← Сейит 1/2

Тапактын багынышы

Эрегишкен Тапан хан, Элди кайдан айаган, Эркек киндик, жаш айал, Аскерге баарын айдаган, Жердин бети жык толду, Аскер менен кайкайган. “Сейитимден айрылсак, Желмогуз келип сойот, — деп, Тирүүлөй канды сорот” — деп, Сейитим бар деп айтпаган, Он эки миң кол менен, Чойтолоң барды аркадан. Жалгыз жүргөн Сейити, Азыр бүгүн төрт болду, Он эки миң сап аскер, Жалындап күйгөн өрт болду, Тапан хандын жүрөгү, Ордуна турбай козголду. Тапан хандын калкынан, Терекбай деген аттанды, Аты чыккан баатырдан. Кокжоңдотуп төө минген, Төө минбесе жөө жүргөн, Терекбай жүргөн жагынан, Жалындаган от күйгөн, Алдыңкы ээги шалпайган, Жонунда өркөч каркайган, Азуулары аркайган, Мингени төөнүн чоңу экен, Төрт айагы тартайган, Чарадай бар таманы, Баскан изи талпайган, Тарбалаңдап жүгүрсө, Аркасында чаң калган, Чокмору бар колунда, Арта салып ийинине, Чандан эрден жан алган, Каарын салып заарданган. Алдында минген кызыл лөк, Жүрүшү мунун бир бөлөк, Төрт таманы талпылдап, Жатканы кумду сапырат, Эки көзү жаркырап, Азуулары качырап, Ууртунан көбүк буртулдап, Минген ээси Терекбай. Кекиртеги куртулдап, Ойрон Сейит баатырга, Жетип келди чукулдап, Найзасынан куу чыгып, Таноосунан буу чыгып, Терекбайды көргөндө, Чойтолоң менен Тазкара, Аскеринен чуу чыгып, Тоодой болуп Терекбай, Сейитимге жетти, деп, Айрылып калсак окустан, Амалыбыз кетти, деп, Ажалыбыз жетти, деп, Колундагы чокморун, Кош колдоп кармап Терекбай: — Коркпосоң кел, Сейити, Жаның сага керекпи ай?! Көнүк болгон кызыл лөк, Терекбай келет өбөктөп, Терекбайга Сейитим, Шилтетип чокмор чаптырбай, Керээз кебин айттырбай. Кара бойго тийбеди, Каржиликтин булчуңга, Найзаны мадап жиберди. Тай торпоктой булчуң эт, Канча талаа жарылды, Сүлкүлдөгөн Терекбай, Заманасы тарылды, Тартып алып найзаны, Ылаачындай шамдагай, Сак карыга бир сайды. Эки булчуң жарылып, Салаалаган кан агып, Эч болбосо бир эмес, Эки колдон тең агып, Кызыл лөктүн үстүндө, Терекбай турат далдайып, Өпкөнүн каны түгөнүп, Жыгылып калды дардайып, Өзү айбан кызыл лөк, Өнөрү малдан бир бөлөк, Башын жерге салганы, Оозунда тиши шакылдап. Сейитиге кызыл лөк, Кирип келди жакындап, Жазганбаган эр Сейит, Коргошун жүрөк шер Сейит, Козголуп койбой кебелип, Тапан хандын элдери, Ооруганы басылып, Оңолгонсуп белдери: — Атаны кайран кызыл лөк, Адамдай мында өнөр көп, Аты менен Сейитти, Өңгөчөктөп жыгат, деп Топого башын тыгат, деп Чойтолоң менен Тазкара, Алдары кандай болот? — деп, Тик тургузуп Тапан хан, Жүрөгүн сууруп койот, деп Кобурашып кубанып, Кутулгансып Сейиттен, Коштук кирип жатканда, Терекбайдын кызыл лөк, Качырып жетти арстанга, Кызыл лөктү тумшуктан, Жазганбай Сейит кармады, Тумшугунан көтөрсө, Жерге тийбей эки кол, Көтөрүлүп турганы. Жерге силкип чөк деди, Ооз омуртка мууздоодон, Оморулуп кеткени. Тапан хандын эр Тапак, Өзүн жүрчү шер санап, Өз ойунда Тапакта, Тоодой болчу чоң талап, Терекбай менен кызыл лөк, Бири адам, бири айбан, Түрү башка бир бөлөк, Адамдан артык чоң терек, Айбандан асыл кызыл лөк, Катар өлүп кетти, деп Түпкө Сейит жетти, деп Тапан хандын оорагы, Башынан качат экен, деп Найзасын кармап бекемдеп, Качырып Тапак барыптыр, Өзү айткандай Тапактын, Баатырлыгы аныктыр, Бакырыгы баш жарып, Баштан артып таш жарып, Сейитке найза салыптыр. Кайра какпай найзасын, Учунан кармап, бек силкип, Алың канча деп силкип Баатырлыгы Тапактын, Башкача экен адамдан, Тапан хандын элинде, Таанымал чыккан бир балбан. Жыгылып кошо келбеди, Же найзасын койо бербеди, Тарткылашып калышты, Тамаша элге салышты. Сабынан Тапак бек кармап, Найзамды бербейм деп кармап, Тарткылашып