Аккептер келип ошондо, Сейитекке муну айтып: — Таласка кетти Нүкүр дөө, карыларга барбасын, Калбаны катуу салбасын. Алдыңда минген Буурулдун, Уча турган иши бар, Учуруп атың салайын, Жолуңду баштап алайын, Сага кандай уланым? — Учар болсо Буурулду, Учуруп бер, Аккептер, Азапты арбын тартпасын, Абам Бакай, Каныкей, Менден уулу бар туруп, Жекелешип жүрбөсүн, Жетик атам Семетей, Канатын жазып Аккептер, Кайып учуп жөнөдү, Батыштан карай чыгышка, Узатпай жетти дөөлөрдү, Сейитектин келгенин, Нүкүр сокур көргөнү, “Чындап жанга күч келсе, Сокур көздөн жаш чыгып” Тербелбеген Нүкүр дөө, Эми калды шашылып. Ээрчип келген беш миңдин, Элүүсү мыкты эр эле, Бирден–бирден чыккын, деп, Айланышып тургун, деп, Сыйкырчы дөөсү бар эле, Бир малайын жумшады, Ошону алып келгин, деп, Бирден чыгып балбандар, Бир беттешпей өлгөн бар, Эртеден кечке салышып, Кечиндеси келген бар. Дөөлөр тарап жоголду, Куйалы менен Гүлүстөн, Кырганына чыдабай, Бастырып булар жөнөдү, Таласты карай туралбай, Найзага илип көтөрдү, Шер Сейитек дөөлөрдү, Бит басып кеткен улактай. Жиберген малай барыптыр, Сыйкырчы келе калыптыр, Аты менен Сейтекти, Таш кылып аны катырып, Аккептерди асманга, Жылдыз кылып астырып, Таласты карай жөнөдү, Нүкүр сокур шашылып, Төртөө өлгөн беш дөөнүн, Бирөөнү кошуп Нүкүр дөө, Сыйкырчыны котчу алып. Жетип келсе эр Гүлүс, Кара Буурул ат турат, Эр Сейитек жаш турат, Караса бүтүн таш турат, Алдында келип Нүкүр дөө, Кара буурул тулпардын, Сууруп алган колкосун, Эми сууруп алам деп, Сейитектин колкосун, Кол салганы жатканда, Шер Гүлүстү көрүптүр, Сейитекке карабай, Караганга жарабай, Качып жолго салыптыр. Ал Гүлүстөн агаңыз, Анын ишин караңыз, Сыйкырчыны Нүкүр дөө, Сыйкырыңды салгын деп, Калдалаңдап калыптыр, Кара ниет сыйкырчы, Албан сыйкыр салыптыр, Ар канча салса сыйкырды, Амалы келбей калыптыр, Абаң Гүлүс илегер, Шер Сейитек баатырды, Бир кутказып салыптыр. Сейитектен кеп угуп, Колкосун алып кетти, деп, Басылып калды Гүлүстөн, Болбойт экен Буурул, деп, Эмгичекти бир жер бар, “Ташбуурулдун керүү”деп, Жөөлөп жолго басалбай, Сейтек калды кеңгиреп. Ак кептерге эр Гүлүс: — Атаңа эми бар, — деди, Болгон иштин баарысын, Айтып кабар сал, — деди. Бануршаа жайын угуптур, Качкан экен Нүкүр дөө, Кармап алып келгин, деп, Буйрук кылып туруптур. Жарлык алып Банурдан, Жайылып чыкты көп пери, Аңтарып карай келатат, Албан-албан көп жерди, Перилерди көргөндө, Кайра качкан Нүкүр дөө, Сыйкырчысын ээрчитип, Келе жатат көк менен, Нүкүр дөө келе жатат, деп, Гүлүскө айтты кыз Берен. Камданып турса эр Гүлүс, Куйалы менен атыны, Катырып өттүү атыны, Гүлүстөнгө өтпөдү, Ар канча кылса сыйкыры. Амир маруп ишине, Ар кандай киши көнмөк бар, Гүлүстөндүн үстүндө, Жүсүптөн калган көйнөк бар. Ошол үчүн Гүлүскө, Сыйкыр калат өтө албай, Эр Гүлүстөн баатырда, Бирөө эмес үчөө бар - Байлануу турат жанында, Жүйрүн дөөнүн ак шамшар, Сыйкыр өтпөйт Сур атка, Алмамбеттин кеп жабуу, Жабулуу жүргөн чагы бар, Ошол үчүн Гүлүскө, Сыйкыр өтпөс жайы бар. Гүлүскө айла табалбай, Жанына беттеп баралбай, “Жөө калыптыр Сейитек, Бачым жетип барайын, Бадыректи чыңыртып, Башын кесип алайын, Андан кийин өлөйүн” Деп ойлонуп Нүкүр дөө, Сейтекке барып кол салып, Бузулуп өңү сурданып, Өткүр миз найза колго алып, Качырып тийди кырданып, Аты жок минер жөө калып, Сейтек турган арданып. Айанбагын арам, деп, Адырайган жаман, деп Туруп берди Сейтек, Карпаңдаган кайран дөө, Капталдан нары үч сайды, Үчүнчүсүн күч сайды, Кангандар кыбың эми, деп, Ойротто жок шер Сейтек, Төртүнчүгө калганда, Найзасын улай кармады. Катуу силкип тарканда, Кара тоодой Нүкүр дөө, Күүсү менен найзанын, Камгактай учуп барганы. Белинен кармап зыргытып, Мелтиреп турат Сейтек, Мен–менсинген Нүкүрдү, Бута атым жерге ыргытып. Эси оогансып далдайып, Жатып калып дардайып, Кайта келди жармашып, Карабойго жуутпай, Жүгүргөн демин суутпай, Кемеринен алганы, Катыра жаман кармады, Тегеретип турганда, Камгактай Нүкүр айланды. Шамал чыгып дүрүлдөп, Куу угулуп күрүлдөп, Орто жери коо экен, Өйүзү тумшук тоо экен, Тумшук тоону болжоду, Күүлөп келип бир койду, Жалбайып дөөнүн жатканы, Томорулуп тоо кулап, “Жыгылган таш” ат калды. Сыйкырын кармап алышты, Анын да эбин табышты, Периден келген Бануршаа, Жерине кайта жамышты, Аккептер тийип Гүлүскө, Кең Таласта калышты. Тайбуурул алып Таластан, Сейтек барды үйүнө, Жөө баса албай Сейитек, Жатып калды үйүндө. Сейитектин ал кезде, Гулнар тууган уулу бар, Алым сарык угуп ал, Алым сарык ал жылы, Онго келген чагы бар. Куйалы балбан шол жылы, Бойкат болуп уул тууп, Атын койду Кененим, Ошол болуп чыгат го, Жалаңгыч сарык дегениң, Эми калган кеп болсо, Кененимге улантып, Анан айтып берейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.