← Сейтек 5/11

Айбандан күлүк Суркойон, Чабына батпай суурулуп, Айтканча сөздү эр Гүлүс, алдынан чыкты жулунуп: — Ой, Каргалдай, кантесиң? Качып кайда кетесиң? Эки күнү бир үйдө, Туздаш болдук, Каргалдай, Эки күндүк коногуң, Не болдуң мени тааныбай? “Атымды билип алды, — деп, Мен көрбөгөн бу киши, Кантип билет мени? – деп, Аты жок конок жөө эле, Чапаны жаман төө жабуу, Эч бир тарпы жок эле” Деп ошентип Каргалдай, Кутулуп кетер айла жок, Атынан түшүп жөө басып, Каргалдай бала келди эле. Ачылып үнү шаңк этип, Маңдай тиши жарк этип, Арстан Гүлүс күлдү эле. Каргалдай байкап караса, Түндөгү конок өзү экен. Тааныбай калган иш экен, Атасы айткан Гүлүстөн, Өзү ушул киши экен. — Каргалдай иним, жакын кел, Керменбай айлы кайсы жер? Жан кишиге туйгузбай, Ушул жерге баштап кел. Каргалдай кетти чапкылап, Алдында минген атынын. Борбуйдан тери тамчылап, Ого бетер Каргалдай, Үстү-үстүнө камчылап, Керменбай айлы бар жерге, Кой эти бышым келди эле, Салам айтып эшиктен, Каргалдай бала кирди эле, Кирген жерде Керменбай, Кеп барлыгын билди эле: “Каарына алып Канчоро, Каргалдайды жиберди, Жер алыстан угуп кабарды, Айткалы мага келгенби?” Керменбай ойдон өткөрдү, Мына ушундай дегенди. Дасторкондо Бакай бар, Табак толгон тамак бар, Каргалдайдын колуна, Суу куйдурду Керменбай, Дасторконун жыйганда, Бата-дуба кылганда, Оорукта жаткан элдерден, Каргалдай айткан кеп экен: “Тандалып далай эр келген, Үчкошойдун бөксөгө, Аң-кийиги көп экен, Биз менен бирге болсун, деп, Мени сизге жиберген, Жатып албай ал жерде, Түн бойунча кел, деген. Бастыралы, бий аке, Кийинирээк айтармын, Дагы кебим бар эле. Шашкалаңдап Каргалдай, Кооп турат олтурбай. Керменбайдын Суутөкпөс – Жоргосун бар байлалуу, Ээр-токуму шайлануу. Кементайын жамынып, Керменбай жүрдү камынып, Алдында барат Керменбай, Суутөкпөстү салдырып. Керменбайга жакындап, Каргалдай барат какылдап, Арам өлгөн Суутөкпөс, Караансыз барат закымдап. Гүлчоро жаткан жерине, Кирип келди чукулдап. Ай караңгы түн эле, Эр Гүлүстүн Суркойон, Сүттөй жүнү ак эле. Суркойон көрүп Керменбай, Атынан түшө калды эле: “Айкөл атам арбагы, Ашкере бүгүн колдодуң, Аман-эсен келдиңби, Арстан, Гүлүс жолборсум? Айрылып кайда калды экен, Айдай жеңем жолдошуң? Тулпардан калган туйактын, Тунжурдан калган чунактын, Кабарын айтып койорсуң. Сагызган ийин чап канат, Жаралдыбы чунагың? Бозумун түлөп жетилип, Тарандыбы чунагың? Мөмө бүтүп алма шак, Боло алдыбы чунагың? Бутагына куш сайрап, Коно алдыбы чунагың? Ата наркын - түп наркын, Тарта алдыбы чунагың,? Жакын менен ыраакты, Көрө алдыбы чунагың? Кимдер жакын, ким алыс, Биле алдыбы чунагың? Амалсыз көндүк ар ишке, Амири ошол кудаанын. Ашып кетти беш жылдан, Абамды көрүп бир сапар, Коргонго басып барбадым. Тармалсаздан энемдин, Караанын көрдүм, элестеп, Башымды өөдө кыла албай, Карабадым жер тиктеп. Күн бүркөлүп жааганда, Булут каптап калганда, Жеткайтка кетсек деп, Элдер айтып турганда, Коргондогу Сетертай, Жеңемдин жүктүү болгонун, Жайын айткан туйдурбай, Ээн калат Талас деп, Элди араң токтоттум, Кечигип кетип жолборсуң, Алаштын элин боздоттуң! Элдин бийи Сетертай, Хандан келген кабарды, Калайыкка угузбай, Мага барат туйгузбай, Кеп-кеңешти кылабыз, Баш калкалап күн кечип, Мына минтип турабыз”. Керменбай айтып басылды, Баатыр Гүлүс эрендин, Тамагы эми ачылды: — Таалайыңа, Керменбай, Талап кылган уулуңар, Мөр байлаган тал болду, Сууда жүргөн сал болду, Таластан азып баргандар, Жетисууда мар болду. Кылган ишим ак болду, Агаң Гүлүс сак болду, Аттанып жолго жүрүүчү, Азык камдар чак