Карагулдун өлүшү
Кеңкол ата Таласта, Ак калпак кыргыз элиңдин, Салакасы бир башка. Эр Гүлчоро, Канчоро, Жанына алып көп чоро, Ташкендин үстү Боз белден, Бугу атып, чөө атып, Ийри мойун төө атып, Жолборс атып токойдон, Илбирс атып тоолордон, Бөрү атып бөксөдөн, Айуу атып төрлөрдөн. Түлкү кагып коосунан, Теке атып зоосунан. Аркар атып, кулжа атып, Адырдан атып кайыпты, Элик атып бадалдан, Марал атып аралдан. “Боз белдин жайы бейпайан, Ошол жерде көп деген, Жан билбеген көп айбан. Жандар атып алардан, Каракулак шер уулап, Киши кийик анда бар, Кармап алып көрөбүз, Тамаша кылып талаада, Кайберендин сонунун, Кармап алып келебиз. Кулан кармап сазынан, Кур семирген чаарынан” — Деп, сүйлөшүп ал экөө, Кырк-элүүдөй котчу алып, Байтайлакты кошо алып, Жүрүп кеткен аттанып. Канчоро менен Гүлчоро, Боз белге кеткен маалда, Эки киши келиптир, Семетейдин айлына. Келгендер кыргыз уругу, Казактын жүргөн айлында, Конок болуп Семеңе, Кобурашып олтуруп, Келгендер кепке кирди эле. Бирине бири кеп салып, Көчүп кеткен казактар, Баргандыр кайда — деп салып. Эрмектешип коноктор, Эр Семетей кырданып, Жан алчудай сурданып. Кулакка кирген сөздөрдү, Куп санады өзүнө. “Казакка барып аттанып, Кабар алып келсем, бейм, Четинен казак көчкөнбү? Чет жакты карап өткөнбү? Казакты кудай урганбы? Каңгайга барып тынганбы? Же жарма уулап жүргөн булардын, Айткан кеби жалганбы? Жандатып кабар айттырып, Билдирет эле өзүмө, Агеркеч өлүп калганбы? Жайлоого көчүп эл кетсе, Жаман айтып кыргыздар, Же ушак кылып алганбы?” — Деп, ойлонуп Семетей, Эртең менен болгондо, Тайбуурул минип аттанды. Карыйа Бакай, Каныкей,. Акундун кызы Чүрөккө, Айтып кебин салбады. Акылдашар жанында, Канчоро менен Гүлчоро, Айлында болбой калганы. Көөдөктүк кылып, Каракөк, Жолунда жаткан Жалгызек, Жооптошуп албады. Эң курбаса түгөнгүр, Алматы, Алтай, Сарарка, Шаар ичине барбады. Бир үйгө түшүп конбоду. Эрте басып, кеч жатып, Далай күндөр өткөндө, Көөрүктүүнүн ойунда, Көкжаңгактын бойунда, Көп жылкыга жолукту. “Казактын эли бул жерде, Жаткан экен жайлап — деп, Ээн жерге жылкыны, Салган экен айдап — деп. Кечкурун барам айылга”, — Деген кыйал ой менен, Тайбуурулду каңтарып, Тердик төшөп башына, Ээрди башка жазданды. Жөлөңкөгө чалкалап, Көк шиберге жатканы. Талаада уктап жатканда, Кара мендер басканы! Уктап калган Семетей, Эч нерсени элебей. Чоң уйкуну салганда, Каталдын уулу Карагул, Как ушул учур маалда, Үстүнө келген мына бул. Буурулду байлап кыр ташка, Өзү жаткан ойдуңда. Ойдуңда жаткан төрөнү, Ал Карагул көрбөдү. Кырчакта турган Буурул ат, Чылбырын үзүп жөнөдү. Ооздук менен чөп чалып, Өрдө жүргөн Буурулду, Ант урган чочко көргөнү. Буурулду келип кармады, Каталдын уулу түгөнгүр, Буурул ат колго тийгенде, Алдында минген кер бээден, Ыргып атка минди эле. Жетпеген ажал себеп бар, Көптү көргөн Карагул, Артын карап из чалбай, Кыйа тартып бөксөлөп, Кырга чыкты чуу койуп. Элкинге чыгып олтуруп, Эс акылын толтуруп. “Бу, Семетейдин Тайбуурул, Кайдан келип калгандыр? Керимбай киши жиберип, Уурдатып муну алгандыр. Келе жаткан уурусу, Мени көрүп калгандыр. Кармаса сойуп салат — деп, Качып жолго салгандыр. Же болбосо Буурулду, Алмамбет уулу Гүлчоро, Минип келсе бул жерге, Тутамынан чылбырын, Чыгарбайт эле тегеле. Чубактын уулу Канчоро, Буурулду минип келгенби? Кырчакка байлап элебей, Адырдан көрүп бугуну, Уулап кетип калганбы? Азуулуу чыгып бир жерден, Атка кастык кылганбы? Октос берип үрккөндө, Чылбырын үзүп алганбы? Адырда жүрүп чөп оттоп, Учурап мага калганбы? Же Бакайдын уулу Байтайлак, Жаш бала минип келгенби? Коржоңдогон Буурулду, Корк этип кетсе, жалт берип, Чокуга чаап ийгенби? Чыгып кетип колунан, Кырча басып чылбырын, Кырчак ташка тилгенби? Жамгырчынын Шаймамбет, Канчоро менен кас эле, Маанайы анын бас эле. Эки жылдын алдында, Учурап мага кетти эле. Алы келбей төрөгө, Мындай кылсам кантет — деп, Буурулду минип желгенби? Кокту-Каттын шаарында, Куу сакал болгон