← Сейтек 3/3

— Эл кыдырып келсин, — деп, Чыккынчы болот ушундай, Кыргыздын баары көрсүн, — деп, Бирине-бири кас болбой, Ынтымактуу жүрсүн, — деп. “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, Бузулбаса ынтымак, Дөөлөттү бузуп ким кууган? Бул Канчоро кара ниет, Өздөн чыккан жат болду, Сегиз күндө келгиле, Өзөктөн күйгөн өрт болду, Калганын кийин көрөрбүз, Бакай айтып токтолду. Оболбек менен Сетертай, Төрттөн киши койгун деп, Оргу-баргы чоголдон, Ошондой киши болсун деп, Чоголдон таап сегизди, Таманын жерге тийгизбей, Айдатып жолго киргизди. Кыдыртып элди айдады, Барбаган айлы калбады, Күнү айдап төрт бала, Түнү айдап төрт бала, Түн айдаган күн уктап, Күн айдаган түн уктап, Күнү-түнүн эсеби, Жарым ай жүрдү таскактап. Иттер келип такымдап, Жырып кетти эттерин, Караган-бута, токойлор, Жарып кетти беттерин. Таманга тери калтырбай, Калдырак кара таш тилип, Күнү-түндө бир чөйчөк, Сууну койот ичирип. Он алты күн толгунча, Ороодой көзү олойду, Конжурга сөөгү коройду, Кабыргасы саналды, Күнгө катып төө тери, Сөөгүнө барып кадалды. Көзү турат жылтырап, Чыкпаган араң жан калды, Мөөнөттүү күн бүткөндө, Кайра айдап алпарды, Айылга айдап барганда, Ойноо балдар ташка алды. Катындар мурдун чүйрүшүп, Кыңырак алып кемпирлер, Эшикке чыга жүгүрүп, Саксалаңдап абышка, Шибегеси колунда, Кескилеп кетмек бир демде, Тим койсо элдин ойуна, Алып барып байлады, Байагы темир кадаага. Бир күн туруп Канчоро, Сейитек, Бакай, Гүлчоро, Күмбөзгө кеткен ошондо. Айчүрөк менен Каныкей, Ат жетер жерден алдырып, Элди арбын жыйыптыр, Жерге төгүп алтынды, Чөккөн төөдөй кылыптыр, Ошол кезде Каныкей, Элге айтып туруптур: — Тилинен тартып өзөккө, Ич этине тийбеңер, Өлүп кетет тийсеңер. Этинен кесип келгиле, Таразага салалы, Ошончо алтын алгыла. Эркек киши болгондон, Барбады бирөө жанына, Кыңырак, канжар, кестигин, Ташка кайрап алышып, Кескилеп кирди тирүүлөй, Катындын баары талашып, Таразага салышып, Тартып алтын алышып, Өзөгү сак өлбөстөн, Канчоро турат кайышып, Кубалап чыкты аларды, Гүлчоро, Бакай, Сейитек, Талаадан келип калышып. Каныкейден кеп кетип, Тепелең деген бир келин, Чуркаган бойдон ал жетип, Көрүнүп турган өпкө-боор, Ичеги, карын, жумурун, Беш жеринен кескени, Канчоро өлүп кетти эми, Кылчайып туруп ошондо, Каныкей айткан бир кеби: — Өлүгүн таштап салбаңар, Кескилеп алган эт да бар, Иттин тиши тийбесин, Ит убалын кантебиз? Жерге сөөгү жатпасын, Жер убалын кантебиз? Көр каздырып койбоңор, Көр убалын кантебиз? Чөпкө жини түшпөсүн, Чөп убалын кантебиз? Билбей жесе айбан мал, Мал убалын кантебиз? Жалпак таштын бетине, Жалындуу отту жагыңар, Сөөгү менен эттерин, Жалпы баарын салыңар. Күлүн жерге түшүрбөй, Самаркан карай кетүүчү, Жазыктын кызыл шоруна, Отуз жолдун оозуна, Тогуз жолдун тоомуна Алпарып кумга көмгүлө, Үстүнө таштап үйгүлө. Таштын бетин метилеп, “Чыккынчынын өлүгү Канчоро жалгыз бейит” деп, Кат жазып койуп келгиле. Элден калган кеп экен, Ошол чактан ушул чак: “Канчорону каргайлы, Жалгыз бейит” дээр экен. Адашып кеткен Сейитек, Атанын тапты конушун, Аралап келди жер көрүп, Жетитөрдүн баарысын. Бир күндөрү болгондо, Көөнү эргип толгондо, Орусхан кызы Гүлнарды