← Сейит

Желмогуздун Шоркөл элин бүлүнтүшү

Тапан хандан бир киши, Сейитимге жеткени, Тапан хандан Сейитке, Айтып келген кептери: — Калкылдатып туу кармап, Канча күнү кармаштык, Сейитиге баргандын, Баарысы кылды жармаштык, Селдей каптап эл кеттик, Арыкта суудай кан кечтик, Балбандан өлдү канчасы, Биз талапка жетпедик. Далай күндөн бер жакка, Аскер ачка, ат ачка, Эрегишкен эр ачка, Эми кантер экен, деп Карап турган эл ачка, Аттуу туруп шылкылдап, Уйкунун жайы бир башка, Жер тумандап көрүнбөйт, Көзүн бардап караса, “Кең пейил болсо Сейитим, Эрдигине жараша, Азык ичип, ат минип, Жамап, жазкап тон кийип, Жарактанып жайланып, Жазыксыз келсек камданып, Канча күндүк мөөнөттү, Сейитимден сурайбыз, Сөзүмдү айтып Сейитке, Барып кел” — дейт суранып. Хандын айтып саламын, Алдыңа келип турабыз, Эми болчу иштерди, Өзүңүздөн угабыз,- Деп токтолду арачы, Кандай жооп берет, деп Тынбай турат санаасы, Күн тийгендей жарк этип, Айкөл шердин баласы, Айткан кебин карачы: — Төкпөй-чачпай кебимди, Айтып баргын, арачы Тапан хандай бегиңе, Жардап турган элиңе, Кырк күн бердим мөөнөттү, Ханың турса кебине. Кара аскерде жазык жок, Калган журтта азык жок, Камынып келсин армансыз, Өлбөс болуп көөнү ток, Кырк күнү бердим уруксат, Арманы ичте калбасын, Тапан хан өзү баш болуп, Бастырып келбей чойкойуп, Найзасын бекем кармасын, Караанга алып келбесин, Керекке келбес жармачын, Караан болор эрлерге, Каптап келчү элдерге, Барбай жатып албасын, Алдатып ханың канчыкка, Каңгырап куру калбасын, Эрегишсе эрдемсип, Ойлосун тирүү калбасын, Кол куушурса болду деп, Чыгарбасын эсинен, Сейиттин олжо албасын. Алдында минген алтын так, Башындагы сыймык бак, Баарын берсе албаймын, Желмогузду алпарбай, Жериме кайра барбаймын, Эс алганда кара жүз, Элдин этин чийки жейт, Убалына калбаймын. Калп айтканга алданып, Шум канчыкка байланып, Эси болсо Тапан хан, Эндекей элди кырдырып, Кан жүктөнүп албасын. Бул кара жүз шумурай, Жедигер кыргыз элинен, Туудуруп баккан атасын, Тууп чоңойткон апасын, Тартынбай жеген этинен. Тоонун элин түгөтүп, Шаар ичине келгенде, Чыдай албай ушул эл, Мага кабар берди эле. Мени менен канча күн, Жан айабай кармашты, Жыландан бетер арбашты, Кылбаган сыйкыр калбады, Алы келе албады, Сокбилек, соку дегени, Керекке баары келбеди. Жаргылчагы чагылды, Куургучу сынып кур калды, Супурасы жыртылды, Сыйкырына жол койбой, Сейити буга сыр кылды, Качып жүрүп кара жүз, Тапан ханга жолугуп, Тынч жаткан элге чыр кылды- Кумду канга сугарды, Тарпын элдин чыгарды, Далай баатыр кулады, Бейажал өлүп букара, Бекеринен сулады, Атасынан ажырап, Жетим балдар чуулдады, Алганынан ажырап, Нечен катын тул калды, Кете берсем болду деп, Эки күн өтүп арадан, Эң алдында ханды жейт, Андан калган барды жейт, Адамды жеп түгөтүп, Калганында малды жейт. Каратып туруп атасын, Шишке сайат баласын, Тирүүлөй жейт нечесин Чырылдатып энесин. Бүгүн-эртең кыз болот, Кыз алам деп Тапан хан, Орду менен түз болот, Ага кылган жардамы, Өз башына күч болот. Айтып баргын ханыңа, Журт башкарган залыңа, Мени айткын барына. Угуп алып арачы, Убайга толуп санаасы: “Калпты айтпайт дечү эле, Баатырлардын адаты” Башын салып шылкыйып, Тапан ханга барганы, Катар турган алдында, Канча миң кошуун балбаны, Калтырбай уккан кептерин, Хан алдында айтканы. Чойтолоң деген бар эле, Чоң чечени ал эле, Айткан кеби бул эле: — Ханым Тапан, кебим ук, Пейлиңди салып бекем ук, Желмогуз деп кыз эмес, Ушуну менен эки уктук, Конушбай айтты бир чакта, Энге-зенге албадык. Бир бечара айтканга, Эми эсепке алалык, Эр Сейитим айтканда. Эрдемсип кебим ырас деп, Кап деп оозуң карманба, Салаарыңа кап таппай, Ханым, калба бушманда. Эрегишип Сейити, Эңкейе турган эр эмес, Ушул кептин баары чын, Ойлосом жалган кеп эмес. Эрегишпе