← Семетей 3/5

Куру кол болуп калганда, Аркамды көздөй мен тарттым. Бет маңдайга келгенин, Менменсиген эрлерин. Желкесинен кармадым, Сүзүштүрүп жайладым. Чуулап кирип турганда, Мен акылдан танбадым. Көзүмдү ачып карасам, Абам менен Гүлчоро, Качан келип калды — деп, Как ушуга таң калдым. Аттын шайы жогунан, Ал үчүн кылган арманым! Асманда учуп жоо алган, Катындын иши турбайбы? Беттешип сайып эр алган, Баатырдын иши турбайбы? Айланып жүрүп октогон, Атышып жоону чоктогон, Ажыздын иши турбайбы? Айбалта чапса өксүткөн, Азаматты өкүнткөн, Аттын иши турбайбы? Алдындагы Канчоро, Чаптырбай кетсе душманы, Ал үчүн арман кылбайбы?!” Барып кайра келгенин, Баштан айак кеп салды. Көңүлдөгү зардабын, Эр Канчоро деп салды. Уктабай Гүлүс толгонуп, Таң атканча ойлонуп. Эртең менен эртелеп, Суркойонду жетелеп. “Соолуп калган кытайга, Барамын” — деп энтелеп. Жоо кийимин кийинип, Атасынан калган жаа, Оң ийинге илинип. Бастырып чыкса ак жолтой, Баатырдыгы билинип. “Семетей сындуу абама, Канчоронун артында, Кызматым жакпай калганда, Кесиреттүү абамдын, Батасы кайдан тиет — деп, Барбай койсом бааналап, Кереминде билет — деп. Келин менен кемпирге, Темененин баркы бар. Канчородон өйдөрөөк, Тумшугу жок меники, Хан абама жарачу, Ошончолук баркым бар”. — Деп ойлонуп Гүлчоро, Жүрмөк болду ошондо. Канчоро туруп кеп баштап, Акырын сүйлөп, бош таштап: — Акылга, баатыр, ушул иш, Душманга кыйын мүшкүл иш. Эндегей жатсак элебей, Ээн жаткан кыргыздын, Четинен талап кирбейби? Тоо-тоодо жаткан көп малга, Ойу менин тийбейби? Ач кыйкырык угулса, Чоң баатыры кез келбей, Чогулган аскер, букара, Кылычтан каны куйулса, Олжо алууну ойлойбу? Байлануу баш болбойбу? Акылбы, баатыр, момунум, Айткан сөздү ойлойлу. — Чын айтасың баатыр — деп, Бул айтканың акыл — деп. Барып мен бир келейин, Байкап тургун, баатыр, — деп. Бастыра берди Гүлүстөн, Күндөн бетер күркүрөп. Көргөндүн бойу дүркүрөп, Оозунан көбүк буу чыгып, — Көзүнөн жалын чуу чыгып. Суркойонду чуратып, “Манастап” ураан чакырып. Айанбады түгөнгүр, Абдан чындап бакырып. Барып тийди кытайдын, Бир четинен жапырып. Аралап кирип жоголду, Туш келген кайдан соо болду? Бетине келген кор болду, Беттешкен бенде жок болду. Чоролордун бири — деп, Чоң баатырлар келген жок. Чогууда жүрсө аралап, Чоролордо арман жок. Чогулган кангай журтуна, Чок төгүп чоро салды от! Алынча жүрүп аралап, Абалын жоонун чамалап. Айдап жүрөт кытайды, Ителгидей сабалап. Кылычтын каны тамчылап, Кайсы жакка бет алса, Как алдынан чуу чыгат. Эки түнү, үч күнү, Санаты беш күн урушту. Кандай адам кыла алат, Салмактуу мындай жумушту? Эрдик эмей эмине, Беш күнү чыдап турушу? Найзасында учу жок, Балтасында курчу жок. Кылычында миз калбай, Өтөр айла болбоду, Оңдоп чапса эч кандай. Жакындатпай жанына, Жаа тартып олтуруп, Кырк-элүүдөн бир окто, Кыйласын сыйпап өлтүрүп. Жаанын огу түгөнүп, Аманат жанга күч келип. Тоону көздөй бет алды, Эр Гүлчоро түз желип. Ок, дарысы жоктугун, Ошондо билип калышты. Аламандап чуу койуп, Ат жарышып барышты. Балта чапкан шамдагай, Найза сайар ылганды. Кармаган кылыч тыңдары, Эр Гүлчоро баатырга, Ээрчип жүрүп чуу салды. Уруп, сабап, талкалап, Качып чыкты Гүлчоро, Жалгыз жанын калкалап. Байкап турган алыстан, Бакай менен Канчоро, Сур койон чыкты элирип, Көпчүлүктөн жээлигип. Башын жерге салбастан, Үзүп чөптү албастан, Келе жатат жорголоп. Келе жатып кээ-кээде, Текирең таскак ал салат. Эр Канчоро турбады, Эми да кайрат кылганы. Кара бойу сак эмес, Талкаланган