Коркуп жатат дебесең, Мени элиме жанайын, Эки күн өрүн алайын, Андан кийин башыңа, Каран түндү салайын, Өлбөй тирүү болгондо, Салбай сага калбайым! Деп Сарыбай айтканда, Салаккалуу жолборсуң: “Болбой койсом бул чочко, Коркту деп менден калар” деп, Болот, баргын, деди эле, Сарыбай кетти элине, Семетей келди үйүнө, Дагы чыкты кутургур, Эки күн болот дегенде. Абаң семей аттанып, Беттеп чыкты бетбакка, Тай буурул менен шаңданып, Кутургур келди күүлөнүп, Ойду-дөңдү сүйлөнүп: — Жарам жок менин сак болдум, Семетей, бүгүн жоголдуң! Ага тууган-баарыңды, Жээниң менен тайыңды, Жергеси токой шаарыңды, Калтырбайын, келгин! – деп, Тоосур менен тап берди, Чокморду күүлөп имерди, Семетей сындуу абаңды, Чокуга тартып жиберди. Эшик эндүү ай балта, Сомо темир сом балта, Сомдоп соккон ай балта, Келе жаткан чокморду, Алдыртан өөдө какканда, Балта тийди чак этип, Аркасын карай ыргыды, Үйдөй чокмор жарк этип. Аскерге барып түштү эле, Арасын ача бергинче, Элүү-кыркы алдында, Жерге кирди жалп этип. Жергелүү көкжал Семетей, Каккан экен ченебей, Каарданган Кутургур, Карап калган кеңгиреп, Эчтемени элебей, Ойроту жок эр Семең, Үзөңгүгө тамандап, Кобо калып чокуга, Оройлотуп жиберди. Кудай урган каапырдын, Денеси болот чойундан, Чокуга чапкан балтаны, Элебейт да, кенебейт, Зыңгыраган бул чочко, Абаң Семей көкжалды, Бучкагына теңебейт. Семетей шайдоот эр эле, Көз ачырбай төбөлөп, Он бирди койуп ийди эле, Алдындагы Тоосур ат, Багалчеги малынып, Кара жерге кирди эле. Тура берсем бекер деп, Токтоп калбай Семетей, Ура берет экен, деп, Эми келип чабарда, Ирмебей кирпик бек тиктеп, Чаптырбаска абаңды, Чыканакка кагыптыр, Чыканагы абаңдын, Сынып кетип калыптыр. Сейтек менен Карадөө, Катар келип калганы, Семетейди жетелеп, Карадөө жолго салганы, Сейитекке Кутургур, Мына бу кепти кылганы: — Ой, Сейитек, Сейитек, Сен үч киши мен бир баш, Теңдешип жүрөм жапжалгыз, Менин атым Кутургур, Коркпойум, билип калыңыз! Эртеңки күнү чыгалык, Бүгүн кайра жаныңыз. Деп ушинтип Кутургур, Бучкакка атты бир койуп, Жүрүп кетти кайрылбай, Теңдиктин жолу ушундай, Сейтек калды кайгырбай. Эки күн өттү арадан, Жалпы аскери Кутургур, Атка минди аламан: — Ак калпак кыргыз элине, Акыр заман мен салам, Беттешип келген ким болсо, Башын кесип өт алам, Эки атам өлгөн кыргыздан, Ошолорго өч алам! Атамдын кунун кууп албай, Кантип Сарытбай мен калам? Сейитекти сайганда, Колу сынык Семетей, Ордодон кармап алганда, Гүлчорону жарганда, Каптап баргын айылга! Үзүк менен туурдугун, Ичмек кылып алгыла, Бооз катын туш болсо, Боорунан тилип жаргыла, Жатындагы баласын, Такыр сууруп салгыла, Кемпир менен чалдарын, Ойноп жүргөн балдарын, Жүндөй сабап ургула! Өлүп калса куну жок, Семетей, Гүлүс, Сейитек, Катар үчөө өлгөн соң, Куну тургай кыргызда, Өлүгүн сурар уулу жок. Жаным тирүү турганда, Бул кебимде жалган жок, Андан кийин Сарыбай, Өлүп кетсем арман жок! Каш кайтарып мен менен, Беттешери калган жок! Деп, Сарыбай дүпүлдөп, Ороолонуп күпүлдөп, Коркуп турат