← Сейтек 6/6

Эшикке Кыйаз бет алып, Басып калган чагы экен, Кеп сурайт деп Тору аттан, Акылман жеңем Айчүрөк, Шашып калган чагы экен, Кысталган мындай күндөрдө, Жемелээри ак экен” Деген ой түшүп кылт эске, Ашып-шашып Гүлчоро, Ак айакта арпаны, Карбалас ала жүгүрүп, Тору атка жетти түйүлүп. Кармап туруп айакты, Арпаны атка жедирип, Кайта келип кирди эле, Камындырбай Айчүрөк: — Ой бердиңби? – деди эле, — Тооруңкайга бердим го, Тобу менен чогултуп, Бир ирмеди, — деди эле, Тору атка берген экен, деп, Айчүрөк анык билди эле: “Туйбай калып Гүлүсүм, Берген болсо торпокко, Бир жалмады дейт эле, Чогултуп туруп баарысын, Бир ирмеди дегени, Тору атка бердим дегени” Айчүрөк менен Гүлчоро, Алардын антип шашканы, Ал Кыйаздын Тоотору, Бүгүнкүнү так айтат, Эртеңкини биле албас, Сүйлөй турган мал эле, Тоотору жайы ал эле. Улай Чүрөк айтканы: — Кулактуу кара челекте, Айран кошкон жарма бар, Жалдырабай ошону ал, Ичип кардың тойгондо, Ашканы болсо төгүп сал, Жөлөнүп албай кырчоого, Киши көрбөс жерге бар! Кулактуу кара челекти, Боосунан кармады, Булкунгансып алганы: “Оозунда берип ашаткы, Башканы берип жатабы?” Муну ойлоп ичинде, Одурайган чоң Кыйаз, Мойнун созуп карады. Кулагынан челектин, Айчүрөк кармай алганы: — Мен ишенимсиз катынмын, Мына Кыйаз челектин, Түбүн чулгуп карачы! Жыттатса Кыйаз мурдуна, Ачып-кычып сасыптыр, Аз келгенсип анысы, Эми курттап атыптыр, Көзү көрүп Кыйаздын, Чүрөккө мунун айтыптыр: — Минтип жүрсөң сен Чүрөк, Жаман атты кыласың, Ачыган бу ашаткың, Курттап кеткен турбайбы? Аны кантип иче алсын? Бир киши тамак түгөтүп, Жок кылабы бул үйдү? Жебегенде бир киши, Тоо кылабы бир үйдү? Алтыдан киши ар жылы, Отун алчуу бул үйгө, Кийим кийип, аш ичип, Түткөрө албай отунду, Кыйналуучу бул үйдө, Далысында кечир жок, Бул окшогон эсир жок, Күнүнө бирден көтөрүп, Жыйнаган отун тоо болду, Эртең менен бир убак, Тойгузуп койсоң не болду? Бул кайнини, сен жеңе, Көп жылы жүрдүң бир үйдө, “Миң саламдан бир алма” Элдин айткан макалы. Бекер эмес, сен байка! Унчукпай Чүрөк калганда, Алдадым деп чоң Кыйаз, Айчүрөктүн бойунда, Баласы үчүн кеп сурап, Сураганга болобу? Айчүрөк менен Гүлчоро, Уурдатып акыл койобу! Кыйаз барып сураса, Шек бербеди Тоотору ат, Арпа берип Тору аттын, Байлаган тилин ал непак. Айтарга шайы болбоду, Жеңеңдин көр амалын, Курсактагы баланы, Эр Гүлчоро абалын, Он жылгача сүйлөбөс, Байлаган тилин карагын. “Шек бербеди тору ат, — деп, Менден бүткөн бала экен, Эми билдим ырас” деп, Ойлоп болуп зор Кыйаз, Тура калып кайгы жеп, Ишене албай нээтинде, Бир амалы барбы? — деп. Челекти алып Гүлүстөн, Эшикке чыга берерде, Кармаган колдон Айчүрөк, Челекти койо берерде, Колун өйдө бир силкип, Ылдый тартып бек басып, Туруп калды Айчүрөк, Челекти кармап Гүлчоро, Арканды алып бир колго: “Көмүскөгө барганда, Төгүп таштап челегин, Келгенде ала кетейин” Деп ойлонуп челекти, Көмөргөнү баратып: “Айдай жеңем Айчүрөк, Оозун өйдө силкти эле, Кийин ылдый басты эле, Белги болуп жүрбөсүн, Билдирбес кылган ишиби, Арамкор Кыйаз күмөнүн?” Деген ой келип эсине Ашаткы айран оозунда, Кыйшайтып төгүп жатканда, Түп жагынан көрүндү, Оозу туйук бир чака, Сууруп алып чаканы, Агын сууга чайкады, Оозун ачып чаканын, Ичинде муну тапканы: Кескен казы, керткен жал, Он эки түрдөн кошулган, Жеген сайын жесем деп, Салып койгон кошкон май, Эки башка идиште, Майлаган буудай куурдак бар, Жана башка алардан, Шекер менен балы бар, Томоргон сары майы бар, Сары канттан чылаган, Бир идишке кара чай, Чайдын аты махошун, Ичкендин көөнү жай болсун. Кыйазды жайкап кеп менен, Он эки түрдүү тамакты, Эптүү жеңең батырган, Ушундайча эп менен. Тартынып калбайт Айчүрөк, Гүлчорону багуудан, Айткан болуп Гүлүстү, Тилин тартпайт Айчүрөк, Зор Кыйазды чагуудан. Муну мундай таштайлы, Айчүрөктүн Сейтекти, Төрөгөнүнөн баштайлы.