түгөнгүр. Ылдый карап энтеңдеп, Этегин кайра түрүндү. Эр Гүлчоро алдынан, Ал Канчоро жүгүрдү. Жете барып караса, Калган экен Гүлүстөн, Ээрден көчүк кыйшайып. Үзөңгүдөн бут тайып, Оң колун сунуп артына, Куйушкандан кармаптыр. Ыйык жалдан бек кармап, Сол колу менен алыптыр. Капталга түшүп атынын, Салаңдап башы калыптыр. Жете барган Канчоро, “Эрге темир жөлөк” — деп, Айбалтанын уңгусуң, Колтугунан киргизип, Темир менен көтөрүп, Ээрге оңдоп мингизип. Бирге өскөн түгөнгүр, Алып келди жетелеп. Туугандыгын билгизип, Алмамбет уулу чорону, Эки, үч күндүн алдында, Эр Гүлчоро не кылса, Канчоро кылды аны да. Илгеркинин заманы, Эскерип көрчү аларды. Он күнгө кысас кетпеген, Отуз күнгө жетпеген, Ошондой экен абалы. Күнү, түнү алты күн, Көбүрөөк жүрүп калганы. Таң агарып сүргөндө, Эсине келди балбаны. Эс алышып олтуруп Күн эсебин алганы. Он сегиз күндүк санаты, Анда толуп калганы. Жатар мезгил болгондо, Жагып отту койгондо. Дүбүртү аттын тапылдап, Угулду бейм ошондо. Гүлүстөн чоро эр экен, Ар өнөрү бар экен. Жерден кабар алуучу, Тыңшап кулак салуучу, Дагы өнөрү бар экен. Жата калып кырынан, Туруп ыргып ордунан: “Келе жатат эки адам, Анык байкап тыңшасам. Боз жоргонун табышы, Миң жылкы алса душмандан, Жалгыз жылкы изи жок. Тарпый басчу Жалманбоз, Кошойдун уулу Жалгызек, Келе жатат окшонот”. Аш кайнамдай турушту, Арзан бүттү жумушу. Жалгызек менен Байтайлак, Салам айтып турушу. — Болдубу, балам, жолуң, — деп, Келдиби, балам, колуң? — деп, Бакай абаң сурады. — Айланайын, атаке, Он төрт хан эли бүт келди. Кылым кыргыз калкына, Жан кыйналып күч келди. Эки хан мунда турат го, Эл башкарган мыктылар, Эр жигитин жыйат го. Жез кемпирдин жети уулу, Жедигердин көп колу, Жер жайнатып бүт келди. Жалгызек турат алдыңда, Калбай такыр эл келди. Үмүтөй чекке кетиптир, Алымбай уулу Бердике, Аскерин айдап ал келди. Аскердин алды келди — деп, Айтканы сага желдим — деп Үйгө барып саламат, Учурашып келдим, — деп. Байтайлак жана салды кеп: — Калбай кыргыз жан келди, Кайраты толук карыйа, Жүз жыйырма төрт жашаган, Өмүрүмдүн акыры, Бул урушту көрөм — деп, Алп Жамгырчы хан келди. Айтып өттү баарысын, Бакай баатыр баласы. Алды-артында тууган жок, Ал чечекейдин карасы. Баласын көрүп саламат, Басылды Бакай санаасы. Түн ортосу оогондо, Айдап алып казакты, Эр Бердике ал барды. Бердикени көргөндө, Бакай абаң, кеп салды: — Канчоро, Гүлүс, Жалгызек, Угуп тургун — деп салды. Калмак арбын, кыргыз аз, Калайман уруш салыштан, Ойлонуп барың ыраак кач. Хан Коңурбай калчага, Буктурма тузак койолу, Бир бирден эптеп сойолу. Эрежени шылтоолоп, Жер бергин — деп — ыктоолоп, Кат жазалы Коңурга, Бердике эптүү неме эле, Атказалы Коңурга. Оңой жеңип алам — деп, Ойлоп калып Коңурбай, Жерди берсе биздерге, Оңунан иштин келгени, Мунум кандай сиздерге? Кабыл көрүп баарысы, Белен Гүлүс кат жазды. Төрт киши берип кошчуга, Өзү менен беш кылып, Бердикени атказды Бирин бири сыйлаган, Илгеркинин жумушу. Жоо болсо да сыйлашкан, Артык экен бир иши, “Буруттан элчи келди” — деп, Сактаган эшик сакчылар, Кабар айтып кириши. “Мурадилди баргын” — деп, Элчини тосуп келгин — деп. Өзүм менен тең эле, Качан менден кем эле? Акырет кеткен зор Манас, Жол жосунун кылгын” — деп, Коңурбай жумшап салганы, Алып келип элчини, Таза үйгө түшүрүп, Тазалантып жуунтуп, Жакшы кийим кийгизип, Пери уулундай кулпунтуп. Ээрчитип келди Мурадил, Элчилерди чубуртуп. Хан үстүнө киргизип, Хандыгын булар билгизип. Орундук койуп беришип, Чай, тамакка тойушуп.