— Атыңар арып калбасын, Баспай калып шум чөлдө, Баландын аты начар деп, Жаман атты кылбасын. Айалдап басып баатырлар, Бириң эмес баарыңар, Бир айга чейин жоголбойт, Желжетпес изин кубалап, Анан жолго салыңар. Азык ичип дем алып, Ат чалдырып жай басып, Айтып койуп Куйалы, Желжетпеске камчы уруп, Эркин өзү жүргөндө, Айбанда күлүк Желжетпес, Асмандап учкан Айчүрөк, Канаттуу менен тең келет. Айчүрөк учкан эки күн, Куйалы менен баскалы, Болуп калды алты күн, Таластан Чүрөк чыккалы, Баш айагы сегиз күн. Султан Манас баатырдын, Күмбөзүнө алпарбай, Алмалууну өрдөдү, “Жаштык кылып Куйалы. Өтүп калса ат менен, Арбакка иши чет болуп, Калабы?” – деп ойлоду. Суусу тунук мөлтүлдөп, Гүлдөрү турган гүлүңдөп, Чырпыгы талдын буралган, Кыз чачындай сыланган, Жери атыр жыттанган, Мурунду жарып буркурап, Сүйкүм шамал зыркырап, Молдо торгой сандыгач, Туш-тушунда чуркурап, Бүлдүргөн менен мандалак, Төгүлдү жерге самсаалап, Андан башка мөмөлөр, Толуп жаткан канчалап. Жерди көрүп Куйалы, Атын сурап билмекке, Айчүрөктү чакырат. Айчүрөк турду кыз болуп, Куйалы турду токтолуп: — Ой, жан досум эжеке, Батыш менен түштүктө, Жүрбөгөн жерим жок эле, Мындай сонун келишкен, Жер көрбөдүм деги эле. Кайсы жериң, айтып бер, Канчалык калдык Таласка? Күмбөзгө алпар алдында, Мен сыйына кетейин, Айкөл шер өзү баштаган, Нечен түрдүү арбакка. Кайыпдаң атам кеп айкан: “Айкөл Манас күмбөзү, Касиеттүү” –деп айткаг. Андан башка жана айткан? “Тирүү олуйа зор Кошой, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Ойрон Көкчө, Музбурчак, Жаактуудан адам жанашпас, Кызыл тилдүү Ажыбай, Сүрөтү анда” деп айткан. Менин ишим оң болбос, Алакан ачып кол жайып, Уруксатсыз мен барсам? Күлүп ийип Айчүрөк: — Кеңкол деген ушул, — деп, Кайнатамдын Сыркоргон, Эми жакын келдик, деп, Күмбөзгө сени алпарбай, Өтмөк элем пейлим, деп, Күмбөзгө барып нетер деп, Аттуу өтүп кетер деп, Өзүң айткан байатан, Баатырлардын арбагы, Жек көрүп калар бекен деп, Барар болсоң күмбөзгө, Мындай бассак бекен? – деп, Карабуура, Чаткалды, Өрдөп чыкты Айчүрөк, Ай туулуу сарай, Аккүмбөз, Көр, деп чыкты Айчүрөк. Чайкайнатым жол басты, Хан кубантар ак күмбөз, Жол бойунан капташты. Күмбөздүн көрүп караанын, Урматтуу баатыр кыз балбан, Атынан түшүп жетелеп, Тизеси жерге бүгүлүп, Урмат кылып жүгүнүп, Күмбөздү көрүп туралбай, Көзүнүн жашы төгүлүп: — Атагы алаш болгондо, Ааламды алган кулданып, Моңгулдан айрып бөлгөн, — деп, Алтымыш уруу алаш деп, Атагын алып берген, — деп, Адам ата жаралып, Андан адам таралып, Жер бетине шаар салып, Каканчын эли болгону, Адам уулу барбаган, Падыша арбак бак бурчун, Кайнап жаткан Каканчын, Кызыл деңиз терс агым, Ошондон бери карата, Орто жери Чынмачын, Ат изин ага ким салган? Сиз өңдөнүп ким барган? Өчпөскө бүтүп оорагы, Кыйаматка ким калган? Амал кылып берет деп, Айчүрөк мундан маа барган, Амалым канча мен байкуш, Айкөл шер, жардам кылбасаң... Деп күбүрөп-шыбырап, Көзүнүн жашы бурчактап, Токтобой агып жымылдап, Жакын барбай Куйалы, Тай жарышым калганда, Кыймылдабай турганы. Андан бетер Айчүрөк: — Кайын атам Айкөлдүн, Айаш атам Алмамбет, Арбагың эбеп-жөлөр, деп, Буда ыйлап мелтиреп, Жал-жал карап турганы. Кудайдын берген ишине, Ичи ооруса кишиге, Оңолот иши бир демде. Асманды булут каптаган, Бүркөлүп турган чагы эле, Эми эле чаап ийчүдөй, Чүмкөлүп турган дагы эле. Кыбыладан жел чыгып, Булуттар көчүп сыйлыгып, Чыгышты карай жылыптыр, Аңгычакты күмбөздөн, Айкөл шердин сыр найза, Койкойо тартып чыгыптыр. Айчүрөк ойлоп нечен кеп: “Атакемдин найзасы, Семетейде эле, — деп, Күмбөзүнө бул найза, Кандай келип калган? – деп, Көөнүндө күбөөлүк, Кутургурду Куйалы, Сыр найза менен жеңет, — деп, Кутургур жеңип кете албай, Ушу турган Куйалы, Түбөлүк бүлө экен” – деп. Куйалынын көзүнө, Койкойуп турган сыр найза, Сай дегенсип мени менен, Нишарат болду өзүнө. Көрүнүп турган койкойуп, Сыр найза калды жоголуп, Сыр найзанын ордунда, Сейитек турган дордойуп. Куйалы менен Айчүрөк, Жөөлөп баскан бойунча, Өтүп кетти күмбөздөн, Күмбөз далда болгунча, Куйалы барат жөө басып, Желжетпеске минбестен. Атка минер жер келди, Куйалы сурайт бул кепти: — Жыйырма экиде жашы бар, Уктуң беле жан досум, Найза кармап көрүнгөн, Анын өзү ким? – деди. Анда Чүрөк муну айтат: — Жан досум, уккун — деп айтат, Көрүнгөн көзгө Сырнайза, Кайнатамдын найзасы, Семетей алып жүрчү эле, Кайдан келди бул найза? Болгон нишан белги бейм: “Кутургурду алалбайт, Мени менен сайбаса.” Көрүнгөн көзгө жаш бала, Чечекейдин карасы, Жан досуңдун өмүрү, Көргөн жалгыз баласы, Уксаң аты Сейитек, Аттан досум жүрү, — деп, Капканын кара тоосуна, Үчкошойдун бөксөгө, Барып жетти айылга. Семетейге баралбай, Куйалы алып келдим, деп, Айтып кабар кылалбай, Сейитекке билдирбей, Гүлчорого Айчүрөк, Басып келип турду эле: — Айтканга уул, кулак сал, Айтпай кетип бир ишти, Кылып келдим силерге, Кыз Куйалы балбанды, Алып келдим бу жерге. Абаңдан мени сурап кал, Сейитекти кайиним, Өзүң билип жолго сал, Кайраты артык, өтө тез, Куйалыны жоого сал. Душманыңды майтарса, Эмгегиңди кайтарса, Бойго жеткен, башы ачык, Бүлө кылып алып кал. Сага айтканым кайиним, Түйүнчөктүү жерим бар, Мен учарда жер чардап, “Амал кыла келгин” – деп, Өзүң айткан кебиң бар, Унутуп калбай эсиңе ал. Гүлүстөн күлүп шаңк этип, Алтындай тиши жарк этип: — Мен ыраазы кебиңе, Арбагы азир айкөлгө, Көрүштүбү, жеңеке, Айчүрөк айтат мындай деп: — Буруу жолго салгамын, Алмалуу өрдөп алганмын, Күмбөзгө кандай барам, деп, Сурап калды ал кезде. Ак сарайга алпардым, Караанын көрүп жөө басты, Мен түшкүн деп айтпадым. Айран калдым мен ага, Атынан айтпай атамды, Айкөл шер деп атады. Айаш атам, сенин атаң, Атын айтпай аларды, Ишин айтып ыйлады. Көктөгү булут бөлүндү, Ак сарайдын оозунан, Атакемдин Сырнайза, Койкойуп сонун көрүндү. Куйалы жакка Сырнайза, Башын ийип оңолду, Сырнайза колго кармалуу, Сейитек анда бар болду. Кийин менден сурады, Барлык жайды мен айттым, Алып келип түшүрдүм, Мындан кийин досумду, Өзүм билип күтөрмүн, Акылман Гүлүс өзүң бил, Айткан кепке түшүндүң. Айчүрөктөн кеп угуп, Токтоно албай эр Гүлүс, Желиккенсип удургуп, Семетейдин үстүнө, Басып кирди бурулуп. Салам айтып баш ийип, Абаң Бакай, Каныкей, Семетей - үчөө бар экен, Сейитекти чакыр, деп, Акылман тууган Гүлүстөн, Каргалдайды жиберген. Сейитек келди саламга, Буйрук кылды эр Гүлүс, Карадөөгө айткын, деп, Душмандан кабар аларга: — Тогуз күн болду санаты, Кутургур турар убагы, Барып келсин Карадөө, Кабар алып туралы. Аттанып чыкса Кутургур, Биз да аттанып чыгалы, Каргалдайды, - бар, — деди, Карадөөнү жиберип, Калгандар камың кыл! — деди. Каргалдайы калдастап, Декдеңдей басып алдастап, Карадөө угуп кабарды, Аттанып кетти барбаңдап: “Кайда болсом кызмат бар, Кишимин, — деп ишенген” Жерге батпай дардаңдап. Ордо баккан жигиттер, Кызмат кылып далдаңдап, Кеп айтаардан эринип, Келиндер турат жылмаңдап. Баса түшүп бурулуп, Аркасын карап кылчаңдап, Таңданып турган жигиттер, Күлүп калат ырсаңдап. Толгоно басып келиндер, Жөнөп кетет кыйшаңдап, Илгеркиден калган нарк, Бирине бири шыйпаңдаш, Кай бири болот чоң сырдаш, Кай бирөө калат талаалап, Чогулушуп болгондо, Эр Гүлүстөн кеп салат:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.