← Сейтек 6/11

Ободо жылдыз жылыштап, Айдагандай башбактап, Чыгыш жактан азайып, Суйулуп жылдыз баратат. Жылдыздын баары сыйлыгып, Батыш жакка жыйылып, Таң агарып көрүнүп, Келин каш болуп сүзүлүп, Күдүң болгон кези эле, Күдүңдө чуркап кара аркар, Булакта сууга жетти эле. Демеп суудан иччү эмес, Башын суудан көтөрсө, Эңиш тартып бул аркар, Чуу койгон бойдон кетчү эле. Арам өлгөн кара аркар, Сууга кирбей делейип, Ок жеткис туруп окчундап, Тиктеп тыңшайт селейип. Кайра басып тоо жакка, Кетип калчу кептенип, Аккелте кеткен абаңа, Алмабаш калган Таласта, Эр сыргактын Сырбараң, Олжого берген Канчоро, Ойрон болгон Кыйазга. Асыл Сыргак бараңы – Сырбараңды бетке алып, Машааны кармап колго алып: “Сууга келбей бул аркар, Кетип калар бекен? – деп, Тартып ийсем машааны, Жетпей калса Сырбараң, Арамзада бул аркар, Ооруктагы Кыйазга, Сызып барар бекен? – деп, Сырбараң менен атты деп, Айтып барар бекен? – деп, Атканым болор бекер?” – деп, Сабыр кылып токтолду, Имерилип кара аркар, Сууну карай октолду. Сууга башын салыптыр, Тумшугун толук малыптыр, Анткен менен түгөнгүр, Утур карап алыптыр. Сүрөө бута жер алыс, Жыдыманга илинбей, Кылдай болот карарып, Мылтыгын тартпай Сейитек, Мээлеп турат мелтиреп. Байкастаса кара аркар, Төрт айагын жыйнады, Башын өөдө кылбады, Кирет деп далда секирсе, Дайарланып калганы. Эки колун көтөрүп, Эки бутун тарткынча, Мылтыгын тартпай Сейитек, Машааны тартып калганы. Жандай тийип Сырбараң, Капталда тери салаңдап, Жолго түштү кара аркар, Эңиш тартып дардаңдап, Бараңдын үнүн эр Гүлүс, Байкап угуп алды эле, Жандата атып салды, деп, Көрүп турган немедей, Анык билип алды эле. Турнабайды колго алып, Карап турат Гүлүстөн, Келер жакка көз салып. Тиктегенин көргөн кул, Тилегенин берген кул, Тигилгенин жеңген кул, Аңсаганын алган кул, Айтканы кабыл келген кул – Алмамбет уулу Гүлчоро, Анык жайы мына бул. Карап турса калдайып, Көкойроктун урчуктан, Кара аркар чыкты дардайып, Келе жатат тарбаңдап, Капталынын териси, Жерге тийбей салбаңдап. Жебени керип керичке, Дайарланып турду эле, Келе жаткан кара аркар, Суркойон изин көргөндө, Жолун салып башкага, Башын ылдый бурду эле. “Жазгырмак болду, мени – деп, Кырчындынын бойунан, Жолун тоссом бекен, — деп, Арасы алыс тоорулуш, Кара аркарга чаппасам, Ат айабай бекемдеп, Кырчындыдан тостурбай, Өтүп кетсе балакет, Кыйазга качып жетер, — деп, Туйдурбай туруп көр Кыйаз, Чүрөктүн башын кесер, — деп, Тоотору менен закымдап, Көз ачкынча жетер” – деп, Койуп барат Гүлүстөн, Төрт айагы тийген жер, Жер очоктой казылып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Шамалда чаңы сүрүлүп, Аткан таңдай түрүлүп, Айабай жөнөп алыптыр, Урчуктан барып из чалса, Өтүп кетип калыптыр! Топуракты караса, Аш кайнамча алдында, Өткөндөй кейпи көрүнөт, Жерди болжоп караса, Маңдайдагы таш белден, Аша электей билинет. Шамалдан бетер зыркырап, Жол колоттун оозуна, Жолборс Гүлүс жеткени, Кыйа тартып токтолуп, Ташмойнокту тиктеди, Элеси көзгө илинип, Мойнокко аркар аз калды, Эки арыштап жеткели. Эки арыш алдын болжолдоп, Жебени тартып жиберди, Керичтен жебе зыр деди, Арыштаган аркардын, Колу жерге жеткени, Ооз омуртка айдардан, Жебе таарып өттү эми. Арстан Гүлүс ошондо, Атасы айкөл Манастын, Алмамбет султан көкжалдын, Көзүр Чубак, Сыргактын, Арбагына жалынып, Дагы барбы манты, деп, Куткарбайын аны деп, Сыздырып койуп баратат, Чыңк өөдөдө сур аттан, Зырылдаган куу чыгат. Аркарга жетсем экен, деп, Арстан Гүлүс көкжалың, Шашып кетип баратат, Арыштаса Суркойон, Канаттууну өксүтүп, Ашып кетип баратат. Аркарга жетсе эр Гүлүс, Аркар жатат үксүйүп, Гүлүстөн барып түшкүчө, Жылан болуп жыйрылып, Бака болуп чогулуп, Аттан түшүп болгуча, Өзгөрүп болду кара аркар, Алты түрдүү кубулуп, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Сыйкырдын сырын билчи эле, Топуракка дем салып, Үстүнө чачып койду эле, Кубула албай токтолду, Амал кылып кара аркар, Кутуларга жок болду. Түшө калып Гүлүстөн, Боорун жарып өт алды, Кардын жарып карады, Кол башындай сандыкты, Чатынан издеп таап алды. Сандыкта бар эки эшик, Кичинекей бир тешик, Эр Гүлүстөн караса, Карабашыл чымчыктан, Үчөө турат жанаша. Сарала чымчык үч экен, Кызыл чымчык бир экен, Баш-айагы жети экен, Сыйкырлап жети чымчыкка, Кара аркарга кайтартып, Амалдап жүргөн кеп экен. Сандыктын оозун бекитип, Аркарды сойуп белендеп, Гүлчоро антип турганда, Сейтек келди элеңдеп: — Айланайын абаке, Алдатып койуп аркарга, Аталбай калдым аркада, Жабыр тартып абаке, Жаман калдың жапаада. — О кулунум Сейитек, Гүлчородой абаңдын, Бүгүнкү тарткан жабыры, Эч канчалык иш эмес, Кутулуп кетсе кара аркар, Ошондо болмок мүшкүл кеп. Кутулса аркар аттырбай, Аркар айтып барганда, Айчүрөктү сойбойбу, Жарты ооз кебин айттырбай, Жанын башка которуп, Жармашпайбы биздерге, Кабар берсе Таласка, Канчоро келет бул жерге. Кагышып жүрүп канчалык, Кан төгүлүп анчалык, Каныкей менен Бакайдын, Канчоро келет болуучу, Кесип башын байланып. Абамдан мурун айрылсак, Каныкей, Бакай, Чүрөктөн, Эми бүгүн айрылсак, Ишибиз кантип оң келсин?! Сүйүнгөндөн чыдабай, Атып алып аркарды, Суу куйула тердедим, Ушул жерде туралы, Эрмек кылып азыктап, Бул кудайдын бергенин, Чукул болду келерге, Амал кылып айла таап, Тоотору минип жеңемдин. Аркарды сойуп эт кактап, Кандыра тузга көп чыктап, Жеп турушсун бул экөө, Муну койо туруңуз, Айылда калган Чүрөктөн, Алынан кабар угуңуз. Болжолдуу күнү Айчүрөк, Кыйазга карап эркелеп, Шашмалап калды эртелеп: — Ханым, Кыйаз, кебим ук, Колуктум алып келем деп, Уулуң кетти удургуп, Көчүмдө тосуп баргын деп, Айтып кетти бурулуп. Тууганды тууган алабы? Душман үчүн Орусхан, Уулуң кызын алганы, Алдынан тосуп баралы, Табалатып душманга, Уйат кылып салбайлы. Анда Кыйаз муну айтат: — Өзү барып Сейитек, Өзүнчө алган катынын, Ээрчитип үйгө келбейби, Картайганча токтонбос, Мен көрбөдүм сендейди! Токтоло калып Айчүрөк: — Арам Кыйаз, не дейсиң?! Карыганча Айчүрөк, Токтонбодуң сен дейсиң! Саа келгели санасам, Так он эки жыл болду, Жаштык кылып шалкылдап, Бир тойго барып койдумбу?! Эч болбосо эр туруп, Жакшылык менен жамандык Бирөөнө барып келгин деп, Ат токуп берип койдуңбу?! Көөнүнө алат Кыйаз деп, Аш-тойдо жүрсөм шалпактап, Көргөнгө болот уйат деп, Үйүңдө жүрдүм чыкпастан. Көз каранды болупмун, Атыңды минип нетейин, Тооторудай бир атты, Мен минбеген экенмин! Семетейдин доорунда, Кийим менен жүрөмүн, Жаңырып калсын ийни деп, Эгин алып бербедиң, Куру да болсо кубантып, Бир айтууга келбедиң, Сөөгүмөн кетпейт бүгүнкү, Мага айткан куу кебиң! Куу кебиңди айткандай, Мен айылга барам дебедим! Агасы жок алдында, Иниси жок артында, Карындаш жок, эже жок, Жалгыз болду Сейитек, Жалгыз кетти Урумга, Катын алып келем деп. Айтканга алың келбеди, Кудагый болуп калдайып, Сен алышып келгин деп! Жедигерден бир бала, Ээрчитип берген жериң жок, Же жалгыз барба, балам, — деп! Алдынан тосуп барайын, Келинди десем, сен Кыйаз, Токтолбодуң Чүрөк деп, Бул айтканың кайсы кеп?! Билгич киши сен болдуң, Билимсиз киши мен болдум, Укмамыш болуп келайтам, Суук сөзүң койбодуң! Ырас ачуум келгенде, Атадан билги талашкан, Кара мүртөз жан элем, Кыйалымды бурбасам, Кылгылыкты кылбасам, Ата-баба – кубар сан, Кыргыздан кеги кетпеген, Каңгайды карай жылбасам!