← Семетей 1/4

Карагулдун өлүшү

Кеңкол ата Таласта, Ак калпак кыргыз элиңдин, Салакасы бир башка. Эр Гүлчоро, Канчоро, Жанына алып көп чоро, Ташкендин үстү Боз белден, Бугу атып, чөө атып, Ийри мойун төө атып, Жолборс атып токойдон, Илбирс атып тоолордон, Бөрү атып бөксөдөн, Айуу атып төрлөрдөн. Түлкү кагып коосунан, Теке атып зоосунан. Аркар атып, кулжа атып, Адырдан атып кайыпты, Элик атып бадалдан, Марал атып аралдан. “Боз белдин жайы бейпайан, Ошол жерде көп деген, Жан билбеген көп айбан. Жандар атып алардан, Каракулак шер уулап, Киши кийик анда бар, Кармап алып көрөбүз, Тамаша кылып талаада, Кайберендин сонунун, Кармап алып келебиз. Кулан кармап сазынан, Кур семирген чаарынан” — Деп, сүйлөшүп ал экөө, Кырк-элүүдөй котчу алып, Байтайлакты кошо алып, Жүрүп кеткен аттанып. Канчоро менен Гүлчоро, Боз белге кеткен маалда, Эки киши келиптир, Семетейдин айлына. Келгендер кыргыз уругу, Казактын жүргөн айлында, Конок болуп Семеңе, Кобурашып олтуруп, Келгендер кепке кирди эле. Бирине бири кеп салып, Көчүп кеткен казактар, Баргандыр кайда — деп салып. Эрмектешип коноктор, Эр Семетей кырданып, Жан алчудай сурданып. Кулакка кирген сөздөрдү, Куп санады өзүнө. “Казакка барып аттанып, Кабар алып келсем, бейм, Четинен казак көчкөнбү? Чет жакты карап өткөнбү? Казакты кудай урганбы? Каңгайга барып тынганбы? Же жарма уулап жүргөн булардын, Айткан кеби жалганбы? Жандатып кабар айттырып, Билдирет эле өзүмө, Агеркеч өлүп калганбы? Жайлоого көчүп эл кетсе, Жаман айтып кыргыздар, Же ушак кылып алганбы?” — Деп, ойлонуп Семетей, Эртең менен болгондо, Тайбуурул минип аттанды. Карыйа Бакай, Каныкей,. Акундун кызы Чүрөккө, Айтып кебин салбады. Акылдашар жанында, Канчоро менен Гүлчоро, Айлында болбой калганы. Көөдөктүк кылып, Каракөк, Жолунда жаткан Жалгызек, Жооптошуп албады. Эң курбаса түгөнгүр, Алматы, Алтай, Сарарка, Шаар ичине барбады. Бир үйгө түшүп конбоду. Эрте басып, кеч жатып, Далай күндөр өткөндө, Көөрүктүүнүн ойунда, Көкжаңгактын бойунда, Көп жылкыга жолукту. “Казактын эли бул жерде, Жаткан экен жайлап — деп, Ээн жерге жылкыны, Салган экен айдап — деп. Кечкурун барам айылга”, — Деген кыйал ой менен, Тайбуурулду каңтарып, Тердик төшөп башына, Ээрди башка жазданды. Жөлөңкөгө чалкалап, Көк шиберге жатканы. Талаада уктап жатканда, Кара мендер басканы! Уктап калган Семетей, Эч нерсени элебей. Чоң уйкуну салганда, Каталдын уулу Карагул, Как ушул учур маалда, Үстүнө келген мына бул. Буурулду байлап кыр ташка, Өзү жаткан ойдуңда. Ойдуңда жаткан төрөнү, Ал Карагул көрбөдү. Кырчакта турган Буурул ат, Чылбырын үзүп жөнөдү. Ооздук менен чөп чалып, Өрдө жүргөн Буурулду, Ант урган чочко көргөнү. Буурулду келип кармады, Каталдын уулу түгөнгүр, Буурул ат колго тийгенде, Алдында минген кер бээден, Ыргып атка минди эле. Жетпеген ажал себеп бар, Көптү көргөн Карагул, Артын карап из чалбай, Кыйа тартып бөксөлөп, Кырга чыкты чуу койуп. Элкинге чыгып олтуруп, Эс акылын толтуруп. “Бу, Семетейдин Тайбуурул, Кайдан келип калгандыр? Керимбай киши жиберип, Уурдатып муну алгандыр. Келе жаткан уурусу, Мени көрүп калгандыр. Кармаса сойуп салат — деп, Качып жолго салгандыр. Же болбосо Буурулду, Алмамбет уулу Гүлчоро, Минип келсе бул жерге, Тутамынан чылбырын, Чыгарбайт эле тегеле. Чубактын уулу Канчоро, Буурулду минип келгенби? Кырчакка байлап элебей, Адырдан көрүп бугуну, Уулап кетип калганбы? Азуулуу чыгып бир жерден, Атка кастык кылганбы? Октос берип үрккөндө, Чылбырын үзүп алганбы? Адырда жүрүп чөп оттоп, Учурап мага калганбы? Же Бакайдын уулу Байтайлак, Жаш бала