Баардыгынан күч душман, Аларды жакшы байкагын, Мен Кыйаздын уулу деп, Бирөөгө камчы чаппагын. Толбосо сенин көөнүңө, Башка айтып өзүнө, Алике менен Сатике, Хан Кыйазга жумшагын, Өкүмү бар колунда, Канын Кыйаз чайкасын. Токто сарт келет соодагер, Момунжан келет илегер, Көбүрөөк барган кишини, Көзүң менен байкагын, Мен жатаармын ал жерде, Күндө балам, барбагын. Алпарып берсең көрүнөө, Жек көрүнөр ошондо, Жедигердин көзүнө, Кулуңду бер деп сураткын, Токто сарттын өзүнө, Балалык кылып, чунагым, Чаң жолотпой өзүңө. Алике менен Сатике, Алмак-салмак экөөнүн, Коппой жаткын төрүнө, Үйүндө туруп киргизгин, Казбай туруп көрүнө. Жез кемпирдин жети уулу, Бастырып келбейт бул жерге, Билсе да болуп билмексен, Жата берет үйүндө. Чөптүн кени бул жерде - Күмүшбулак керүүдө, Чөбү жок куурап калды, деп, Жалган айткан Кутубай, Мени алып келүүгө, Жалган кылбай айтканын, Жылкы айдаткан Илеге. Күмүшбулак керүүдөн, Илегенин жери кең эмес, Жайлоосу тарлык кылбаса, Текесчелик деги эмес. Акылдуу киши Кутубай, Жакын болот, жат болот, Жүрө бергин кам кылбай. Купуйа сөзгө бышык бол, Жаштык кылып унутпай. Тоо салкыны суук бар, Ойу ылымта жылуу бар, Душман десең тоону айтып, Тууган десең ойду айтып, Өз дегенде солду айткын, Жат дегенде оңду айткын, Маңдайлашып олтурсаң, Оң тарабың сол келет, Сол тарабың оң келет. Сергүүлүк менен чоңойгун, Ага берсин душмандын Көзүнөн жашы себелеп. Күйгүзүп сүйлө тууганга, Түбүндө болот күйгөндүк, Күлдүрүп сүйлө душманга, Түбүндө болот тамырын, Туйгузбай туруп кырк кандык. Алты конуп жол жүрүп, Күмүшбулак келишти, Кутубайдай абама, Саламдаша кетем, деп, Бура тартып Сейтек, Ага салам бериши. Алик алып саламга, Камындырбай Кутубай, Катуу айтты балага: — Келипсиң тууна эл издеп, Күмүшбулак жер издеп, Текестеги чолок кул, Кайда жүрөт темтеңдеп? Экөөң бирге келдиң, деп, Далай сырың билдиң деп, Туйунтуп айткан кеби го, Ушундай айткан кебиме, Ак киши деп Кутубай, Жедигер жүрсүн деди го. Алыке менен Сатыке, Алдың кабар угуптур, Сейтек кимге конор? — деп, Ики-дики туруптур. Той бергенде көп элге, Кыйаз айткан күмөн кеп, Кыйаздын кебин өткөрбөй, Кутубай койгон жемелеп. “Жедигер болсо тукуму, Боору тартып тура албай, Бизге келет Сейтек, Аргындан болсо асылы, Боору тартып баса албай, Жатып калат Сейтек” Кыраакы киши кептенип, Минтип булар айтат кеп. Булар минтип жатканда: — Кайыр эмесе, Кутубай, Алыкенин айлына, Мен ошондо барам, — деп, Кооп басты Сейтек. Гүлчорого кылчайып: — Дампаңдабай чолок кул, Таласыңдын айлы экен, Сен ушунда калгын! — деп, Кутубайга бурулуп, Жана айтты мындай кеп: — Киши жумша Кутубай, Кара дөөгө барсын, — деп, Күмүш булак күр экен, Көк катыт чөбү сүр экен, Айдап келсин жылкыны, Жүрө бербей ал жерде, Текестин жери сонун, деп. Угуп жүрөм Текести, Тоң кемирип кышкысын, Жылкы карып калат дейт, Ар кандай бээни мактаса, Он ашырып туубайт дейт. Алике угуп бул кепти: “Акылы толук экен, — деп, Таластыктын ич сырын, Айтпай-дебей билди” деп, Арсаңдап күлүп сүйүнөт. Сатикеси салпактап, Этек-жеңи далбактап, Биздин кепти айтты, деп, Жерге батпай барбактап, Алыке менен Сатыке, Катар чуркайт дардактап, Кутубайдан аттанып, Гүлчоро кебин жатка алып, Сейтек кетип баратат. “Бөрү алгандын баласы, Тир жебей түлкү алат” деп, Ошол үчүн эл айтат. Байламта жок түйүнсүз, Кепти такыр ал айтпайт, Алыке менен Сатыке, Катар экөө күтүнүп, Алдынан тосуп түшүрүп, Салам айтып сактанып, Салган куштай таптанып, Көргөн адам таң калат, Жаш Сейтек залкайып. Катындары жүгүрүп, Чөйчөгүнө суу алып, Улагын мууздап жарышып, Садагасын кагышып. Айландырып