Сейитке, Өз душманың деги эмес. Өлүп кетти балбандар, Арыкта суудай акты кан, Кырылып кетти чандандар. Тотойду эсеп кылбасак, Элүү эки эр эле, Токойго уулап чыкканда, Ар кимиси экиден, Жолборс кармап келчү эле, Араң экөө калыптыр, Кырк сегизин Сейити, Кыйып башын алыптыр. Жүз миң кошуун мол эле, Тапан хандын колу деп, Оорагы мунун чоң эле. Өзүң баштап элүү эр, Жүз миң колуң турганда, Жат душмандан кам кылбай, Элиңдин көөнү ток эле. Балбандарың баары кыл, Душманга колу шок эле, Даа тутуп душман келе албай, Жалындап турган чок эле. Жүз миң аскер-колуңан, Алтымыш миңче калбаптыр, Эки катар бул жерде, Уруш болду аламан, Кырып Сейит салыптыр. Эки эриңен айрылсаң, Эрлериңе кайгырсаң, Эрегишип барарсың, Эң эле кыйын эр болсоң, Эки күн уруш саларсың, Эс-акылдан танганда, Башыңды катып мааналап, Куткарбаска барарсың. Мурун жүрсөң курбалдаш, Бүгүн барсаң мааналап, Биз барабыз аркаңан, Ооган жүктөй самсаалап. Куткарбас жаш, сен кары, Кыздын көөнү бузулат, Ушул жагы бар дагы. Элүү балбан, жүз миң кол, Бир сулууну алам деп, Маңдайыңа бүткөн шор. Кыздан тирүү айрылып, Элден тирүү айрылып, Тапан хан, калба кайгырып. Тиги турган Сейити, Бир Куткарбас он болсо, Кеңдиги шордой чоң болсо, Тереңи туз көл зор болсо, Бучкагына теңебей, Кебелбейт да, кенебейт, Баарыбызды жапырып, Кара жерге тебелейт. Эрлигимди билсин деп, Тирүү кууйт өзүңдү, Өлгөндөрдү көрсүн деп, Бакырайтып көзүңдү. Каратып туруп Тапан хан, Кызды алат Куткарбас, Ошентип жүрүп кор болот, Алтын так минген асыл баш, Ичиңен жанып күйөсүң, Өлбөгөн жүрөт сүлдөрүң, Мен айткандын баары чын, Болбосун мында күмөнүң. Чойтолоң айтып токтолду, Дымбырдым болду турган эл, Далайга зообан жок болду. Кырк күндүк мөөнөт уккан эл, Тороңдошуп чуу койду, Качкынды кармап берем, деп, Көптүн ичи чуу болду, Үйүнө барып Тапан хан, Ойлогону бу болду, Сүйлөшкөлү кыз менен, Чин акылы токтолду. Чакыртып алды шум кызды, Элди бузган бул кызды, Эшиктен кирди суйсайып, Өңү өзгөрүп кумсарып, Жанаша барып олтурду, Тапан ханга түз барып, (Жан кишиге билинбей, Арачынын келгенин, Чойтолоңдун кептерин, Угуп турган “кыз” барып.) Тапан ханды бир карап, Кеп баштады кара жаак: — Төкөр тайак тайанат, Элимен азган мен шордуу, Тайакчалык болот деп, Сени келдим мааналап, Хандыгыңды кадырлап, Кара башым тартуу деп, Өзүмдү койдум саа арнап. Колума тийсе намысым, Колуңду артсаң мойнума, Бышып турган дарбызмын, Узакка барбай кубарат, Күз көктөгөн алысын. Баатыр дейсиң Сейитти, Жалгыз жүрүп жадады, Канчалык калсын кубаты, Катындарча ушактап, Анын кайда кеткен уйаты? Эрдиги болсо колунда, Эси ооган силерге, Кырк күндүк мөөнөт кылабы? Кыларга айла таба албай, Кылчаңдап кайра кача албай, Узартып жаткан убагы. Куткарбаска алдырып, Тапан хан куру калат, деп Ортобузга сууктук, Салгалы айткан ушагы, Экөө айтты ырас, деп Чойтолоңдун курчуңдап, Айткан кебин карачы, Чойтолоңдун, Тапан хан, Сага кара санаасы, Кишиники кебинен, Чыгып калат аласы. Чойтолоңчо болгондо, Куткарбаска кошулсак, Сейит менен Чойтолоң, Анда алар канетет, Кол кармашып теңселип, Ыргалып талдай биз турсак? Кары да эмес, жаш да эмес, Көңүлдө болот сүйүү шок, Сени көрүп Тапан хан, Жүрөгүмө түшкөн чок, Элди бузат бир күнү, Чойтолоңду жоготсок, Тиги турган Сейити, Салбаса элге кейишти, Ким жактырбайт андайды, Болуп турган убагы. Көөнүм ага түшпөдү, Эл кырылды канчалык, Мага болсун убалы. Абдан жайын укканмын, Жок экен алган жубайы, Жаратпады мени деп, Ичинде бар убайы. Өзөгүндө өрт болбой, Катындарча какжанып, Мени ушак кылабы: “Бул желмогуз киши жейт, Киши жесе чийки жейт”. Мен жеген киши – Сейити, Чийки эти-жүрөгү, Айтканымдын баары чын, Сиркече жок күмөнү, Жүрөгү менде болбосо, Аркаман ээрчип жүрөбү? Азыраак жалын жагылбай, Бирөөнү бирөө сүйөбү? Кызга эркек эр эмес, