Хандын кызы Калыйман, Чабактын кызы Аккойон, Эки сулуу тең өлүп, Эчак эле жоголгон. Ушул кезде алганы, Акбалта кызы Акбала, Азаматка чак бала, Эшигин түрүп олтурган, Алда эмне шумдук деп, Ичине кайгы толтурган. Аңгычакты Сетертай, Чыга калып капыстан, Топуракты чаптырып, Ылдамдата бастырып, Акбаланы камынтпай, Айткан сөзү мамындай: — Айкөлдүн уулу жалгызды, Ажалга душман каптырды, Курдашын Гүлүс чорону, Колун кесип сойлотту, Тууганың жеңе Канчоро, Ойондордун онтотту! “Эрдигин ” бүгүн билгизди, Эрегишип жүрчү экен, Төрөнү жерге киргизди! Алган эриң Гүлүстү, Ыштанына сийгизди, Арстандын уулу Семетей, Алмамбет уулу Гүлчоро, Катарынан сулатып, Азабын колго тийгизди. Сен атадан, ал уулдан, Иниңдин такка мингенин, Тим келбестен Сетертай, Жеңеке сүйүнчүлөп келиши,- Деген сөздү укканда, Мелтиреп тиктеп Акбала: — Адамдан айбан Канчоро, Абамдан болсун садага! Кар болор өзү артында, Гүлүсүмдү кардаса! Жерде жаткан кол бакан, Эңкейип колго алганы, Чапса оңдурбайт мени, деп, Карап турбай Сетертай, Качып жолго салганы, Канчоронун айлына, Калдаңдап жетип барганы: — Бектин кызы Бегимжан, Турасызбы тынч-аман? Сүйүнчүгө келгемин, Токтоло албай мен саган. Кайраттуу чыгып Канчоро, Семетей менен Гүлүстү, Катар көмдү орого, Чачыкейди көчүрүп, Алдырап барды коргонго, Алуучудай кейпи бар, Байкап көрсөм болжолдо. Байбичеси сен болуп, Ээ болуп калдың борборго! Деп Сетертай айтканда: — Ыраспы сөзүң жалганбы? Чыныңды айтчы жаш бала. — Жалганы жок, сөзүм чын, Баарын көрүп келгемин, Өлдү деп ойноп айткында, Жинди болуп келбедим. — Чын болсо бала, кебиң, — деп, Сүйүнчү берем, келгин, — деп, Бегимжан үйгө бурулду, Сетертай ээрчип кирди эле, Бергенин алып кетем, деп. Жака-жеңи тик турган, Жалтылдап сырты кулпурган, Жаңы суусар бир ичик, Сетертайга кийгизип: — Чачыкей болор алынды, Мен боломун таңылды? Мен жүрбөйүн Сетертай, Чачыкейдин колуна, Суу куйуп, тамак жегизип, Айчүрөктү салпактап, Ээрчип келген дегизип. Аттанып сен бачым кет, Жик чыгарбай менден кеп. Айкөлдүн уулу абага, Эр Гүлүстөн сарага, Буга ракым кылбаган, Кимге ракым кылат? — деп, Айчүрөктү чоң Кыйаз, Олжолоп алып тынат, — деп, Оозу бейбаш шок балдар, Ошондо шылдың кылат, — деп, Шылдың болуп тирүүлөй, Басып жүрүү уйат кеп! “Алдында келдиң, Бегимжан, Айчүрөктүн артынан, Эми ээрчип жүрөсүн, Чачыкейдин артынан” Дедирип элге айттырып, Тирүү басып жүрбөйүн. Хан жездемдин төшөгүн, Ачып келсе Канчоро, Бирге жатып ошого, Бул азапка көнбөйүм! Кетем деп эрлер артынан, Арстан эрдин Ташкөлгө, Түшүп өлдү Бегимжан, Салбарлардын дартынан, Сетертай чыгып айылдан, Эңишке койуп баратса, Керменбайдын көп айлы, Утур чыкты алдынан. Керменбай баштап отузча, Кары менен жаштары, Олтурушкан короодо, Куйунтай менен Сетертай, Кирип барды ошондо. Куйунтайды Сетертай, Бура калып бул элге, Аттуу келип жанына, Тура калды бу жерге. Олтурган бирөө кеп айтты: — Атың сийип жиберет, Ары түшкүн! – деп айтты. Сетертай анда муну айтты: — Ат сийдигин ылгоочу, Кайда калды амалың? Түшө турган чагым жок, Кабарга келген баламын. Көрдүңөрбү, агалар, Күн эмине бүркөлдү? Күлгүндүн күрөң чапанын, Эмне үчүн чүмкөндү? Ай кыйадан эңкейди, Арстан уулу абакем, А дүйнөгө кеткени! Күн кыйадан батканы, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Далыдан колу сөгүлүп, Азапты тартып жатканы! Канчоро, Кыйаз жеткени, Ордо баккан сары дөө, Орого түшүп кеткени. Атка жеңил тайга чак, Мен Сетертай балага, Керменбайдын бийлиги, Бекеринен жеткени! Канчоро киши жиберип, Чачыкейди ордого, Көчүрүп алып кеткени. Бу Керменбайга Сетердин, Туйунтуп айткан кептери, Сетертайдын