болду. Эсептеп айды кармадым, Күндү бирден санадым, Башоонанын он беши, Бейшемби күнгө карагын, Акылың бар Керменбай, Дайарлангын, турбагын, Эл аралап баргының, Эстүүгө кабар салгының, Башоона айдын он беши, Белегиң менен жеңеңди, Күмбөздөн таап алгының! Карабасын малына, Калбасын киши жанына, Бурулбастан түз өтсүн, Канчоронун айлына. Капташкан андай учурда, Кан кечүүдөн кайгырба, Каныкей энем, хан Бакай, Ал экөөнө туйдурба. Жумушуң кетсе оңуна, Тизгиниң тийсе колуңа, Катын-бала калбасын, Калбай түгөл бүт барсын, Алып келгин, Каргалдай, Чулкулдаган чаначың”, Айтып кебин эр Гүлүс, Чаначтан суусун ичишип, Үчкошойго жарашты, Гүлчоро менен Керменбай - Экөө басса ээрчишип, Гүлчоро айтты балага, Айрылар чак жетишип: “Торсолдойго салам де, Менин келип кеткеним Түк кишиге билдирбе”. Эр Гүлүстөн шаттанып, Суркойон минип аттанып, Жетисуу карай оң тартып, Керменбай менен Каргалдай, Ал экөөнө кош айтып, Туура тартып кылт берип, Ачып көздү жумгунча, Белден ашты жылт берип. Аркасында чаң калды, Айбанда күлүк сур аттай, Төрт айактуу мал барбы? Эчен артуу бел калды, Чалкак-чалкак төр калды, Будурмак кара тоо калды, Бурулган эчен коо калды, Жайылып жаткан түз калды, Жаркыраган суу калды, Чалкалаган бел калды, Токойу калың чер калды, Айланма кара тоо калды, Аңырайган коо калды, Түгөнгүс узун жол калды, Кайберен тобу мол калды, Какшыган канча чөл калды... Күмүш булак керүүгө, Арстан Гүлүс барганы, Абакем качан келет, деп, Сейтек бала саргарды. Сейитекке Гүлүстөн, Барганынан келгенин, Баарысын айтып берди дейт. Гүлүстөн менен Сейитек, Ортого койуп кеңеш кеп, Сейтекке айтты мындай деп: — Сен Кыйазга барып кел, Жеңеме кеңеш салып кел, Тооторуну Кыйаздан, Ажыратып алып кел, Башоонанын он беши, Таласта болчу күнүм, деп, Сен жеңеме айтып кел. Ашык-кем болуп калбасын, Таласта элдер козголуп, Биз кечигип жок болуп, Канчоро кырып салбасын. Сейтек кетти аттанып, Койчабдар менен жол тартып, Кыйазга барып көрүшүп, Сейтек менен Айчүрөк, Ички сырын билишип, Кыйазга айтат Сейитек: — Менде турат бир аз кеп, Орусхан кызы Гүлнарды Көчүрүп келсек канетет? Урумга барып келгели, Арадан алты ай күн өттү, Аа кошулуп түн өттү, Урумга жетип барайын, Көчүрүп келе калайын. Ээрчип келген катын, деп, Кыз-келин айтып калбасын, Сен экөөң байка айагын. Келиниң кирип ар күнү, Башын ийип жүгүнсө, Атам Кыйаз саа урмат, Келинди жумшап олтурса, Эжекеме да урмат. Айтып болуп Сейитек, Ордодон чыгып аттанат, Минип туруп атына, Сейитек жана муну айтат: — Эжеке Чүрөк, угуп кал, Келинди тосуп барганда, Тооторуну минип бар, Келинди келсең көчүрүп, Чоң улак берер иши бар. Тоотору минсе Сейитек, Алып келер жайы бар, Кыйаздын ташы чыңк өөдө Кулап турган чагы деп, Айтылып калар жайыңар, Унутуп калбай, эжеке, Бул кебимди угуп ал. Ушуларды айтып – деп, Жүрүп кетти Сейитек. Гүлчоро жүргөн камынып, Жаанын огун белендеп, Жолду карап жүрүүчү, Бүгүн-эртең келер деп. Сейтек келип кошулуп, Суусун ичип олтуруп, Кыйаздын жанын сактаган, Кара аркарды атарга, Жалгызкөз алтын булакка, Түнүнө сактап жатарга, Эки баатыр барганы, Бала жолборс Сейитек, Ошондо кебин салганы: — Айланайын абаке, Мен калайын бул жерде, Эре менен Середе, Суу ичкели келет деп, Айтты эле бу жерге, Өзүң сакта чоң жолду, Ордого кетчү туу белде. — Уктап калба, чунагым, Аттырбай кетет кара аркар, Өткөрүп ийсең убагын, Талашып сенден кантейин, Белде тосуп турайын. Сейтек калды булакта, Атын байлап ыраакка, Гүлчоро кетти бел жакка. Түштө турган Сейитек, Таттуу уйкудан кечкени, Таң агарып аткынча, Жылдызды санап жатты эми.