← Сейтек 1/4

Кыз Куйалынын Сарыбайды жеңиши

Жарты күн турса Айчүрөк, Тынч алып уктай албады, Жалгыз уулу Сейитек, Козголгондо кокуй деп. Муну ойлонот Айчүрөк, Жардамга киши табам, деп: “Кайыпдаң кызы Куйалы, Сегиз жашта бир көрдүм, Бүгүн он сегизде убагы, Эмгичекти ошону, Оодарып бенде албады, Ойрондун бири бу дагы.” Семетей менен Гүлүскө, Кеп-кеңешин салганы, А бирок, Куйалыга барам деп, Андай кепти кылбады. — Карадөө жүрөт бул жерде, Жедигер эли не болду? Жоодар бешим жалгыз баш, Кашкар, Жеркен, Хотендик, Лоптун эли не болду? Урумдагы Оруз хан, Түбү кыргыз бир тууган, Куда-сөөк биз менен, Карып калган кези эле, Урумдун эли не болду? Анжыйан, Кокон, кең Ташкен, Самаркан менен Наманген, Сынчыбек карып төшөктө, Кокондун эли не болду, Бадакшан, Балык, Букарлык, Кара калпак, түркмөндүк, Калган кыргыз не болду? Атажуртуң Эне сай, Анда кыргыз не болду? Үч Каркыра, Алматы, Иле, Текес, Күнөстүк, Алтай, Чойчок, Аралтоо, Баркөл, Манас, Бешбалык, Турпан, Камбыл кыргыздын, Булардын күнү не болду? Моңгул, казак канатташ, Казактын эли не болду? Каңгайдын калдай Жаңгыры, Кандай ойдо болгону, Жооп берчи Семетей, Ал жердеги элиңден, Кабар алсам болобу? Балан-бустан дегинче, Семетей жооп бергиче, Гүлүстөн мындай деди эле: — Бийлик кылып мен айтам, Кайыпчыда абакем, Билгини мага берди эле. Кош колдоп сүйөм барганды, Ойноп жаткан тынч элдин, Ойнун бузган эр барбы? Айтканың акыл жеңеке, Алып келгин кабарды, Алың келсе биз үчүн, Кылып келгин амалды. Жооп алып ханынан, Куу кепти кийип жаңыдан, Кайран жеңең калкайып, Учуп чыкты Таластан. Батышты карай түз учуп, Жан айабай күч учуп, Урумдун көрүп элдерин, Эне сайдын жерлерин, Шамал менен айланып, Алатоо бойлоп калдайып, Алтайдан кайра толгонуп, Баркөл, Камбыл, Турпанды, Асманкөл ашып түштү эле. Бешбалык менен Манасты, Кабаттап учуп Айчүрөк, Жылдызды карай сызды эле. Кабаттап учуп Кашкарды, Анжыйанга өттү эми, Ташкент, Балык, Бадакшан, Катар өтүп алардан, Жер эсенин көрдү эле, Эл эсенин билди эле. Андан өтүп Айчүрөк, Жанжүрбөстүн кызыл кум, Жайнап жаткан ушул кум, Шаарына барып сураса, Ууга кеткен деп угуп, Кумдун бойу кең токой, Айбандын кени ал токой, Илбирс алып, шер алып, Айры мойун төө алып, Көкбөрү менен чөө алып, Күндө айбан көп алып, Көөн ачып кубанып, Жетимиш миң колу бар, Жүргөн экен Куйалы, Айбанатка чуу салып. Он экиге келгенде, Эрендик жолун издеген, Башкага бекер тийбеген, Өзү келип тийгенде, Кара жерге бүктөгөн, Андан мурун Сарыбай, Бир сапар барып беттешкен, Киши айланар кеби жок, Тийишкендей бир кеткен. Ушул сапар Кутургур, Бир кишисин жиберген: “Алыска кеттим мен, — деген, Камданып тургун сен, — деген, Катын кылып алдайын, Башкадай көрүп болбосоң, Шаарыңды чабамын, Олжо катын кыламын, Акылга салып ойлоп көр, Келер иштин арт жагын.” Кеп уккалы Куйалы, Кужуру кайнап жан ачып: “Келип калса капташып, Бир беттешип көрөйүн, Ажалым жетсе өлөйүн, Кез болуп ажал жетпесе, Батыштагы кырк шаарды, Башы ачык кылайын. Туулганда капырдын, Сартбай атын койуптур, Сайын салып батышка, Сапырып баарын болуптур. Түштүктү кошо жойлоптур, Туш келсе тирүү койбоптур, Аз келгенсип анысы, Мага колун созуптур, Атынын баары жойулуп, Кутургур атка конуптур. Кутурганың кут кылып, Кут кап менен бир кылып, Эсебиңди берсем, Талпагың ташка кербесем, Эригип бекер жаткыча, Айбанат уулап келбесем!” Деп ойлонуп Куйалы, Кутургурдун кеги үчүн, Келген жери ушул кум. Оңой, олтоң кум эмес, Оңойлук менен адамзат, Өтүп кетер жол эмес. Чыгышы чындын шаарынын, Батышына туташкан, Түштүк менен курчалып, Батышты карай кеткен кум, Кыпкызыл болуп мээ кайнап, Томсоруп жаткан неткен кум. Ушул кумдун четинде, Аскерин таштап бир жерге, Жетимиш балбан ээрчитип, Келген экен бул жерге, Жолборс алып сексенче, Шерден кармап бир жүзчө, Төө куштан атып кокойтуп, Келайткан экен кечинде, Дигерде жакын мезгилде. Жолуна түшүп Айчүрөк: “Сегиз жашта көргөндө, Так ушундай элем” Жыйырма менен жыйырма эки, Арасында кыз болуп, Жолун тосуп Айчүрөк, Тиктеп турду томсоруп. Желжетпес деген аты бар, Өзү жалгыз келаткан, Эл алдында чамынып, Бөркүнө жакут тагынып, Күн батканда жакут таш, Күндүзгүдөй жарып, Келе жатып Куйалы, Чүрөккө калды кабылып. Бир көргөндөй ойдо бар, Бүдөмүктөп калыптыр, “Не да болсо турган кыз, Менден улуу экен” деп, Эсендик сурап Куйалы, Колун суна салыптыр. — Жүрдүңбү досум эсен? –деп, Унутупсуң ойлобой, Чүрөк досум келер деп. Балан жылы келгенде, Бай Татан тойун бергенде, Сегиз жашта сен элең, Он бештерде мен элем. Өзүбүзчө олтуруп, Дос болуштук бир жерде, Ошондон бери карата, Көрүшпөдүк дегеле, Эрдүү катын мен болдум, Эсепсиз баатыр сен болдуң, Досум кандай экен, деп, Эсиңе алып койбодуң. Башыма мүшкүл иш келди, Аманат жанга күч келди, Жерибиз Кеңкол Таласка, Сарыбай барды кол айдап, Аз айдабай мол айдап, Жетимиш миң санаты, Семетей менен Гүлчоро, Кутубайдын Карадөө, Аларга мойун бербеди, Сейитек экөө сайышып, Күнү-түнү дебеди. Он экиге күн толду, Оолугуп келген Кутургур, Атын асып бир белге, Өзү жатты бир жерге, Тогуз күндүк болжол, деп, Уйкум канса кобом, деп. Туйгузбай келдим бу жерге, Аңгыча тайар болом деп, Алдыңа келип турамын, Менден уксаң ушул кеп. Айчүрөктөн кеп угуп, Кутургур барды деп угуп: “Таласка барган турбайбы, Атасынын кунун кууп, Намыс алып Манастан, Кайтып келип Таластан, Мага келмек турбайбы! Барбасамбы? – деп ойлоп, Барбай койсом Таласка, Айчүрөк келсе мени ойлоп, Сегизимде дос болуп, Күч келбесе жанына, Келбейт эле козголуп.” Айткан кеби бул болду, Куйалы азга токтолуп: — Ал Кутургур кара нээт, Оозуна келген кепти айтып, Жиберген киши мага, — деп, Мен тургамын камынып, Келип калса кана деп. Таласка барсам мен мындан, Ойлоп калар бекен дейм, Таласка келген турбайбы, Менден коркуп маанектеп, Кол түшкөн жерге баралы, Бир түн мейман болушуп, Эртең жөнөп калалы, Канча күндүк жол келер, Мен билбеймин чамасы? Айчүрөк айтат мындай деп: — Олтурар менин чагым жок, Конок болуп тамак жеп, Алаптап турат жүрөгүм, Эмне болуп жатат деп. Барарман болсоң мени деп, Колуңан таңдап адам ал, Аттанып досум жолго сал. Күн-түнү жүрсө чалдырбай, Мингениң ал Желжетпес, Барса барар он беш күн, Калган жылкы кырк беш күн, Сендей чыдап жүрө албайт, Калгандары күнү-түн, Көп турбайлы кечигип, Бастыр досум жүрүгүн. Жетимиш балбан жанында, Ылгап алган эр экен, Кайда болсо жетимиш, Такоол болот дээр экен. Өзү билет Куйалы, Ат-атынан чакырып, Он экини ылгады. — Калгандарың кайт, — деди, Таласка кетти кызың деп, Атама барып айт, — деди. Айчүрөк келди кабарга, Сарыбай барган Таласка, Деп айткыла атама, Үйүндө жатсын козголбой, Батасын берип атам маа. Он эки балбан жүр, — деди, Бастырып жолго киргени, Түздөп учуп Айчүрөк, Баштап жолго кирди эми. Учуп кетет калкылдап, Канаты күндөй жалтылдап, Узарып барып токтолот, Ай караңгы түндөрдө, Күйгөн шамдай жылтылдап, Келе жатат Желжетпес, Жорголой басып кылтылдап. Күн-түнү төрткө жеткени, Он эки эрдин аттары, Желжетпес менен жүрө албай, Кулактары салактап, Куйруктары булактап, Абдан шайы кеткени. Кыз Куйалы кеп айтат, Бирге жүргөн элге айтат, Эрегиште жоо сайган, Эбегейсиз эрге айтат: