← Сейтек 7/11

Карылыкты жойбосом, Он сегиз жашта болбосом, Которуп атым койбосом, Кузгундай кылып көзүңдү Олойтуп чукуп сойбосом, Чүрөк атым курусун! Карыган Чүрөк кыз болуп, Калкылдап учуп жүргүнчө, Аккуу кебин кийбесем, Жалгызекке тийбесем, Тузуңа сенин сийбесем, Чүрөк атым курусун! Булкунуп басып Айчүрөк. Асылуу турган аккуу кеп, Колуна алды Айчүрөк. Түндүккө конгон куш болду, Билгенге кийин иш болду, Куруп калган Кыйаздын Ичине кызыл кан толду, Айткан кеби бул болду: — Андай эмес, Айчүрөк, Ысык эрди-катында, Далай болот кызык кеп. Кыйык таап кетем деп, Мунтип туруш жакшы эмес, Сен кетсең катын жок эмес, Кыйазды таштап кетти деп, Кылым эл укса уйат кеп. Токутуп минсең тору атты, Айткан жерим бар беле, Койгун, Чүрөк, минбе деп? Буулумду кийсең кулпунтуп, Короодон берсең кой сатып, Өрүштөн атты карматып, Уйдан берсең айдатып, Нардан берсең тандатып, Кой деген жерим бар беле? Сага алып мен бербей, Мага алып сен бердиң, Тигип берсең кийгемин, Бербесең кийбей жүргөмүн, Кийбесең өзүң билесиң, Аны кайдан билбейин? Урумга кетти Сейитек, Ээрчитип жолдош албады, Жаш балдардан жүрү деп, Айтканы жок же бизге, Бириң кошо баргын деп. Баргының деп айтпаса, Кантип айтам Айчүрөк, Саксаңдап кошо барам деп? Таарынып айткан болчумун, Бүгүн сени баргын деп. Тору атты мингин токутуп, Түндүккө чыгып куш болуп, Олтурбай мени коркутуп. Айтып кеткин айылга, Келин-уул кирүүчү, Үйдү турсун оңдошуп, Ээрчитип алгын катындан, Өзүң барбай кокойуп. Минерге атың жок эмес, Кийерге эгин жок эмес, Ар качандан бир качан, Ушинтишиң жакшы эмес! Былк этсе кылып кылмышкер, Сүйлөгөндө тилиң так, Жаактууга жай бербей, Теригесиң бат эле. Ачууң келип бой бербей. Келгин, Чүрөк, келгиниң, Кийимиң кийип ат минип, Бачым жолго киргиниң.. Деп айткан менен ушуну, Билип турат Айчүрөк, Кыйаздын көөнү кирлигин. Көчкөн кардай жылт этип, Үйгө Чүрөк түшкөндө, Ойногон болуп Чүрөктү, Кармап алмак ой эле: “Катын алды Сейитек, Жылкыда жүрөт Гүлчоро, Айыктыбы ким билет? Айтты Чүрөк жашырбай Тузуңа сенин сийем деп, Кармап алсам Чүрөктү, Бардык сырын билем” – деп, Оролто кармап мойундан, Эмчегин издеп койундан, Колтукка кысып аларда, Арыптуу жеңең Айчүрөк, Төгүлгөн сымап кептенип, Көйкөлө түшүп жылт этип, Үйдүн эпчи жагында, Кашкайып карап турду эле. Эки жагын каранып, Айдай жеңең Чүрөктүн, Арыбына таң калып: — Ой, Айчүрөк, турбагын, Кийимиң кий, бол камын. Муракы кул Баймедир, Алып келгин тору атты. Деп алкына Кыйаз кеп айтты. Айтып Кыйаз үксөйүп, Арпадай бети түктөйүп, Мунаранын түбүндө, Көчүк койуп олтурчу, Таштан ойуп жасаткан, Таш орунга олтурду. Алып келип Баймедир, Тоотору атты токуду. Көрүнөө алып бир баштык, Көргөзбөй алып бир баштык, Көргөзбөй алган баштыкка, Айчүрөк ишин бүтүрдү, Алтынын койбой бүт салып, Ааламды салса толбогон, Оорлошуп койбогон, Адамдын көз терисин тиктирген, Укмуштуу баштык болуучу, Адамдын көзүн билесиң, Ал дүйнөгө качан тойуучу? Алып барып баштыкты, Тооторуга байлады, Токтоо кылбай аттанып, Айчүрөк жолго салганы, Унутуп калган көр Кыйаз, Тооторудан сурабай, Эсин кудай алганы, Аттанып жөнөй бергенде, Тура тургун, Чүрөк, деп, Колун булгап чакырып, Кыйаз жөнөп калганы. Тору аттан эми сурайт, деп, Жеңекең билип алганы. Алтымыш эки дубаны. Анык билген Айчүрөк, Жетимиш эки сыйкырды, Жетик билген Айчүрөк, Миң бир дуба түйүнүн, Чечип билген Айчүрөк, Молдо болуп кат билген, “Исмазамды” жат билген, Тил байлар дуба окуду, Чачбоо менен Тору атты, Маңдайдан сылап койгону, Мурдагыдай Тору аттын, Сүйлөр тили болбоду. Кыйаз келип Чүрөккө, Тапшырган болуп тору атты, Сыр алууну тооруду, Тооторусу жалдырап, Сүйлөй албай жоошуду. Кайра Кыйаз кетиптир, Эми Чүрөк нетиптир? “Тооторуну күлүк деп, Көргөндүн баары күйүгөт, Күлүктүгүн билейин, Күмүш булак керүүгө, Бүгүндөн калбай кирейин, Сейтек менен Гүлүстөн, Бар жумушун билейин”. Бастырып жолго киргенде, Ээси Кыйаз баатырга, Үстүндөгү Чүрөктүн Жаман ниетин билгенде, Арам өлгөн тору атка, Мындай бир ой келди эле: “Чымчыктай кылып Чүрөктү, Ала качып жөнөйүн, Тоо аралап өтөйүн, Тоого таштап кетейин, Токойго кирип барайын, Токойду жүрүп аралап, Бутакка илип салайын, Бутактан чыгып болгунча, Куу кебин сыйрып алайын, Аккуу кептен айрылса, Андан кийин билейин, Айчүрөктүн амалын, Баштан-айак бар ишти, Кыйазга айтып барайын. Ага Чүрөк болбосо, Толкуган көлгө чөгөйүн, Суу көтөрүп кеткенде, Кеп тонун сыйрып жөнөйүн, Ага Чүрөк болбосо, Аскалуу тоого барайын, Аттай чуркап калайын, Коркуп кетип жыгылса, Кеп тонун чечип алайын”. Айбанда эстүү Тоотору, Акылга муну алыптыр, Башын жерге салыптыр, Арам өлгөн бул доңуз, Ала качып калыптыр. Будурмак кара тоолордо, Булуттай сызып баратат, Аркайган ала тоолордон, Аттай чуркап баратат, Катар-катар тоолорду, Каттай чуркап баратат. Эңиш тартып Тоотору, Ээ бербестен ээлигип, Ар канча тартса Айчүрөк, Колтугун чойуп керилип, Тоңкочуктап сойулгур, Кетип барат тээ бербей, Ооздук тиштеп кемирип, Тоотору кастык кылганын, Таластыктын кыйалын, Арам өлгүр туйганын, Анык билди Айчүрөк, Айлантып оозун тарттырбай, Кыйазга кайра барарын, Канык билди Айчүрөк. Кайра барса Кыйазга, Айтпаса да билет, деп, Чечтирбей кепти үстүмөн, Тээп туруп чечет, деп, Койдой башым кесет, деп, Коондой кардым жарат деп, Андан кала бергенде, Сейтек менен Гүлчоро – Алардын эбин табат, деп, Айаш атам, кайненем, Көзүн чукуп ойот, деп, Жээн-тайын кубалап, Тазалап түгөл койот деп, Алтымыш акыл, кырк санаа, Заматта келип эсине, Санаасы санга бөлүнүп, Самсаалап жашы төгүлүп, Кыйалы кыркка бөлүнүп, Кылгырып жашы төгүлүп, Кыйамат жакын көрүнүп, Оромолдон айланса, Ойрон Кыйаз көрөт, деп, Алым кантип жетет, деп, Чын шаштысы кеткенде, Чындап айла кылды эле. Айабай окуп дубаны, Айагын байлап тору атты, Эңкейе түшүп Айчүрөк, Опсуз күлүк торунун, Омуроосун сылады. Арышы аттын кыскарды, Дабыраңдап баспады, Бүктөй кармап камчыны, Орой төбө чокуга, Он-он бешти чапканы, Күч келгенде тору аттын, Тамчылап тери акканы, Айдай жеңең ошондо, Ташмойнокту кезеңден, Гүлчорону тапканы. Сейтек, Гүлүс, Айчүрөк, Калтырбай кебин айтышып, Аркардын боорун кактап жеп, Айабай тузга чыктап жеп, Катып калган кара боор, Айабастан мыктап жеп, Түзбулактын керүүдө, Айылды карай кайтканы, Айаш ата Момунжан. Кашкардан келген Токто абаң, Кайткыла деп айтканы. Үч күн алар кам кылды, Бар керегин жам кылды, Момунжан алып кетерге, Алтын-күмүш, зар кылды, Токто сарт алып кетерге, Төрт түлүктөн мал жыйды Эки миң ирик, миң асый, Баары өңдөш сур асый, Минилбеген кур асый, Комдолуу нардан кырк бешти, Кош өгүздөн кырк бешти, Колбутуп малды айдатты, Сары дөбө, Терсайрык, Чалкага барып кондуртуп, Чогулушуп жатышты. Булар жата турсун жайланып, Жол керегин камданып, Эми Жедигерде Кыйаздан, Жаңылап кабар алалы. Олободой чоң Кыйаз, Оңолбогон тоң Кыйаз, Башы ооруп, мээ какшап, Беш тырмагы тең какшап, Олтургуч ташта олтуруп, Күндү санап эсептейт, Ойуна кайгы толтуруп: “Тогуз күндө келем, деп, Болжоп кеткен Айчүрөк, Он беш күнгө созулду, Эмне үчүн меники, Мээм ооруйт бек күчөп? Нече күндөн бер жакка, Мээм ооруп какшады, Бир жылдан бери Айчүрөк, Алты ай үйдө жатпады.