Акундун кызы Айчүрөк, Өзү болсоң сен, балам, Акыреттик дос эле, Айкөл Манас кайнатаң. Баатыр Манас эр эле, Эр турмайлык шер эле, Атагы түрктүн баарына, Арка болгон бел эле. Чыгыштан чыгып Чыңгышхан, Өзү калмак уруудан, Кошуун жыйнап, кол айдап, Батышты карай чубурткан. Мисирге кирип аскери, Багдатты кошо куруткан. Туулуп Манас Алтайда, Жашы онго чыкканда, Калба салып Кангайга,- Алооке, Шоорук, Калдайга, Дөөкан, Панус - хандарга, Көк ойдуңда эр Манас, Көңтөйдү сайып алганда, Артынан келген кошуун жок, Тараган калмак ар кайда, Алты жылга калтырбай, Айтылган ошол жерлерде, Калмакка катуу тийди эле, Коржоңдогон калмакты, Койбой айдап ийди эле, Бейжинге барып эр өлдү, Бели катуу шер өлдү, Аз өлбөдү көп өлдү, Атактуунун баары өлдү. Айкөлдөн калган Семетей, Туугандан кордук көргөнү, Он экиге чыкканда, Таластын жүзүн көрбөдү. Бел куда болгон шер Манас, Сени тартып алам, деп, Эр Семетей төрөдөн, Чынкожо, Толтой тең өлдү. Атадан калган мурас, деп, Семетейдин баласы, Дагы ошону көргөнбү? Семетейдин колунан, Кылымдан чыккан бузукту, Хан Коңурбай дагы өлдү. Элөөсүз жерде Кыйаздан, Семетейдин өлгөнү, Өлтүрүп таштап кеткенде, Эл чогулуп көмбөдү. Канчороң, Кыйаз бир экен, Семетей өлүп атканда, Гүлчоро баатыр кайда экен? Көрбөгөнмүн, угушум, Азыркы жаштын эри экен, Гүлчоро атын жоготуп, Кыргыз Гүлүс дээр экен, Канчоро Чубак уулу дейт, Ыраспы, Чүрөк, ушул кеп? Гүлчоро кимдин уулу экен? Ар кимиси арды дейт, Бирөө десе Алмамбет, Бирөө айтат Күлдүр деп, Жүрбөгөн соң аралаш, Айра билиш кыйын кеп, Айтып болду Момунжан, Кеп Чүрөккө калды дейт. Акундун кызы Айчүрөк, Кеп айтканы шар экен, Акыл ээси ал экен: — Арбагы колодоп атамдын, Тыштан келип жоожеңип, Алганы чок арстанды, Атадан кетсин айланып, Чубактын уулу Канчоро, Семетейди алдады, Минээр аттан жөө койуп, Балталап Кыйаз жайлады, Жыгылганын эл көрдү, Башын кесип алсак, деп, Өлүгүн таба албады, Көмүлбөдү деп ушул, Айтылгандын баары чын, Сөзүнүн жок жалганы. Алмамбет уулу Гүлчоро, Айаш ата, кебиң ак, Бул замандын балбаны, Ааламдан ашкан Коңурду, Жалгыз көздүү Мадыкан, Жападан келген Кызыл дөө, Нескаранын Жубатай - Баарысын Гүлүс шер алды, Мен алдым деп айтпады, Семетейге ат калды, Аты жок бу да жөө калды, Буудандын турса үстүндө, Канчоро, Кыйаз, Турмайлык, Дөөлөр беттеп барабы? Канчоро, Кыйаз-кан ичме, Гүлчорону кармады, Далынын сойуп терисин, Кечирин кесип алганы, Эки колун шал кылып, Чолок кылып салганы, Колу чолок, өзү бар, Жаны тирүү калганы, Семетейдин чоң зайыбын, Канчоро кулу алганы, Олжолоп Кыйаз Чүрөктү, Өзүнө нике байлады, Кашыңда турган келиниң, Албарстыны кубултуп, Чүрөк жасап салганы, Кыйазды антип алдады. Семетейден үч айлык, Бойумда менин калганы, Куу тумшукту курсакта, Үч жылы Чүрөк сактады. Арам санап көр Кыйаз, Төрөтүмдүн үстүнө, Он эки катын киргизди, Арамдыгын билгизди. Алдыман ороо каздырдым, Он эки бакшы катындын, Ошентип шорун катырдым. Кыйаздын көөнү кир болду, Семетейдин уулуна, Үч жылы атын койбоду, Кыйазга айла иштеттим, Балага атты коймокко, Үч жылдан кийин той болду, Өзүмө уйкаш ат кой, деп, Кыйаз айтып токтолду, Эт бышымча эл жымжырт, Унчуккан адам жок болду. Дубана келип ат койуп, Качып кетти шарт койуп, Болбоду Кыйаз күмөнсүп, Өзүңдүн балаң, Кыйаз, деп, Көпчүлүк айтты күбөлүк. Онго чыкты Сейтек, Күмүшбулак керүүдө, Бүгүн чыкты башкарып, Амалсыз жүрөт көр Кыйаз, Балага жылкы башкартып, Гүлүс шерди жайлоодо, Багып жүрөт алпарып. Алып келдим бу сапар, Токтосартка мен барып; Алдыңызда мен турам, Арбагы үчүн атамдын. Жетисуу