← Семетей 4/4

Күрпүлдөктө сен тургун, Көкжаңгак менен Көөрүктүү, Мен ошого барам — деп айтты, Кабар угуп Семетей, Казактын эли качты — деп, Агар алтын, ак күмүш, Арбын дүйнө чачты — деп. Келип калса кокустан, Сен чогулуп болгуча, Айла кылып, ыгын таап, Өткөрбөймүн” — деп айтты. Кызылуйук чоң, дөөгө, Кылымдан ашкан Мадыкан, Кымбат баалуу сиздейге, Эркин барып келишке, Эр жолумду ал ачты. Дагы бар жана бир сөзүм, Семетейди жайласаң., Атаңдын кунун кууп алып, Гүлчоро башын байласаң, Канчородой жиндини, Шаймамбетке карматсаң, Бакайдын ишин бүтүрсөң, Арманым калбайт Керимбай, Алаштын ханы болду — деп, Калын, элге угузуп, Андан кийин өлтүрсөң,! Абалтан хандын уулу — деп, Үмүтөйдү хан кылсаң. А көрөкчө, Мадыкан, Маа окшогон эмени, Ушул жерде өлтүр сен! Атаңдын кунун сен алсаң, Алаштын элин мен алсам. Андан кийин Мадыкан, Ар жылына алаштан, Куржун, куржун пул алсаң, Ага ыраазы болбосоң, Кыргыздын кызы эң сулуу, Каалашыңча дагы алсаң. Армандан чыгып кетесиң, Акундун кызы Айчүрөк, Ал Семетей катыны Олжо кылып аны алсаң. Шаатемир кызы Чачыкей, Жез оймоктун узу — дейт. Үмүтөйгө алдырсаң, Гүлчоронун катыны, Акбаланы мен алсам, Айткандын баары бүткөндө. Анда бизде не арман?! Күнүмдүк берип мал пулдан Кызыл дөөнү узатсам!” — Деп, ошентип Керимбай, Кыйла-кыйла кеп айтып, Шолоктоп ыйлап калп эле, Көзүнөн жашын тыйа албай, Каңырыктап бир далай. Ал Керимбай баатырың, Кебин айтып бүттү эле. Атасынын өлгөнү, Мадыкандын көөнүнө, Ушул жерде түштү эле: “Шаймамбет мында келгени, — Далай жыл болду бул жерде Биздин элде жүргөнү, Азап тарткан күндөрүн, Эмне үчүн айтып бербеди? Шаарым менин Жилинде, Тагым менин Жилинде, Тамаша кылып аң уулап, Жүрүпмүн Инген тоосунда. Атамдын кунун аламын, Болуп турган чагымда! Үч жылдан бери карата, Кыштай жатып шаарда, Элүү күнү жол тартып, Ушул жерге келчү элем. Жыл келген нооруз айларда, Кайра жанып кетчү элем. Кыргыйек учкан маалда, Ойнодум үч жыл аң уулап, Тоолордо жүрдүм мен дуулап. Илбесин алдым ар түрдүү, Маа жамандык кылбаса, Кылым жердин бетине, Болуптур кыргыз каргаша. Табалбас кыргыз эч даба, Менин жайылдыгым кармаса! Анжу, манжу, калмакты, Кытай менен каңгайды, Кайдан жыйнап жүрөйүн? Каспанда жүз миң аскер бар, Калтырбай айдап сүрөйүн. Кызылуйук кошулду, Кызыталак алашты, Калтырбай кырып ийейин! Кайра келип жериме, Калың манжу элиме. Туңшанын минип тагына, Карып калды — деп — угам, Калмактардын Коңурбай, Чакыртанын алдыма. Анжу, манжу, кытайлар, Шибе, чиден далайлар, Ал Коңурбай чочконун, Капташыптыр каарына, Чакыртып алып келейин, Так өзүмдүн алдыма! Анжу, манжу, бул элден, Кытай, чиден, шибеден, Булардан өлгөн эрлерден, Бейарман өлгөн көп элден, Баарынын кунун бергин — деп, Жазасын анын бербесем! Каардансам каңгайды, Аштык бышпас, чөп чыкпас, Какырга айдап салбасам. Каптап кирип кытайга, Өмүр бойу былк этпей, Хан болдум — деп, — жай жаткан, Эсен ханга барбасам! Эндиретип кытайды, Эбин мунун таппасам! Сен жатып тур, Керимбай, Жилинде жаткан Каспанда, Аскерге кабар салайын. Болжоп койуп түз жолду, Жолдон таап алайын! — Деп, Мадыкан күүлөнүп, — Кыргыз, кытай, киденди, Шибе менен чиденди, Каңгай, калмак буларды, Каракалпак, түркмөндөн, Күн чыгыштан күн батыш, Ортосунда бар жанды, Калтырбайын бир жанды! Жапандан келген Кызыл дөө, Камалып жүрөт тар жерде, Баш кошсо мага ар жерде. Калмактар ээлеп жаткан жер, Баарын ага берейин. Баш койбосо эгерде, Талпагын ташка керейин. Аралда жапан элдерин, Талап алып келейин! Төгөрөктүн төрт бурчун, Түгөл такыр алганда, Кыйынсыган кытайдан, Кылым ханы Эсен хан, Кол куушуруп алдыма, Келбегенин көрөйүн!” — Деп, күүлөнүп Мадыкан, Жыйылып жаткан аскерге, Жүз миң аскер баарысы, “Аттансын — деп — кат жазды. — Шаймамбетке көтөртүп, — Чоң сууну бойлоп баарыңар, Улуу Инген тоо менен, Күрпүлдөк баргын” — деп жазды. Келер күнүн болжолдоп, Кичи Ингенден аттанды. Кылкылдактын суу бойу, Аскер менен табышты. Ал Керимбай сүйүнүп, Күрпүлдөккө барбаспы! Жүз миң аскер Мадыкан, Кырк миң аскер Кызыл дөө, Он миң аскер казактан, Камын жешип үч урук, Дайарданып жатышкан. Каталдын уулу Карагул, А дагы хандык кылууга, Алты сан жылкы айдатып, Көөрүктүүнүн бойуна, Көкжаңгактын кыйрына, Кыйалында Карагул, Наамды өзү аларга, Хан болуп жатып каларга. Түк туйгузбай Карагул, Күлдү калмак журтуна, Хан Коңурдай улукка, Ойлогону мына бул: “Кызылуйук, Мадыкан, Кыргызды талап алат — деп, Семетейди чыңыртып, Гүлчорону күйгүзүп, Канчорону каргантып, Хан Бакайды байлатып, Каныкейди айдатып, Айчүрөктү зарлантып, Жалгызекти саргартып, Байтайлакты ыйлатып, Баарын булар алат — деп. Кызылуйук, Мадыкан, Соога — деп — андан сурасам, Казакка мени хан кылар. Калкына кылган жамандык, Өзүнө кылган арамдык. Керимбай менен Үмүтөй, Ал экөөнү нан кылар” — Деп, Карагул өзүнчө, Жылкыда жатып хан болду, Кыйалы менен семирип, Кылымдан ашкан бай болду. Муну мындай таштайлы, Карагулдун кара нээт, Өлүмүнөн баштайлы.