чагында, Коңурбайга бергенби? Темирден кылган кадага, Теке кайыш шукшурма, Бекем байлап салганда, Чыйратып үзүп алганбы? Чын чатакты табууга, Бу Таласка жөнөп калганбы? Таалайы качып Семетей, Талабына ат жетпей, Учурап калып талаада, Мен, Буурулду кармап алдымбы? Көп ойлонуп турбайын, Кайсы жактан келди экен, Кедерги изин кубайын” — Деп, ойлонуп жатканда, Эми тушту ойума, Семетей кебин айтарга. Семетей келип ойдуңда, Жатканы болгон сегиз күн. Чочуп кетип элеңдеп, Кирпик ирмеп караса, Тайбуурул сындуу буудан жок. “Кайда кеткен Тайбуурул? Мен эми эле жаттым” — деп, Байлаган ташты карады. Күрмөгөн жерден үзүлгөн, Чылбырынын калганы. “Оттоп кеткен экен — деп, Каңтарылуу жылкыны, Түздөн караш бекер” — деп. Аттын изин карабай, Анын акмактыгы мамындай. Жоо жарагы, шайманы, Такыр алып жөө басып, Кырга чыгып барганы. Кырчактын чыгып башына, Кыйа карап олтурду, Каңшаар кара ташына. Алды жагын караса, Тайбуурул менен бир жылкы, Экөө турат кайкыда. Эки аттын нары жагында, Карагул калды далдаада. Душманды Семең элебей, Мунун көөдөктүгү ченебей. “Гүлчоро менен Канчоро, Экөө келип аркамдан, Айтпай сырын кетти — деп, Атымды алып алганбы, Булар, тамаша кылып салганбы?” — Ошого кетип санаасы, Же аттын түрүн карабай, Каңгайдын жүрүп жеринде, Душмандан кастык санабай. “Үнүмдү укса келет — деп, Күдөрүн үзүп чоролор, Кантип менден кетет — деп. Гүлчоро — деп бакырды, Канчоро — деп чакырды!” Арстандын үнүн укканда, Ач кыйкырык чыкканда. Каталдын уулу Карагул, Кобо албай кала жаздады, Токтоло түшүп далбайып, Эсин ойлоп тапканы. Кер бээни ээн таштады, Буурулду минип качканы. Көрүнөө менен баспады, Көмүскө менен качканы. Көмүскөгө киргенде, Керимбай менен сүйлөшкөн, Сөздү эсине алганы. “Келип калса Семетей, Азгаштырып турам — деп. Айттым эле мен мурун, Тартып алдым талаадан, Алдында минген Буурулун. Каңгайды көздөй баспайын, Жылкымды кантип таштайын? Күн батышка бет алып, Көз көрүнөө баспайын. Көөдөк экен Семетей, Жылкыга барбайт аралап. Минүүчүдөй кейпи жок, Жылкыдан тандап ат кармап. Кер бээни минип салпаңдап, Мени кууйт талпаңдап. Көрүнүп койуп ар кайдан, Көп күнгөчө алдайын. Мылтык менен атпасын, Көрүнөө жерге барбайын. Керимбай кетти жапанга, Таласты барып талашып, Учурайын алдынан, Ошолор кайра жанганда” — Деп, ойлоду Карагул, Карагул айткан немедей, Семетей жайы мына бул. Кер бээни кармап мингени Кементай болуп кийгени. Карагулду тааныбай, Канчоро — деп билгени, “Боз белден кайтып келгенде, Урушта көөнү көп калган. Гүлчоро муну жиберди, Жолдо жүргөн калмактан, Тартып бээни мингенби? Душман болсо башкадан, Талаада оттоп жаткандан, Менден кайдан ийменди? Бу Таласты көздөй жөнөдү, Булардын бар көрөрү! Артынан жүрүп барайын, Жөөлөтүп менден ат алган, Канчоро менен Гүлчоро, Кошулган болсо Бакай хан, Баарынын башын алайын! Бойу узун, бели ичке, Поруму башка көрүнөт. Уккан белем Жалгызек, Семетей Алтай кетти — деп. Жүрү — деп, айтпай койду — деп, Ошол келип ат алып, Же жүрөбү ойноп, бокту жеп?” — Мындан башка ойуна, Семетейдин түк кирбейт. Ойлонуп көкжал арстаны?, “Мен кайсы жерде жүрөм” — деп. Кер бээ менен салпылдап, Жолго түштү темтеңдеп. Же аттын изин карабай, Анжудан күмөн санабай. Буурулдун изин карабай, Же калмактан күмөн санабай. Бурулбай жолго салганы, Таласты көздөй бет алып, Үч күндүк жерге барганы. Көрүнүп калды алдынан, Буурул аттын карааны. “Ким болсо атып салам” — деп, Бузулуп көөнү карарды. Аккелтесин алганы, Андан мындан элестеп, Көрүнүп жүргөн Карагул, Мунун кыйалын билип калганы. Атты таштап далдага, Мааналап өзү бир ташка, Бакырыкты салганы: “Ой, абаке, Семетей, Мен Канчоро кулуңмун. Атаң менен тең жүргөн, Баатыр Чубак уулумун. Гүлчоро менен Бакай хан, Жалгыз кетип калды — деп, Жиберген сенин артыңдан. Тили менен алардын, Ажыраттым атыңдан. Мен барбаймын алдына, Таап алгын Таластан. Бакай канча кеп айткан, Тилиңди албайт Семетей, Уурдап алып Буурулду, Качып келгин — деп айткан. Бузулуптур казак — деп, Уккан экен Бакай хан. Казактар айткан кеп экен, Аралда жаткан жапанда, Кызылуйук дөө деген, Кылымдан чыккан эр экен. Жилиндин жаткан шаарында, Нескара уулу Мадыкан, Бу дагы мыкты неме экен. Казактарың аларга, Мал, пулун берип жалдаптыр. Карын бөлөң Үмүтөй, Аны кудай каргаптыр. Алдыңкы кеткен жазында, Казакты түгөл көчүрүп, Амурду көздөй айдаптыр. Анжу менен жапанда, Кылайып эркек калбаптыр. Кырабыз кыргыз элин — деп, Казагың белин байлаптыр. Ошол үчүн калмактар, Жер биздики болду — деп, Көөрүктүүнү жайлаптыр. Мен барбаймын атыңды, Айттым уккан дартымды. Түз Таласка баралы, Чогулуп кыргыз калалы. Чогулушкан дөөлөргө, Чокчоңдошуп багалы. — Деп, жиберген Бакай хан, Кош эмесе” — деп койуп, Кайра тартып жөнөдү. Карагулдун калбады, Көңүлүндө күмөнү. “Бул Таласка кетет — деп, Буурул менен койгулап, Күрпүлдөктүн бойунда, Керимбайга жетсем — деп. Менден кабар укканда, Буурулду көрүп чын анда, Күрдөлүү кол аттанса, Семетейге жетпейби, Таласына жеткирбей, Аксайдан наркы Арпада”. Кыйалында ойлонуп, Арамзада ал калча. Каталдын уулу Карагул, Айласы бар мамынча. Кепти укканда Семетей, “Таласка кетти чоро — деп, Болбойт мага жоро — деп. Бакай айткан кеп экен, Бул айтканың ырас — деп. Ылдам жүрүп жол басып, Уйкуну койуп, түн катып. Мен Таласка барайын, Буурулду алып чородон, Көгүчкөндөй мойнунан, Толгоп үзүп алайын. Айтканымды кылбасам, Адам болбой калайын!” — Деп, ойуна алганы, Семетей жөнөп калганы Азгырып ийип Карагул, Ал итте кыйал мына бул. “Аркасынан барайын, Айласын мунун табайын. Эти калдач минген бээ, Баспай калат беш күндө. Бээси баспай калганда, Бир беттеше кетейин. Эр Семең башын кесейин, Берейин колго эсебин! Эшектей кардын жарайын, Семетейди Карагул, Жалгыз сайып алган — деп, Даң чыгарып салайын. Байланып башын баатырдын, Коңурбайга барайын. Бер жагы Алтай тоосунан, Асты жагы Тын-Шань, Түштүк жагы Памырдан, Батыш жагы Оролдон, Түндүк жагы Муз деңиз, Ушулардын арасы, Орто Асийа жер тегиз. Ойротто жок хан болуп, Ойун ойноп жатайын. Коросон менен Оогандын, Жедигер менен Испандын, Букар, Чайчуй, Шанкайдын, Өчүрөйүн аттарын. Кыргыздын жери — деп жазган, Ташка ойуп таштаган, Жок кылайын каттарын! Семетей өлүп калганда, Кол салар мага аз калар, Аз турмайлык жок калар. Ар канча кыйын болсо да, Алмамбет уулу Гүлчоро, Айбатымдан жазганар?! Кырымдын жерин кыдырсам, Каракалпак, түркмөндү, Черчен, ногой элдерди, Семетейге ар жылы, Учурашкан эрлерди, Кошойдун уулу Жалгызек, Белине таңуу беренди, Бакайдын уулу Байтайлак, Бала баатыр немени, Каныкей менен Чүрөктү, Калкка салган дүмөктү, Куу сакал Бакай карыны, Чубактын уулу Канчоро, Кан ичме жинди капырды, Ырайым кылбай буларга, Баарынын башын алдырсам. Орто Асийа борбор — деп, Кыштын күнү кар жаабас, Кар жааса да көп жаабас. Кочкорго шаарды салдырсам, Хандыгымды тойлотуп, Калайыкка даңк кылсам! Бул акылым өзүмө, Ок эле жакшы жарады. Болбойт экен карасам, Семетейдин артынан, Сайа кууп барбасам. Сараркага барганда, Шалпылдап баспай калат бээ, Ошондо сайып албасам!” — Деп, ойлонуп Карагул, Каны тарткан жинди кул. Коңурбайга баралбай, Конуш берген, жер берген, Казакка кабар сала албай. Семетейдин артынан, Бура тартты мына бул. Семетей кетти жол менен, Карагул түштү токтобой, Сайып алып Семеңди, Баатырдык кылыш ой менен. Кызылуйук кыйын дөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Үмүтөй менен Керимбай, Күрпүлдөктүн куйушта, Булар жатат кол менен. Буларды таштап жаналы, Боз белге кеткен аң уулап, Гүлчоро менен Канчоро, Алардан кабар алалы. Боз белге барып баатырлар. Тоо аралап, таш басып, Ар түрдүү айбан көп атып, Жолборстон атып сегизди, Айуудан атып семизди, Алтымыш айры бугудан, Андан атты жүз бирди. Кулжадан атты миңчелик, Эчки-теке, аркардын, Санатын анын билбедик. Илбирстен атты сексенди, Куландан кырк беш атылды, Канча жылдан бер жакка, Элкин жаткан айбандын, Тилегин мунун катырды. Ийри мойун төө атты, Бөрү менен чөө