып, Арчадан чапкан сузгуну, Эт котортуп бастырып. Калтырбастан эт чийки, Эки демеп бышырып. Таң агарып атканда, Койбой туурап жеп болуп. Жайдактаган аттарды, Жетелешип откоруп. Булар минтип жатканда, Кара чаар минген аты бар, Калды бирөө кез болуп. Жакындан чыгып жалтаарып, Кайра тартып качкынча, Карап турган Канчоро, Ыргып минип атына, Кармап алды куткарбай, Чаап чыгып астына. Чаар атчан ушул жан, Казактан келген бир адам. Семетей, Бакай, Канчоро, Кеп кылбай турду баарысы, Акылга чебер даанасы, Алмамбеттин баласы, Гүлчоро баатыр кеп сурайт, Кеп сураса бек сурайт: “Сууту канган атыңдын, Жол алып сен шашылдың, Кайда бара жатасың? Жашырбай ички сырыңды, Айтчы, баатыр, чыныңды!” Гүлчоро сурап болгуча, Күйүгүп жаман алдырап: “Өз атыңды билдирип, Анан кылчы маа сурак!” — Деп, ошентип чаар атчан, Жооп бербей кеп сурап: “Атыңды айтып билгизсең, Мен айтып сырым билгизем, Сен атыңды айтпасаң, Мен сырымды айтпаймын, Тирүүлөй жерге киргизсең! Атыңды ачык биле албай, Айра таанып ала албай. Күмөндөнүп мен турам. Атым Молдо Күдүрмүн, Түн уйкумду бөлгөмүн. Күрпүлдөктүн куйуштан, Сегиз күн мурун жөнөдүм. Аксакал хан Бакайдын, Эр Семетей арстандын, Жүзүн качан көрөмүн? Хан Чубактын баласы, Кайраттуу чоро кабылан, Алмамбет уулу Гүлчоро, Сен төртөөңсүң мен билсем. Жиберди мени Агеркеч, Түбүм Алтай элинен”. Молдо Күдүр айтканда, Камындырбай Гүлчоро: — Тааныгандай айттың сен, Агеркеч жазган кат кана? — Молдо Күдүр олтура, Өтүгүн чечип ыргытып, Батегин чубап былгытып. Ортосунан батектин, Катты сууруп алды эле. Гүлчорого карабай, Бакайга суна калды эле. Калмакча жазган кат экен, Кыргыздан сөзү жат экен. — Окучу, балам Гүлүс” — деп, — Хан Бакай айткан чак экен. Башынан ылдый сүйрөгөн, Жаралуу жылан изденген, Кочкор мүйүз чиймекей, Колуна кагаз тийгенде, Жаттап алган немедей, Алмамбет уулу Гүлчоро, Шабырата кирди эле. Асили кытай Гүлчоро, Кырк эки уруу тил билген, Тилине кошуп кат билген, Каттын көрсө баш жагын, Айаккысын жат билген. Атайын жазган кагазы, Алты катар кат экен. Агеркечке “А” койгон, Бакай деген сөзүнө, Баш жагына “Б” койгон. Семетейге “сын” койгон, Гүлчорого “кеп” койгон. Канчорого “кап” койгон. Этегине тизмектеп, Он алты жерге арп койгон. Эстей түшүп Гүлчоро, Эп келтирип окуса, Эки жүз элүү кат болгон. Андай жазган каттар көп, Окушка Гүлүс маш болгон. Айагына чыкканда, Кептин баарын укканда, Жымыйып Гүлүс күлдү эле. Кабылан Бакай кеп айтат: “Кагылайын, Гүлчоро, Батыраак айтчы” — деп айтат. “Окудум катты, абаке, Күлкүм келет бир кепке. Керимбай бузук болуптур, Казактын элин көчүрүп, Агеркеч Букар кеткенде. Агеркеч кайра келгенде, Айлынан кепти угуптур, Жапанга жалдап барарда, Керимбайга ишенип, Куржунда пулун Үмүтөй, Килитин кыркып булуптур. Жыйырма миң алтындан, Сактаган пулу чачылды. Аттангалы камынып, Жатыптыр казак бул күндө, Керимбай барып келиптир, Жапан менен Жилинге. Жапандан кыркы миң кол алып, Кызылуйук дөөнү алып, Жилинден жүз миң кол алып, Мадыкан деген зорду алып. Казактан он миң камданып, Жүрмөкчү болуп Таласка, Кас санамак кыйалы, Олуйа азиз Манаска. Кат болжолун байкасам, Эми он күн калыптыр, Эл аттанып басарга! Биз ылдамдап желели, Айлынан элди козготпой, Армансыз болсун баатырлар, Абийрин ачып келели”! — Деп Гүлчоро айтканда, Канчоро туруп муну айтты: “Ырас айтат, эр Гүлүс, Эбегейсиз, шер Гүлүс. Эчтекеден жазганбас, Эр уулу менен, тең Гүлүс. Элге кайра барбайлы, Эл жыргасын