Сарыбайдын кыргызга дүмөк салышы
Далай жыл өтүп кетиптир, Тайтору бербейт мага, деп, Кекери калган ичинде, Байагы Сартбай нетиптир? Бир аз сабыр кылыңар, Аңгеме болоор мунуңар, Сартбайдын жагын угуңар, Маңгыт, маңгул бир тууган, Кара калпак, түркмөндү, Ээлеп маңгыт эл турган, Бадыкүл деп эр тууган, Элге салган чуулган, Коросон, Кыйба, Жедигер, Мисир, Багдат, Урумга, Койбой малын кууп алган, Малы тургай батышта, Арысы түштүк жагына, Сулуу кыз койбой жыйнаган. Аз келгенсип анысы. Кара калпак Карманап - Айкөл Манас жездеси, Күндө чаап кыйнаган. Калча, жүржүт, жуданы, Тажик, түркмөн - булары, Башайры ээлеп кулданды. Бул кордукка чыдабай, Манаска ыйлап эл барды, Теңдикке келбей Бадыкүл, Эрдемсип болбой кектешип, Манастан өлүп калганы, Бойунда калган болуучу, Бадыкүлдүн алганы, Жалгыз көздүү бала экен, Басташпайт киши буга, деп, Мадыкүл атка конуптур, Чоңойгондо Бадыкүл, Опсуз балбан болуптур, Атасынан бешбетер, Бет алган жакты соруптур, Пендеден башка чоңойуп, Тең жаткандай катын жок, Жалаң бойдок болуптур. Ким көрсүн мындай капырды, Карманап алган Кардыгач, Мага теңдеш ошол, деп, Койнундагы катынын, Маа берсин деп айттырды. Карманап бойу бир дөбө, Иниси бар Карадөө, Теңдешип көрүп ал келбей, Семетейге чаптырды, Семетей барып Таластан, Бадыкүлдү кулатып, Карманап тургай ар жаккы, Кулданып эки уруу, - Бараң менен Шаңкайды, Аларды кошуп куткарды. Как ушундан бир бала, Сартбай атын койуптур, Чоңойуп бойго толуптур, Атасынан артылып, Батыш менен түштүктү, Баарын бирдей соруптур, Баш көтөртпөй койуптур. Өз элине Сарыбай, Башка элге кутургур - Эки атка конуптур, Дүйнөгө дайын болуптур. Тайторуну суратып, Сейитектен ала албай, Түбүн түрүп кеп угуп, Семетей келди деп угуп, Жоготойун барып деп, Жетимиш миң кол айдап, Жүрдү капыр удургуп. Кутубайдын Кара дөө, Жедигердин ханы эле, Жол чардап батыш түштүктөн, Жанжүрбөстүн чөлүндө, Калды буга жолугуп. Кутубайдын Кара дөө, Токойу бар жанында, Аттан түшүп олтурду, Бир дөбөдө өзү жөө. Турнабай алып колуна, Көз жиберип караса, Түштүктө жаткан томсоруп, Жанжүрбөстүн кумуна, Кудай бетин салбасын. Кара жер аны майласын! Топуракка толтуруп, Көк менен жердин арасын, Бурулуп чыккан чаң келет, Селдей каптап кол келет. Туулга кийбей малакай, Күрөөкө кийбей чапанчан, Сур ат минген эр келет, Жүрүшүн байкап караса. Бүткүл дүйнө кылымды, Кетүүчүдөй тебелеп! Жетимиш желек туу кармап, Жетимиш миң кол айдап, Кайдан келген адам, деп, Кайсы жакка барат, деп, Карап турду көз жайнап: “Келээр киши жок эле, Кангайдын Жаңгыр калдайы, Күйүп турган чок эле, Кийими башка, түр башка, Кангайдын эли деги эмес, Аты башка, тон башка, Жанжүрбөс чөлү жол башка, Бир мүшкүл жумуш болгонбу, Алмадай болгон бул башка? Кайсы түрдө эл болсо, Душман болсо, дос болсо, Алдынан тосо барайын, Издеп келген дос болсо, Учурашып жанайын, Кекенип келген жоо болсо, Салгылашып багайын, Талпагын ташка керейин, Тартынбай туруп өлөйүн” Деп ошентип Кара дөө: — Жанымда Токой жолдошум, Ар качан бирге сен болдуң, Кайыпчы мага ак жолтой, Аң уулап жүрүп адырда, Семетейге кез болдум. Бүгүн келип бул жерге, Тушугуп турам көп элге. Издеп келген достонбу, Жарылып жүрөк кеткенге? Же кездешип келген жоодонбу, Жекме- жек чапан чечкенге? Адам ашкыс бел окшойт, Агымы катуу сел окшойт, Үй токтоткус жел окшойт, Карааны башка көрүнөт, Кайраты бар эр окшойт. Индистан, Ооган, Испандан, Каш кайтараар калбаган, Бир аз күмөн кыламын. Мисир менен Багдаттан. Батыштан келбейт бул жерге, Орус хан бизге бир эле, Мадыкүлдүн Сартбайы, Тайторуну суратса, Сейитек бербей койду эле. Келдиби ошол аттанып, Чекесинен