“Акундун кызы кара бет, Асмандап учат деди эле, Жылдыз менен булуттун, Ортосунда көрүнбөй, Түндө сүзөт деди эле, Кыл деген ишиш кылалы, Учуп кетип кара бет, Канчоро менен Кыйаздын. Кыйыгына калбайлы” Деп ойлонуп бул экөө, Желбестен жорго ылгашып, Ат жабдыгын кылдашып, Манаптан кылган көрпөчө, Бүктөп туруп салдырып, Кош басмайыл тарттырып, Бакайга башка кармашып, Айчүрөктөн корккондон, Баары турду жардашып, Кулдардын көрүп чамасын, Билип болду Айчүрөк, Абалын анын чакташып. Ошентсе да жеңеңде, Ордо кайда, үй кайда?, Мурдагыдай күн кайда? Каныкей, Бакай, Чүрөктү, Бирине-бирин көрсөтпөй, Түп көтөрө жөнөттү. Канчоро бийлик алганда, Ар жерге киши чаптырган, Айыл башы болгонду, Калтырбастан таптырган, Төрт көлдөгү коргонго, Чогулуп барган баары адам. Керменбай, Малай – экөө бий, Эл башкарды мунун бил. Жарчылары чар салып, Жашоолдору шаңданып, Кыйкырышат өзүнчө, Айтканына таңданып: — Эстүү–баштууң калбастан, Баарың мабу үйгө кир, Чачыкейдин ордого, Эл киргизип ошого, Дүрбөлөңдөп жатканда, Бегимжан өлүп калды, деп, Кабарчы келди ошондо, Айчүрөк угуп кабарды, Канчорого атайын, Айдай жеңең барганы. Эч жамандык көрбөдүң, Бегимжанды алгалы... Айчүрөк кебин карабай, Укканга кебин жарабай, Кебин мындай салганы: — Өлсө өлгөндүр Бегимжан, Көөмп койсун төрт адам, Бүгүн жети туу сойуп, Чачыкейди мен алам! Аңгычакты Чачыкей, Басып кирди талаадан, Ой, Канчоро угуп кой, Муунуп өлгөн турбайбы, Тээ Бегимжан деген жаманың, Сүйрөтүп барып бир жерге, Жар көчүртүп салайын! Деп Чачыкей айтканда, Кыз алганым эле, деп, Кыргыздын кылып каадасын, Көр каздырып көмөм, деп, Жарабады Канчоро, Жарты ооз кебин айтканга, Айдай жеңең Айчүрөк, Кыйазга кирип ошондо: — Жедигердин эр Кыйаз, Эл башкарган сен Кыйаз, Бектин кызы Бегимжан, Бирге келген журтуман, Бүгүн өлүп кетипмин, Ажал каргыш айынан, “Ачуум келсе артыңан, Айтамын” деген бир кеп бар, Байатан айтты Чачыкей: “Көр каздырып көмдүрбөй, Жар көчүрүп сүйрөп сал” Кылганы мунун жол эмес, Бегимжан өлүп күм болду, Эми киши калган жок, Чачыкейден талашаар! Угуп муну чоң Кыйаз, Канчорону чакырды, Кеңеш кылып чорого, Көр каздырып ошого, Бегимжанды жашырды. Капа-дүпө Канчоро, Чачыкей алды шашылып, Жети бээ сойуп, кой берип, Бир тиштем эт жебеди, Ачыгын уккан эл келип. Жыланды жейт көрбөгөн, Заар ичет билбеген, Шол сыңары көп элден, Билбей калган жөн-жайын, Келген элдер эт жеген Айчүрөк жалгыз бир үйдө, Каныкей, Бакай бир жерде, Канчоро, Кыйаз биригип, Чоң кеңеште бул күндө. Чоң Кыйазга Канчоро, Ошондо айткан кеп эле: — Алыстан келдиң сен Кыйаз, Акжолтой болдуң маа Кыйаз, Элдин эки бийи бар, Которуп аны салалы, Семетейге караган, Түгөнсүн журттун амалы, Керменбайдын ордуна, Бий кылганым Сетертай, Сетертайдын агасы, Эликбай деген адам бар, Эликбайдын коргонго, Чоң кылыш менин ойум бар. Кеңешти мындай өткөрүп, Канчоро кебин эп көрүп, Ордунда Малай бий калды, Семетей менен Гүлүскө, Караштуу элдин колунан, Тартып бийлик бүт алды. Канчоро айтат Кыйазга: — Көчүп келгин Таласка, Бирге туруп ээ болуп, Атагы түрк алашка, Окшойлу биз да Манаска. Абал кылар айткан кеп: “Ага өлсө жеңеси, Инисине керээз деп”, Чынгожо, Толтой тең өлдү, Алабыз сулуу Чүрөк, деп. Чүрөктү Кыйаз сен алгын, Карап турдуң башында, Чачыкейди мен алдым. Хан Бакайды каркайтып, Куу арчадай тартайтып, Төө кайтартып салайын, Төө мингизбей ат бербей, Жөө кайтартып салайын. Каныкейди какжайтып, Торпок багар кылайын, Эмизип ийсе торпокту, Сабатып күндө турайын. Гүлчоронун Акбала, Тууган эле ал мага, Анткени менен Акбала, Тобосуна жаңгыча, Чачыкейге жалынып, Тобо-томук кылганча, Бээ саадырып койойун, Өзү билип ойлонор, Өчүшсө кандай болорун, Алмамбеттин Гүлчоро, Жетисууга жиберип, Отун алдыр ошого, Каныкей, Бакай, Гүлчоро, Айчүрөк – төртөө болгондо, Чатак табат болжолдо. Деп Канчоро айтканда, Зор Кыйаз айтат мындайча: — Жетисуудан Таласка, Көчө албайым самсаалап, Жедигерге ээ болбой, Канчорону мааналап, Таласка көчүп кетти, деп, Жер бетинде элдерге, Мен боломун жаман ат, Акундун кызы Чүрөктү, Ааламга салган дүмөктү, Алып муну нетемин? Алган менен Чүрөктү, Кай муратка жетемин? Чачыкейди сен алсаң, Айчүрөктү мен алсам, Арбагына Манастын, Бет болуп калар бекемин? Отунчум бар, кулум бар, Гүлчоро алып нетемин? Ошол отун алганда, Дүнүйөм толуп кетпейим, Уруксат бергин, жан досум, Ишемби жөнөп кетейин, Бүгүн күнгө шаршемби, Аңгыча турсам бекемин. Калдаңдаган Канчоро, Кабагын чытып ошондо: — Катыгүн Кыйаз, не дейсиң, Ашкере турат, билемин, Таласка көчүп келбейсин. Айчүрөктү алып кет, Ат сооруга салып кет, Каныкей, Бакай маа калсын, Гүлчорону кошо алгын, Таластын калса ичинде, Билесиң го, эр Кыйаз, Бу кулдун бекер турбасын, Калган кыргыз – кары-жаш, Гүлчоро кебин бурбасын! Саа жөлөнүп эр болдум, Таласка бүгүн ээ болдум, Көрсөтүп туруп кыргызга, Хан көтөрүп сен койгун. Айтканга Кыйаз макул деп, Карача каймал тапкын, деп, Карача каймал төө сойуп, Канчоро хандын тукуму, Таластын ханы болду, деп, Каратып туруп кыргызга, Ак кийизге салдырып, Көтөрүп аны хан койуп, Дардайып калды Канчоро, Сыр коргонго хан болуп. Муну мындай таштайлы, Эр Кыйаздын Чүрөктү, Алганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.