найзаны, Чиренишип күч сынап, Камыш экен бул найза, Каран калган куу найза, Камыш туура сынабы, Ийилбеген шум найза, Үзөңгүгө тамандап, Тура калып Сейитим, Колтугун өөдө көтөрүп, Жерге карай силккени, Тик-тигинен жарылып, Тараша найза кеткени, Эми Тапак неткени, Тал-тал кетип куу найза, Тарткан сайын кычырап, Найзасын көрүп Тапактын, Көзүнөн жалын от жайнап, Каарданып түңүлгүр, Билегине күч жыйнап, Найзамды тартып алам, деп, Найзамды берип Сейитке, Кантип болом, адам деп Ээрдин кесе тиштенип, Намыстан жанга күч келип, Сейитти туурап эр Тапак, Үзөңгүгө тамандап, Маңдайда көзү алаңдап, Мурдунан маңка куйулуп, Чорго муздай салаңдап, Сабынан чыңдап кармады, Алы келсе баатырдан, Найзасын тартып алгалы, Эки колго чогултуп, Барлык күчүн арнады, «Колдосоң, Шоркөл, колдо» деп Күбүрөп ичтен зарлады, Ар канча кылып найзасын, Сейитимден алалбай, Эрдик менен көгөрүп, Сабын койо бере албай, Талаа-талаа найзасы, Тараша кетип кыйчылдап, Эр Тапактын тенинен, Тер куйулуп былчылдап, Сейитимди сайалбай, Тапактын иши аксады, Теңдигин колго алалбай, Тулку бойу зыркырап, Кар жилиги какшады. Эрдиги кайда жоголду, Биле албай калды баштагы, Алыңды, Тапак, билдим, деп Башың жерге кирди, деп Көрүп туруп көкжалың, Тапактын алын белгилеп. Чекчейип Тапак ченебей, Найзасына тырмышып, Өлөөр жагын элебей, Шайманы кеткен болучу, Кайраты калбай кенедей, Кабыландын кара көк, Кайраты жаштан бир бөлөк, Отуз эки ат маштын, Баарын билет, өнөр көп. Колундагы найзаны, Артына түртүп чиренип, Тапактын колу аркага, Кайрылып барган кездерде, Катуу булкуп тартканы, Кыргыздын кыраан арстаны. Ошондуктан кылымга, Айтылып келет дастаны, Мен - мен деген Тапактан Тартып алды найзаны. Найзадан Тапак айрылып, Кан жутуп ичтен кайгырып, Тапаң ханга бет буруп, Аркасын карап кайрылып, — Мага найза жеткир! — деп, Аскерине айкырып, Он эки балбан, бир сарбаз Бир найзаны он үчү, Алып келди далдаңдап, Кечигип калат дегенсип, Тапак барды калдаңдап, Колуна найза тийгенде. Кайра чапты дардаңдап, Таноосу көөп кетиптир, Текечердей барбаңдап, Арданып Тапак калыптыр, Арстан эрге качырып, Акырып найза сайыптыр. Сайдырбастан найзасын, Кагып көнгөн Сейитим, Андайдын нечен найзасын, Найзанын учу темирге, Уңгусу менен балтанын, Аркасын карай какканы, Балта тийген бул найза, Талкаланып жатканы, Солк эткен найза сокмогу, Эр Тапактын оң колу, Үзүлүп кете жаздады, Каржиликке чапкандай, Зыркырап сөөгү какшады, Тарткылашкан найзаны, Беркерге калды баштагы, Одурайган Тапактын, Оолукканын айтайын: — Алыстан келген сен Сейит, Тоотпойсуң керсейип, Мен Тапактан өлөсүң, Жерге кирип тепселип! Ажалың айдап жай таппай, Сен келипсиң сенделип, Бул элден көзүң көрдүбү, Кайраты бар менчелик? Найзага шыктуу экенсиң, Аның калды байкалып. Айтып болуп бул айбан Чокморун алды колуна, Сейитимди чокуга, Чабамын дейт ойунда, Бир чабуудан чыгарбай, Жиберем дейт жолуна. Чокморун булгап күүлөндү, Сейитимдин өнөрү, Канчалыгын билбеди. Чокмордун күүсү күркүрөп, Үн чыгып жерден дүңгүрөп, Тапактын эли жагынан, Айгай чыкты дүркүрөп, Ат дабырты дүпүлдөп, Жерге кирди сүлкүлдөп, Чойтолоң менен Тазкара, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Ыйлап турат Конушбай, Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Кебелбейт да, кенебейт Эр Сейитим элебейт, Дардаңдаган Тапакты, Бучкагына теңебейт. Козголуп койбойт кыбырап, Карап турат зымырап, Көргөн жанды таңдантып, Көк мейкин зоодой зымылдап, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Тапакка чокмор чаптырбай, Телкүрөң менен чубатып, Оң колтуктан көтөрө, Сайып өттү Тапакты, Ат үстүнөн сулатып.