Кыйаздын Айчүрөктү алышы, Айчүрөктүн амалы
Хандык колго тийгенде, Жар чакыртты Канчоро: — Калың кыргыз угуп ал, Таласта эки бийиң бар. Малай мага бий эле, Тетиги турган Керменбай, Гүлчоронун бийи эле, Керменбайдын ордуна, Бий койулду Сетертай, Бийиңди ачык таанып ал! Сарытаздын ордуна, Ордо башы Эликбай, Бакайды бүгүн төөгө сал, Төө минбесин, ат бербе, Жөө кайтарсын куу сакал! Каныкей торпок кайтарсын, Эмизип ийсе торпокту, Торпоктун ээси сабасын, Акбала барып бээ саасын, Өзү билсин Акбала, Эрке катын Чачыкей, Жагынса жаны жыргарын, Жалпаң-жулпаң этпесе, Кара жаны куурарын! Айчүрөктү алып кел, Ушул көптүн ичинде, Көнсүн акыл кебиме, Көнбөсө менин ишиме, Күн бербеймин деди эле! Деп Канчоро айтканда, Калктын баары күбүрөп, Хан болбой катып калсын, деп, Кара жерге түкүрөт: “Семетей менен Гүлчоро, Ал экөөнө эгешсин, Эл карысы эр Бакай, Ак сүтүн берген Каныкей, Ак кепиндеп аруу жууп, Көнбөдү беле энесин, Кордомок болду кан ичме, Аларга кошуп Акбала, Атасы менен бир тууган, Өзүнүн жалгыз эжесин! Кан ичме сенин кебиңди, Кабыргада бит уксун, Карсылдап үргөн ит уксун, Ушуну кантип киши уксун? Кызыталак чорону, Арбагы урар Манастын, Айлантып жүрүп түбүндө, Тузу урсун алаштын!” Деп калың журт күдүңдөп, Көзүнөн жашын төгүшүп, Карап турду байкуш эл, Кара күчкө күлүңдөп. Ал аңгыча болбоду, Айчүрөккө эки-үчөө: — Чакырып жатат сизди – деп, Кабар айтып чуу койду. Үйдө турган Айчүрөк, Билип турган бар кепти, Башына мындай ой кетти: “Калбас эле арманым, Арамдарга бул жерде, Ашкере салсам дүмөктү, Жылда бүтпөс балакет, Быйыл мага не бүттү? Жараткан кудай жалгасын, Жалгызы мынча не күптүү? Тобокел деп бел байлап, Топулдашып көрсөмбү?” Айдай болгон Чүрөктүн, Башына мүшкүл иш түшүп, Алтымыш акыл, кырк кыйал, Арбыган азап, миң санаа, Айлантып аны көп жана: “Мурун барып көрөйүн, Улуктардын алдына” Деген ойго токтолуп, Бүткөн бойу чок болуп, Басып барса чогууга, Эшиктин алды чынарда, Чынарга салган жараша, Айкөл чыкчу мунарга, Канчоро чыгып алыптыр! Алтындан соккон чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап, Күмүштөн куйган чоң чачпак, Май сооруда шаркылдап, Канчоронун жанында, Чачыкей турат арам күң, Мас болгондой шалкылдап, Айлана басып кыйшактап, Терин аарчып шыйпактап, Аркасын салбай чорого, Айлана басып кыйгачтап! Так ушуну көргөндө, Айчүрөк, Бакай, каныкей, Көк асман башка түшкөндөй, Оорлугунан кара жер, Көтөрүп аны түткөндөй, Бендеге келчү барлык иш, Бул үчөөнү күткөндөй, Карап турган калың журт, Баш көтөргөн киши жок, Оодарылып токтобой, Атаңдын көрү дүйнө шок! Айчүрөк жетип келгенде, Каныкей көзүн салыптыр, Бакай тиктеп калыптыр, Ак тинте алсам кантер? — деп, Белги берсе Айчүрөк, Ошол кезде Бакайдын, Оң колунун беш салаа, Оодарылып ачылып. Экөө калды ачылуу, Сегизин койуп жашырып, Он эки жыл күйгүн, деп, Белги берди шашылып, Кайран эне Каныкей, Эки чачын түйүлтүп, Орой кармап алыптыр, Мойнуна учун салыптыр, Эркек туусаң туум, деп, Ургаачы болсо укканда, Муунуп өлөр жибим, деп, Анык белги бериптир. Айчүрөк басып барганда, Чачыкей айтат ушунда: — Ургаачыда чырак кырк, Дуулат өткүн тушунда. Эрке катын атыгып, Эрди билген сен элең, Ар качандан бир качан, Сага качан тең элем? Мен бүгүн Канчорого, Капилеттен туш болдум, Сен бүгүн эр Кыйазга, Буйрук экен туш болдуң, Дагы менден өөдөрөк, Багың ачык сен болдуң. Өлгөн эрди өңүңдөн, Өңүң эмес түшүңдөн, Чыгарып аны сен койгун, Эр Кыйаздын доорунда, Эркиң менен ойногун! Ушул кепти укканда, Айчүрөктүн башына, Айланып асман түшкөндөй, Ырыскы калбай бүткөндөй, Тамандан өөдө дүр этип, Бүткөн бойу зыр