← Сейтек 1/5

Сейтектин Гүлнарга куда болушу

Айтылып келген мурдатан, Кыйаздын аты Тоотору, Тил сүйлөөчү мал эле, Андан башка жана бир, Кыйаздын жаны талаада,- Ак аркада дечү эле. Андан мурда Сейтек, Келип кеткен үч жолу, Үч айда бирден болжолу, Талаага койбой кайыптан, Алып келген болуучу, Күбүнө батпай күмүшү, Кыйаздын көөнү толуучу. Аңчылыкта Сейитек, Калбады кайып албаган, Бирок арка, кулжа барбаган, Төртүнчү сапар барганда, Кыйаз минтип сураган: — Айтканың кылдың, Сейтек, Ит агытып, куш салып, Мылтык атып, жаа тартып, Адырга айбан койбодуң, Аркар менен кулжаны, Айап аны не койдуң? Аркар эти кой эти, Окшош күчтүү эмеспи. Ормойо калып Сейитек: — Алып келбес жерим бар, Эсиме салдың атаке, Унутуп калган кебим бар, Талаада муну айтпайын, Жүрү, атаке, үйгө, — деп, Баштап алып Сейитек, Кыйазга салды кейиш кеп,- Талаадан кармап кайыпты, Алып келдим атаке. Аркар, кулжа, ак кийик, Атканым жок дегеле, Карылар мага кеп айтты: “Сенин атаң Кыйаздын, Аркарда жаны” деп айтты. Аркарды атсам кокустан, Атамдын жаны аркарда, Тузааны кайдан табам деп, Атпаганым бул эле, Өзүңдөн сурап бул ишти, Жалгыз уулуң мен дагы, Жанымды кошо салсам деп, Өлбөс болуп алсам деп, Ушуну ойлоп жүргөмүн, Жаның кайда атаке? Мен жанымды кошойун, Айтып койчу, — деди эле. Кепти угуп зор Кыйаз, Кейпи кетип кубарып. Кеп сүйлөбөй муңайып: — Кандай кебиң, Сейтек, Сен жүрөсүң мени аңдып, Кошулар чагың боло элек, Жашың толгон кездерде, Кошпой Кыйаз койчу эмес, Ойунуңду ойноп, күлкү күл, Жок кепти айтпай бокту жеп! Кым дей түштү Айчүрөк, Кутулгус жерин таптым деп: — Койгун, балам Сейтек, Жаныңа жаным кошкун деп, Бул айтканың кайсы кеп? Жаныңды кошмок турмайлык, Сенден жүрсө күмөндөп, Жашырсам атаң болбоду, Айттырбай бүгүн койбоду, Атаңа тийип үч жылда, Араң сени төрөсөм, Семетейден калды деп, Күмөнү сенде болгону, Айагы ушул бул кептин, Көрдүңбү сен атаңды, Болбой мойнун толгоду! Сейтек анда кеп айтат: — Кой, эжеке, — деп айтат, Айтса атам айткандыр, Кээкер кепти сен койгун, Башканы койуп сен,ата, Кебиме жооп бер мага. Сейтек мындай дегенде, Ошондо Кыйаз солк этип, Айтсам кандай болоор? — деп, Боконо сөөгү болк этип: — Сурадың, балам сен менден, Жашырбаймын мен сенден, Кекери кетпей энеңдин, Ушул үйгө келгенден, Күмүшбулак, Түзкерүү, Бүткүл аркар жергеси, Күн чалбас Күмүшбулакта, Карды салык кара аркар, Жалгыз жүрөт кумда оттоп, Ага барбайт башка аркар, Кол башындай сандыкка, Салып койуп сактаткан, Жети чымчык жаным бар, Минип жүргөн Тоотору, Ишенимдүү малым бар, Тору атта менин демим бар, Он экиге чыга элек, Сениң он эки жылдык кимиң бар, Эмгичекти сага айтпай. Кылчаңдап жүргөн жерим бар. Карсылдап күлүп Сейтек: — Уктуңбу эже атама, Эми кайсы кебиң бар? Ыраазы болуп кудайга, Уйалгансып Айчүрөк: — “Чачы узун ургаачы, Акылы кыска” деген бар, Сырын тартып болду эми, Көр Кыйазга туйдурбай. Айчүрөккө Сейтек, Анда мындай айтат кеп: — Жаман эмес абакем, Жакшы болду семирип, Өтө сулуу нурлуу бет, Жайнап чыкты керилип, Жер баспай турат Суркойон, Мурдагыдай элирип, Сыр алсамбы Таластан, Абамдын өзүн жиберип? Айаш атам Момунжан: “Сөөктөй сөөгү болду, — дейт, Эти эттей толду — дейт, Так бир жылы турбаса, Эрегишкен урушта, Эт созулуп кетет, — дейт, Эмгегим бекер болот ”дейт. — Андай болсо, Сейтек, Айтканың акыл, ырас кеп. Абаңа барып кеңешкин, Кесип айтпа баргын деп, Кесип айтып ар ишти, Сен жумшоочу киши эмес. Сейтек кабыл алыптыр, Хан Кыйазга барыптыр, Мындайча айтып калыптыр: — Жылкыга барып келемин, Кайыпчынын өрөөндө, Кайыбы кеңир деп угам, Биздин жерде кайыптан, Он эки айры бугу бар, Кайыпчыга баргандар, Алтымыш айры бугуну, Атып алган жайы бар. Алтымыш айры бугудан, Атайлап бирин атпасам, Мүйүзүнүн маалында, Алып сага чаппасам, Зеригип калат жалгызың, Ошентип көңүл ачпасам. Анда Кыйаз кеп айтат: — Сейтек уккун — деп айтат, Кайыпчы барба тил алсаң, Кайыпчынын сыры бар, Сейтек уулум угуп ал. Кырк бир жолдун кошкон деп, Айагында бир жер бар, Ошол жерге барбагын, Жыргап жаткан кезимде, Бир балаага салбагын. Кырк бир жолдун кошкондо, Кырка-кырка сарай бар, Караса көздү уйалтып, Жылтырап турат сарайлар, Моймолжуган кыздар бар, Мөлтүр кашка суулар бар, Аскан сүрөт жаны жок, Кызды көрүп азаарсың, Ошону табам деп жүрүп, Мээнеттүү жолду басарсың. Ал Кыйаздын ойунда: “Сулууну көрүп азбайбы, Ошону улам деп барып, Муну меңдер баспайбы, Куурап өлүп жатпайбы, Эркин жатып жай уктап, Менин көөнүм тынбайбы.”- Барсаң баргын, балам, — деп, Эки айда бирден келбесең, Сапырылат санаам, — деп, Кыйаз айтты жана да, Жуукурланган далай кеп. Анда туруп Сейтек: — Акылды айтуу уулуңа, Сенин эркиң эмеспи, Эрте келсем, кеч келсем, Менин эрким эмеспи, Ушуну айтып каткырып, Койчапдар минип аттанып, Жалгыз өзү Сейтек, Жүз кишидей шаттанып,: “Абакем Гүлүс сак болду, Көөнүм өсүп карк толду, Жүрөгүм курчуп от болду, Билегиме күч толду”, Муну ойлоп жаш бала, Таласка барып эми эле, Ээ болгондой аргынга, Тынчып көөнү жай болду. “Алдында барып абамдын, Кеңеш кебин алайын, Таластан кабар табайын. Момунжан айткан бир жылда, Жоокалап эптеп турайын. Ай узарып өтпөсө, Күн узарып бүтпөсө. Кайыпчыга барайын. Кыйаз айткан кыздардан, Тандап бирди алайын, Көңүлгө жаккан кыз болсо, Кайда болсо табайын” Көңүлдө муну элестеп, Абасы Гүлүс эрди эстеп, Атактуу Талас жерди эстеп, Андан кала бергенде, Бойго жеткен солкулдап, Буралган талдай кызды эстеп, Так бүркүттөй кылчаңдап, Койчапдар менен ыкчамдап, Кутубайдын айылына, Барып жетти балчаңдап, Барып кайта келгенче, Абасына кеп салып: — Абаке, бирге баралы, Таластан кабар алалы, Канчоро кулду чабалы, Анын эбин табалы, Таластан бери кайтканда, Кара аркарды аталы, Аркардын этин таталы, Кыйаздын башын кесели, Өзүңдүн кылган ишиң деп, Элин чаап кетели. Анда туруп Гүлчоро: — Ашыкпагын, шашпагын, Кыш айы кирди кылтырап, Таласка барар чак эмес, Кыйазды албай кыйратып, Канчорого барганда, Туйунбаса бир неме, Туйуп калса жамандык, Болот кыргыз элиңе. Мен минер атка болжолум, Бир жыл деди Момунжан, Эптеп муну толтуруп, Күчтөнсүп майып курган жан. Кайыпчыга барып кел, Мен көргөнмүн бир чакта, Кырым менен Урумдун, Ортосунда Таалымал, Элден сулуу кыз чыкса, Сүрөтүн аскан жери бар, Ошого баргын Сейтек, Жараткан кызың бар болсо, Мен таппайын аны издеп. Олжого кетип Айчүрөк, Кайра барса Таласка, Келин алып, уул үйлөп, Аныбыз жаман кеп эмес, Эртең менен эр Гүлүс, Элиртип минип Суратты, Койчапдарга мингизип, Ээрчитип келип чунакты, Кайыпчыга бет алып, Канча төөнү чубатты. Кырк бир жолдун оозуна, Жан жүрбөстүн четинде, Булар барып алыптыр, Сүрөттү карай калыптыр, Орус хан кызы Гүлнарды, Сүрөттөн көрө салыптыр. Көрө койуп Сейтек, Ирмебей көзүн бек тиктейт, Пендеби башка эмине, Мен көргөнүм? — деп тиктейт. Билмемиш болуп баланы, Байкап турса Гүлүстөн, Кой эти бышып токтолду, Козголуп бир да койбоду. Басып барса эр Гүлүс, Козголбой бала термелип, Гүлүстөн менен иши жок, Тиктеп турат делейип, Аңтарып Гүлүс караса, Ким көрсө тиктеп тургандай, Көңүлүн ага бургандай, Жалынга, окко, дайрага, Жалтанбай өзүн ургандай. Чырымынан серп салып, Чындап Гүлүс карады: “Кайсы жактын эли? — деп, Ханбы, байбы, жардыбы, Дайынын кошо билем, деп, Өңү сары, көзү көк, Орус хандын элиби?