минип келгенби? Коржоңдогон Буурулду, Корк этип кетсе, жалт берип, Чокуга чаап ийгенби? Чыгып кетип колунан, Кырча басып чылбырын, Кырчак ташка тилгенби? Жамгырчынын Шаймамбет, Канчоро менен кас эле, Маанайы анын бас эле. Эки жылдын алдында, Учурап мага кетти эле. Алы келбей төрөгө, Мындай кылсам кантет — деп, Буурулду минип желгенби? Кокту-Каттын шаарында, Куу сакал болгон чагында, Коңурбайга бергенби? Темирден кылган кадага, Теке кайыш шукшурма, Бекем байлап салганда, Чыйратып үзүп алганбы? Чын чатакты табууга, Бу Таласка жөнөп калганбы? Таалайы качып Семетей, Талабына ат жетпей, Учурап калып талаада, Мен, Буурулду кармап алдымбы? Көп ойлонуп турбайын, Кайсы жактан келди экен, Кедерги изин кубайын” — Деп, ойлонуп жатканда, Эми тушту ойума, Семетей кебин айтарга. Семетей келип ойдуңда, Жатканы болгон сегиз күн. Чочуп кетип элеңдеп, Кирпик ирмеп караса, Тайбуурул сындуу буудан жок. “Кайда кеткен Тайбуурул? Мен эми эле жаттым” — деп, Байлаган ташты карады. Күрмөгөн жерден үзүлгөн, Чылбырынын калганы. “Оттоп кеткен экен — деп, Каңтарылуу жылкыны, Түздөн караш бекер” — деп. Аттын изин карабай, Анын акмактыгы мамындай. Жоо жарагы, шайманы, Такыр алып жөө басып, Кырга чыгып барганы. Кырчактын чыгып башына, Кыйа карап олтурду, Каңшаар кара ташына. Алды жагын караса, Тайбуурул менен бир жылкы, Экөө турат кайкыда. Эки аттын нары жагында, Карагул калды далдаада. Душманды Семең элебей, Мунун көөдөктүгү ченебей. “Гүлчоро менен Канчоро, Экөө келип аркамдан, Айтпай сырын кетти — деп, Атымды алып алганбы, Булар, тамаша кылып салганбы?” — Ошого кетип санаасы, Же аттын түрүн карабай, Каңгайдын жүрүп жеринде, Душмандан кастык санабай. “Үнүмдү укса келет — деп, Күдөрүн үзүп чоролор, Кантип менден кетет — деп. Гүлчоро — деп бакырды, Канчоро — деп чакырды!” Арстандын үнүн укканда, Ач кыйкырык чыкканда. Каталдын уулу Карагул, Кобо албай кала жаздады, Токтоло түшүп далбайып, Эсин ойлоп тапканы. Кер бээни ээн таштады, Буурулду минип качканы. Көрүнөө менен баспады, Көмүскө менен качканы. Көмүскөгө киргенде, Керимбай менен сүйлөшкөн, Сөздү эсине алганы. “Келип калса Семетей, Азгаштырып турам — деп. Айттым эле мен мурун, Тартып алдым талаадан, Алдында минген Буурулун. Каңгайды көздөй баспайын, Жылкымды кантип таштайын? Күн батышка бет алып, Көз көрүнөө баспайын. Көөдөк экен Семетей, Жылкыга барбайт аралап. Минүүчүдөй кейпи жок, Жылкыдан тандап ат кармап. Кер бээни минип салпаңдап, Мени кууйт талпаңдап. Көрүнүп койуп ар кайдан, Көп күнгөчө алдайын. Мылтык менен атпасын, Көрүнөө жерге барбайын. Керимбай кетти жапанга, Таласты барып талашып, Учурайын алдынан, Ошолор кайра жанганда” — Деп, ойлоду Карагул, Карагул айткан немедей, Семетей жайы мына бул. Кер бээни кармап мингени Кементай болуп кийгени. Карагулду тааныбай, Канчоро — деп билгени, “Боз белден кайтып келгенде, Урушта көөнү көп калган. Гүлчоро муну жиберди, Жолдо жүргөн калмактан, Тартып бээни мингенби? Душман болсо башкадан, Талаада оттоп жаткандан, Менден кайдан ийменди? Бу Таласты көздөй жөнөдү, Булардын бар көрөрү! Артынан жүрүп барайын, Жөөлөтүп менден ат алган, Канчоро менен Гүлчоро, Кошулган болсо Бакай хан, Баарынын башын алайын! Бойу узун, бели ичке, Поруму башка көрүнөт. Уккан белем Жалгызек, Семетей Алтай кетти — деп. Жүрү — деп, айтпай койду — деп, Ошол келип ат алып, Же жүрөбү ойноп, бокту жеп?” — Мындан башка ойуна, Семетейдин түк кирбейт. Ойлонуп көкжал арстаны?, “Мен кайсы жерде жүрөм” — деп. Кер бээ менен салпылдап, Жолго түштү темтеңдеп. Же аттын изин карабай, Анжудан күмөн санабай.