Сейтек менен ордодон, Алты түнү бир конуп, Аны менен келдим деп, Чыйрак сүйлөп калыпсың, Кутубай кул, тепеңдеп! Кайда кеттиң кармагын, Токмоктогун тебелеп! Алыке менен Сатыке, Алкы-шалкы болгондо, Сейтек айтат ошондо: — Ээ Кутубай агабыз, Жылкыга киши кеттиби? Тынык болсун санааңыз, Сейтек менен Кутубай, Жанаша турса сүйлөшүп, Аликенин кулдары, Ач билектен ала албай, Сатикенин кулдары, Этектен сүйрөп бара албай, Ыкыс берип турганда, Кутубай сүйлөйт момундай: — Хан баласы карагым, Жүрөккө кан, билекке Күч берүүчү медерим, Тыным болбойт кулдарда, Карап турар киши жок, Түндөсү тулпар сууганда; Гүлчоро кулду жибердим, Жылкыны кайта кууганга. Жаш Сейтек ошондо: “Суркойонду абакем, Суутат экен” деп билди. — Кулдун иши ошол, — деп, Кыйыштырып урутун, Жылмасынан эп күлдү. Бардасы башка баланын, Жүзүн киши көрбөгөн, Көзү көргөн каранын, Обдулуп турган тигиге, Эми айткан кебин карагын: — Алике менен Сатике - Эки чыйрак келгиле, Эчтемени элебей, Кулдарыңды тукуруп, Кармап ургун дедиң, ээ?! Кутубайды урасың, Эртең келсе кара дөө, Анда кандай кыласың? Атырылган Кара дөө, Чыгарбайбы жыласың! Алыкеси кеп айтат: — Ой, Сейтек! — деп айтат, Атаң Кыйаз маа айткан, Кыйгачтанса таластык, Айабай саба деп айткан, Күч болгон менен Кара дөө, Кыйшаң-куйшаң кыла албайт, Айткан кептен жыла албайт. Кылып калса непада, Күмүш булак жеринде, Кайгулчу болуп тура албайт. Ийри айтсам, түз айтсам, Кебимди Кыйаз жыра албайт! Сатикеси албындап, Айкырды үнү каргылдап: — Алыкенин кеби чын, Билип койгун, ой, бала! Ханыбыз биздин зор Кыйаз, Сүйгөнүңдү кылгын деп, Бизге берген убада; Биз да кызмат кылганбыз, Таластагы чабуулда! Канчоро болуп азгырып, Семетейди сойгондо, Гүлчоронун далысын, Кечирин кесип ойгондо, Алыке менен Сатыке, Жагынганбыз ошондо! Каныкей, Бакай, Чүрөктү, Биз көчүрүп келгенбиз, Чечекейге атуучу, Кептен жазбас мергенбиз, Чачыкейди той кылып, Канчорого бергенбиз, Канчоро менен Чачыкей, Хан Кыйазга тапшырып, Өрнөк алып келгенбиз.. Алайа тиктеп Сейтек: — Сүйлөбө болду, бокту жеп! Таласты кандай чаптың деп, Сураганда деги жок, Мага айтып бергин деп, Бар, Кутубай, үйүңө, Кулдун өзүн жибергин, Текестеги жылкыга, Менден сөздү айтып бер, Айдар жылкы минер ат, Кара дөө деген уулуңа! Алике менен Сатике, Эртең көчүп барышсын, Айылдаш бирге конгула, Кеңеште бизде болгула! Эртең менен эрте көч, Тарт Койчапдар, Алике, Камчы менен көрпөчө, Алып келгин Сатике, Бүгүн барып турайын, Мен үйүңө Кутуке, Башыңды алып кан ичем, Кыңк эткен болсоң бириңер! “Тиги турган Сейтек, Өзүңдөй кара мүртөз” деп, Айткан Чүрөк жеңеңер. Бириңди бириң саба деп, Бакан сүйрөп турушуң, Ушул кайсыл кебиңер?! Орунсуз жерден чыр тапсаң, Ошонуң башың жедиңер! Деп Сейтек күркүрөп, Оозунан чыккан буусуна, Үзүк-туурдук желпинет. Толкундуу үнү угулуп, Осолдук кылсак өлдүк, деп, Алике менен Сатике, Заманасы куурулуп, Кыйыктуу угуп кыйла кеп, Күч келип кара жанына, Тер акты бойдон чуурулуп. Сейтек кетти аттанып, Кутубай калды ичинде, Жерге сыйбай мактанып. Алыке менен Сатыке, Жай көчкөндө жайлоого. Кыш көчкөндө кыштоого, Таластык эркек-катыны, Баары калбай баруучу, Эркектери төө комдоп, Атын кармап токумдап, Катындары үй чечип. Казан-айак жуучу эзип. Ободо кийиз күбүшүп, Баары жүгүн артуучу, Канча болсо келген эл, Калбай бирге баруучу. Жаңы журтка барганда, Үйүн тигип, саанын саап, Чай кайнатып, нанын жаап, Катындар ана кайтуучу, Унчукпаса кете албай, Салып жатаар төшөк жок, Томолонуп жатуучу, Эрлеринин кылганы, Отун алып, бээ байлап, Азандан туруп кой