Буурулдун изин карабай, Же калмактан күмөн санабай. Бурулбай жолго салганы, Таласты көздөй бет алып, Үч күндүк жерге барганы. Көрүнүп калды алдынан, Буурул аттын карааны. “Ким болсо атып салам” — деп, Бузулуп көөнү карарды. Аккелтесин алганы, Андан мындан элестеп, Көрүнүп жүргөн Карагул, Мунун кыйалын билип калганы. Атты таштап далдага, Мааналап өзү бир ташка, Бакырыкты салганы: “Ой, абаке, Семетей, Мен Канчоро кулуңмун. Атаң менен тең жүргөн, Баатыр Чубак уулумун. Гүлчоро менен Бакай хан, Жалгыз кетип калды — деп, Жиберген сенин артыңдан. Тили менен алардын, Ажыраттым атыңдан. Мен барбаймын алдына, Таап алгын Таластан. Бакай канча кеп айткан, Тилиңди албайт Семетей, Уурдап алып Буурулду, Качып келгин — деп айткан. Бузулуптур казак — деп, Уккан экен Бакай хан. Казактар айткан кеп экен, Аралда жаткан жапанда, Кызылуйук дөө деген, Кылымдан чыккан эр экен. Жилиндин жаткан шаарында, Нескара уулу Мадыкан, Бу дагы мыкты неме экен. Казактарың аларга, Мал, пулун берип жалдаптыр. Карын бөлөң Үмүтөй, Аны кудай каргаптыр. Алдыңкы кеткен жазында, Казакты түгөл көчүрүп, Амурду көздөй айдаптыр. Анжу менен жапанда, Кылайып эркек калбаптыр. Кырабыз кыргыз элин — деп, Казагың белин байлаптыр. Ошол үчүн калмактар, Жер биздики болду — деп, Көөрүктүүнү жайлаптыр. Мен барбаймын атыңды, Айттым уккан дартымды. Түз Таласка баралы, Чогулуп кыргыз калалы. Чогулушкан дөөлөргө, Чокчоңдошуп багалы. — Деп, жиберген Бакай хан, Кош эмесе” — деп койуп, Кайра тартып жөнөдү. Карагулдун калбады, Көңүлүндө күмөнү. “Бул Таласка кетет — деп, Буурул менен койгулап, Күрпүлдөктүн бойунда, Керимбайга жетсем — деп. Менден кабар укканда, Буурулду көрүп чын анда, Күрдөлүү кол аттанса, Семетейге жетпейби, Таласына жеткирбей, Аксайдан наркы Арпада”. Кыйалында ойлонуп, Арамзада ал калча. Каталдын уулу Карагул, Айласы бар мамынча. Кепти укканда Семетей, “Таласка кетти чоро — деп, Болбойт мага жоро — деп. Бакай айткан кеп экен, Бул айтканың ырас — деп. Ылдам жүрүп жол басып, Уйкуну койуп, түн катып. Мен Таласка барайын, Буурулду алып чородон, Көгүчкөндөй мойнунан, Толгоп үзүп алайын. Айтканымды кылбасам, Адам болбой калайын!” — Деп, ойуна алганы, Семетей жөнөп калганы Азгырып ийип Карагул, Ал итте кыйал мына бул. “Аркасынан барайын, Айласын мунун табайын. Эти калдач минген бээ, Баспай калат беш күндө. Бээси баспай калганда, Бир беттеше кетейин. Эр Семең башын кесейин, Берейин колго эсебин! Эшектей кардын жарайын, Семетейди Карагул, Жалгыз сайып алган — деп, Даң чыгарып салайын. Байланып башын баатырдын, Коңурбайга барайын. Бер жагы Алтай тоосунан, Асты жагы Тын-Шань, Түштүк жагы Памырдан, Батыш жагы Оролдон, Түндүк жагы Муз деңиз, Ушулардын арасы, Орто Асийа жер тегиз. Ойротто жок хан болуп, Ойун ойноп жатайын. Коросон менен Оогандын, Жедигер менен Испандын, Букар, Чайчуй, Шанкайдын, Өчүрөйүн аттарын. Кыргыздын жери — деп жазган, Ташка ойуп таштаган, Жок кылайын каттарын! Семетей өлүп калганда, Кол салар мага аз калар, Аз турмайлык жок калар. Ар канча кыйын болсо да, Алмамбет уулу Гүлчоро, Айбатымдан жазганар?! Кырымдын жерин кыдырсам, Каракалпак, түркмөндү, Черчен, ногой элдерди, Семетейге ар жылы, Учурашкан эрлерди, Кошойдун уулу Жалгызек, Белине таңуу беренди, Бакайдын уулу Байтайлак, Бала баатыр немени, Каныкей менен Чүрөктү, Калкка салган дүмөктү, Куу сакал Бакай карыны, Чубактын уулу Канчоро, Кан ичме жинди капырды, Ырайым кылбай буларга, Баарынын башын алдырсам. Орто Асийа борбор — деп, Кыштын күнү кар жаабас, Кар жааса да көп жаабас. Кочкорго шаарды салдырсам, Хандыгымды тойлотуп, Калайыкка даңк кылсам! Бул акылым өзүмө, Ок эле жакшы жарады. Болбойт экен карасам, Семетейдин артынан, Сайа кууп барбасам. Сараркага барганда, Шалпылдап баспай калат бээ, Ошондо сайып албасам!” — Деп, ойлонуп Карагул, Каны тарткан жинди кул. Коңурбайга баралбай, Конуш берген, жер берген, Казакка кабар сала албай. Семетейдин артынан, Бура тартты мына бул. Семетей кетти жол менен, Карагул түштү токтобой, Сайып алып Семеңди, Баатырдык кылыш ой менен. Кызылуйук кыйын дөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Үмүтөй менен Керимбай, Күрпүлдөктүн куйушта, Булар жатат кол менен. Буларды таштап жаналы, Боз белге кеткен аң уулап, Гүлчоро менен Канчоро, Алардан кабар алалы. Боз белге барып баатырлар. Тоо аралап, таш басып, Ар түрдүү айбан көп атып, Жолборстон атып сегизди, Айуудан атып семизди, Алтымыш айры бугудан, Андан атты жүз бирди. Кулжадан атты миңчелик, Эчки-теке, аркардын, Санатын анын билбедик. Илбирстен атты сексенди, Куландан кырк беш атылды, Канча жылдан бер жакка, Элкин жаткан айбандын, Тилегин мунун катырды. Ийри мойун төө атты, Бөрү менен чөө атты. Суусар, түлкү, сүлөөсүн, Көп атылды булардан, Таңдырып төөгө жүктөттү, Бөкөндөн бешөө атылды. Марал менен эликтен, Б адал да шорун катырды. Азуулуудан, айбандан, Чөп оттогон ар жандан, Атылып кетти далай жан. Кабыландан экини, Шерден атты жетини. Көлдө жүргөн жандардан, Аккуу менен каркыра, Тоодак менен турнага, Кыйын болду аларга. Каз, өрдөктөн көп алды, Жулдуруп андан жүн алды, Мамыкка жумшак салганы. Шамдагай кыйын жылтылдак, Бир жерде турбас кылтылдак, Сары арстан атышты. Ууга барган Боз белде, Төрт ай, он күн жатышты. Такыр сонун териден, Эки жүз сексен төрт төөгө, Жүк чыгарып артышты, Таласты көздөй кайтышты. Алты айга толду күн саны, Боз белде жаткан күндөрү, Ары-бери басканы. Баштап жүргөн аларды, Шер Гүлчоро кытайдан. Энеси кытай кызынан, Атасы Чубак кыргыздан, Канчоро жайы мына бу. Ортодон чыккан аргын жан, Он сегизде жоо сайган, Ороккырдай эр сайган. Байтайлак баатыр бала арстан” Арбын олжо мүлк алып, Ар түрдүү сонун үптү алып, Таласка келип калышты. “Мага согат, мага” — деп, Кыргыздар дүрбөп барышты. Карылар айуу тери алды, Калгандар бөрү, түлкү алды. Кубаты начар эркектер, Бугу мүйүз көп алды. Өрүм билген чеберлер, Бугу, марал, тоо теке, Кайыш болчу тери алды. Манат тыштап, бөрк тигип, Жарашат бизге сонун — деп, Кыздар алды суусарды. Бөрү менен кашкулак, Бир ичикке жеттим — деп, Жаштар жүрөт кучактап. Ичикке жака салсак деп, Жаш балдар булгун талашат. Орто жаштар илбирс — деп, Төрттөн санап жуп алып, Бирден ичик кийдик — деп, Сүлөөсүн, жолборс буларды, Кабылан тери, шер тери, Сураганга бербеди, Же соогат — деп — бирөө келбеди . Алты шердин терисин, Семетейге чыгарды. Сегиз жолборс терисин, Бакай менен Каныкей, Төрттөн бөлүп алпарды. Булгундан алды Байтайлак, Сүлөөсүндө барынча, Гүлчоро менен Канчоро, Экөө бөлүп алганы. Ак тайлактай чоң кууну, Айчүрөккө арнады. Белдемчиге кыйуу — деп, Катындар кундуз, арс алды. Ал жерге барган кыз, келин, Пар мамыкка салсак — деп, Бөлүп, бөлүп көтөрүп, Каз, өрдөктүн жүндөрүн, Калтага салып алышты. Соогат — деп — барган көп алды, Барбагандар албады, Ордодогу кишиден, Чачыкей сулуу кур калды. Алты шердин терисин, Чоң, аккууну көтөрүп, Абакем чыкпай койду — деп, Канчоро менен Гүлчоро, Айчүрөктүн үйүнө, Семетейге алпарды. Айчүрөк бар үйүндө, Семетейди таппады. “Абакем, кайда, жеңе”, — деп, Эр Гүлчоро сурады. Сураганда Айчүрөк: “Үч айдан ашты абаңар, Аттанып үйдөн кеткели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.