чабайын. Жедигерге чаң салып, Бөлөйүн деп кыргызды, Бир четине таратып? Карап тур, Токой, коркпогун, Жатсаң-турсаң бир болгун, Айрылып менден калганда, Дегеле жакшы болбойсуң. Кара дөө баатыр жөнөдү, Чаңчыкпас атын такымдап, Кирип келди Кара дөө, Келаткан элге жакындап, Алдында минген Чаңчыкпас, Төрт айагы такылдап. Кайраты артык Карадөө, Чукул кирип келгенде, Кең көкүрөк, кууш айак, Жалайак ооз кир кабак, Чолок ээк, дөң маңдай, Каржиликтен булчуңу, Жүгүрүп жүргөн баладай, Мойну жоон букуйуп, Кысыр эмди танадай, Жамынган темир тону жок, Жалтанып калаар пейли жок, Аккаңгы ээр алтын каш, Мингени тоодой чоң сур ат, Ошончо элден бөлүнүп, Четке чыгып келатат. Кара дөөгө кез болуп, Тура калды токтолуп, Кара дөө байкап караса, Көзү жалын от болуп, Жеткен жерде сүйлөндү: — Жалгыз жүргөн ким? — деди, Жанжүрбөстүн чекесин, Бойлоп жүргөн ким? — деди, Эркин басып далдайып, Ойноп жүргөн ким? — деди. Жаны ачып Кара дөө, Жаман айтып жиберди: — Жанжүрбөстүн чекесин, Ак калпак кыргыз ээледи, Кайыпчынын адырга, Кайберен карап келгемин! Ким болосуң сен өзүң? Кайсы жерден келесиң? Атыңыз ким? Элиң ким? Дайынын айткын жериңин! — Менин атым эр Сартбай, Сен сурайсың тил тартпай! Сарыбай деп которгон, Калтаарып элдер айта албай! Батыштын эли басташты, Баш көтөргөн немеси, Жер кучактап таш капты. Кайрат кылды канчасы, Айбат кылды мынчасы, Ушаланып жоголду, Упурак болуп барчасы. Кабарын уктум укмуштап, Кыргыздан чыккан Манасты, Калмактан тартып алыптыр, Азыркы жери Таласты. Чоң атамды сойуптур, Катынын жесир койуптур, Атамдын аты Мадыкүл, Жалгыз көз атка конуптур, Манастын уулу Семетей, Атамды аймап соруптур, Кардыгач берген чоң тойдо, Тайторуну суратсам, Сейтеги бербей койуптур, Ушул бүгүн ойлосом, Кыргыздын шиши толуптур! Башка баардык элдерге, Ажыдаар кыргыз болуптур! Калганга азап салбаймын, Таласка барбай калбаймын! Манастын укум-тукумун, Жээни менен тайыны, Жерге жээги – баарыны, Бирин койбой жалмайыт! Коргонун бузуп кулатып. Кыргыздын элин чуулатып, Катын-кызын олжо алып, Жаш балдарын ыйлатып, Калганын айдап чубатып, Кызыл муштум балдарын, Кырчынга тизип аспасам, Кызыл ээк карысын, Кылыч менен чаппасам, Бооз катынын жарбасам, Кылгылыкты кылбасам! Кымызына суу куйуп, Унуткус бир иш кылып, Уугун учтап шиш кылып, Унун күлдөй сапырып, Сыймыгын баштан качырып, Ушундай кылып тынбасам! Куйуктуруп Кулунуң, Кууп алып жылкыңды, Кумардан минтип чыкпасам! Кутурган иттей арсылдап, Оозунан көбүк чачылып, Кычырап тиши карсылдап, Каарынан капыр чочконун, Кара жер турат картылдап, Көрүнүп күрөө тамыры, Чоң бакандай лакылдап, Оозуна келген кепти айтты, Кирген суудай шапылдап, Угуп туруп Кара дөө, Тура алган жок ал чыдап: — Ажылдаган бадырек! Жалганда жалгыз менмин деп, Ойлонбой сүйлөп бокту жеп, Ээсиз кыргыз эл эмес, Кылымдан баары чогулса, Кыргыздан чыккан Сейитек Кыйышып калар эр эмес, Семетей менен Гүлүстү, Коңурбай менен Нескара, Жеңе алган жок сен эмес! Ата – бала – эки атаң, Катар өлгөн кыргыздан, Каның суудай төгүлөт, Эми оолуккан бойдон сен барсаң! Мен да кыргыз элимин, Ошо кыргыздан чыккан эримин, Атымды уксаң Кара дөө, Баш кишиси боломун, Жетисуу толгон жедигер - Бир уруу кыргыз элинин. Ажалың тартып келипсиң, Жеткирбей сени Таласка, Кадемиңди катырып, Кара жерге тапшырып, Жер жайнаган колуду, Олжо кылып алайын, Кутургурду сайдым деп, Сүйүнчүлөп барайын! Деп ошентип Кара дөө, Каардуу үнүн чыгарды. Кутургур карап турбады, Качырып найза урганды, Камбыл баатыр кара дөө, Найзасын кагып таштады, Как бөйрөктүн тушуна, Найзаны катуу муштады. Жалтыр ташка тийгендей, Найзасы каңгып чыкканы.