атты. Суусар, түлкү, сүлөөсүн, Көп атылды булардан, Таңдырып төөгө жүктөттү, Бөкөндөн бешөө атылды. Марал менен эликтен, Б адал да шорун катырды. Азуулуудан, айбандан, Чөп оттогон ар жандан, Атылып кетти далай жан. Кабыландан экини, Шерден атты жетини. Көлдө жүргөн жандардан, Аккуу менен каркыра, Тоодак менен турнага, Кыйын болду аларга. Каз, өрдөктөн көп алды, Жулдуруп андан жүн алды, Мамыкка жумшак салганы. Шамдагай кыйын жылтылдак, Бир жерде турбас кылтылдак, Сары арстан атышты. Ууга барган Боз белде, Төрт ай, он күн жатышты. Такыр сонун териден, Эки жүз сексен төрт төөгө, Жүк чыгарып артышты, Таласты көздөй кайтышты. Алты айга толду күн саны, Боз белде жаткан күндөрү, Ары-бери басканы. Баштап жүргөн аларды, Шер Гүлчоро кытайдан. Энеси кытай кызынан, Атасы Чубак кыргыздан, Канчоро жайы мына бу. Ортодон чыккан аргын жан, Он сегизде жоо сайган, Ороккырдай эр сайган. Байтайлак баатыр бала арстан” Арбын олжо мүлк алып, Ар түрдүү сонун үптү алып, Таласка келип калышты. “Мага согат, мага” — деп, Кыргыздар дүрбөп барышты. Карылар айуу тери алды, Калгандар бөрү, түлкү алды. Кубаты начар эркектер, Бугу мүйүз көп алды. Өрүм билген чеберлер, Бугу, марал, тоо теке, Кайыш болчу тери алды. Манат тыштап, бөрк тигип, Жарашат бизге сонун — деп, Кыздар алды суусарды. Бөрү менен кашкулак, Бир ичикке жеттим — деп, Жаштар жүрөт кучактап. Ичикке жака салсак деп, Жаш балдар булгун талашат. Орто жаштар илбирс — деп, Төрттөн санап жуп алып, Бирден ичик кийдик — деп, Сүлөөсүн, жолборс буларды, Кабылан тери, шер тери, Сураганга бербеди, Же соогат — деп — бирөө келбеди . Алты шердин терисин, Семетейге чыгарды. Сегиз жолборс терисин, Бакай менен Каныкей, Төрттөн бөлүп алпарды. Булгундан алды Байтайлак, Сүлөөсүндө барынча, Гүлчоро менен Канчоро, Экөө бөлүп алганы. Ак тайлактай чоң кууну, Айчүрөккө арнады. Белдемчиге кыйуу — деп, Катындар кундуз, арс алды. Ал жерге барган кыз, келин, Пар мамыкка салсак — деп, Бөлүп, бөлүп көтөрүп, Каз, өрдөктүн жүндөрүн, Калтага салып алышты. Соогат — деп — барган көп алды, Барбагандар албады, Ордодогу кишиден, Чачыкей сулуу кур калды. Алты шердин терисин, Чоң, аккууну көтөрүп, Абакем чыкпай койду — деп, Канчоро менен Гүлчоро, Айчүрөктүн үйүнө, Семетейге алпарды. Айчүрөк бар үйүндө, Семетейди таппады. “Абакем, кайда, жеңе”, — деп, Эр Гүлчоро сурады. Сураганда Айчүрөк: “Үч айдан ашты абаңар, Аттанып үйдөн кеткели. Сиздерге кеткен белем — деп, Жүрүчү элем ойумда. Келипсиздер эки шер, Абаңды билбей мен калдым, Кай кеткенин” — деди эле. Айчүрөк оозун жыйганча: “Биз кеткели айылга, Жат кишиден келдиби? Келгенин, жеңе, билдиңби?» — Деп, Гүлчоро алганы, Күйүккөндөн Гүлчоро, Оозуна даам албады. “Биле албадым, уулдар, Жат кишинин келгенин. Эжекемдин үйүнө, Барып жатты бир күнү. Ошол бойдон аттанды, Билсе эжем билгендир, “Эрке жеңем, Чачыкей, Абамды сурап көрөлү. Кеткен болсо бир жакка, Артынан издеп жөнөйлү!” — Деп, сүйлөшүп эки шер, Чачыкейге жөнөдү. Чачыкейге барар да, Эсине түшүп ошондо, Бирине бири күдүңдөп: “Сооганы бөлгөн мезгилде, Муну унутуп калыппыз, Эми кандай кылдык?” — деп. Канчоро анда кеп айтат: “Уйалып кайдан жүрөлү, Жүр, үйүнө кирели. Унчукпаса, унчукпай, Соогат десе, кокустан, Сыр алдырбай, туйгузбай, Сүлөөсүндөн берели”. — Деп, айтканда Канчоро, Кайыл болду Гүлчоро. Чачыкейдин ордого, Баатырлар кирди ошондо. “Амансыңбы, жеңе”, — деп, “Аман-эсен жатамын, Келдиңерби аман — деп? Олжо тапкан талаадан, Уулдар соога кана” — деп? “Сүлөөсүндөн, жеңеке, Ылгап бөлүп койгонбуз, Алып келип беребиз”, — Деп Канчоро айтты кеп. Мостойо түшүп чырт этип, Тиктеп калып азыраак, Шашыла сүйлөп батыраак: “Тайлактай кууну көтөрүп, Айчүрөккө баргыча, Жүгүрдүңөр алдырап. Абаңарды таба албай, Билдиңби, кайда кетти — деп, Келипсиңер жалдырап. Эртеңки берчү куйруктан, Бүгүнкү өпкө — деп айткан. Бир мааниси болбосо, Билбесе кары не айткан? Сүлөөсүн алып нетемин? Сүлөөсүн ичик кийгенде, Кай муратка жетемин? Эки катын