← Сейтек 1/5

Сейтектин төрөлүшү

Кыйаздын койбой эркине, Тооторусун мингизип, Ой-тоолорго чаптырды, Он беш күн кыйнап тору атты, Пилдин этин таптырды. Табылды эми болду?деп, Айчүрөк жатты этти жеп, Ай айланып ай өтүп, Аа кошулуп күн өтүп, Күндү улап түн өтүп, Тогуз ай тогуз күнүндө, Чыдамы кетип Чүрөктүн, Толгоо тарта баштады, Айчүрөк жеңе ошондо, Алмамбет уулу Гүлчоро, Эбин таап бир күнү, Айтты сырын ошого: — Айланайын асыл уул, Толгоо келген чагы бар, Бошоп барат бар муунум, Кыйаздан коркуп айарлап, Агызып этин түшүрүп, Сөөк көтөрдүм бир жылы, Дары дарман жегенсип Мен көтөрдүм бир жылы, Бул курсакка бүткөлү, Өтүп кетти үч жылы! Жашырар чама калган жок, Абаңдан калган куу туйак, Эркек болсо арман жок, Катуу толгоо көтөрөр, Мен Чүрөктө дарман жок, Кастык кылат көр Кыйаз, Кылышында жалган жок, Эки күндүн ичинде, Бир айланы таппасак, Андан башка амал жок! Таластан келген бу жерге, Кара кыргыз Кутубай, Байкап жүрөм сыртынан, Ак көңүл киши ушундай, Кутубайга айталы, Бардык ишти жашырбай. Казанчым бар Айсалкын, Кутубайга жумшайын, Кетмен, күрөк, шайманды, Эркектик кылып сен тапкын. Кутубайга кабарга, Барып келди Айсалкын. Жата электе ай батып, Түн караңгы кездери, Болжогон жерге Кутубай, Асталай басып жеткени, Гүлчоро менен Айчүрөк, Караңгынын чапанын, Калдайтып чүмкөп жамынтып, Жамгырдан сөйкө салынып, Булуттан парда бүркөлүп, Узун көйнөк, кең салбыр, Этеги жерге сүйрөлүп, Муңдуу байкуш кургурлар, Сүйлөшүп алсын дегенсип, Жылдыздын баары жылмайып, Булут жерге жабылып, Жолун таппай карышкыр, Жоортулдан калды жаңылып, Кутубай, Чүрөк, Гүлчоро, Ошондо турду кабылып. Жардам болсо кара түн, Ызылдап шамал-борошо, Оң-тескери уйулгуп, Болуп турду ошол түн. Беттешкенде Кутубай, Буркурап ыйлар жиберип: — Үч күндөн бери Кыйаздын, Бузулуп өңү түнөрдү, Толготкон окшойт жеңем, деп, Кылган элем күмөндү. Күмөн алган шегим бар, Силерге айтар кебим бар, Бакшы бүбү катындан, Итиркенбей кол салып, Баланы алган жатындан, Чычкан ооз, бака көз, Ээги түшүп калса да, Эбиреп кыйын тапкан сөз, Куураган жатын мүйүз көт, Элден сурап танданып, Он экини таптырган, Алты жашар кызым бар, Аңдытып койуп тыңшатсам, Бейли жаман көрүнөт, Толук сөзүн кыз билбейт, Гүлчоро анда мындай дейт: — Кутубайым тыңша, — дейт, Сени мында чакырып, Алып келиш ушу кеп, Турбай мында басалы, Жеңемдин жаткан үйүнүн, Төрүнөн орду казалы, Сөзүн кошту Айчүрөк: — Келсе үйгө алардын, Тирүү болсом Айчүрөк, Бир айласын табамын. Кутубай мыкты эр эле, Карандай күрөш болгондо, Отуздан берки кишини, Байлап алчу жөн эле. Маңдайдан терин шыпырып, Он эки катын баткындай, Бир ороону Кутубай, Казып болду бирдемде. Айсалкын капты алыптыр, Гүлчоро күрөп салыптыр, Элүү бир кап топону, Төрт аркандап таңыптыр, Алмамбет уул шер Гүлүс, Серпип салып ийинге, Басып кетип калыптыр. Көөмөй суунун жээгине, Алып барып төккөнү, Касаба жарды шер Гүлүс, Көмөлөтө тепкени. Жар көчүп сууга түшүптүр, Сууга эмне түтүптүр? Таң аткынча агызып, Алып дайра кетиптир. Толготколу беш күнгө, Күндүн саны жетиптир. Келди Кыйаз саксайып, Жеп ийчүүдөй чакчайып: — Алың кандай Чүрөк сен? Катындар чуркап дүбүрөп, Кайрылып келдим атайын, Кантип атат экен деп. Карап Кыйаз турсун деп, Чакыртат качан мени деп, Кулак түрүп тыңшасам, Буйактан болбойт эч бир шек, Сүйүнчүлөп келсе деп, Токтоно албайт эт жүрөк. Болжолун таап кыйсамдап, Киргизерин катынды, Билип турат Айчүрөк. Кутубай айткан түндөгү, Ойунан кетпейт жаман кеп, Анда Чүрөк мындай дейт: — Төрө Кыйаз эр болсоң, Туучу катын мен болсом, Салтыңа жаман ат калат, Жаныман чыкпай сен койсоң. Катындар