Алдынкы эрдин кашы деп, Табарсыктын башы деп, Күүлөп найза муштады. Адис болгон эр Гүлүс, Ат капталган салаңдап, Таш өбөктөй калды эле, Ээрдин кашын сыйпалап, Найзасы өтүп кетти эле. Жети сапар жазгырып, Кар жерди сайдырды, Куруп калган Саламат, Өтө жаман ар кылды. Ошо кезде эр Гүлүс, Улай-улай үчтү чаап, Уламкысын күчтүү чаап, Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Ана-мына дегинче, Айта-буйта кылгынча, Азамат Гүлүс жолборсуң, Алтымыш койуп өттү эле, Акимсинген Саламат, Амалы мунун кетти эле. Кызыталак Саламат, Чымырканды, чыйралды, Кайрат кылып чыңдалды, Жазганбай баатыр Гүлүстүн, Кемерине кол салды. Этектен түрө кармады, Үзөнгү боого салганы, Сурбууданга камчы уруп, Сүйрөтүп кетем, деп уруп, Жүрөгүнө курч байлап, Жүдөтөм деп дем уруп, Этектен түрө кармады, Үзөнгү боого салганы, Гүлүстөн карап турбады. Түп этектен алганы, Суркойонду камчылап, Бу да жөнөп калганы. Бирин бири сүйрөтүп, Көкбөрү тартып кетерге, Кыпындай жанды жоготуп, Алмадай башты кесерге, Аманат жанды таштады, Ат үстүндө бул экөө, Эми алыша баштады, Кылыч, найза, балтачан, Бекерге калды баштакы. Кара бойу дал болуп, Кармалбай колдор шал болуп, Оодарышып жүргөн жер, Таштын баары кум болуп, Кесек топо калган жок, Тозуп кетти ун болуп. Жердин бети жыртылып, Чөптүн баары кырчылып, Саздаңдардан чылпылдап, Жер бетине суу чыгып, Ат тери менен эр тери, Туман болуп буу чыгып, Аркан бойу жар келсе, Аттай чуркап тулпарлар, Катары менен аң келсе, Каттай чуркап тулпарлар, Өзү төрт сан тегерек, Чарчабаган тулпарлар, Ар кандай айтсаң эп келер, Талыкпаган эрендер, Эрикпеген эл үчүн, Эбегейсиз берендер. Күнү-түнгө уланып, Күркүрөгөн үн чыгып, Кулак тунуп мээ кайип, Маңдай-тескей турушту, Ошол кезде Саламат, Акактап солуп дем алып, Ошол кезде Саламат, Гүлүскө турду кеп салып: — Шер Сейитек тың экен, Шердиги анын чын экен, Семетейден артыла, Туулуп калган уул экен, Ак калпак кыргыз алашка, Азыркы күнгө муун экен. Угуп жүрдүм баарыңды, Билип болдум чагыңды, Өзүң Гүлүс мен уксам, Жоготупсуң баарыны, Бейажал өлбөс жан экен, Батадан бүткөн бала экен, Зор Семетей ал экен, Кайып болуп он төрт жыл, Кайта келген чагы экен. Бакай деген карыңар, Маңдайга бүткөн бак экен, Тиги турган Айчүрөк, Күндөй нуру бар экен. Көргөнүм жок, угушум, Чоң энеңер Каныкей, Манасты билген жан экен. Кыйалы менен эрди алып, Кызматы менен элди алып, Кылымдын баары чогулуп, Кылганына таң калып, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Чоң Кошойдон бата алып, Таанылыптыр дүйнөгө, Каныкей деп аталып. Түптүү кыргыз элисин, Түбүн байка кебимин. Шаар бузуп, эл талап, Олжо алгалы келбедим, Сулуу тандап кыз ылгап, Кыдыргалы жер бетин, Ошол үчүн келгемин. Кыз Куйалы балбан деп, Кабарын угуп жүргөмүн, Тийгенин эрге билбедим. Көрөйүн деп келгемин, Толуп калса көңүлгө, Алайын деп келгемин, Кежирлик кылса тийбейм деп, Талагалы келгемин. Кыргыз менен Оогандан, Сулуунун угам кабарын, Бирок ким экенин билбейим, Карчалышып эл менен, Кан төгүшүп жүрбөйүн, Эрегишип туу тиктеп, Тез агызып жүрбөйүн. Атадан жетим жаш калдым, Акыл-эстен бош калдым, Эрешен тартып эр жеттим, Эр уулу менен теңдештим, Аксакал киши экенсиң, Ушул менин бар кебим, Эрликтен тайдым кетейин, Сырын угуп баланын, Сыртан Гүлүс жымыйып, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлгөнсүп: — Андай болсо Саламат, Айткан кебиң чын болсо, Сулууну Гүлүс таба алат. Сенин да түбүң түрүксүң, Сулуу тандап жүрүпсүң, Сейитек тойун кылалы, Биргелешип туралы, Кыргыздын көрүп кыздарын, Жарабаса сулуу кыз, Ооганды карай