алган эр, Эки күн жатпайт бир үйдө. Казакта жүргөн кыргыздан, Экөө келген бул үйгө. Казанчыга аш буйруп, Олтургам келип мен төрдө. Кыргыздар келген ошол күн, Абакеңер бул үйдө. Эки конок сүйлөшүп, Казактын кебин салышты. Элебей кебин мен калдым, Эртең менен Семетей, Жоо жарагын бүт алды. Тышынан чыңдап курчанды, Чай ичпестен аттанды. Барасың баатыр, кайда — деп, Мен сурасам басарда, Унчукпай койду сумсайып. Айчүрөк андай сураса, Айтат эле кеп салып. Абаңар андай сумсайса, Уулдар тапкан олжодон, Эстен чыгып Чачыкей, Эч нерсе жок кур калса”... Чачыкей минтип жатканда, Айчүрөк кирди аңгыча. Тайлактай кууну көтөрүп: “Семетейдин үйү — деп, Жети шердин териси, Тайлактай болгон чоң кууну, Уулдар алып келиптир. Жети тери маа калсын, Жолуң улуу, эжеке, Кууну олжого сен алгын” — Деп, Айчүрөк киргенде, Бузулуп өңү кумсарып, Ал Чачыкей сумсайып. Буулугуп үнү токтолуп, Кызыл өңү боз болуп. Карап калып кыйлага, Айчүрөктүн колунан, Алып койду ар жакка. Канчоро менен Гүлчоро, Чыга берди аңгыча. Уктабады Гүлчоро, Таң агарып аткыча. Эртең менен болгондо, Карыйа Бакай, Канчоро, Кайраты артык Гүлчоро, Астыртан кылып кеңешти, Бир кишиге айтпады, Аттанып үчөө бир кетти. Адыр, күдүр, ой, дөңгүл, Ат айабай катуулап, Желе, жорто бастырып, Алатоо бойлоп жол алып, Сарарка көздөй келатат. Кетечинин кара суу, Келип калды үч баатыр. Эр Гүлчоро караса, Буурулдун изи дапдайын, Аңтарылып чым жатат, Алмамбет уулу алдырап: “Айланайын, абаке, Кагылайын, Канчоро! Көрдүңөрбү, мабуну? Аңтарылып жаткан чым, Буурул аттын изи бу. Ылайлуу жерде бир баскан, Бир жылкынын изи бар. Кез келген, бейм, абама, Ичи заар бир душман? Эртең менен кеткендей, Туйактан чыккан топурак, Чарпындынын белгиси. Буурул аттан, абакем, Айрылып калган белем, дейм. Ат алган жаман кишиби, Аңдып жүргөн бекен, дейм? Мингени Буурул болгондо, Абакем, тартына турган эр беле? Төрт айдан ашып кетиптир, Барбайт беле эмгиче?” — Деп, Гүлчоро айтты эле, Эңкейип карап Канчоро: “Ырас айтат Гүлчоро, Бир басып кеткен ылайга, Эркек жылкы изи эмес. Ургаачы жылкы изи экен, Сүйрүсү жок туйагы, Теп тегерек турбайбы? Жүргөнүнүн дайны жок, Жалпак туйак турбайбы? Муну карап тургунча, Абакем түшсүн изине, Тескей менен күнгөйгө, Экөөбүз чаап чыгалы. Абакем жүрсө калкайып, Буурул менен заңкайып, Учурашып калалы. Ажырап калып Буурулдан, Айласыз калса абакем, Куткарып аны алалы!” — Деп, Канчоро дуу койуп, Күңгөй тоону бет алды. Тескей бетке Гүлчоро, Тайбуурулдун изин кууп, Түзгө кирди Бакай хан. Дигерге жакын мезгилде, Көкөтөйдүн ашында, Кайран Манас башында. Каңгайларды камаган Кара суунун буткулга, Кирип келди Бакай хан Тескейинде Гүлчоро, Күңгөйүңдө Канчоро. Күүгүм кирип баратат, Кабылан Бакай караса, Бастырбай атын жетелеп, Семетей барат алдында. Кыйгачынан качырып, Бир киши чыкты аңгыча! Качырган киши Карагул, Каталдын уулу капыр бул. Аңдып жүрүп канча күн, Аты баспай Семетей, Жөө басып эки күн. “Шайы калбай калды — деп, Кечке эле карап жүрөмбү, Көмө сайып алам — деп. Олпогун сыйрып чечем — деп, Койдой башын кесем — деп! Буурул атты айабай, Таң аткыча жол жүрсөм, Көөрүктүүгө жетем” — деп. Бакайды калган байкабай, Гүлчорону элебей. Канчорону бейлебей, Эч кимисин көрбөгөн, Семетейди качырды, Сундуруп найза ченебей! Көрүп калган хан Бакай, “Манастап” салды бакырык. “Манастап” ураан чыкканда, Сундурган найза күү менен, Апкарыган Карагул, Сайа албады качырып. “Гүлчоросу келгенби? Өлөр чагым жеткенби? — Деп, ойлонуп Карагул, Боз жоргону көргөндө, Суркойон экен тиги” — деп, Күңгөй тоону бет алды. Бакайдын үнү чыкканда, Угуп калып Канчоро, Бурулушту бир жерге, Бугуп тура калганы. Алдыраган Карагул, Алдына кирип барганы. Элебей келген Карагул, Эби келди мына бул. Эр Канчоро бир сайды, Буурулдан ыргып бута атым, Ачылып оозу ырсайды. Ачууланган Канчоро, Кеп сурабай чочконун, Башын алып ошондо, Кесип аны байланды. Канчорону көргөндө, Сагынган ээсин Тайбуурул, Кулундуу бээдей ыйлады, Буурулду