Кандай уруш салабыз, Кандай арга кылабыз? Ойлоп, балдар, көргүлө, Орундуу акыл бергиле, — Бакай айтып салганы. Атасындай желиккен, Канча жылдан бер жакка, Казатка барбай эриккен. Кадырлуу Чубак баласы, Канчоро айткан кеп экен: — Аркадан кол келгиче, Бизге көмөк бергиче, Элебей жатсак бул жерде, Эби жок душман көп экен, Эндегей жаткан кыргызды, Четинен алып кирбейби? Жат душман элди айайбы? Көк ичеги балдарды, Көксөө болгон чалдарды. Ойротто жок уздарды, Оймок ооз кыздарды. Келеңгир чачпак келинди, Онду тууган баатырдан, Очок ээси кемпирди. Тал чыбыктай жаштарды, Такыр кырып ийбейби? Ичегисин чубалтып, Итке салып бербейби? Макул келсе силерге, Гүлчоро менен экөөбүз, Күн алыстап баралы. Көңүлү бузук душманга, Көп түйшүктү салалы. Аркадан кол келгиче, Манжу менен калмакты, Маңбаш кылып туралы. Кол киргенде кирербиз, Коондой ичин тилербиз Жан аманат турганда, Коргондо жаткан абама, Ат жеткирип берербиз, — Деп, Канчоро калганда, Абаң Бакай карысы, Айчүрөк, Гүлүс баарысы, “Акылга сыйат ушу” — деп, Башын ийкеп калышы. Эр Гүлүстөн айтты эми: — Жеңеке, турба, кайт — деди. Ушундай кылсак болобу, Абама өзүң айт — деди. Ак калпак кыргыз элиң бар, Акырет кеткен атаңдын, Арбагы азыр мында бар. Кабылан Бакай абам бар, Алп Жамгырчы карың бар. Андан кала бергенде, Артында чороң биздер бар. Өлбөй тирүү турганда, Өрөпкүгөн душманды, Уу сепкендей кылабыз. Уйпалап салып тынабыз, Кеңколду тартып алабыз Кесиреттүү душманга, Кеткисиз балаа салабыз. Эсирген жүржүт Коңурдун, Эсебин эптеп табабыз. Элөөрүгөн иттердин, Эшектей кардын жарабыз. Агызып канын жайабыз, Эртеде өткөн эрлердин, Алмамбет, Чубак шерлердин, Эми кегин алабыз. Абама айтып барарсыз, — Хан Бакайдан кеп угуп, Кеп ушундай — деп угуп. Токтолуп калды Айчүрөк, Калканы жонго артылып, Айбалта жанга байланып, Ачалбарс колго карманып. Сыр найзасын зыңкыйтып, Каралатты кындыйтып. Туулгасын жаркытып, Асабасын жайылтып. Каарын салып жүзүнө, Канчоро баатыр аттанды, — Мен кеттим — деп, жар салды. — Кармап алып калам — деп, Гүлчоро чуркап калганы. Карабай кетти Канчоро, Каардуу баатыр эр чоро. Ашкере болдук бүгүн — деп, Бакай абаң, Гүлүстөн, Басып чыгып белеске, Барып булар караса, Күүлөнүп алган Канчоро, “Манастап” ураан чакырып, Кымылдаган кытайга, Кирип барды качырып. Сүрдүгүп кеткен киши жок, Канчородон дайын жок, Кайып болду ошондо, Топ ичи болуп жалын, чок. Эртеси күнү кечинде, Кечки бешим кезинде. Каралат чыкты жалтылдап, Канатын күүлөп закымдап. Оттоп калды түгөнгүр, Бөксөлөп келип жакындап. Эр Гүлүстөн күйүгүп, Жаралуу аркар куугандай, Этегин өйдө түрүнүп. Эңиш тартып энтеңдеп, Жетип барып караса, Кол балтаны тайанып, Эси ооп, шай кетип, Таноосунан тер кетип, Турган экен Канчоро Оозунан көбүк кан агып. Карала атты чылбырдан, Кармады барып Гүлүсүң. Кандай айтып түгөтөт, Канкорлордун жумушун? Өйдө карай ат менен, Тепетең бирге жүрүшүн Кызыл гүлдүн суусунан, Сагасанын гүлүнөн, Ичтен ага бергени. Камдап алган дарысын, Жыттатып ага ийгени. Кан жыттанып демикпей, Жаш көкүрөк баарысы, Жандай чуркап ат менен, Ал Бакайга барышы. Келе элек Бакай кошуна, Келе жаткан ушунда. Келатып Бакай кеп салып: — Тургузба, балам, — деп салып. Жакын келип кабылан, Эми түшүр, балам, — деп. Аттан жерге түшүрүп, Үстүнөн олпок чечтирип. Колун салып мойнуна, Кош колдоп Бакай жетелеп, Чечип алган олпокту, Ок өтпөгөн чоң тонду, Кармап силкип салыптыр. Мүдүрүлүп темтеңдеп, Минтип чоро калыптыр. Эңкейип алдын караса, Олпокко келген жабышып, Ок тушарга барыптыр. Коло менен миси бар. Коргошун бар, чойун бар, Алты атар огу андан