← Сейтек 1/3

Бакайдын сурагы

Алты күн өткөн кездерде, Канчоро менен Чачыкени, Алып келер мезгилде, Ордо башы Сетертай, Асталай басып жетти эле, Азыркысын коргондо, Иш башкарган Керменбай, Айтып турат Сетертай: — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, Күмбөздөн мында келерде, Жумшадыңыз сиз мени, Сен ордого баргын, деп, Эси жок катын Чачыкей, От койуп кокус жиберет, Аңкаарыгын аны, деп. Буйрукту сенден алгамын, Токтобой жетип баргамын Желбегей желек жамынып, Турган экен Чачыкей, Учурап ага калгамын. Мени көрүп турбады, «Келдиби-кеткен элдер, деп, Канчоро хан канаке, Качан келет үйгө», деп, Ал кара бет сурады. Анда туруп мен айттым: — Сен Чачыкей, сурадың, Ээси келди Таластын, Арбагы колдоп Манастын. Гүлүстөндөй шер келди, Артыла тууган атадан, Сейтек сындуу эр келди, Айдай Чүрөк уз келди Өлжо башы Кутубай, Аа кошулуп бир келди. Олуйа Бакай хан келди, Каныкей энем ал келди, Алтымыш балбан дегенди, Жолборс бала Сейитек, Ана-мына дегиче, А дүйнөгө жиберди. Канчорого Гүлчоро, Канча акыл кеп берди, Ала турган жесириң, Чачыкейди ал, — деди, Алыңды айтып Сейтекке, Аман-эсен кал, деди. Гүлчоронун кебине, Канчоро эриң кирбеди. Карсылдашып жарым күн, Жер зынданга киргени, Айтып кебин болгуча, Ирмебей кирпик тиктеди, Мен басыла түшкөндө, Кабаган иттей каңк деди, Ыргып кетип элечек, Томолонуп шалк деди, Бүгүн болду төрт күнчө, Үйүнө басып кирбеди. Ит болуп үрөт арсылдап, Каткырып кетет карсыладп, Оозунан көбүк куйулуп, Буура болот шалкылдап, Жүрүп кетет жылаңач, Эки санын чапкылап, “Ит абдалдан коркот”, деп, Кеткени жок ит талап, Ар кайсы үйдүн алдына, Келип калат аш сурап, “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, Ой, Каныкей, Каныкей,” Деген кеби ушгулат. Андан башка кеп кылбайт, “Хан Канчоро кана?” деп, Көчүгүн ташка лак койуп, Алаканын шак койуп, Көктү карап каткырат, Күлүп атып томсорот, Ыйлап кетет шолоктоп, Жылаңайлак, жылаңбаш, Көйнөк–ыштан кийбеген, Карандай өзү жылаңач, Жулуп жатып жок калды, Башындагы чыккан чач. Маашанын баары чачылат. Аарынын баары чогулат, Кара чымын комоктоп, Кескелдирик, көк кене, Бөйөн, көгөн, дагы бар, Чагуучу жандын баары бар, Чачыкей жайы ушундай, Деп бүтүрдү бар кебин, Кайтарып жүргөн Сетертай. Кабар берген калкына Аттуу баштуу жалпыга, Миңден ашык эл келди, Кары-жашы тең келди, Чакыртып келди Керменбай, Кептин жайын билгендин. Каркылдап Бакай башында, Каныкей турат кашында, Эки колу бүгүлүп, Абасына жүгүнүп. Айчүрөк бар алдында, Хан Сейитек, Гүлчоро, Керменбай бар жанында, Кирип чыгып Сетертай, Бирге жүрөт Каргалдай, Андан башка кишилер, Артынан басып бара албай. Гүлчоро айтты бир кезде: — Торсолдой ага канаке? Алып келгин бул жерге. Торсолдой келип коргонго, Дарбазадан киргенде, Кабылан Бакай, Каныкей, Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, Муну көргөн Чанданбай, Кадырлуу болгон калгандар, Кара жандан түңүлүп. Торсолдойду хан Бакай, Кармап колдон жетелеп, Каныкей келет эңчеңдеп, Гүлүстөн келет жанашып, Көргөндүн баары карашып, Кызыл тилдүү Керменбай, Сетертай менен Каргалдай, Сетертайдын багы деп, Айтып жаткан дагы бар, Торсолдойду кара, деп, Суктанганы дагы бар. Торсолдой менен Сетертай, Өткөрүп койгон кызматты, Аны булар биле албай, Өзүнүн ордун тапты деп, Ажыбайдын Керменбай, Эл чуркурап айтышты. Абаң Бакай, Каныкей, Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, Торсолдой менен Кутубай, Сетертай менен Каргалдай, Оболбекти эшиктен, Чакыртып келди Керменбай, Сейитектин үстүнө, Барып кирди булар жай. Такта олтурган Сейитек, Оң жанында зор Бакай, Сол жанында Гүлүстөн, Бакайдын ары жагында, Аташканы