Каныкейдин Тайторуну төлгөгө чабышы
Өттү бир жыл арадан, Келип жатат Сейтекке, Соога салам ар кайдан. Олуйа Кошой баласы, Сейтек келди, деп угуп, Атасы Кошой чоң дөөнүн, Кошко минчүү малы эле, Тайтору деген бар эле, Токсон бир асый чагы эле. Жетелетип аны алып, Он беш төөгө арттырып, Актатып күрүч дагы алып, Куржунга салып зар алып, Таластын ээси келди, деп, Токтоно албай кубанып, Төөлөрүн чиркеп чубатып, Алты киши котчу алып, Атбашыдан аттанып, Таласты карай бет алып, Жетип барды Кеңколго, Касиеттүү Сыркоргон, Манастан калган борборго. Жалгызек жолборс келет, деп, Гүлчоро угуп мындай кеп, Алдынан тосуп барыптыр, Аттуу туруп ал экөө, Кучакташып алыптыр. Жамгырдай жашы куйулуп, Жакасы ылдый чубуруп, Көрүштүк бүгүн деп ыйлап, Алла-таалам туз буйруп. Жалгызекти түшүрүп, Семетейдин Сейитек, Алдынан чыга жүгүрүп, Бакайга кабар кылышып, Баары келип жыйылып, Дасторконун жыйышып, Жалгызектин соогага, Алып келген мал-пулун, Өткөрүп алды угушуп. Тайторуну кадага, Аса байлап салышты, Сейтек Бакай, Жалгызек, Баатыр Гүлүс, Керменбай, Ордого кирип калышты. Үйдөн чыгып Каныкей, Дааратка кетип баратып, Көзү түштү тору атка, Кадаада турган жарашып. Жанынан басып барганы, Көзүнө жакшы көрүнүп, Маңдайынан сылады. Түгөнгөн жалдын учунда, Кош кулактын тушунда, Күлүктүктүн белгиси, Жоон чийдей калыптыр, Кыйамын таап байласа, Байге алыш аныктыр. Оозун ачып караса, Асыйы токсон карыптыр, Каныкей антип турганда, Гүлчоро басып барыптыр: — Ак байбиче, энеке, Тайторуга таңданып, Туруп кеттиң неге эле? Кошойдун минген малы экен, Жалгызек алып келди эле. Бетпак тоодо Карманап, Алган зайбы Кардыгач, Бай Жакыптын кызы эле, Төрөбөй жүрүп Кардыгач, Алтымыш бирде төрөгөн, Атын койгон Көбөгөн. Үч жашта тойун берер жыл, Канчоро кылып кастыкты, Таластын тарпын чыгарып, Ар кайда бөлүп таратты. Төркүндөн бирөө болбосо, Той бербейим деп жүргөн, Ушу быйыл Көбөгөн, Он сегизге кирет, деп, Сейтек келди Таласка, Төркүндөн киши келет, деп, Той берем деп Кардыгач, Кабар салган баары элге, Кийинки жылы баш оона, Тойго баары келерге. Хан Сейтек, Гүлүстөн, Абаң Бакай, Каныкей, Айчүрөк алып келинин, Барабыз деп жүрчү эле. Каныкей угуп мындай кеп, Гүлүскө айтат мындай деп: — Андай болсо, Гүлүсүм, Абам минген мал экен, Кулагынын түбүндө, Күлүктүк белги бар экен. Семетей абаң башында, Батадан бүткөн бала эле, Бейажал өлбөйт деди эле, Жыгылганын көргөн бар, Өлүгүн таап көр казып, Көмгөнү жок эч кандай. Тору атты байлап багалы, Кайнежемдин тойуна, Калбай барып чабалы, Төлгөгө чапсак Тайтору, Абаң келип калабы? Оңолуп кыргыз ишиңер, Оңунан келип алабы? Каныкей, Гүлүс кеңешип, Каныкей көрүп бермекке, Гүлчоро байлап көрмөккө, Убада кылып алышты, Ошол күндөн Гүлчоро, Тору атты байлап калышты. Таң эртеңки суусуна, Көнөк менен сүт берип, Күрмөгүн койбой тердирип, Актаган күрүч жем берип, Сүр куйруктан үч күндө, Саптуу айак менен бир берип, Карт муун болгон Тайтору, Бар денесин жумшатып, Уйкусу абдан кангыча, Килем салып жаткырып, Тайторуну жуушатып, Көлөкөгө астырып, Кындыйтып ичин тарттырып, Тойго барар ай келип, Жөнөп кетти бастырып. Эжемдин берер тойу, деп, Он беш үйдү Сейитек, Сарамжалын жам кылып, Конокко берчү чай-тамак, Он беш төөгө арттырып, Үйдү нарга жүктөдү, Нар менен айры аралаш, Санаты жүзгө бүткөнү. Жездеси өлгөн Карманап, Эжеси бар Кардыгач, Элге жарлык угузду: “Сейтек тойду башкарат” Караанын көрсө Сейтектин, Калтаарып хандар жазганат. Темир хандын Ысмайыл, Хан болуп турган чагы экен, Калың Букар көп элге, Зал болуп турган чагы экен. Cейитекке барам деп, Келе жатып Ысмайыл, Аттарды өтсө аралап, Каныкей турат чалкалап, Ийилбей бели кайкалап. Карап көрсө Каныкей, Саамайга кирген агы жок, Картайгандай чагы жок, Каныкейди көргөндө, Ысмайыл ичи жанган жок, Суракка алды эжесин, Амансыңбы дебестен, Аман-соого келбестен: — Эмне кылып жүрөсүң, Карыганың билбестен?! Кабылан жездем барында, Калкын билип башкардың, Семетейдин тушунда, Өз эркиңче иш кылып, Билгичи болдуң алаштын, Эми Сейитектин тушунда, Уулдун уулу балаңдан, Уйалбай бийлик талаштың, Саамайыңа ак салбай, Сен жүрөсүң картайбай, Жаманатты кыласың, Үйдөн чыкпай олтургун, Жасанып алып кайкайбай! Капаланып Ысмайыл, Жаман айтып салганы, Угуп туруп Каныкей, Жалгызы түшүп эсине, Көрөмбү жүзүн дебесе, Өлүп ала тас калды. Сейтек менен көрүшүп, Эсендигин билишип, Анда Ысмайыл кеп салды: — “Өгүз уйду баштаса, Өлөң-өлөң чөпкө, — деп, Инек уйду баштаса, Ийри-буйру жарга” деп, Эл ичинде макал кеп. Каныкей биздин эжебиз, Кандай айтты дебеңиз, Карыганда сүйрөп энеңиз, Неге алып келесиз? Кийимин бүтөп, жылуулап, Тойгузуп кардын даамдуулап, Эркине койбой карыны, Үйдө багыш жакшыраак. Каныкей, Чүрөк бир турса, Экөө окшош тең турат, Келе жатсам сени издеп, Атты жүрөт башкарып, Андан башка кеп эмес, Өзү билип башкарыш. Сейтек угуп бул кепти: — Хан Ысмайыл, кебиңиз, Насаат бизге бердиңиз, Семетей өлбөйт бейажал, Табылып калар бекен, деп, Тайторуну төлгөгө, Чапканы келген энебиз, Жакшылык белги иш үчүн, Аны- муну дебеңиз. Төлгө кетип оңунан, Тайтору чыкса жыйылган, Ушул элдин тобунан, Касиети энемдин, Карым казык, баш токмок, Катып сөөгүм калганча, Андай–мындай дебеймин. Убагында Тайтору, Кошой минген мал экен, Ушул бүгүн ал Тору, Токсон бир асый чагы экен. Каныкей, Бакай, Гүлүстөн – Ушул үчөө кеңешкен, Жарабайт ишиң койгун деп, Кимисине айтам мен? Азырча оозум тартайын, Ат чабылып болгондо, Чыкпай калса Тайтору, Кебим болсо айтармын. Аттанып кетти Ысмайыл, Эр Сейитек ошондо, Байгеге берчү малдарды, Айдатып келип топтотуп, Алтын, күмүш –зарларды, Капка салып токтотуп, Чубаган атты кармашып, Сейитектин наамынан, Тогуз атты санашып, Ат чабуучу балдарды. Баарын кайра кылдады, Өңү сары, тосток көз, Бети жайык балбырак, Ээрди калың шалбырак, Баланын баарын таштады. Кара сур өңү тарткандан, Кагалес, эти каткандан, Тегерек кара көздүүдөн, Машыроо тонун кийгизип, Арчындап жоолук байлатып, Токсон тогуз уруу экен, Ар уруудан бирден эр, Гүлүстөндү баш кылып, Жүз эрге атты айдатып, Он күндүк жерге ат айдап, Опсуз жаман катуу айдап, Такасы жок аттардан, Жолдо калды көп чайлап, Койо берчүү жеринен, Үч күн атты өргүтүп, Балдардын кардын тойгузуп, Баарын тегиз сийгизип, Аттарга кайра мингизип, Катар тизип желелеп, Суулукка суулук тийгизип, Оомийин деп жар салып, Кудай бетин салбасын, Катар кеткен күлүктүн, Аркасында чаң калып, Күнү- түнү болгондо, Буудандар чыкты тандалып. Эр Гүлүстөн караса, Сейитектин тогуз ат, Адашып калбай чубашып, Койо берсе Суркойон, Канат жасап учкундай, Кыл тарткандай камырдан, Аш кайнамда баары аттан, Алдына озуп чыккандай. Сейитектин Койкүрөң, Жебенин огу жетпесе, Тирүү жандар жетпестей. Ойуна алып Гүлчоро: “Аттарды койо берсемби, Суркойон менен алдыга, Бөлүнүп өзүм жүрсөмбү? Койкүрөңдү таштабай, Кошо ала кетсемби? Атаганат, бир иш бар - Төлгөгө чапкан Тайтору, Алдыга чыга барбаса, Ыраазы болбойт калгандар! Жер жүзү толгон мал-пулга, Семетей абам келер деп, Тилекти кудай берер деп, Олуйа Кошой көргөн мал, Төлгөгө чапсак белем деп, Чапкан аты Тайтору, Бөлүп таштап койгондо, Энекемдин ак сүтү, Мени уруп кетер!” деп, Тогуз атты токтотуп, Суркойон менен Күрөңдү, Оозун тартып токтотуп, Келе жаткан кезинде, Каныкей энең ошондо, Семетей барып көрүнүп, Элестеген көзүнө, Ысмайылдын сөздөрү, Чыкпай турат эсинде.