Кээ бир кезде айактай, Кээ бир чакта табактай, Уйуган кандар булт этип, Жерге түшөт жалпайып. Көзү көргөн адамзат, Жүрөгү коркуп жалтанып, Кеп кылалбайт калтаарып, Кутургурдун Тоосур ат, Сууту канган сыйагы, Кээде жерге тийсе да, Кээде тийбейт туйагы, Сейитектин Койкүрөң, Сөөгү туташ бөрү жон, Барган сайын күчөгөн, Дал-дал болуп сооттору, Тайынсыз болуп жоголду, Ошол кезде Кутургур, Дагы акыл ойлоду: “Бүгүн күнүм кеч кирди, Элге кайра кетейин, Эрте менен болжолдо, Мен барамын майданга, Менден кабар болгондо, Бирин калбай ат койуп, Айылга тепсеп баргын деп, Элиме кабар кылайын, Андан кийин жыргайын.” Күн уйага жашынды, Түн кирди эми болду деп, Кутургур кайра бастырды. Сейитекти түшүрдү, Бар кийимин чечтирди, Сак жери жок бир жери, Ушул дары ууга деп, Куйалыда бар экен, Ургаачы жолборс сийдиги, Сейитекке ичирди. Сүтү менен жылкынын, Бүткөн бойун жуудурду. Сүт тикенди жанчышып, Жарасына чаптырды, Кургатып суусун катырды. Апы менен сапыдан, Эбеп менен себептен, Медетке нушту коштуруп, Кырма кызыл эритип, Эби менен жуткуруп, Кылайган жерде оору жок, Сейтек калды кутулуп. Эртең менен Кутургур, Жана чыкты жулунуп, Минген аты Тоокызыл, Чатына батпай суурулуп, Аркасынан аскери, Жайнап чыкты чубуруп. Мурун андай болчу эмес, Кернейдин үнү угулуп, Доолбас үнү карсылдап, Атылып мылтык тарсылдап, Найза, кылыч – жаракчан, Колдорунда жартылдап, Гүлүстөн анда муну айтат, Кутургур чыкты бел байлап, Аттанды аскер жайнап, Алса дагы албаса, Күн бешимге барганда, Айылга тийет айгайлап. Бир тарабын аскердин, Сен тоскунуң, Карадөө, Бир тарабын абакем, Бир тарабын мен тосом, Жекеге чыгат Сейитек. Аңгычакты ал жерге, Келип калды Айчүрөк: — Кыз Куйалы жиберди, “Мага кезек келсе, — дейт, Найза сынса кокустан, Мага найза берсе, — дейт, Колумду ага тийгизбейм, Бул сырымды билсе” – дейт. — Барса барсын Куйалы, Найзанын тийсе кереги, Атадан белек сыр найза, Аны алпарып берели, Гүлчоро айтып жиберди, Айчүрөк барып айтканы. Залкар тоодой Куйалы, Желжетпес менен аттанды, Орто бойлуу кыз экен, Башы баатыр эрендик, Айагы ийне бүчүлүк, Баарысына уз экен, Эл турушат жарданып, Желжетпес менен Куйалы, Эркин өскөн аскада, Карагайдай шаңданып, Куйалыны көргөндө, Кутургур турду муну айтып: — Сен билесиң, Куйалы, Менин кылган ишимди. Кутулуп менден калам деп, Сейитек ушул аркалап, Мааналап келген ишиңби? Өзүң келип туш болдуң, Бүтүрөйүн ишиңди, Мен табамын эбиңди, Семетей, Гүлүс, Сейитек, Ишенип келген эриңди, Бел байлаган жериңди! Тунук сулуу Айчүрөк, Олжо кылып аламын, Сени токол күң кылып, Казанчы кылып саламын! Тийишип мында келбесең, Көрөр көз кылып алмакмын, Көп катындын ичинде, Бир көтөрүп салмакмын. Айткан тилди алсаңчы, Кайта артыңа жансаңчы, Абийир сактап калсаңчы! Кутургур мунтип айтканда: — Мен Куйалы, сен Сартбай, Кеп кыласың уйалбай, Тиймек түгүл сийбейим, Айанбагын Кутургур, Колуңан келсе билгениң! Арданып калып ант ургур, Алактаган Кутургур, Качырып найза урганы, Сынайынчы муну, деп, Кыз Куйалы зымырап, Кезегин берип турганы. Солк этпей турат Куйалы, Кутургурдун найзасы, Алтымыш парча сынганы. — Кезегиң алдың Сарыбай, Кезегимди бергиниң, Менин да сайар найзам бар! Арам өлгөн Кутургур, Кезегин берип турганы, Чымырканып Куйалы, Келип найза урганы, Тоготуп койбойт Сарыбай, Салмагынан найзанын, Мүдүрүп сур ат оңолду. Аламан уруш башталды, Кезекти булар таштады, Жолум үйдөй чойун баш, Булгап алды Сарыбай, Куйалыны чапкалы. Чаптырбастан Куйалы, Билегинен кармады, Тарамышы зыркырап, Чокмор түшүп калганы, Чокмор чаппайт Куйалы, Балтасын колго алганы, Чаптырбастан Сарыбай, Балта кагып таштады. Чапкан балта Куйалы, Каккан балта Сарыбай, Уңгулары