этип, Төбө чачы бириндеп, Этек жеңи бириндеп, Эт жүрөгү үзүлүп, Жыгылчудай дүм түшүп, Кайрат кылып кайран жан: “Айаш атам, кайненем, Белги берди сыр айтсам, Суук-селкин кеп угам, Муну менен чырлашсам, Колго турар жери жок, Кубулуп турат бу жалган!” Деп ойлонуп Айчүрөк, Барып калды жакындап, Ашыга басып Чачыкей, Жерге сыйбай лакылдап, Оң жагына Кыйаздын, Олтурчу жерин дайындап, Жеңе боло калыптыр, Ошол кезде Айчүрөк, Мындай кебин салыптыр: — Тирүүңдө калып баатырдан, Болдуң эле сен жесир, Семетей өлүп жоголуп, Бүгүн болдум мен жесир, Жеңе болор жолуң жок, Сен экөөбүз тең жесир! Кыз эмес бүгүн Айчүрөк, Сен жетелеп баргыдай, Жаш эмес же Айчүрөк, Алуучу эрден качкыдай, Өзүм барып билишем, Тур, нары бас сасыбай! Эмне келдиң бул жерге, Чоронун кирин арчыбай, Чачыкейди сындырып, Чүрөк жакын барганда, Тура калды эр Кыйаз, Олтур мындай дей албай. Ошол чактан ушул чак, Айдай болгон Чүрөктүн, Көбү жүзүн көрө элек, Акундун кызы Айчүрөк, Бардасын беттен алчу эмес, Бардасы бар башында, Барып туруп Айчүрөк, Эр Кыйаздын кашына, Айтты сөзүн кеп баштап: — Тоодой Кыйаз сен болсоң, Толгон Чүрөк мен болсом, Томоруп тоону кулатып, Олжолоп Кыйаз сен алсаң, Олжо катын келди деп, Ошентип Чүрөк мен барсам, Эрлик атак саа арзан, Эмгектүү Чүрөк маа жаман! Тилимди алсаң эр Кыйаз, Көчүрүп мени сен барсаң, Жесир дебей тай сойуп, Эл чогултуп той болуп, Даңаза менен сен алсаң, Айчүрөктүн тойу деп, Айтылып элге мен калсам. Жедигердин эл тургай, Атагы кыргыз ак калпак, Өзүбек, тажик аралаш, Жүда, жүржүт чамалаш, Чүрөктү Кыйаз алат, деп, Баары укса кабарды, Даңазаң чыгып калбайбы, Эригип жаткан далай жыл, Эл жыйылып барбайбы, Теңтушуң Чүрөк ошондо, Башынан барда албайбы, Мактанып жатат дебегин, Далайы эстен танбайбы, Сендей эрдин оорагы, Таанылып элде калбайбы. Ушул жерде сен алсаң, Эрке эжем кептенип, Чучаңдап ээрчип мен калсам, Кыйазча катын алып, деп, Сага калат жаман наам. Кары десең кары де, Каалы дебе Чүрөктү, Ургаачы деген ушул деп, Эл айыңдайт, маа жаман! Өмүрлүк жолдош болобуз, Ойлоп көрчү сен Кыйаз, Экөөбүзгө тең жаман! Айчүрөктөн кеп угуп, Ойрот Кыйаз ошондо, Акыл ойлоп олтуруп: “Аты ургаачы болбосо, Акылы чыккан кеп экен, Байатан айткан кептери, Жан менен тер кеп экен, Жарашып калса адамга, Жан жыргатар неме экен, Ошол үчүн Чүрөктү, Агам Толтой, Чынкожо, Талашары эп экен” Деп ойлонуп зор Кыйаз: — Ой Канчоро жан досум, Ишенбиден калтырбай, Мени узатып сен койгун, Акундун кызы Чүрөктү, Жанга дабаа себепти, Жериме барып жай алып, Сарамжалым дагы алып, Алтымыш уруу алашка, Арбын кабар мен салып, Атка минер кишини, Калтырбай баарын алпарып, Көрсөтүп туруп алайын, Уурдап ала качкандай, Ушинтип кантип аламын? Айтып болуп эр Кыйаз, Туруп кетти ордунан, Чүрөктү алпар үйүнө, Тургузбагын деди эле, Кызматкер катын дап дайар, Канчасы бар ал жерде, Он беш катын оролуп, Ортого алып Чүрөктү, Алып кетти үйүнө, Эр Кыйаздын ойуна, Арбын акыл, көп санаа, Айабай түштү ушунда: “Айчүрөктүн бүгүнкү, Адам тапкыс насаат кеп, Ойлогонго сонунда. Семетейди кыргызга, Тааныткан Чүрөк турбайбы, Акылы тунук агын суу, Наалыткан Чүрөк турбайбы! Кургак сөзгө семиртип, Ушинтип жүрүп бул Чүрөк, Бир шойконду кыларбы? Эми кылбас жамандык, Ишенери калган жок...” Айлантып ойлоп ааламды, Кыйаздын ичи кызыл чок, Канчоро туруп мунарда, Чачыкей менен кеңешип, Элге айтты бу кепти: — Казыналык нарларга, Алтын, күмүш-зар артып, Асыл буйум дагы артып, Кыйазга жүздү берели, Жеринен жазбас жоргодон, Санап миңди берели, Кыздан таңдап элүүнү, Уулдан таңдап элүүнү, Таңдап туруп сулууну, Баштан жүздү берели.