карап күлбөйбү? Калгандар шылдың кылбайбы? Ар кайда катын туубайбы? Алганы сыртта турбайбы? Чыкпай койсоң каралап, Тиктеп турсаң сагалап, Чүрөктү ууздап жатат, деп, Элиң мындай айтпайбы? Катын тууса бир жерде, Күпүрүңдү кылбайбы? Айчүрөктөн кеп угуп, Эшикке чыкса эр Кыйаз, Ат чаптырып алдырган, Катындын баары чогулган, Алпарып Кыйаз үйүнө, Айтып мындай кеп кылат: — Ушул турган баарыңар, Мен айтканды кылыңар, Айтканымды кылсаңар, Каалаганың алыңар. Сандыгым толгон зарым бар, Төрт түлүктүү малым бар, Дүйнөм жетик, кол узун, Эминеден камым бар? Бурулбастан чогулуп, Айчүрөккө барыңар. Домуң барың домдогун, Тескери болсо оңдогун, Эбиң барың эмдегин, Эркек тууса Чүрөктүн, Баласын колго бербегин, Кыз тууса Чүрөк сүйүнгүн, Сүйүнчүлөп жүгүргүн. Сарпай тонун кийиңер, Желбестен жорго миниңер, Эркек тууса баласын, Киндигин сууруп алыңар, Мүрт өлтүрүп салыңар, Унутуп муну калбаңар! Эркек тууса өлбөсө, Анда тирүү калбайсың, Өзүң эмес жээниңди, Ага тууган иниңди, Тайаке-тайы, жээниңди, Такыр жалмап соромун, Калтырбастан бириңди! Кебин айтып окутуп, Катындарды кийирди. Айсалкынга Айчүрөк, Алдырып келип сандыкты, Сандыктан алды бир даары, Чайкатып чанач кымызды, Ал дарыдан салганы: — Байлап койгун чаначты, Таза жууп белендеп, Тайарлагын айакты, Катындар келет кайкайып, Элечеги каркайып, Кемпирлер келет тепейип. Желке чачы сепейип, Суусун барбы дегенде, Көрсөтүп туруп тетиги, Ирегенин түбүндө, Ар кишиге бир айак, Калбай тегиз жеткиндей, Кемитпей куйуп кымызды, Чоң чарага тизип кел. Ичесиңби, эже? деп, Мурун мага суна бер, Мен ичүүчү айакка, Киши билбес белги бер, Айак колго тийгенде, Шылк дей түшөт кемпирлер, Ушинтип эбин табалы, Казган орго салалы. Кеңеш кепти бүтүрүп, Ууну чайкап күтүнүп, Тайарланып кылайтпай, Эшиктен кирген кишини, Арчымакка мыйаздай. Үйдө болгон иштерди, Катындардан ким билди? Уркурашып топ катын: — Эл көчүүгө камынды, Болгун, Чүрөк! деп кирди. Кай бирлери какылдап: — Кырк жылкы келди сөйкөгө, Камын, Чүрөк! – деп ийди, Эркек бала төрөштүн, Бирөө да кебин кылбады, Душмандык кылып киргенин, Айчүрөк мындан ылгады. Тынчы кетип Чүрөктүн, Толгоо келип кыстады, Кастык кылчу катындар, Жакындашып ыктады. — Айланайын энелер, Андан кийин эжелер, Болжолдоп туруп келдиңер, Мезгилинде ченебей, Куттуу үйдө кур койбой, Тур, Айсалкын суусун куй! Тура калып Айсалкын, Асылуу турган чаначты, Оозун чечип жиберип, Четин кайра имерип, Сырткы катын он эки, Сыр айактан он үчкө, Кымызды куйуп буларга, Тизип алып чарага, Басып келип сунарда, Камындырбай Айчүрөк: — Аш куйганда кишиге, Өзү ичпей сунчу эмес, Келе бери алып кел, Каным катып баратат, Муну укканда тээ кирген, Катындын баары кажылдап, Үрөөнөк иттей ажылдап: — Чүрөккө мурда сунгунуң, Толгоонун бети курусун, Кудай урган күң элек, Билбейсин кылар жумушуң! Деп чуркурап калганда, Эрнеп Чүрөк карады, Бир айактын чекеси, Билер-билбес карарды, Ал айакты алганы: — Ылдамыраак жуткула, Түшкөлү бала калды! – деп, Шаштырып Чүрөк калганы, Карбаластап катындар, Камынганы жутканы, Арка жагы ууртады, Кармаган бойдон айакты, Каршы-терши уктады. Тура калып Айчүрөк, Төшөктү кайра тартканы, Жамбашында казган ор, Карартып оозун ачканы, Катындарды Айсалкын, Бирден сүйрөт таштады, Үстүнө салып төшөктү, Козголбой Чүрөк жатканы. Түн киргенде билгизбей, Кутубай менен Гүлүскө, Кум ташытып куйдуруп, Шеги жок жерди тундуруп, Күн шашке болгону, Күчөп Чүрөк толгоосу, Эркек төрөп койгону, Айсалкын жерден алам, деп, Ээрдин кесе тиштенип, Кара жанга күч келип, Чачы сайын тер кетип, Алалган жок баланы, Жерден козгоп тербелтип.