башынан, Чөйчөктө сууну чачышып. Ак үйдөн эшик ачышып, Алике менен Сатике, Сейтекке жабышып, Олтурса орун салышып, Копсо тура калышып. Кол куушуруп турушту, Кош колдоп кызмат кылышып. Айдатып кел, деп жылкыны, Кутубайга айтты, деп, Бизди айап калды, деп, Акылы терең экен, деп, Баланы таасын кылышты. Катын-эркек, кары-жаш, Баардыгы бирге аралаш, Туш-туштан келип чогулуп, Айылга толуп сагаалап, Элдин баары энтеңдеп, Жедигер калды темтеңдеп, Акылга дыкан Кутубай, Өзү жаткан чоң үйгө, Гүлчорону киргизип, Кирсиз көйнөк кийгизип, Жаңылап бээни сойдуруп, Адамга керек тамагын, Алдына үзбөй койдуруп, Гүлүстү турат тойдуруп, Таң эрте туруп Кутубай, — Сейтек айткан сөзү, — деп, Жылкыны айдап келгин, — деп, Киши барбы айылда? Текеске барып келсин, — деп, Элден сурап жатканда, Гүлчоро айтат мындай кеп: — Эби келсе Кутуке, Мен барайын Текеске, Арам өлгөн сур атты, Жылкычы кармап минбесин, Канча жылы кур болгон, Боор этине кан уйуп, Боло албай калып жүрбөсүн. Айбандар кармап минбесин. Бук болуп калган сойулгур, Тоңкочуктап ээленсе, Бүктөй кармап камчыны, Чокуга тартып ийбесин, Күүсү жанат күлүктүн, Кулактын түбү дыңдоокко, Камчынын учу тийбесин. Эркин жатып ээн өскөн, Эрте жатып кеч турган, Кымыз ичип шерне жеп, Өз мейлинче мар болгон, Элүү күндөн калба, деп, Айткан кеби ал болгон, Кара дөө баатыр ал күнү, Ошол жерде жок болгон. Кыйазга барып келдим деп, Жыла басып барайын, Кутубайдын кеби деп, Кара дөөгө туйгузуп, Жөнү менен айтайын, Айдап жүрүп болукушуп, Абдан майып болбосун, Сур койонду зар кылбай, Башкаларга кар кылбай, Өзүм алып келейин. Кутубай айтат мындай кеп: — Бар дебесе Сейтек, Кандай киши Гүлүстөн, Сени жумшап күч жетет? Жок шылтоону таппайбы, Ойноо бала Сейтек, Оролтуп камчы чаппайбы, Төрт тал сыймык башымдан, Эл ичинде качпайбы?! Олойтуп көздү ойбойбу, Оорутпай туруп сойбойбу? Көңүлүн тынбай жатыпсың, Көркөм күлүк сур аттан, Мине албас кармап жылкычы, Барган элден мен айтсам, Кармап алып суутуп, Жетелеп алып келсин, деп, Сейтек айтты деп айтсам. Кутубайга Гүлчоро: — Бул сөзүңдө жалган жок, Бөйпөйлөгөн адамдар, Балага салат кызыл чок, Болбос болсоң Кутуке, Сейитекке айтып кел, Конуп калбай кайтып кел. Эм алып Гүлүс кеңешин, Эртелеп Куту жөнөдү, Ажыз болгон Гүлүстүн, Абалын эми көрөлү, Кутубайдын алганы, Ак чач болгон Зубайда, Казан-айак карматпай, Келин-кесек, кыз-кыркын, Жаңы өспүрүм жубанга, Айагы менен тик туруп, Арстанга кылып кызматты, Астынан ашын кемитпей, Бекер киши киргизбей, Жоолуктап кармап идишти, Арстан Гүлүс кармаган, Айакка колун тийгизбей, Күтүп турат Зубайда, Тилек кылат Гүлүстөн, Жалбарып жалгыз Кудайга. Барып түштү Кутукең, Сейтек турган айылга. Алике менен Сатике: — Кел, Кутуке, келгин, — деп, Келчү эмес элең биз жакка. Кышы менен жайында, Не жумуштап келдиңиз, Эми биздин айылга? Жооп берди Кутубай, Тынары турса жанында, Кутукеңдин көөнү жай: — Алыке менен Сатыке - Короолош конгон эки бай, Айып болуп калдыбы, Айлыңа келсе Кутубай? Учураша келгемин, Айлыңда хандын уулу бар. Бөлөктүгү курусун, Не келдиң деп тергектеп, Кээкер менен турушуң? Алыкеси кержейип, Кекеңдеген неме элең, Сатикеси туйт десе, Талоочу иттин бири эле, Айрыкчасы Жедигер, Эркин сүйлөп көөнү өсүп, Болуп алган эл эле. Аликеси оолугуп, Сатикеси жулунуп, Катар экөө ормойуп: — Ой, Кутубай, не дейсиң? Олжо алып келсек да, Сакалдуу киши экен деп, Айаганды билбейсиң! Оолугасың шүк эле, Не келдиң десек кекерлеп; Алдыңан тосо барамбы, Сары улагым жетелеп, Же садага чапсам бекен деп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.