Ойуна алды ошондо. Жабдынып калды Сейитек, Орусханга барам, деп, Аңсаганым Гүлнарды, Алып келе калам, деп, Кайнатам Орус баласыз – Эркек уулу жок экен, Учурашып жанам, деп, Каргалдайды баш кылып, Жолдош алды үч киши, Гүлчоронун Акбала, Аны алып жанына, Аттангалы жатканда, Кабарга келди бир бала. Керменбайга жолугуп, Айтып турат ал бала: — Эр Сейитек баатырдын, Ырысы өтө чоң экен, Тосолгосу жок экен, Ачык жолу шар экен, Алган зайбы бар экен. Аркар карап, мал карап, Бир дөбөдө отурсам, Дүркүрөп чыкты бир топ жан, Арбын мал бар айдаган. Жортуулчу келген экен деп, Ашыгып калдым мен жаман, Аңгычакты болбоду, Төөлөрдү чиркеп колбутуп, Көчү чыкты аркадан. Андан бери карасам, Чатырды көрдүм талаадан, Кетейин деп жөнөсөм, Туш-тушумдан ат койуп, Адамдар чыкты аламан, Сийдигим булут айланып, Куурулуп калды заманам. Качарга айла таба албай, Туруп бердим дөбөгө, Алдыма келген жигиттер, Кийгени темир күрөөкө Токтолуп турду кеп сурап, Кайсы жер болот, деп сурап. Талас деген жер дедим, Кыргыз деген эл дедим, “Биле алдыңбы, сен бала, Сейитектин келгенин?” Аңкоосунуп ал жерде, Сейитек деген ким, дедим. “Семетейдин Сейитек, Таласка келип алам деп, Кеткен эле күйөөбүз. Улугубуз Орусхан, Кошуп берип Гүлнарды, Бизди мында жумшаган. Ай эсептеп, күн санап, Болжоп жүрүп Орусхан, Таласка келип конду, деп, Канчоро менен Кыйазды, Талкалап такыр болду, деп, Айткан эле биздерге, Гүлнарды алып көчүрүп, Келатабыз бул жерге”. Анда туруп мен айттым: — Андай болсо, агалар, Сейитек биздин ханыбыз, Жыргап калдык баарыбыз, Жашы менен карыбыз, Силер жатып тургула, Биз кабарга баралык. Андыктан келдим коргонго, Сейитек хандын алганы, Короолош коңшу болгонго. Отуз төөдө жүгү бар, Беш жүз ашуун жылкы бар, Эрди-катын жыйырма жан, Кулу менен күңү окшойт, Мен көргөнүм ушул деп, Бүттү бала айткан кеп. Ордого кирип Керменбай: — Ачкан колуң жабылды, Издеген жогуң табылды, Урумдук келип көчүрүп, Алган Гүлнар зайбыңды. Энчиге беш жүз жылкы айдап, Отуз төөгө жүк камдап, Отунчу менен казанчы, Санаты жыйырма экен, дейт, Чоңтескей келип конду, дейт, Бир бала келди кабарга, Маа айтканы ушул кеп. Сейтек угуп кабарды, Ордого түшүп жай алды, Аттанбай кайра түштү, деп, Көргөн элдер таң калды. Акылман туулган Керменбай, Алдынан улак алпар, деп Кырк баланы куптады, Келинден тандап ыктуудан, Кишиге жакын шыктуудан, Так отузду жумшады. Акбаланы бар, деди, Өзүң, жеңе, баш болуп, Алып келе кал, деди. Эркектер улак тартышып, Урумдан келген кыргыздын, Эбедени эзилип, Эт жүрөгү жетилип, Түйүндүү сыры чечилип, Жандап келип келиндер, Акбаланы көрсөтүп, Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, Башкага чылбыр карматпай, Атын алды жүгүрүп, Көчүрүп келип Гүлнарды, Коргонго алды түшүрүп, Урумдун элин узатты, Он-он беш күн күтүшүп, Кулу менен күңүнү, Калтырбады бирини, Жалгыз бала Сейитек, Бир закматы болор, деп, Айдай катын Айчүрөк, Баарын кайра кетирип, Кул-күң болуп келгендер, Көңүлү өстү жетилип. Кетпеймин деген немесин, Айылын башка кондуруп, Саанын берип тундуруп, Кулдуктан башы кутулуп, Ойноп калды туйтунуп. Муну мындай таштайлы, Төлгө кылып Каныкей, Дөө Кошойдун Тайтору Чапканынан баштайлы.