алып жетелеп, Үнүн улап Бакайдын, Ойдуңга кирип барганы. Алдындагы Бакайдан, Тескейдеги Гүлчоро, Теке жоомарт арстандан, Алардан кабар алалы. Семетейдин жанына, Хан Бакай барса жаркылдап, Бакайга айткан салам жок, Семетей турду баркылдап: “Кыйындыгың, абаке, Кылымга салчу дүмөктү, Жалгызыңа не салдың?! Он эки жаштан бер жакка, Ойрон болгон балаңды, Отуз эки сынадың! Мындай сының курусун, Обу жок жаман кыйнайсың! Канчоро кулду жиберип, Буурулду неге уурдаттың? Жөө бастырып канча күн, Уулуңду не үчүн куураттың?!” — Семетей муну айткыча, Гүлчоро жетти аңгыча. Гүлчорону көргөндө, Көкжал төрө күүлөндү, Көрсөтөм — деп, сүйлөндү. Суу ордуна кан иччү, Бал ордуна уу иччү, Жан алчудай түрдөндү. Түрүн көрүп Семеңдин, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Асталап сүйлөп оолукпай, Акыл тапкан ар иштен. Мындай киши кем чыгат, Жер жүзүндө билгичтен: “Айрылып аттан, абаке, Алдатканың Карагул. Карагулга алдатып, Манастын уулу Семетей, Жөө жүрөт — деп — темтеңдеп, Жер жүзүңдө бар элге, Такыр шылдың болгонуң. Аркамдан келип чоролор, Айтпай бизге кетти — деп, Ат алды — деп — ойлойсуң. Бул энөөлүк сенден кетпесе, Капташып Бакай жетпесе, Катарда жок Карагул, Качырып найза урганда Как ушул жерде сойлойсуң. Көрүп туруп эми да, Дагы кебиң койбойсуң! Кетти — деп — угуп шашканбыз, Алай, Арпа, Аксайдан, — Сарарка менен Каркыра, Бетегелүү Койташтан, Чакыркорум, Тайгактан, Тарагай менен Уландан, Беш белди бир күн ашканбыз. Кетечинин сазында, Кемегедей казылган, Келишкен Буурул күлүктүн, Изин көрүп шашканбыз. Уурдатканын атыңды, Ошондо ойлоп тапканбыз. Бээ экен — деп — мингени, Изин көрүп айтканбыз. Бет алып күнгөй адырын, Канчоро тосту бурушту. Тескейден киши кетирбей, Теңдешкен жоого белдүүсүп, Гүлчороң кылмак жумушту. Өзөндүү түзгө салганбыз, Абакем изди куушту. Бүтүргөндөй көрүндү, Канчоро баатыр урушту. Абакем үнү чыкканда, Адырга чыга чапканмын. Ар тарапты байкадым, Канчоро баатыр бакырган, Калбалуу үнүн уккамын. Кайгы жок душман өлдү — деп, Кесип башын келди окшойт. Каары катуу Канчоро, Сурабай андан бир ооз кеп!” Ар канча айтса Гүлчоро, Кара мүртөз Семетей, Жанычудай кейпи жок. Жалбырактай карганып, Кутулбай чоро эрки жок: “Жалганы болсо кебимдин, Саа жамандык ойлосом, Жайнаган жарык күн урсун, Калдайган кара түн урсун! Олуйа азиз Манастын, Ак күмбөзү дагы урсун! Энеден мурун оозанткан, Каныкейдин сүтү урсун! Олжодон каалап алдырган, Мага мурас калтырган, Өзүң берген мингин — деп, Суркойондун күчү урсун! Атакем атып жоо алган, Аккелтенин огу урсун! Сайган жоосун кыйшайткан, Качырганда сумсайткан, Хан Манастын күчү урсун! Тийген жери ырбаган, Башка чапкан адамын, Жакында өөдө кылбаган, Атадан калган мурасын, Айбалтаңдын мизи урсун! Күдөрүм үзсөм сенден мен, Көп акыл айттың мага сен, Дасторкондо сөз урсун! Алакөлдөн алдырган, Артып келген туз урсун!” Кан какшап турса карганып, Ызырынып Семетей, Булдурсун колго карманып. Аңгычакты Канчоро, Кирип келди шартылдап, Карагул башын байланып, Корккондон берки үчөөнүн, Күндүзгүдөй түн жарык. Семетейдин көзүнөн, Кош чырактай от жанып. Туйдурбай Бакай карыйа, Буурул атты көрсөтпөй, Аркада турат ал барып. “Соогага, аба, алгын” — деп, Каталдын уулу чочконун, Кайдасындай чоң башын, Калдаңдап турду Канчоро, Көтөрө чуркап ал барып. Канчорону көргөндө, Капасы артып өзгөчө: “Карагулдун башы — деп, Дагы азгырып мени сен, Бекер канын төгүпсүң. Убал кылып бирөөгө, Мойнуңдан байлап кынжылап, Кишиче байлап ээрчитип, Кыдыртайын дуйнөгө! Ал Карагул чын болсо, Өлтүрбөй неге келбейсиң, Амалың турса көрүнөө?! Семетей муну билбейт — деп, Көөдөктүн бири сен дейсиң.!” — Деп, канкоруң сүйлөнүп, Кармап колго найзасын, Жерден алды сүйрөлүп. “Жутса жутуп ийер” — деп, Кайран баатыр Канчоро, Чымындай жанга күч келип: “Ар качандан бир качан, Арамдыгың койбойсуң. Канчоро менен Гүлчоро, Кас кылат — деп — ойлойсуң! Кайрылбаса эки кул, Каралат менен Чынкожо, Асманда октоп