айкөл шер, Атанган энең Каныкей, Гүлчоронун жанында, Айдай жеңең Айчүрөк, Кат жазуучу үстөлдө, Жалгыз өзү Керменбай. Бай Кутубай, Торсолдой, Сетертай менен Каргалдай, Оболбек – булар бир катар, Башын өөдө көтөрүп, Керменбай эми муну айтар: — Атадан калган алтын так, Асыл Сейтек, ээ болдуң, Ата конуш Таласка, Он күнчө болду конгонуң, Кечиктирбей элиңдин, Бардык ишин оңдогун. Элден азып сен кеттиң, Айчүрөктөн башкабыз, Баш көтөрбөй сенделдик. Олуйа Бакай төө бакты, Унаа минбей жөө бакты. Каныкей энем торпокто, Торпок эмес токмокто. Гүлүстөндүн далысы, Кечирлери кесилди, Кулгуна болуп ириңдеп, Бүткөн бойу тешилди, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Бүгүн кайра жеткизди. Болжоп жүрдүм Таласта, Айдай жеңем Айчүрөк, Сени үч жыл көтөрдү, Арамкор Кыйаз шек санап, Электен далай өткөрдү. Айаш атам Момунжан, Кашкардагы Токто сарт, Чүрөк жеңем келтирди, Бириңдин жараң бүтүрдү, Бириңди бойго жеткизди, Айла менен амалдап, Таласка кайта келтирди. Кастык кылган биздерге, Канчоро менен Чачыкей – Баштыгын кандай кыларбыз? Канчоронун тушунда, Бийдин бири Оболбек, Элди айап калам деп, Күндө жүрдү токмок жеп, Уктабай өттү кырк күнү, Күмбөздөн тосуп алууга, Ой-тоодон элди жыйам деп, Келе турган мейманга, Айлынча кызмат кылам деп. Тиги турган Сетертай, Ордонун башы болгондо, Бийик өкүм колунда, Экөө бирге турганда, Дагдаарып көөп кетпеди, Ойунда сактап бул жүрдү, Айчүрөк айткан кептерди. Эрекче мунун кызматы, Кыйаз мында келгенде, Кабарды мурун айтканы, Ырас чынын айтканда, Таластын тузун актады. Ыйлап жүрүп Торсолдой, Чечекейи акканы, Бала да болсо Каргалдай, Абам менен энемди, Алы эле келсе бакканы, Гүлүстөн мында келгенде, Үйүндө үч күн жатканы. Кутубай ага Таластан, Жети суу барып кул болду, Жакшы –жаман күндөрдө, Силер менен бир болду, Бирге барып бир келди, Бул өңдөнүп ким келди? Канчоро менен Чачыкей, Жазаны кандай беребиз, Кеңешине келели. Керменбай айтса кеңеш кеп, Бардыгы турду ырас деп. Баш көтөрүп ошондо, Хан Сейитек айтат кеп: — Керменбайдын кеңеши, Өтө сонун кеп экен, Мен билүүчү кеп болсо, Баарыңарга эп болсо, Канчорого кеп болсо, Каркылдап карап турганда, Хан абам билсе эп экен. Мени оозуна албайт, деп, Көөнүнө албас энекем, Мага берер билгини, Талашпас менден эжекем, Атанын жүзүн көрбөдүм, Чоң энем менен чоң атам, Бүгүн жүзүн мен көрдүм, Бала кезден бер жакка, Абакем Гүлүс көргөнүм, Биле албайым абамдын, Кандай кеңеш берерин. Анда Гүлүс муну айтат: — Жарым ооз кебим бар, Жалпы баарың угуңар, Ырайдан жанса Канчоро, Ага ырайым кылыңар, Жаман болбос мунуңар, Жакшы берди кеңешти, Абам Бакай билсин, деп, Хан Сейитек уулуңар, Энем менен жеңекем, Акырында ушулар. Сүйлөбөй баары токтолду, Каргылданып Каныкей, Айта турган окшонду: — Сейитектин кебине, Мен ыраазы түбүндө, Мунабу турган Бакайга, Манас билги талашпай, Берип жүргөн күнүндө. Береги Талас турмайлык, Бейжинде белдүү Коңурбай, Элчилешип келгенде, Ошону билген зор Бакай, Бакайга билги бергенге, Эми болду көөнүм жай. “Теңири бирге теңтуштун, Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, Канчоронун кылыгын, Гүлүсүм анын бири дейт. Ырайдан жанса арам ит, Көзүңөр көрүп турарсың, Жанбай койсо ырайдан, Бир чарасын кыларсың. Бейжиндеги урушта, Жоголуп Чубак кеткенде, Ыйлаган Манас деп угам, Атасы Чубак арбагы, Ыраазы болсун биздерден, Сабыр кыл, Чүрөк, деп турам. Бакай айтат ошондо: — Мен билүүчү кеп болсо, Баарыңарга эп болсо, Сейитек элдин жүрөгү, Гүлчоро элдин тиреги, Ак калпак кыргыз эл калбай, Гүлчоро келер бекен деп, Күндө тилек тиледи, Керменбайга мурунку, Семетейдин барында, Гүлчоро ордун берели.