атасы, Ажыбайдын жигити, Сетертайды Керменбай, Айылга барса ойнотуп, Ээрчитип алып жүрүүчү, Өчөгүшүп иттерге, Өзүң кордук көрбө, деп, Эми билинтип айткан бир кеби: — Керменбай ага сен элең, Аркаңдан ээрчип селпектеп, Айырмач минип телпектеп, Ойногон бала мен элем. Бакайга бардым кабарга, Каныкей, Чүрөк – аларга, Ыйлап-сыктап жатышып, Түбөлүгүн түз ойлоп, Сабыр кылды балаага. Бүгүн жанга күч, дешти, Оңуна келсе өткөн иш, Түбөлүгү түз дешти. Сетертай мындай айтканда, Айчүрөк бой кат экен, деп, Керменбай анык билгени. Сыр алдырбай калганга: — Кебиң менен куруп кал, Бастырып жолго кир! – деди, Арстанынан айрылып, Армандуу болгон кайгырып, Айалдын узу Айчүрөк, Куу ингендин жез буйла, Тартып алып мурдунан, Тагып койгон тумарын, Жулуп алып мурдунан: — Сага келбейт жакшылык, Канчоро кулдун колунан, Жаныңды сакта жаныбар, Жоор кетпейт жонуңан. Деп Айчүрөк айтканда, Уккансып кепти адамча, Жаныбарым куу инген, Жалпыга дагы дуу инген, Келайткан душман жеткинче, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Ошону көздөй жөнөдү, Келип жүрдү үч айда, Бир сапардан кайран мал, Күмбөзүн шердин көргөлү. Куу тайгандын каргысын, Чыгарып алып мойнунан, Тузга чылап жарты нан, Айчүрөк берип колунан: — Он эки жылда тосорсун, Тарашанын жонунан. Деп ага да кеп айтса, Куйругун кыпчып кыңшылап, Жөнөп кетти Куу тайган, Темир тоо көздөй бет алып. Үйгө кирип Айчүрөк, Канаттуунун асылы, Акшумкардын мойнунан, Алып жагоо чыгарып, Алды боосун бутунан: Эркек болсо тууганым, Тумар кылып берем, деп, Бир тал жүнүн бериптир, Куйругунун кутунан. Бошотуп болуп шумкарды, Учурса учпай баркылдайт, Боосу менен жагоону, Карап тиктеп жалдырайт. Учпай шумкар турганда, Абаң Бакай кеп айтат: — А, балам Чүрөк, — деп айтат, Акшумкар учпай турушу, Анык белги мына ушул! Жагоосун салып мойнуна, Боосун такчы колуна, Айкөлдөн калган туйакты, Ал Семетей чунакты, Кайыптар алып кеткен бейм? Кайсы бир тоонун бооруна, Учуп барып консом, деп, Семетейдин колуна, Алган бейим Акшумкар, Ушуларды ойуна. Айбан да болсо жаныбар, Бакайдын кебин укканда, Баркылдап сайрап жиберди. Асыл жеңең Айчүрөк, Боосун тагып колуна, Жагоосун салса мойнуна, Ыргып конду Акшумкар, Абаң Бакай колуна. Канатын кагып чыртылдап, Учуп чыгып асманга, Семетейдин ордосын, Ордо курган короосун, Үч айланып Акшумкар, Канатын ирмеп жаркылдап, Кайыпчы карай жөнөдү, Кайыпчыда экен, деп, Болжол кылды билгичтер, Кайран Семей төрөнү. Ушунтип алар турганда, Атарманы Алыке, Чабарманы Сатыке, Канчоро айткан кеп менен, Эки жүзчө кол менен, Доолбасын карс койуп, Мылтык атып тарс койуп, Аламандап ат койуп, Айалдабай бат койуп, Капыстан чыга калышты, Айылга кирип барышты, Тегеректеп бөрүдөй, Тегиз тура калышты, Үпү-дүпү түшүрүп, Казанчы менен малчысын, Булар сабап салышты, Айчүрөккө токулуу ат, Каныкейге жайдак ат, Хан Бакайга жайдак төө, Дайар кыла калышты, Анда Чүрөк кеп айтат: — Алыке менен Сатыке, Келипсиң экөөң бу жерге, Кордук кылбайт дечү эле, Колго түшкөн кишиге, Тилим менен барамын, Баш болуп турган кишиге! Желбес жорго камдагын, Жеткилең кайын энеме, Тулпардан тандап бирди тап, Тунжуру кыргыз абама, Айтканым кабыл албасаң,, Жыпжылма кылам барыңды, Чын кайратым кармаса! Айтканча кебин Айчүрөк, Белдемчини бүгүштөн, Жуп калталуу тигиштен, Сууруп алды тинтени, Колуна алган тинтеси, Он эки жерден бүктөлүү, Булгап-булгап куйуптур. Он эки аршын болуптур. Учунан жалын балбылдап, Өрт чыгып мизи жалындап, Көргөндө мындай шумдукту, Алыке менен Сатыке, Коркуп калды калтылдап, Муунуна кирип калтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.