← Сейтек 4/4

Айчүрөктөн кеп угуп, Эр Сейитек жаш бала, Кыйазга кирди жолугуп: — Алачыктай карааның, Атам Кыйаз сен элең,, Ардактап багып чоңойткон, Артыңда уулуң мен элем. Жылкыга барып турганда, Көп иштерге жолуктум, Акылга артык дегенин, Айтып сизге угуздум, Эп келеби, атаке, Шаарың менен малыңа, Барып-келип турушум? Бар десең, ата, барайын, Малыман кабар алайын, Ит агытып, тартып жаа, Тамашага канайын. Жетилип жүнү карк толду, Бөрүдөн жүздү табайын, Текесин таштан кулатып, Илбирс менен чөө атып, Сүлөөсүн, суусар атайын. Чендешип келген жоо болсо, Өпкөсүн анын басайын, Күлүгүн алып олжого, Өзүңө кабар айтайын, Алып келип көрсөтүп, Учурашып кайтайын, Баргын десең атаке, Мал алыптыр эки жыл, Кармап алдык биз быйыл, Коросон барып көрөйүн, Койбой журтун бөлөйүн, Деп, Сейитек токтоду, Анда Кыйаз ойлонду: “Суурула чыгып баш бербей, Тентек чыгат окшонду, Байатан бери оозунда, Тоого кайып койбоду. Коросон барып кокустан, Өлүп калса окустан, Таарынып Чүрөк койорбу? Көрүнөө кайып болобу?” Алда канча сан акыл, Аны Кыйаз ойлонду. — Барбагын десем болбойсуң, Сейтек барбай койбойсуң, Менин көзүм барында, Өз эркиңче ойногун, Айуу кирди чээнге, Илбирс, суусар, сүлөөсүн, Түлкү менен чөөсүн, Керектүүсүн койбогун, Алтымыш айры бугусун. Адырдагы бөрүсүн, Айтылуу аркар, кулжасын, Аскада эчки текесин, Аралдагы маралын, Токойдон жолборс карагын, Келип-кетип тургунуң, Айланайын ай сайын. Сен бербегин тапканың, Олжоңон Кыйаз бергин, деп, Элдер менден сурасын. Эрегишкен жоо болсо, Эл чечишкен доо болсо, Мага айткын андайды, Жолобогун сен болсо. Ыгы келсе катышкын, Жаман атты болбоско, Баргын деген кеп болду, Сейтек барбай койобу? Эртең менен Сейтек. Жылкыны карай чуу койду. Алике менен Сатике, Сейтек келсе өлдүк, деп, Көчүп алып ал экөө, Бар деген жерге жоголду, Төрт жүз сексен төө менен, Токтосарт келди конгону. Асты агын кара суу, Өзөнү токой тикендүү, Керүүсү жайык тулаң чөп, Төөгө ылайык жер болчу, Беш төөсүнө бир киши, Токсон алты санаты, Бирөө катчы, бир чайчы, Бири эшик багуучу, Өзү менен төрт экен. Жон сомосун алганда, Эки жүз ашкан киши экен, Бештен адам бир чатыр, Катчы, жолчу, чайчысы- Үчөө мында бир жатыр, Бир чатырда өзү бар, Үч чатырын ээн койду, Колу жетик Токтобай, Куржунга салып пул алып, Кагазы менен чай алып. Канча түрдүү шайы алып, Катчысы менен чайчысын, Өзү менен кошо алып, Учураша келдим, деп, Сейитекке барыптыр, Бала туруп Сейитек. Бар жумушка жараган, Түрө тиктеп алдыртан. Сумсайыңкы караган. Жүрөгү чыгат Токомдун, Көзүнөн чыккан жалындан, Сынап турат Токтосарт: “Артыла туулган экен, — деп, Эр Семетей баатырдан, Эми кудай урбайбы, Баладан сырды жашырсам” Деп, башта болдгоништерин, Баарын айтты Токтосарт, Эми мында келгенин: — Айчүрөктөн кеп угуп, Ашыгып келдим мен, — деди, Кай кеткендир көрүнбөйт, Алмамбет уулу шер? — деди. Токтосартка Сейтек, Айтып турган бир кеби: — Абаке арстан шер Гүлүс, Келе турган киши эмес, Сен келди деп жүгүрүп, Көрүшөөр болсоң өзүң бар, Көрүнсө салам бергиниң, Көрүнбөсө абакем, Күдөрүң үзүп келгениң, Көрүшөрүн-койорун, Абамдын сырын билбедим. Атайлап барып Токтосарт, Кутубайдын үйүндө, Гүлчоро менен көрүшүп, Башында кылган жамандык, Бүгүн тилеп амандык, Учурашып жаныптыр. Ошол күнү кеч курун, Момунжан келип калыптыр. Бир жолдошу бар экен, Эки атка арткан дары экен, Кабарын угуп Сейтек, Гүлчорону кошо алып, Кутубайды котчу алып, Жолун тосуп барыптыр, Болбойм ойлоп Токтосарт, Ал түшүрүп алыптыр, Токтосартта көп акыл, Артык тиккен үч чатыр. Бирине өзүн киргизип, Бирине дары