Казына койбойт тамыңа, Бөлүп берет калтырбай, Жетим-жесир баарына. Мына мунтип элиңди, Жипсиз тартат жанына. Тирик жанга бок дүйнө, Аркан-жипсиз байланта, Дүйнөгө элиң байланат, Колуңан кетип өнөгүң, Тунарып башың айланат, Өңүнөн азып тууганың, Кышкы чөптөй саргарат. Кытылдап күлүп душманың, Кыйа карап шаңданат, Көзүң менен көргөндө, Күрмөлбөй тилиң байланат. Жарык күн күүгүм түн болот, Сен турасың амалсыз, Капастагы кушка окшоп. Өз элиң кылбайт өрмөттү, Кайта бербейт Сейити, Колуңа кайра нөөмөттү. Кан ичип ичтен сызасың, Өзүң өлүп кеткенде, Ким алат сенин кысасың? Бир жылга толуп баратат, Жүз миң аскер элүү эр, Сейит менен кармаштык, Теңдеше албай Сейитке, Баарыбыз кылдык жармачтык, Кол узараар бекен деп, Эми өзүңө келип арз айттык. Анык курбуң дебеймин, Тапан хан сизге тең эмес, Сени мактап ашырып, Айтып жаткан кеп эмес, Тапан да сендей хан экен, Жери кеңир, эли көп, Ал тарабы жай экен, Кызга көзүн кызарткан, Ал сугалак жан экен. Анткен менен Тапан хан, Элүүдөн ашып жашы өтүп, Карып калган чагы экен, Тапан хан менен тең туруп, Сейитини жеңгенде, Мага заман тар экен. Ажыз экен ургаачы, Эркектен төмөн кор экен, Карыга башы чатылса, Өз теңтушу болбосо, Ургаачыны шору экен. Сейиттен көргөн кордугум, Ойлонгондо мен шордуу, Тапан хандын зордугун, Уктабай таңды атырып, Кулпуга күндү батырып, Тапан хан алса кантем дейм, Шорумдун менин катырып. Көөнү түшпөй кыз бала, Көргүсү келбейт башканы. Көөнүм түшпөй, көз тойбой, Жек көрдүм Сейит арстанды, Тапан ханга тушугуп, Башыма таптым балааны, Табалбай жүрүп мен издеп, Баш калкалар маананы, Токтотор дары табалбай, Селдей аккан санаамды… Деп Желмогуз жоожурап, Оозу менен кобурап, Оңдоп-солдоп саамайын, Отуз эки сылады. Тиктеп калып Куткарбас, Отуз беште өзү жаш, Желмогузга суктанып, Ичиндеги сырды айтат: — Чын айтасың сулуу кыз, Бүгүн мага болдуң туш, Тапан хан, кары билемин, Карыга башың кошулса, Таштай катат тилегиң, Муздай тоңуп жүрөгүң. Арстан дедиң Сейитти, Жыйырма да жаш дедиң, Эмне качып жүрөсүң? Элиңди талап алдыбы? Эмгекке башың салдыбы? Малыңды талап алдыбы? Балаага башың салдыбы? Кандайынан жоо болдуң? Сыйкырмын дейсиң өнөрпоз, Зыркырап неге кор болдуң? Кандай келип сулуу кыз, Тапан ханга тушуктуң? Баштан-айак түйүнүн, Бар ишиңди туйунткун. — Сен сурадың, Куткарбас, Мендей шордуу ажыздар, Сыр айтуудан баш тартпас, Мен сырымды айткынча, Мени карап түн турбас. Бүгүн түндөн калганда, Күмөн кылат Тапан хан, Мени берип Сейитке, Сакалы ылдый жаш кетип, Зыркырап келип отуруп, Сени салат кейишке, Сыр сурайсың туйгузбай, Мүдөөңдү айтчы ичиңде, Сөз чынынан бузулбайт, Мен айтпайым эч кимге. — Эмгичекти, сулуу кыз, Сендей көрктү көрбөдүм, Алыска сапар барбадым, Жат элден сулуу албадым. Жан жүрбөстүн чөлүндө, Жашыл жээктин жеринде, Жайнап жаткан элинде, Өңү жылуу жан болсо, Кары -жашын ылгабай, Ал ургаачы бар болсо, Эри жогун деги алдым, Эрлүүсүн тартып дагы алдым, Сулуу аты бар болсо, Өзү ургаачы жан болсо, Баарысын такыр мен алдым. Өзүң айттың, ай сулуу, Катынын тартып алыпсың, Тапак сага кас, дедиң, Кан ичме кыргыз Сейитти, Кектүүлөргө баш, дедиң, Көтөрө чалып Сейитти, Мага айтышың кай кебиң? Сөз чынынан бузулбайт, Чын сырыңды айт, дедиң. Тапан хан кары, сен жашсың, Тапан хандан баш тарткын, Бар ишиңди бүтүрчүү, Тирүү турам, мен бармын Терип сүйлөп термелеп, Самындай эзип олтурбай, Ушул сырым, мен айттым, Көңүлүң болсо мен жакта, Сөзүңдү токтот, тез кайткын, Куткарбас бизди колдойт, де, Тапан ханга сен айткын. Алты тендүү элим бар, Жашыл жээктей жерим бар, Кумсар сыйкыр куу найза, Алар турса жанымда, Эминеден кемим бар, Кеңеш берсе Тапан хан, Кериле басып сен турсаң, Эки вазир он балбан, Жана да бар кырк сардар, Бир эмес Сейит жүз болсо, Тирүү кетпейт ал менден, Тарпы чыгат таш талкан, Бышыктап айтам мен сага, Айтканыңан танбасаң. Сөзүңдү танып жазгактап, Кылтылдасаң кыйшактап, Сенин да жаның мен алам, Бир Сейити жүз болсун, Мени менен касташса, Топодой тозуп түз болсун. Адам эмес айбандан, Барганынан жан алган, Отуз эки пилим бар, Жолборс менен шерим бар, Аскер жүз миң, билип ал, Төкпөй чачпай укканың, Тапан ханга айтып бар. Ээрчип келсе силерди, Кененимдин Сейити, Кең дүйнөсү болсун тар, Андан башка жан билбес, Далай ишим жана бар. Шум канчыкка суктанып, Оолугуп сүйлөп Куткарбас, Оозунан көбүк буртулдап, Көрүп туруп шуркуйа, Токтоно албай култулдап, Сейитини жеңер, деп, Жеңилип калса Сейиттен Амалым менин кетер, деп Кош эмесе, деп койуп, Жүрүп кетти шуртулдап, Ачып көздү жумгунча, Кирип келди мултуңдап, Кыйналганын сездирип, Тапан ханга чултуңдап: — Кадырлуу хан, сен, деди. Куткарбаска көрүшүп, Кайтып келдим мен, — деди. Бүрсүгүнү таң менен, Бүтөт мөөнөт күн, — деди. Жолго чыгар мезгилиң, Ушул бүгүн түн, — деди. Тур ордуңан, Тапан хан, Биз кетели жүр, деди. Астыртан киши жиберип, Аскерди жолго салыптыр, Тапан хан менен шумпай кыз, Таң шооласы убакта, Куткарбаска барыптыр, Кур кайратка семирип, Кубанып булар калыптыр. Муну мындай таштайлы, Сейит менен Куткарбас, Беттешкенден баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.