жүргөндө, Как ошол күндө сойлойсуң! Коңурбай келди алыстан, Акылы артык даанышман. Коргонго камап алыптыр, Коркутуп сени айлыңдан. Кутказып алды эки кул, Ошондой күндө камалдан! Каргантпай күндө бизди эле, Сурасаң боло абамдан?! Тирүүлөй кечип мен турам, Чымындай кара бир жандан! Ишенбесең сөзүмө, Көрүнбөсө кызматым, Абаке, сенин өзүңө, Аркаңдан келип не пайда? Карагулду сайгыча, Каргышташып, антташып, Каңгайга кетпей не пайда?! Ишенсең боло, Семетей, Кулдарың кылган кызматка! Саа жамандык кылгандын, Жаны аман калбады. Гүлчоро менен Канчоро, Абама жаман кылды — деп, Жан айабай жалмады! Айчүрөк алды шумкарың, Ошондо эки кулуңдан, Абаке, көрдүң бир жагын! Он эки жашар чакта элек, Тоодой Толтой, Чынкожо, Тобокел кылып, бел байлап, Туруштук бердик ошого! Ар дайымдан бир дайым, Алдыңда жүргөн биздерге, Как ушундай кыласың, Бизди кыйсаң кыйасын., Бакайды кандай кыласың?! Бакайды кыйсаң, кыйасың, Ок тиштешкен дос экен, Атаңды кандай кыласың?! Карсылдайсың бизге сен, Карагулга алдаткан, Катаңды кандай кыласың?! Каныкейдин ак сүтүн. Сен эмгенсиң алдында, Биз эмгенбиз аркаңда. Канынан чыккан ак көбүк, Ак сүттү ал, абаке, Канткенде сен кыйасың?! Бизди кыйсаң кыйарсың, Бөз айрышып шерттешкен, Антты кандай кыларсың?! Канчорону кыйарсың, Ак боз бээни мууздатып, Карыдан колду чылашкан, Канды кандай кыларсың?! Гүлчоро кыйсаң кыйарсың,, Көк чырпыгын кыркышкан, Талды кандай кыларсың?! Асман алыс, жер жакын, Абалкы сөздү мен айттым. Эми ишенгин, абаке, Каргышымды теги айттың! Сага кылсам жамандык, Ойлонсом сага арамдык, Төшү түктүү жер урсун! Төбөсү ачык көк урсун! Дарыйа, чалкар көл урсун! Жайнаган жапан чөл урсун! Жайылган жерде чөп урсун! Агартып түндү жарыткан, Асмандагы ай урсун! Жердин бетин жашарткан, Жамгыр менен кар урсун! Ата ордун сактаган, Алатоо кошуп дагы урсун! Учса аппак калкылдап, Көктө учкан куу урсун! Күн чагылып жаркылдап, Көтөргөн кызыл туу урсун! Адамдын жанын эриткен, Кантың урсун, бал урсун! Чайкаган кымыз, чай урсун! Кара элем мен жетим, Эр кылып мени жетилттиң. Атымды алдап алдын, — деп, Шайымды неге кетирдиң,?! Мындай күмөн кылгынча, Көмө чаап чороңду, Жайнаган жарык дүйнөдөн, Кайрылбас жакка кетиргин! Атабыз Манас эр өлүп, Ак калпак кыргыз эл жүрөт. Гүлчоро менен Канчоро, Өлтүрүп салсаң, абаке, Кыргыздын кылы коробойт! Ак, караны ылгабай, Ар качан айткан сөзүңө, Абаке, ичим бек күйөт! Аккелтеңдин милтесин, Сууруп берчи, абаке, Мен тиштейин учунан. Мындай тирүү жүргүчө, Кыйамат кетсе ал жакшы,. Кызгалдактай кырчын жан!” — Деп, зыркырап турганда, Аркада турган Бакай хан, Ак сакалын жайылтып, Сөз баштады арылтып. Алдында эки чоронун, Абдан көөнүн агартып: “Акмак иттер, байатан, Аркада турсам унчукпай, Адам айткыс сөздү айтып, Э, Семетей, не болдуң, Жаш балдарды каргантып?! Өзүңдөн көрбөй жамандык, Карагулга алдатып, О, капырай кандай иш, Жалгыз кете берипсиң, Койбостон бир ооз сыр айтып?! Кайраттуу баатыр эки уул, Эр тиреги ойлонгун! Эси жок киши кептенип, Сен Семетей не болдуң? Баатырлар кетти Бозбелге, Аңуулап ыраак бир жерге. Кайдан айтам дедиңби, Бакайдай кары эмеге? Сага өпкө бүткөндө, Башкага карын бүтпөппү. Энеден туулуп, көз жарып, Жарык жерге түшкөндө?! Сен балдарга, Семетей, Өктө кылар жолуң жок. Өөн өзүңдө турганда, Өкүрүп берер жөнүң жок! Көкжал жолборс Семетей, Өзүңдөн калдым мен Бакай, Карыганда көөнүм сууп. Эң эле кыйын сөдөр иш, Элебей кете бергениң, Элиңде Бакай мен туруп! Душмандан калдын, Семетей, Уулум, азыр кутулуп. Таарынсаң боло балдарга, Баштан айак кепти угуп! Кетемин — деп — Таласка, Жетемин — деп — түн катып, Арбагы азиз Манаска!” — Бурулду Бакай жулкунуп, Боз жорго башын шарт буруп. Заманасы куурулду, Эр Семетей баатырдын, Бакайдын кебин ал угуп. Кайра тарта бергинче, Кайрылып Бакай желгинче. Кабылан камбыл Семетей, Боз жоргону чылбырдан, Бурултпай кармап алды эле, Мамындай кебин салды эле: “Таарынганың, абаке, Жалганы жок, бары чын. Азыраак сабыр