← Сейтек 3/3

Сен намыскөй экенсиң, Карахан менен Темирхан, Шаатемир-үчөө бир тууган, Түйдөк баш эжең Чачыкей, Шаатемирден туулган, Ал Канчорого тийгенде, Бул намысың кайда эле?! Олуйа Бакай кар болуп, Он эки жыл төө бакты, Унаа минбей жөө бакты, Кысыр торпок кайтартып, Мени он эки жыл какшатты, Жатындаш элек экөөбүз, Анда бул намысың кайда эле? Бүгүн Тайтору байге алганда, Жылдыз курттай жылтылдап, Эми жетип келипсиң, Соога сурап култулдап. Жүзүң менен куру! — деп, Сөзүң менен куру! — деп, Сүтбозду санга бир салып, Бура тарта бергенде, Айчүрөк дайар болду эле, Аксарбашыл уй алып, Аруудан тандап тон алып, Чаң болгон киймиң ташта, деп, Элдин көзү башка, деп, Жаман тили ташка, деп, Садагасын чаптырып, Бар кийимин таратып, Түктүү сан кылып кестирип, Сары башыл уйду талатып, Ысмайыл баштап Букарлык, Баары турду карашып. Аңгычакты болбоду, Орус хан киши жиберди, Тайторуну суратып, Уйаты жок Ысмайыл, Ичтен киши жиберип, Буда турду суратып; Тажиктердин Темирбек, А да турду суратып; Түбүбүз бирге тууган, деп, Тайтору күлүк буудан, деп, Жоодарбешим жаш баатыр, Бу да турду суратып; Капкайдан келген Каңгайдан. Аты Жаңгыр хан Калдай, Тайтору мага берсин, деп, А да турду суратып, Маңгыттарда чоң Сартбай, Сарыбай деген наамы бар, Күн батыштын элине, Күндөй тийген табы бар, Тайтору мага берсин, деп, Бербесе өзү билсин, деп, Бу да турду суратып, Багдат, Мисир бир болуп, Ак алтын санап пул койуп, Тайтору сатып берсин, деп, Булар да турду сурашып, Ошол кезде Сейтек, Абаң Бакай эр Гүлүс, Каныкей энең, Айчүрөк, Керменбай бешөөн келгин деп, Чакырып алып айтат кеп: — Чыгыш, батыш, түндүктөн, Кошулуп тажик түштүктөн, Тайторуну сурашып. Калды булар талашып. Жаңгыр Калдай, Сарыбай, Тажиктерден Темирбек, Сөздөрүндө чаары бар, Айрыкчасын Сарыбай, Бербесе өзү билсин, деп, Ачык айткан жери бар, Кимисине беришке, Тайторунун эби бар? Кеңешип туруп Тору атты, Бирөөнө бере салыңар. Калгандар калды аңкайып, Гүлүстөн турду муну айтып: — Тажик Темир, Сарыбай, Сөзүнүн заары турат деп, Коркуп берер кеп эмес, Алмамбеттин Кылжейрен, Букарлыкта калыптыр, Тайтору бериш жол эмес. Кангайдын Калдай, Жаңгыры, Ак калпак кыргыз элине, Качан да болсо бар чыры. Токсон бир асый Тайтору, Мындан кийин чуркабайт, Ушул сапар чабууда, Топтон чыкты шаңданып, Тайторуну суратып, Баары турат таңданып, Орус ханга берели, Биз келгенбиз баш алып, Түбү кыргыз Орус хан, Көчүрүп берди Гүлнарды, Баргызбай бизди Урумдан, Суратыптыр Тайтору, Минип кетсин Орус хан. Дегеле киши болгон жок, Гүлчорого унчуккан. Тайторуну сураткан, Аты айтылды бир топ хан. Тайторуну сураган, Атагы отуз хан экен, Сураган менен бербейт, деп, Сурабаган андан көп, Отуз хандын элчиге, Эр Гүлүстөн айтат кеп: — Сейитектин Тайтору, Топту бузуп байге алды, Бул аттын түбүн сурасаң. Дөө Кошойдон калганы, Сейтек такка мингенде, Алып келген соога деп, Жалгызек сындуу тууганы. Алмамбеттин Кылжейрен, Арууке энем тойунда, Букарлыкта калганы, Накай кыргыз уруудан, Урумдагы Орусхан, Карып калган убагы, Орус хан минип кетсин, деп, Эр Сейитек арнады. Дайынын угуп Тору аттын, Элчилер кайра жанганы, Уккан кептин баарысын. Хандарга айтып барганы. Маңгыттардын Сарыбайы, Маа бербейт деп бир тайды, Катуу арданып калганы. Ушундан калып кекенчи, Кийинчерээк Сарыбай, Таласка басып барганы. Жаңгыр калдай Темирбек, Кыйамың бир күн келер, деп, Ошол күнү Орусхан. Канчалык жардам берет, деп, Булардын кетти ичинде, Канчалаган жаман кеп. Тайатама берди, деп, Жоодар кетти жуу кылбай, Мисир менен Багдаттык, Булар калды унчукпай. Муну мындай таштайлы, Кайыпчыдан Семетей, Табылгандан баштайлы.