Алманбеттин эр Гүлүс, Күркүрөгөн чоң дөөнү- Бүтүлүү бойу дөбөнү, Кыйамына келгенде, Көмө койуп өткөнү, Далбырап өөдө болгунча, Башын кесип кеткени. Гүлүстөн башын кескен дөө, Бир энеден эки эле, Агасы өлүп кеткенде, Иниси мында жетти эле, Эки көзү алаңдап, Эки буту салаңдап, Эки жагын каранат, Койго тийчү бөрүдөй, Ээрди- мурдун жаланат, Оозунан түтүн буркурап, Көзүнөн жалын шыркырап, Көөрүктөн чыккан учкундай, Жылт-жулт этип чыркырап, Аттай-буттай жүгүрүп, Алты кат темир тон кийип, Кабагы карыш түйүлүп, Сүзөгөн бука кептенип, Эки көзү үлүйүп, Кайыгы баскан каапыр дөө, Кайкалап мурду чүлүйүп, Жер куйдай оозу ачылат, Тиштери келет шакылдап, Үйдөй болгон Чойунбаш, Арта салып ийгенде: — Адам уулу, көзүңдү ач! Булгап алып чокморду, Агаң Гүлүс баатырды, Айабастан бир койду. Эр Гүлүстөн баатырдын, Көп өнөрү бар болчу, Ордун сала бергени, Күүлөп чапкан чойун баш, Бүтүн жерге киргени. Бир көтөрүп ала арбай, Дем жыйып тартып калганы, Кыйамы келди иттин деп, Атактуу баатыр эр Гүлүс, Как шилиге муштады. Бадананын жакасы, Туулганын этеги, Ачылып калган кези экен, Абаң Гүлүс баатырдын, Амалы арбынкы экен, Кулактын түпкү бези деп, Мойун эттин өзү деп, Учун ууга сугарган, Найза менен муштаган. Жандатып урган чоң найза, Буйаккы кулак түбүнөн, Жылтырап учу чыкканы, Башын өөдө кылалбай, Тоңкоруп жерди жыттады. Аз келгенсип анысы, Ай балта менен жаңсады, Чындап жерге жаздады, Көрүп турган дөө калбай, Жалпы баары качканы. Банур шаанын көп аскер, Качкан дөөнү каптады, Кызыл кыргын кан төгүп, Кырылышып жатканы. Алмамбет уулу шер Гүлүс, Алдында минген Сур атты, Албан түрдүү жүгүртүп, Аралап кирди дөөлөрдү, Бир четинен бөлүнтүп, Жетимиш күнү жөө басып, Тер жыттанган нечен дөө, Жети батман аш ичип, Жин жыттанган нечен дөө, Чоң-кичисин карабай, Кылча жанын айабай, Сабын бузбай сулатып, Башын таштай кулатып, Алдына салып айдады, “Бануршаанын аскери, Адамды кандай эрдир?”деп, Акылы айран–таң калды. Жалгызек колу сынган күн, Буурулдун буту сынган күн, Канчоро болуп жарадар, Байтайлак кетип окко учуп, Хан Бакай болуп санаадар, Кагылышкан күндөгү, Кармады бүгүн шайтаны, Капташкан дөөдөн канчасы, Качып кете албады. Шол кезде Нүкүр дөө, Арамдыкты ойлоду, “Эми ишим болбоду, Сейтек тирүү койобу?” Качып берди калдаңдап, Кара бойу далдаңдап, Кетип барат Нүкүр дөө, Карабай артын далдаңдап, Койкүрөң менен сыздырып, Сейтек жетти чукулдап, “Өзүнө алым келбеди, Сейтек келди жегени, Оодара тартып тоңкойтуп, Ушу жерде жебейби! Койкүрөң эбин табайын, Кутулуп кетип калыштын, Амалын анан кылайын” Деп ойлонуп Нүкүр дөө, Кылычты кыйа кармады, Сейтек жетип сайрады, Найзанын учун тийгизбей, Ат үстүнөн кулады, Күү менен келген Койкүрөң, Аттай чуркап барады, Кылыч менен ант ургур. Койкүрөңдү чапканы, Төрт айагын тең кесип, Томолонуп жаканы. Арстан тууган Сейитек, Ат менен кошо кулабай, Айактай түшүп басканы. Тура калып Нүкүр дөө, Кара буурул ат таштап, Гүлнарды алып көтөрүп, Учуп кетти далбаңдап. Буурулду минип Сейитек, Көлөкөнү кубалап, Кошо кетип баратат. Кайкып учуп ак кептер, Чоң Таласка келди эле, Айчүрөк менен көрүшүп, Бар иштен кабар берди эле. Ак кептер менен айчүрөк, Асмандап учуп сабалап, Сур буудан менен Куйалы, Бу да келет каралап, Келе жатып айчүрөк, Нөкөргө калды учурап. Дөө учуптур тууралап, Айчүрөк учуп ылдамдап, Келатканда алдырап, Көзү көрдү Айчүрөк, Нөөкөр кулду аң уулап, Айкандын уулу Нөкөр кул, Көкбөрүдөн кичүүсү, Агасы менен Манастын, Дос экенин билүчү. Өмүр бойу Нөкөр кул, Мергендик менен жүрүчү. Жетип келди Айчүрөк, Андан мурда көрүшкөн, Абдан жайын билишкен. Көрө койуп Нөкөр кул: — Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, Алдыраш ишиң көрүнөт. Амандык сурап Айчүрөк, Иштин жайын айтты эле, Угуп болуп Нөкөр кул, Дегэле жаман шашты эле, Кесирим деген бир белге, Чыгып келе жатты эле. Байкап көрсө Нөкөр кул, Дүрбү салып шыкаалап, Үстү менен булуттун, Аралап кетип баратат. Жайга мыкты Нөкөр кул, Алдынан шамал салыптыр, Булуттан чыгып Нүкүр дөө, Көгөргөн жерге барыптыр. Нөкөр кул жаасын бек тартты, Алмамбеттин арбагы, Жардам болгун, деп тартты. Жебенин огу зыр этип, Кирип кетти Нүкүрдүн, Оң көзүнө мылк этип, Ок көзүнө тийгенде, Башы кетти шылк этип, Колуна кармап келейтат, Гүлнар кетти шып этип. Айчүрөк менен ак кептер, Асмандан жерге түшүрбөй, Кармап алып Гүлнарды, Нөкөр кулга кош айтып, Сейитекке алыр барды. Абамды таппай болбойт, деп, Сейтек жолго салганы, Аңгычакты болбоду, Куйалы келип калганы. Сейитек менен Куйалы, Гүлүстөн болду табары, Гүлнарды алып Чүрөктүн, Талас болду жанары, Абалап учуп Аккептер, Гүлчорону карады. Көкөлөп учуп келайтып, Учурап калып көп дөөгө, Кеп сураса ак кептер, Жакындашып бирөөнө, Жашырбай айтты ал дале: — Мен айтайын, сен дебе, Көйкаптан келдик бул жерге, Дөөлөрдөн чыккан балбаны, Нүкүр деген бар эле, Банушаанын Аамин кыз- Алучу анын жары эле, Аамин кыз тийип кетиптир, Бурулуп көөнү бендеге, Гүлүстөн деген бир эрге. Нүкүр келип урушуп, Жүз миң дөөнү сойдуруп, Өзү качып барыптыр, Бир жаккы көзүн ойдуруп, Намыстанып жөнөдүк, Чогулуп дөөлөр олтуруп, Сурасаң менден бул жумуш. Ак кептер ачык кеп угуп, Асмандап учуп ылдыйлап, Сейтек карай ыңгайлап, Жетип келди бир демде, Сейтек менен Куйалы, Ат чалдырып турганда. — Шер Сейтек, кыз балбан, Эми сага кеп айтам, Элүү миң дөө жолукту, Асмандап учуп келайтсам. Нүкүр дөө барып жерине, Кабар салып элине, Элүү миң аскер алыптыр, Эми келип калыптыр, Кокустан барып Таласка, Бейкут калба салбасын, Тилимди алсаң,Куйалы, Талас жакка сен баргын, Ушул жерде жол тосуп, Шер Сейитек сен калгын. Асман менен жөнөйүн, Гүлүскө кабар берейин, Жеткизип койуп бул жерге, Атама барып келейин. Атамдан аскер алайын, Эртеңки күнү бул чакта, Жетип келе калайын. Ак кептер сызып жөнөдү, Алышып кеткен дөө Нүкүр, Сейитекти көргөнү, Асмандан жерге куйулду, Таласка кетип бараткан, Куйалы балбан туйунду, Кайта артына бурулду, Карайлаган Нүкүр дөө, Жарлык кылды калкына- Турган дөөнүн жалпына: — Бирден-бирден барбагын, Бирден темир арканды, Түрүп колго кармагын, Сейтек деген эр ушул, Тегеректеп байлагын, Элүү миң аскер жабылып, Ортого алып Сейтекти, Тегеректеп дөө келди, Учуп келген асманда, Атка минбей жөө келди. Ойротто жок Сейитек, Опсуз батыр эр экен, Эчтемени кенебес. Албарс менен кайсалап, Бир дөөгө аркан салдырбай, Кырып кирди талкалап, Ач кыйкырык чуу менен, Айкырып кирди Сейитек, Дагы элүү миң кол келди, Гүлүстөнгө баргын, деп, Нүкүрдө ага жиберет. Дөө бөлүнүп болгунча, Аккептерин бирге алып, Гүлүстөн жетти тебелеп, Аккептер турду суранып, Бануршаага барам,деп. Болбой койду Гүлүстөн: — Бир көзү жок Нүкүр дөө, Коркуп кетер киши эмес, Дүрбөлөңк салып атаңа, Кабар айтар иш эмес, Бөлүп койгон элүү миң, Гүлүскө келди жармашып, Жекеге бирден келе албай, Баары келди жардашып, Кудай бетин салбасын, Учуп жүргөн дөө менен, Баатырлар жүрөт кармашып, Чылпылдап баткак жуурулуп, Суу ордуна кан агып, Нүкүр дөө айтып жөнөдү, Беш миң дөөнү котчу алып, Таласты талап алам деп, Бүгүндөн калбай мен барып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.