көп, Жебенин огу мындан көп, Көп жыйылып калыптыр. Көтөрүп олпок, чоң тонду, Ат жанына барыптыр. Аңгыча Бакай кеп айтты: — Турбагын, балам, — деп айтты. Доолбасты алгының, Сийдигин тосо калгының. Ат сийдиги толду эле, Эми Бакай нетти эле? Гүлчоро, Бакай тең сийип, Ат ишмегин кесишип, Сийдикке кошуп, тез эзип, Жезден найды сундуруп, Ат тери менен сийдикти. Най менен ага жуткузуп. Сагаса гүлүн жыттатып, Таштады муну жаткызып, “Жараат түшсө ичине, Жылдыз такта болгондо, Жан берет — деп тим эле. Жарааты тышта болгондо, Тилге келет эми эле”. Кайран Бакай кабылан, Как ушундай деди эле. Түн ортосу болгондо, Оозунан көбүк буу кетип, Кан аралаш суу кетип. Чекесинен тер кетип, Титиреп бойдон ал кетип. Башын чайкап бир далай, Ачты көзүн жарк этип. Эсендигин сурады, Гүлүстөн чоро барк этип. Көшүгөндөй күлүңдөп, Канчоро баатыр күдүңдөп, Баштады кебин күңгүрөп: — “Ар качандан бир качан, Ат кардыгын тарттым “ — деп. Жаным эсен болсо да, Сүйүнбөдүм ага мен, Табылбай мага минер ат, Жаным тирүү болсо да, Болуп келдим элден кем! Качырып барып тийгенде, Мен Канчоро киргенде, Кашыма келген бир жан жок, Кача берди калмактар, Ара жолду кең кылып, Ача берди калмактар. Эркин туулган курган баш, Эрдик эмей неткеним? Дөбөдөй болгон чатырга, Чапкан бойдон жеткеним. Манастын атын укканда, Аттанган белем ушунда. Көрбөгөнмүн укканмын, Кундуздай Кара ат минген, Кабаттап темир соот кийген. Чарайнасын тартынган, Ок-дарысын артынган. Белине кылыч байланган. Жоо дегенде шайланган. Колуна балта кармаган, Капташа түшсө тар жерде, Козголбой жүрөк калбаган. Алдында атын булкунтуп, Алдыман чыкты бир адам. Буурул сакал киши экен, Байкасам өзү чоң балбан. Коңур эмей кайсы — деп, Беттештимби буга — деп. Алдымдагы Каралат, Айабай камчы бир салдым. Айанып туруп калбастан, Чоң балтаны колго алдым. Качырып барып чапканда, Алдындагы Кара аты, Жазгырып ордун салды эле, Арам өлгөн Каралат, Кетенчиктеп түз баспай, Тартып туйак алды эле. Өзүнө тийбей балтамды, Өксүтүп аты салды эле. Таамай чаап алганда, Чороңдо арман бар беле? Ар канча кыйын болсо да, Атына тийсе чоң балта, Айрылса аттан чоң калча, Өлбөсө да түгөнгүр, Өлүмчө болуп калды эле. Балтам тийген кара жер, Аңтарылып ор болду. Мына минтип чороңо, Ат кордугу чоң болду!” — Деп, ошентип Канчоро, Үшкүрүнүп убайда, Жалгады кебин далайга: “Коркуп калган чоң калча, Андан кийин келген жок. Бендеби — деп, — бейлебей, Аны мен кадигиме алгам жок. Айтсам баштан кыдыртып, Чороңдо арман калган жок. Сооттуусун сойлоттум, Олпоктуусун онтоттум. Кылычтуусун кыйраттым, Найзалуусун сулаттым. Мылтыктуусун бөлүнттүм, Суудай канын төгүлттүм. Көк түпөк кызыл найзамды, Көп эле жанга мылгыттым. Бетиме туура келгенин, Көгүчкөндөй ыргыттым. Карылуусун кулаттым, Кан агызып сулаттым. Эңкейиште эр сайдым, Экөөнү катар бир сайдым. Кечээ, жедигердин тобунда, Эр Толтойдун колунда, Сен экөөбүз бар элек. Кыштын суук чилдеде, Кыргын салып кошунга, Кан төгүп жүрүп тынч албай, Кылычта мизде курч калбай. Балтанын кесер мизи жок, Бир көрдүм эле ошондо. Бүгүн жайдын толугу, Тамыздын түшкөн кези экен. Кан катып жарак-жабдыкка, Өтпөс болчу иш экен. Найзамдын көрсөң учу жок, Темири жок тоголок. Кылычымдын мизи жок, Балтанын мизде курчу жок. Түгөнүп калат турбайбы, Куржун башы толгон ок! Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар жерде. Муруттарын сербейтип, Эр өлүгү көп жерде. Жүзүн сайып жүдөттүм, Тобун бөлүп тараттым. Оңко турган кишиден, Он бирдин алдым санатын. Ошонгочо кеткен жок, Тулку бойдон кайратым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.