жай уктап, Аларга бүлүк салбайлы. Төштүктүн уулу Жоодарга, Кошойдун уулу Жалгызек, Таласта калды Байтайлак, Ал үчөөнө мына бу, Күдөр бекти жумшайлы. Эп келеби мунум” — деп, — Эр Канчоро айтты эле. Алдатып ийип Семетей, Жалтангансып калган шер. Унчукпай да кеп кылбай, Карап турду бир далай. Каркылдап сүйлөп ошондо, Касиеттүү хан Бакай: “Канчоронун кебине, Кошулдум акыл бергенге. Бир кишини кем айтты, Жедигердин элинде, Киши билбес жан эле, Кийизбай деген бар эле. Мылтык атып, жаа тартса, Миң кишиче бар эле. Айчүрөк барсын ал жерге, Кабар айтсак — деп — турам, Капыста жаткан билинбей, Кан төгүчү эренге. Таластагы кыргыздан, Тандап беш миң алалы. Жалгызбек менен Жоодарга, Кокондогу Сынчыга, Кетментөбө шаарында, Керкөкүлдүн уулуна, Кошунуң арбын келсин — деп, Келтирип катты жазалы. Ээ болуп турсун Таласка, Карыса да Жамгырчы. Жезкемпирдин жети уулун, Жедигердин элинде, Жетисуунун улугун. Баарын кел — деп — айталы. Букардын ханы Ысмайыл, Темир хандын баласы, Бизден салам кат барса, Ысмайыл жатып алабы? Чайчүй менен Шаңкайды, Келсин дейлик аларды. Эп келсе сага, Семетей, Элдин санын жүз миңге, Бир толтуруп салалы. Кыйын айткан Алмамбет, Жапандан келген суу кечип, Кызылуйук балааны! Анжунун ханы Нескара, Кечээ сыр коргондо урушта, Гүлчоро сойду ошону. Жеркендин сайрам сайында, Мурадилди Канчоро, Өлтүрүп койду Казанда. Калмактан чыккан Уушаңды, Арпанын түзү жаыйкта, Жалгызек баатыр жайлады. Жекече чыгып майданга, Орок кырды сойлотуп, Бала баатыр атанып, Байтайлакка даңк калды. Капкачаңкы кундарын, Уруштун чыгым пулдарын, Алгалы бизден эсептеп, Нескара уулу Мадыкан, Кекетип бизге калганбы? Канчородон токмок жеп, Качып кеткен Шаймамбет, Ыйламсырап барганбы? Керимбайга кошулуп, Ал Мадыкан баатырга, Арызын айтып салганбы? Анжудан арбын кол алып, Ачууланып Мадыкан, Аттанып жүрүп калганбы? Кары дешип Коңурду, Эсепке албай салганбы? Бул сапаркы урушка, Катышпай жүржүт калганбы? Ачык жазып Агеркеч, Арбын кошун келсин — деп, Ал үчүн кабар салган, бейм? Кыйланы айттым кыдыртып, Баарына кабар салсак, бейм? Баарды келди көп журттун, Баарынын колун алсак, бейм? Салтанаттуу кол менен, Салышар жоого барсак, бейм?” — Деп, Бакай хан бир карап, Сакалын сылап олтурду. Баатырдын уулу каңкоруң, Бала Семетей анткоруң, Кыйамына келгенде, Кылымдан ашкан анткоруң: “Канчоро менен хан Бакай, Айттыңар сөздү бир далай. Алмамбет уулу Гүлчоро, Ал олтурду унчукпай. Силерге жакса акылым, Менин айтар сөзүм мамындай. Жедигер бардым башында, Эки бала кашымда. Кыргыздан жыйнап кол албай, Жалгыз өзүм баргамын, Жаныма киши албадым. Жалтайсаңар баарыңар, Жалгыз өзүм барайын, Ушу жерде калыңар! Эл-журт бизди эр дешет, Элге салып бүлүктү, Эрмин — деп айтыш – бейкерек?! Калың журт бизди хан дешет, Кан төгүлчү күн болсо, Калкка салып калбаны, Ханбыз — деп жүрүш не керек?! Ала келбей мен өзүм, Эндекей келип калыпмын, Болсо жакшы ал эле, Атамдан калган жоо белек. Жолуна сайчу уруштун, Айгычы алтын туу, желек!” — Деп Семетей айтканда, Алмамбет уулу Гүлчоро, Кайгырып ичтен турса да, Кара күчкө калп эле, Каткырыгын салганы. Каалгадай кашка тиш, Кашкайып чыга калганы: “Абакем айткан ырас, сөз, Төгөрүктүн төрт бурчун, Алты бөлүк дүйнөнү, Айланып келиш кыйын кеп. Биз камынып болгунча, Кылкандай найза көк желек, Кызылуйук дөө келет. Эрлерге кабар салгыча, Эр жыйылып болгунча, Эр көкүрөк жаш каман, Баштаган аскер жүз миң жан, Эр Мадыкан ал келет.