Семетейдин табылышы
Бир жыл өтүп кетиптир, Жыл айланып жетиптир, Кутубайдын Кара дөө, Жетисууда жата албай, Кайыпчыда мурунтан, Кайберендин кени бар, Жерин чардап, эл чардап, Тамаша кылып сайрандап. Ошондо келген жери бар. Отуз күн жатып адырда, Кайберенден уу уулап, Ителгисин куу-куулап, Ит агытып акырык, Тоо жаңырган бакырык, Талаада жүрүп, деми сууп, Жетисууга кетмекке, Аттанып чыкты чубуруп. Камбыл баатыр Карадөө, Токой деген баланы, Жолдош кылып алганы, Бөлүнүп элден калганы, Кайыпчынын кырынан, Дүрбү салып карады, Туш-тушка көзүн салганы, Көрүндү көзгө өндүрдөн, Бир топ жандын карааны. “Мен келгени бу жерге, Отуз күнчө болду эле, Мындай неме жок эле, Кайгуулчубу жол чалган? Жортуулчубу из чалган, Бул эмине киши?” деп, Абайлап караап олтурса, Чубап келет кырк бир жан, Берекелүү бек айбат, Ортосунда бир адам. Кызыл буурул аты бар, Айбандын түркү көрүнөт, Үстүндөгү мингени, Адамдын түркү көрүнөт, Кызыл буурул жаныбар, Басканы башка алчактап, Айбандан башка көрктөнөт, Үстүндө минген адамзат, Колунда алган кушу бар, Канаттары жаркылдайт, Учуруп койсо үстүндө, Тегеренип калкылдайт, Доолбас уруп какканда, Учуп чыккан өрдөк, каз, Түк бирөөнү куткарбайт. Сөөлөтүн көрүп Карадөө” “Ойноп жүргөн топ адам, Периденби, пендеби? Же болбосо асмандан, Периште түшүп келгенби? Күн төбөдөн кыйшайды, Бир жерге токтоп түшөбү? Же бир жакка кетеби? Абдан дайынын билем” деп, Тикейе тиктеп олтурду. Кайыпчынын тоосу деп, Үстү арсак аппак тоо, Этеги кырка кызыл зоо, Салаңдап келген тумшукта, Туташкан түздө урчукта, Керкилеп кертип чапкандай, Жиптен керип тарткандай, Зымылдаган зоо эле, Зоону түптөп келатып, Жоголуп кетти бир демде. Кетпей жатты Кара дөө, Ким экенин билем, деп, Эртең жана келер, деп, Анык пери окшонот, Зоого кирип кетсе, деп, Токойдо алып жанына, Чаап жетти Карадөө, Өпкөгө атын тепкилеп. Кырк бир атчан киши эле, Байа анык санаса, Калганынын дайыны жок, Жалгыз аттын изи бар, Из кубалап караса. Толгой баскан жеринде, Топурак топ-топ үйүлгөн, Каңтара баскан жеринде, Казан каптай кара чым, Аңтарылып көрүнгөн. Керилип туруп сийген жер, Бут менен колдун арасы, Кере бута кеңдиги, Солбуп бутун тарткан жер, Жер очоктой ойулган, Зоо жакка башын бургандай, Из белгиси ушундай. Эртең абдан билем, деп, Эрикпеген Кара дөө, Кара бойу бир дөбө, Баатырлыгы бөлөкчө, Балбандыгы бир канча, Атын байлап суутуп, Ал да жатты аскада. Уктабай таңды атырып. Эртең менен байкаса, Жыйырмасы чыкты чубашып, Баары тегиз кыз бала. Байкап турса Карадөө, Башын салып аскада, Ортодо чыкты бир адам, Тигилип тиктеп караган, Акылынан жаңылган, Тиштери аппак жаркыган, Айдай беттен нур тамган, Бар сайманы алтындан, Күн чагылып жаркыган, Тик багып адам көрө албайт. Жалт-жулт эткен жаркындан. Артынан чыкты жыйырма кыз, Ойлоп турат Кара дөө: “Маа көрүнгөн бир укмуш” Артынан бу да жөнөдү, Желжетпес минип чуу койуп. Куш салса бирге салышты, Ат койсо бул да жарышты, Күн кеч кирер мезгилде, Аркага кайта жанышты, Мейкин зоого барганда, Кирип кетти калгандар, Кире албай калды Кара дөө, Капалданып таң атты. Кайгы менен өзүнчө, Эртең менен көргөндө. Семетей түшүп эсине: “Семетейди айткандар, Бейажал өлбөйт деди эле, Жаралуу болуп калдым деп. Жашырынып жүргөнбү? Укмуштуу катын Айчүрөк, Чай кайнатып берсин деп, Периден тандап сулуудан, Кырк кыз алып келгенби? Күндүзү кечке куш салып, Түнкүсүн жатып уйку алып, Эр Семетей жүргөнбү. Ушул болуп эрмеги? Айткандардан укканым: Кийгени аппак буладан, Мингени буурул жоргодон, Салганы шумкар койкойгон, Күйүт тарткан немедей, Күлбөгөн мерез сомсойгон” Бала баатыр Карадөө, Атасынан көп уккан, Жолу болсун Семетей, Жолборс эле деп уккан. Так жолборстой сумсайып. Арзандык менен адамга, Арсалаңдап күлбөгөн, Күлгөнүн киши көрбөгөн, Күлбөгөн менен Семетей, Адал пейил, адал сөз, Шамдай жанган эки көз, Адамдан нурдуу деп уккан, Азыркы жүргөн алптардын, Баарысынан сүрдүү деп, Карааны көзгө токтомдуу, Алп мүчөлүү деп уккан. “Атам айткан чын болсо, Нак Семетей экен, деп, Ээрчип жүрүп алты күн, Күн өткөрдүм бекер, — деп, Бүгүн кечте келгенде, Бастырбай тосуп Буурулду, Алдына туруп алайын, Чыгарар бекен зобанын, Эшитип үнүн калайын” Деп ойлонуп Кара дөө, Тирмейип тиктеп турганда, Каадасынча күндөгү, Жыйырма кыз алдында, Жыйырма кыз артында, Өткөнү бара жатканда, Бастырып аттуу бара албай, Же чылбырынан ала албай, Далдаңдап чуркап Карадөө, Алдынан тосуп турганда, Унчукпай бара жатканда: — Абакебиз Семетей, Азап тартты ченебей, Энекеңиз Каныкей, Алганың какшайт Айчүрөк, Жалгызың ыйлайт Сейитек! Гүлчоро иниң кар болду, Эки колдун далысын, Канчоро капыр кескилеп, Кең дүйнөсү тар болду! Олуйа Бакай кар болду, Он эки жыл абаке, Канчоро капыр мар болду! Чоңойуп уулуң Сейитек, Бүгүн Таласка кайта ээ болду... Деп Кара дөө жабырап, Жалынып кетип баратат, Жандай чуркап дабырап. Жалынса да канчалап, Алардан зобан жетпеди. Тоо жарылып аңгыча, Булар кирип кеткени. Элебей калды абакем, Эр энөө деп айтчу эле. Эртең менен болсун, деп, Чыгып бара жатканда, Чылбырынан алайын, Башымды кесип ийсе да, Чырмалып туруп калайын...” Ойлоп атып уктабай, Таң агарды түнөөдө, Кара дөө камбыл эр эле, Кийгени соот күрөккө, Эртең менен көрүнсө, Бурулбай кармап көрөм, деп, Курч байланды жүрөккө. Күн жаркырап, жер бети, Жалган түш болгон кездерде, Тоо жарылып шаңк этип, Чубап кыздар жөнөдү, Шоолаланып жарк этип. Бута атым чыгып абакең, Бурулбай бара жатканда, Эки жеңи салбактап, Эки буту тартактап, Буурул аттын чылбырын, Бура кармап турду эми, Эр Карадөө далдактап, Чылбырдан кармап тыртактап. Жайын айтып кан какшап. Кара дөө ыйлап турганда, Күңгүрөнүп сүйлөдү, Кээсин укту Кара дөө, Кээсин угуп билбеди, — Кээде угат кулагым, Кээде укпай каламын, Кээде тилим күрмөлөт, Кээде тилим күрмөлбөйт, Кээде көзүм жарк этет, Кээде көзүм күүгүмдөйт Көзүмө ачык көрүнбөй, Жердин бети күдүңдөйт. Менин атым Семетей, Гүлчоро десең угулат, Андан башка кептериң, Мага турат чурулдап. Кырк кыз кирип чогулуп, Кирип кетти үңкүргө, Семетейди жүрү, деп, Кайран баатыр Кара дөө, Тоону турду кекетип: — Эр Семетей абамды, Сен чыгарып бергин! — деп. Каныкей, Бакай кыйналды, Эр Гүлүстөн сумсайды, Абакемди сагынып. Айчүрөк жеңем керсары, Атамдын жүзүн көрбөй, деп, Шер Сейитек ыйлады, Бүгүн барып Таласка, Элин кайта жыйнады. Атын айтып эске алса, Орто оокаттуу бай болгон, Абамды аңсап сагынып, Ак калпак кыргыз зар болгон. Катып калган каапыр тоо, Катып жүргөн турбайбы, Ушул бойдон тим болсом, Сейитектин ак тузу, Ашкере мени урбайбы! Кайраттанды Карадөө, Чоң чокморун колго алып, Каарданды үңкүйүп, Кабагың карашы ал салып, Заарданып Карадөө, Уйутуп койгон чойундан, Жолум үйдөй чойун баш, Опколжуп келип урганда, Омкорулуп далай таш, Карс-курс эткен үн чыгат, Асманда учуп топурак, Көктү тиреп зоңкойгон, Тоо түгөнүп баратат. Күнү-түнү Карадөө, Кастарын тоого тиккенде, Жолум үйдөй чойун баш, Жойулуп түгөп жок кылды, Бурма темир саптары, Мүлжүнүп жүрүп аз калды, Алаканы чой болуп, Колунун аккан кандары, Сагызган менен кузгунга, Эркин берген той болуп, Таш түгөнүп быркырап, Карысы какшап зыркырап, Көзүн ачса каранып, Ээрдин тиштеп карарып, Мурункудан жакшыраак, Тоо чоңойду шаңданып, Тоону көрүп Кара дөө, Айраң болуп, таң калып, Аркы жагын караса.