жарылып, Керекке келер кейпи жок, Эми кайра чабылып, Бир мегежин бир каман, Майданда калды табышып, Жакадан алып тартышып, Олпокторун жыртышып, Соотторун булушуп, Жеңдерин үзүп ыргытып, Эки көзү чакчайып, Кутургурдун ошондо, Сакалы менен муруту, Тиктенип чыкты саксайып, Түкүрүп колго сунганда, Ач билектен аларда, Алы келсе сүйрөтүп, Ат сооруга саларда, Элөөрүп турат кыз балбан, Эки жагын каранып, Найзаңды бергин дегенсип, Колун сунуп бер жакка, Нишарат менен билдирди. Ойрон болгон Сейитек: “Эртең менен эр Гүлүс, Керек болсо сайарга, Сыр найзаны берем деп, Абамдын айткан кеби — деп, Берерге келди эби, — деп, Кутубайдын Карадөө, Ме, алпарып бергин” деп, Кутубайдын Карадөө, Алдына куура өңөрүп, Өңөргөн менен ал турду, Салмактаган жагына, Тең боло албай көгөрүп. Сейитек муну көргөнү, Келе бери мага, деп, Найзаны алып койкойтуп, Кыз Куйалы балбанга, Алып барып бергени, Найза колго тийгенде, Кыз балбандын жүрөгү, Коргошундай козголбой, Алаптабай токтоду, Алда кандай болор, деп, Аз убайым бар эле, Ойдон чыгып жоголду. Найзанын учун караса, Токсон тогуз кубулат, Зыңгыраган үч жыгач, Кулакка сүйкүм угулат, Аркасынан сүр чыгат. Кол кубанып мемиреп, Баштагыдан дагы өйдө, Болуп калды эр Чүрөк. Желжетпести Куйалы, Камчы менен бир салды, Ач билектен алам жеп, Колун сунган Сарыбай, Шалдайып туруп ал калды, Кыз Куйалы акырып, Манастап ураан чакырып, Үнүн угуп Сарыбай, Эң эле жаман шашылып, Камчыга атын бөлөдү, Куу найзаны өңөрүп, Алдынан тосо жөнөдү, Өжөрлөнүп Сарыбай, Колунан кетип өнөгү. Камбыл экен Куйалы, Кутургурга сайдырбай, Капталга койуп өттү эле, Сарыбайдын Тоосур ат, Чөгөлөй түшүп оңолду, Кайра имерип Куйалы, Бул капталга бир койду. Күчтүү урган найзага, Чыдай албай Тоосур ат, Эки колу мүдүрүп, Чөгөлөдү жүгүнүп, Куйалынын жел жетпес, Албан түрдүү жүгүнүп, Сарыбайдын аскери, Эринен калды түңүлүп. Капташа түшкөн мезгилде, Көк желкеге бир койду, Тоосур менен Кутургур, Катар экөө тоңкойду. Кайра имерип Куйалы, Аңтара түртүп жиберип, Как бооруна найзаны, Катуу кыйын муштады. Бооруна найза мадалды, Түпөгүнөн такалды, Калдайтып алды көтөрүп, Желжетпес баса албады, Ошол кезде Куйалы, Жан жагына карады, Үзүлүп кетип колкосу, Сарыбайдын Тоосур ат, Өлүп калган убагы. Сыр найзанын конч жагын, Ээрине койуп сур аттын, Карап турса аш кайнап, Эсине келип Кутургур, Көзүн ачып кааган. Денеси таштан Сарыбай, Бооруна найза кадалган, Сарыбай сөзү эң жаман: — Кыз Куйалы сенисиңби, Көзүң кыйбай сен мени, Көтөрүп турган кезиңби? Корккондугуң билинди, Кошомат кылып кош колдоп, Көтөрүп турган кебиңби? Арам, канчык шашпагын! Деп айтканда Сарыбай, Куйалы айтты сөзүн жай: — Мадыкөлдүн Сарыбай, Кандай жерде турасың? Эрдиктин жолу ар кандай, Батыш менен түштүктү, Жойлойт белең Сарыбай, Утур келген адамды, Кордойт белең Сарыбай? Как ушундай болом деп, Ойлойт белең Сарыбай? Кыйа карап койгонду, Койбойт белең Сарыбай? Кардымды канчык жарат деп, Ойлойт белең Сарыбай? Сен дөбөтсүң, мен канчык, Дөбөттүгүң бей керек, Канчыкка колуң талатып, Алмак элең жана эле, Токол кылып мени сен, Байбиче көзүн каратып, Элиңди бузуп-чачпасам, Ар кайсы жакка таратып, Талпагың ташка керейин, Азабың колго берейин, Эл кечсе да Сарыбай, Мен кечпейим күнөйүң! Деп Куйалы кыз балбан, Капканын кара ташына, Бастырып барды көтөрүп, Күүлөп-күүлөп булгады, Кырчактан нары урганы, Тоонун көбү кулады, Ичегиси чубалды. Сан-сан болуп бөлүндү, Каны-жини төгүлдү, Акимсинген Кутургур, Ада көрдү өлүмдү. Колбутуп колун келтирди, Бүлдүргө олжо албастан, Өз жайына кетирди. Муну мындай таштайлы, Кыз Куйалы балбанды, Эр Сейитек баатырдын, Алганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.