алып кетели, Барсаңыз эми сизди алып. Токтоно калып Момунжан: — Жүз он бирге чыгыпмын, Ушул бүгүн мен, балам, Карылык кести демимди, Жетисуу кантип бара алам? — Айаш ата, антпеңиз, Байбичеңди кошуп ал, Өзүм -Чүрөк алпарам, Керек болчу дарыңды, Курал-шайман - баарыңды. Арбакты эске алыңыз, Жетисууга барыңыз, Алмамбет уулу Гүлүстү, Айыктырып салыңыз, Деп Айчүрөк турганда, Айаш ата Момунжан: — Кандай кылып ал жерге, Алпарасың сен, балам? — Барайын десең атаке, Уч килем жасап саламын, Жума намаз маалында, Жетисууга барамын. — Андай болсо Айчүрөк, Арбагы үчүн Манастын, Ээси үчүн Таластын, Өлсөм дагы барайын, Өлбөй жетсем ал жерге, Бир дабасын табамын, Убара кылбай мен сени, Өзүм деле барайын. Болжол кылып кырк күндү, Узатып койду Чүрөктү. Момунжандан кеп алып, Болжолу кырк күн деп алып, Алкып учуп баратып, Урумдун ханы Орус хан, Он эки кыздын кенжеси, Бир кудайдын эркеси, Эч жеринде өөнү жок, Бар мүчөсү келбети, Гүлнарга Чүрөк туш келди. Орусхандын шаарында, Падышалык багында, Ойноп жүргөн бир кыз бар, Кырк кызы бар жанында. Он экиде жашы бар, Кундуздай кара чачы бар, Ылжыраган сары эмес, Жылтыр сары жийде жүз, Көктөн көрүп эжеңиз, Жанына түштү бакчанын, Он төрт-он беш жаш болуп, Өтө манап кооз эмес, Өтө жыртык деги эмес, Тааныбаган кыз болуп, Басып барды Айчүрөк, Бир нерсе сурап келгендей, Шашып барды Айчүрөк. Мурун угуп көрбөгөн, Мунун Чүрөктүгүн ким билет? Чукулдап Чүрөк барганда, Кызды баары жардашып, Чогулуп келе калышты. Баарыдан жашы улуусу, Чолпон деген сулуусу: — Падышалык бакчага, Кайдан келдиң чоочун кыз? Ортодо турган мына бу, Орус хандын кенже кыз, Гүлнар деген ушу кыз. Дайынын укту Айчүрөк, Кайыны барбы, жокпу? — деп, Суроо болду кыйын иш. — Хан баласы кыз бийкеч, Көрүнүп көзгө алыптыр, Орус хан башын оорутуп, Ортого киши койушуп, Маа бергин деп айтаарга, Болжолу болуп калыптыр. Айтып муну жылмайып, Күлүп койду Айчүрөк. Чолпон кирди кобурап: — Асылган киши көп турат. Ачык жооп берүүчү, Билермени жок турат. Орус хан кызы он эки, Эң улуусу Кенжеке, Арасы алыс жер окшойт, Анда барып келгенге. “Улуусу билет кичүүсүн, Эжеси билет сиңдисин” Орус хан кеби бул эле, Беттешип жооп алууга, Кенжеке келбейт дегеле. Анда туруп Айчүрөк: — Андай деген ким эле? Чолпон кыз анда дейт экен: — Кашкарга жакын айлы экен, Кенжекени сурасаң, Эр Төштүктүн зайыбы экен. Байкап турса Айчүрөк, Чолпон кызды Гүлнар кыз, Эрдин тиштеп көз кысып, Басып койду моминтип. Бакылдаган ар жактан, Үн угулду жакындан, Кыздар кетти тарашып, Айчүрөк калды жарашып, Урумдагы Орус хан, Өзү кыргыз уруудан, Урумдагы кыргыздын, Өңдөрү сары, көзү көк, Өңгө журттан өзү көп. Калгандар жүрчү кыргыздын, Көптүгүнө таң кылып, Чыккан жердин чөбү деп, Тобокел деп Айчүрөк, Сейитек алса Гүлнарды, Боло турган экен, деп, Кыргыздын эли көбөйүп, Толо турган экен, деп, Андан чыкты Айчүрөк, Обоолоп учуп көкөлөп. Жетисууга Айчүрөк, Жете келди бешимде, Эжем качан келер, деп, Сейтек турган мезгилде. Албарстыны кучактап, Кыйаз жатат ак үйдө. Сейитекке Айчүрөк, Баштан-айак калтырбай, Барып келген жерлерин, Баарын айтты жашырбай: — Кашкардагы Токтосарт, Жетисууга келайтат, Канча нарга жүк артып, Багдаддагы Момунжан, Бул дагы чыкты шаарынан, Бизди көздөй жол тартып, Барбаган жерим калбады, Ээ, балам, сенин айыңдан, Камынгын, балам, турбагын, Күмүшбулак түз баргын, Кеңеш салып Кыйазга, Жылкыга жетип баргының. Кутубай бар деп ал жерде, Жөлөк болот дегеле, Балалык кылып чунагым, Сыр алдырба бул элге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.