кылгының, Жалгыздын кебин уккунуң. Үйдө жатсам бир күнү, Казактын жүргөн элинде, Эки кыргыз барышты. Сурабадым алардан, Казактар көчүп кетти — деп, Өздөрүнчө кужурап, Далай кепти салышты. Казактар көчтү дегенде, Карабапмын эч кайда, Жарабапмын, абаке, Жаныңа басып барарга. Аттанып жүрө берипмин, Казактан кабар аларга. Алматы, Алтай, Сарарка, Мен кирипмин шаарга. Көөрүктүүгө барганда, Буурулду байлап кыр ташка, Калыпмын уктап талаада. Ойгонуп кетсем Буурул жок, Жөө Семетей туруу жок. Жакын экен арасы, Кырга чыгып карадым, Буурулдун көрдүм караанын. Гүлчоро менен Канчоро, Бизге айтпай кетти — деп, Буурулдун изин кубалап, Аркамдан келген белем — деп, Тамаша кылып акмактар, Атты алпарып кайкыга, Байлап койгон экен — деп, Санаама келди мындай кеп. Кыйып чоро кетпес — деп, Кыйкырдым, аба, кебимди ук, Буурулду алып келгин — деп. Менин үнүм чыкканда, Тура калды бир киши. Буурулду минип бурулду, Көмүскө ылдый чуу койду, Ойноду эми чындап — деп, Көңүлүмдө бул болду. Келсем таштап кетиптир, Мына бул турган кер бээни. Ээр, токумун көргөндө, Калмактан алган экен — деп, Көңүлүмө бул келди. Түштүм кырдан талаага, Адырда жылкы көп жүрөт, Ойносо чоро берет — деп, Акылымда бул жүрөт. Карабадым жылкыга, Акылымда бул жүрөт. Андан мындан элестеп, Көрүнүп койот кээ-кээде. Акмалап жүрүп олтурдум, Баштап мени барат — деп, Өздөрү жаткан жерине. Үч күндүн алды жагында, Чыгып кетти карасам, Сары-арканын белине, Атайын — деп — ошондо, Жамандык келди пейлиме. Ийнимден мылтык алганда, Кырда турган ал караан, Кыйкырып кабар салды анда, «Менмин, аба, Канчоро, Жиберди Бакай, Гүлчоро. Бакай кабар угуптур, Казакты кудай уруптур, Азмункенин Керимбай, Казактын элин бузуптур. Шиберге карай көчүптүр, Азмункенин Керимбай, Жапанга суудан өтүптүр. Кызылуйук чоң дөөнү, Кырк миң аскер кол менен, Күрпүлдөктүн куйушка, Алып келип таштаптыр. Андан кийин Керимбай, Нескара уулу Мадыкан, Бели катуу эң балбан. Мадыканды алды — деп, Казактын эли кошулуп, Жөнөмөк болуп Таласка, Камынышып калды — деп. — Абакем угуп мындай кеп, Гүлчоро экөө биригип, Жумшады мени баргын — деп. Айтсаң абаң тил албайт, Айла кылып Буурулду Ала качып келгин — деп. Чогулушуп кыргыздар, Бир дөбөдө болсок — деп. Ачык айтсам ушул кеп, Мен Таласка кеттим — деп. Мындай таамай кеп айтты. Үч күн удаа жол жүрсөм, Кер бээ арып баспады. Эки күн болду, абаке, Жетелеп бээ басканы. Бүрүл кирер алдында, Элебедим кишини. Буурул менен найзачан, Бирөө мени качырды. Найзанын учу жеткинче, “Манастап” катуу бакырып, Абаке, үнүң чыкканы. Энөөлүк кылсаң кандай — деп, Келген экен, абакем, Мага насаат кылгалы, Деп ойума алгамын. Качырган киши жок болду, Капаланыш балдарга, Как ушундай кеп болду. Кайра кетем дегиче, Касиеттүү, абаке, Капка тоодой берекем, Какбаш Жакып капырдан, Бир өлүмдөн калтырдың. Келгенимде уу берди, Эми эки өлүмдөн калтырдың. Кетер болсоң, абаке, Эми кетем Семетей, Манастын тандым арбагын, Деп ошентип айткының, Андан кийин кайткының!” — Деп, Семетей муңайып, Эки баатыр, Бакайга, Энөөлүк кылып койгонго, Эң эле жаман уйалып. Кара мүртөз Семетей, Хан Бакай кетем дегенде, Кара жерден каргышты, Гүлчоро менен Канчоро, Ал экөөнөн алганга. “Туулупмун бекер — деп, Тумшугу жок Семетей, Ушул дүйнө жалганга”. — Бушайман кылып турганда, Алмамбет уулу Гүлчоро, Сөөгүнөн өткөрүп, Суук сөздү кыларда, Кыраакы Бакай карыйа, Кыйалын билип ал чакта: “Кызыталактар, талаада, Кыйла жыйын кылдыңар. Бүтө элек дагы силерде, Алда эмине кебиң бар? Буурулду минчи, Семетей, Эрди сайган, Канчоро, Башты мага байлап бер, Бол, Гүлчоро, жол башта! Ала жүргүн, Канчоро, Карагер бээни таштаба. Желе жортуп бастырып, Батыраак жетип баралы, Кетечинин жарына. Карагул айткан баары чын, Семетейге алдында. Алысын кууп, суу бойлоп, Жылкы келип калгандыр, Кетечинин сазына!” — Деп, Бакай хан шашыла, Жарлык кылды жалпыга. Аш кайнамда барышты, Ара күндүк алыска. Муну мындай таштайлы, Баатырлардын алдагы, Кеңешинен баштайлы