санап, Эшиктин алдын тазалап, Көп жумушчу болуучу, Эркек-катын аралаш, Кылган иши мына ушу, Алике менен Сатике, Мындай чоңдор болуучу. Адатынча баштагы, Таластыктын айлына, Кабар кылып койушту, Таластан келген байкуштар, Катын-эркек аралаш, Короого келип толушту, Алике менен Сатике, Үй-бүлөсү - баарысы, Чойулуп араң кобушту, Салтанат менен бир далай, Кутубайдын үстүнө, Көчүп келип конушту. Отун алып от жагып, Казан асып суу алып, Катын-эркек аралаш, Көп киши жүрөт чубашып, Байкап турат Сейтек, Сыртынан буга көз салып. Кутубай камын кылыптыр, Тай семизин жыгыптыр, Алике менен Сатике, Үй-бүлөсүн калтырбай, Үйүнө баарын жыйыптыр, Таластан келген байкуштар, Өз ишин кылып туруптур, Айакка куйуп кымызын, Кош колдоп барып Кутубай, Аликеге сунуптур, Башка киши сунду эле, Сатике албай далайга, Жалдырап айак турду эле, Таластан келген олжого, Курган эл мында муңдуу эле, Оолукма бала Сейтек, Ошондо кудай урду эле. Алгыр бүркүт кептенип. Салып таштап кабакты, Айак сунган адамды: — Алпар ары айакты, Жыйнап алгын ар жакка, Дасторкон менен табакты! Ал аңгыча капыстан, Бирөө айтты кабарды: — Коросон жаккы туу белден, Көрдүк, — деп,-эки караанды, Четтегилер жиберген. Алике менен Сатике, Кеңеш кылып койушкан, Кутубайды баш кылып, Таластыкты жумшады. Сейтек анда муну айтты: — Алике менен Сатике, Коросон жактан жол чалып, Баруучу кишиң ким эле? Алике менен Сатике, Жабырашып кеп айтты, Жамаштырып тим эле: — Кутубай өзү баш болуп, Таластык барсын деп айтты, Жедигерден бир киши, Эл четине барбасты, Муну укканда Сейтек, Өкүмдүгүн карматты: — Таластык түгөл кеткенде, Ким сунат сага айакты?! Отунуңду ким алат? Төөңдү комдоп, жүгүңдү Жүктөөргө, киши жок калат! Эрлери кетсе жол чардап, Кыздары кармап казанды, Катындар отун алабы?! Жедигердин элдери, Катының казан кармаса, Көөсү жугуп калабы?! Катын-эркек бүлөңөр, Колун сууга малабы? Ушул кылган ишиңер, Бир кудайга жагабы?! Өзү куйуп аш ичсе, Арам болуп калабы?! Эмгеги мындай күч турса, Эл четине жиберсең, Эрегишсе сен менен, Кишибиз деп эрте өлгөн, Айдап алып бар малды, Качып кетип калбайбы?! Жалгыз көздүн Сарыбай, Коросондон ар жагын, Койбой баарын бүт алды, Ошого барып албайбы?! Кутургурду бул кезде, Жыйырмаларда деп угам, “Айрылып калса бүт малдан, Намыстан Кыйаз барбайбы, Жаланып турган Сарыбай, Кыйазды байлап албайбы, Жедигер бизге калбайбы” Бирөөң вазир, бирөөң хан, Ойуңда ушул турбайбы?! Каракчыга жол берип, Бөрүгө койду кайтартып, Силерди кудай урганы! Таластык жаткын үйүңдө, Талаага чыкпа дегеле, Тирсегиңен шиш менен, Талга илем жөн эле! Таластан келген элдердин, Катын менен баласын, Алыке менен Сатыке, Үйүңөргө киргизбе, Уу бербейби тим эле, Ким бергенин ким билет, Түз болосуң шүк эле! Алмадай баштын мээси бар, Азып-тозуп жүрсө да, Ушул элдин ээси бар. Кошойдун уулу Жалгызек, Элүүгө жашы чыга элек, Эти жеңил кагалез, Өтө шайдоот чабандес, Жолборс жүрөк, таш билек, Коркпой турган немедей. Чүрөктү Кыйаз алаарда, Чылпылдактан хандарды, Жибербей алып кетиптир, Бузасың элди неге? — деп, Кимиңдин алың жетиптир?! Ошого булар барбайбы, Оорагын айтып Манастын, Жашооруп туруп албайбы. Жайылданса Жалгызек, Жарды-байың ылгайбы? Кысылып жүргөн Таластык, Кыйаздан жаман кылбайбы, Тура бербей бул жерде, Коросон жолун карайлы, Таласка барып чабуулга, Олжо катын баласы, Так он жашка чыкканча, Чаңкаган жүрөк кана элек, Кир болгон кийим чече элек, Чайкалып сууга сала элек, Чабышка минген күлүктөр, Азыр чөптөн чала элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.