аскери, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Жайдын тамыз ысыктай. Кыштын кыраан чилдедей, Нечени турат сүлкүлдөп, Тоосурдун оозун бурду эми, Майданга келип турду эми. Семетей колу таңууда, Гүлчоро жатат багууда, Бакай менен Каныкей, Гүлчорону багышып, Кандай заман болот, деп, Бул Кутургур кагышып, Айчүрөктү жиберип, Улам кабар алышып, Койкүрөң менен Сейитек, Койуп чыкты жарышып, Жетимиш миң Кутургур, Жалгыз башы Сейитек, Эрдик жолун талашып, Алмадай болгон алтын баш, Ажалга койуп баалашып, Беттешип кирди Сейитек, Кутургур менен кармашып. Так эки күн сайышты, Колдорунда найза жок, Чокуга чабар балта жок, Кындан алар кылыч жок, Кылымда мындай уруш жок, Кылым кыргыз журтуна, Күйүп турган кызыл чок! Чокмордун дайны калган жок, Чокмор чабар дарман жок, Мурунку өткөн эрлерди, Ар кандай айтса жалган жок. Ат менен койуп жарышып, Этектен түрө кармашып, Бастырбай жолун торошуп, Үзөңгү боодон өткөрүп, Ээр кашына орошуп, Аттары тартпай шалактап, Үстүндөгү ээлери, Тилдери карыш салаңдап, Чаңкаганда акактап, Кайышып тартып чиренип, Буудандарга камчыны, Карасанга жиберип, Капталга салып жарышып, Өргө салып өкүрүп, Эңишке салып көгөрүп, Бирин-бири ала албай, Ат үстүнөн көмөрүп, Колунан келсе кеткиси бар, Сундуйтуп туура өңөрүп. Дагы эки күн алышты, Аттарын аса байлашып, Кемерден аткый кармашып, Аркасына сүрүшүп, Этектен бурдай түрүшүп, Чымдуу жерди коо кылып, Дөкдүр жерди ой кылып, Көйкөлгөн шибер тулаңды, Кашкайган чыйыр жол кылып, Булкуп-силкип ыргытып, Ыргыттырбай тырмышып, Эки күн өттү бул жумуш. Күнү алты, түнү алты, Эсеби болду он эки, Сейитекке Сарыбай, Айтып турат бул кепти: — Мен Сарыбай, сен Сейитек, Мени менен тең Сейитек, Адамдан чыккан шер Сейитек, Көп көргөмүн эрди мен, Көргөнүм жок сендей мен. Кара баштуу кишиде, Шер экенсин, Сейитек, Артыла түшкөн атадан, Эр экенсиң Сейитек. Тайторуну суратсам, Бербей койгон экенсиң, Өз алыңды белгилеп, Мени менен теңдешип, Эр чыккан жок сенчилеп, Семетей менен Гүлүскө, Ким сайышкан менчилеп? Коңурбай келип Таласка, Кек алам деп энтелеп, Олжо берип, мал-мүлкүн, Качкан экен темселеп. Гүлчоро сендей кезинде, Семетей мендей кезинде, Кандай адам теңдешет? Бүгүн эми караса, Элүү менен кырк бештен, Ашкан экен жаштары, Агарган экен баштары, Кундуздай кара чачтары. Аттар чарчап болокшуп, Эр чарчадык окшошуп, Бүгүндөн башка тогуз күн, Урушту койуп токтотуп, Атты суутуп минели, Бой сергитип келели, Кимдин багы артылат, Андан кийин көрөлү. Сарыбайдын кебине, Шер Сейитек көнгөнү, Айрылып экөө жөнөдү, Кошуна барбай Кутургур, Сары артуунун белеске, Аса байлап Тоосурду, Колуна салып кишенди, Бутуна салып чидерди, Шыпырып алып токумун, Тердигин салып жамбашка, Каңгыны койуп какбашка: — Тамагымды тайарла, Өзүм турам, ойготпо, Тоосур атты откозбо, Өзүм койом копкондо! Айтып койуп Кутургур, Аскер башы жолдошко, Чалкасынан сулады, Аңтарып көзүн жумганы. Муну мындай таштайлы, Сарыбайды Куйалы, Сойгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.