түшүртүп, Бирине Гүлүс күттүрүп, Туруп калды жылмайып, Белдүүлүгүн билгизип, Айлакер табып Момунжан, Алты күнү дарылап, Түгөнбөгөн сары суу, Кан аралаш ириңи, Калтырбады бирини, Эсептеп жашын Гүлүстүн, Далысынын кечирин, Ченеп көрсө кесигин, Чарыккан төөнүн кечири, Эп келиптир кечирге, Сары иттин кечирин, Жигине жаап бастырып, Данакерден талкалап, Себелетип салдырып, Чубалды деген суу жандар, (Жакындаган жаныбар, Оролуп калма жайы бар), Чубалдыдан Момунжан, Алып келген чагы бар, Андан башка дарыдан. Канча түрдүү дагы бар, Чар дары кылып баарысын. Жара үстүнө салдырып, Бүтөп койот жымыйтып, Ак када таңдырып. Эбеп менен себептен, Мерин менен медеттен, Ичинен берип ичирип, Сүт менен таза жуудуруп, Жаңылап төөнү сойдуруп, Кечирин кесип ойдуруп, Сары иттин кечирин, Күндө жаңы таптырып, Чубалдыны аа кошуп, Жарасына жаптырып, Токсон тогуз күн болду, Үч ай тогуз күндөрдө, Жетилип кечир болгону, Жиксиз болуп бүтсүн деп, Кырма кызыл чаптырып, Кайнатма кара тарттырып, Сары барпы ичирип, Нуш дарыны эритип, Ичинен кошо бердирип, Туу калган бээден сойдуруп, Терисине оротуп, Жедигердин бир малын, Койгону жок коротуп. Саттырып келет Токтосарт, Сойулган бээ, төөлөрдү, Иштеткен сары иттерди, Пулга казып күнүгө, Алып келип эл берди, Төө эркеги бээ туусун, Сары итти койбой алды, деп, Сатып алып Токтосарт, Эмне кылат аны? — деп, Иштетип жаткан жумушун, Түк кылайып жан билбейт, Дагы токсон күн өтүп, Гүлчоронун далысы, Алты айга толгону, Кадимкидей болгону, Арстан Гүлүс баатырдын. Күчүнүн бар болжолу, Анжыйан кетмен дегенден, Жетини катар койуучу, Жааны Гүлүс чойуучу, Жети кат темир-кетменден, Кечип огу кетүүчү, Күчүм толгон экен деп, Көөнү толуп эргүчү, Айаш ата Момунжан, Бала жолборс Сейтек. Баатыр Гүлүс баштаган, Жайма сакал Токто абаң, - Бар керегин жам кылган, Төртөө барды бир жерге, Кетмен койгон жер менен, Жаа тарткан жердин ортосу, Жакшы ат минсе жараган, Кере күндүк жол эле, Күч сынаарда Гүлүстөн, Ошончо жерге койчу эле, Керчти чойуп тартканда, Эки далы биригип, Кечирлери киришип, Беттешип далы тийишип, Талкаланып кетчүдөй, Керчтин үнү кырсылдап, Эшкен темир тырсылдап, Жебенин боосу чытырап, Үзүлгүндөй болгончо, Күч келтирип тартуучу, Анан жааны атуучу. Жыгылып калса тешпейт деп, Жебе кечип өлбөйт деп, Кетменди ташка жаздады, Мадап жерге таштады. Баатыр Гүлүс жаа тартты, Укпагандар көрбөгөн, Ар түрлөнгөн дооштон, Эстери чыгып аз калды, Ээрчип барган малайлар, Ыштанга сийип таштады, Тамылжып бетке кан келди, Жааны тартып жиберди, Алтоону кечип кетмендин, Жетинчисин кечпеди, Толо элек экен күчү деп, Боло элек экен Кыйазга, Беттеше турган кези, деп, Кечири үчүн сойулган, Көп төөлөрдүн өркөчүн, Учтары кесип койулган, Жыйдырып жүргөн Момунжан, Көгөрүп кеткен жыттанып, Сүрсүгөн койдун куйругун, Аралаштыра сызгырып, Тым кезинде буудайды, Сууга таза жуудуруп, Күнгө жайып кургатып, Казанга таптап куурутуп, Адамдын күчү өтсүн деп, Агарганча тыштарын, Ушалатып ыштарын, Тундурган майга чөгөрүп, Сууганча демдеп көмөрүп, Аны берет наштада. Казы-карта бал берет, Кандыра кара чай берет, Чыйралып эти катсын деп, Адырашман эрменден, Кайнатып суусун да берет, Айаганы ушулар, Арак менен ачкылдан, Андан башка тамактан, Айабай берет абыдан, Үч ай өттү арадан. Жана барып жаа тартты, Жетиден жебе кечиптир, Жерге житип кетиптир, Кетменден кошту экини, Тогузга саны жеткени, Тогуздан өтүп тарткан жаа, Жерге батты жебеси, Күчүмө эми толдум, деп, Сейтек менен кеңешип, Кыйазга аны жиберет. Муну мындай таштайлы. Сейитектин Гүлнарды, Алганынан баштайлы.