жылалы. Эр Гүлүстөн Саламат, Бу дүйнө тургай о дүйнө, Бузулушпай жүрүүгө, Ок тиштешип антташып, Кол тартышып достошуп, Жанаша бирге бастырып, Топону көккө сапырып, Карап турган Куйалы, Дарбазасын ачтырып, Алып келип түшүрүп, Мейманды калды күтүшүп. Кыз Куйалы эбептеп, Дары чаап себептеп, Эки күнү бир түндө, Сейитектин жараатын, Айыктырган кези экен. Касиеттүү Кайыпдаң, Кабар угуп буйактан. “Айкөлдүн уулу Семетей, Аны мында келтирбей, Өзүм барып көрөм” деп, Ордодон чыгып келаткан. Гүлүстөн келип Семеңе: — Учурашып келдиңби, Кайыпдаңга абаке? — Жалгыз барып нетем деп, Сени келсе белем деп, Бара элекмин, — деди эле. — Айкөл атам Манаска, Акылдаш болгон киши экен, Бир дасторкон бетинде, Бир табакка кол салып, Таам татышкан киши экен, Жүрү абаке турбагын, Өзүбүз барып көрүшүп, Бир көтөрүп салалык, Кайыпдаңдын оорагын. Абаң Семей, шер Гүлүс, Сейитек менен Саламат, Айчүрөк – бешөө баратат, Алдыртан утур караса, Кайыпдаң өзү келатат. Семетейди көргөндө: — Оо, тулпардан калган туйагым, Чоңкойгон жетим чунагым, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз журтуна, Күйүп турган чырагым! Беренден калган белегим, Ак калпак кыргыз алашка, Ар качан тийген керегиң, Жакшы атадан жаман тууп, Атага наалат келтирген, Канчоро итке не дейин? Гүлүс жакка бет буруп, Оо, султандан калган белегим, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Абалап өскөн терегим, Кеткен иш болсо кек кылбай, Келерин терең ойлогон, Түпсүз деңиз тереңим, Кечириң кесип кемитип, Жасоолдор сабап демитип, Жабырды жаман тартканда, Кыргыздан кечем дебепсиң. Бенде тургай периде, Көйкапта бар бул кебиң, Көөн улап Кайыпдаң, Жалган айтты дебегин. Бүт перинин баашасы, Талас менен көрүшүп, Сени балам көрбөдүм, Бар ишиңди, кулунум, Угуп билип жүргөмүн. Периден бенде мыкты деп, Ошондо айтып келгемин. Акундун кызы Айчүрөк, Жалгыз уул Сейитек, Бала баатыр Саламат, Бешөөң бирге келгениң, Карыганда чоң багым, Жалгыз кызым Куйалы, Кантип сенден айайын. Айкөлдүн көзү өткөлү, Алакан ачып, кол жайып, Бата кылып барбадым, Апу кыл уулум Семетей, Ал айбымды сурадым. Тургузуп койду дебегин, Теңтушумду сурайын: Арстан Манас барында, Кызматын кылып алдында, Түндөсү бирге жанында, Пери эмес бендеден, Туулуп калган башкача, Каныкей аман турабы? Айагын арызга жөлөгөн, Башын сары алтынга бөлөгөн. Аселде оозун чайкаган, Ак сакалын жайкаган, Боз жорго минип чайкалган. Айбатынан апкаарып, Дүрдүгүп турган көп адам, Бакай аман турабы, Каныкей менен Бакайдын, Абдан дайнын сурады, Тыргоотон келеген Саламат, Жаш экенсиң, кулунум, Акылыңа ырхамат, Ак калпак кыргыз журтуна, Айыгышсаң кол салып, Айкөл Манас арбагы, Дегеле тирүү куткарбайт, Жарашыпсың Гүлүскө, Сага сулуу табылат. Айчүрөктүн Жезбилек, Эби келсе Семетей, Күйө кылып ала алат. Сейитек менен бир турсаң, Сага кимдер кол салат? Касташканың бар болсо, Өзү келет бааналап, Шер Сейитек, Саламат, Куйалы үчөөң бир турсаң, Силерге кимдер да тутат? Ойносоң кумар утасың, Касташсаң башын жутасың, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз түрк ууру, Тобун бузбай тутасың.. Карынын кеби акыл, деп, Жезбилекти Семетей, Саламатка ал жерде, Бермек болду макул деп. Айчүрөктүн Жезбилек, Өзү тууган кызы эмес, Ажыбайдын Керменбай, Эрмек кылсам кантет, деп, Багып алган Айчүрөк. Түп негизи Жезбилек, Тегин жердин кызы эмес, Өз атасы Керменбай, Баккан эне Айчүрөк, Арзандык мене ал кызга, Кантип адам теңдешет? Айчүрөктүн Жезбелек, Ар тарабы кем эмес, Аны элдер жүргөн белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.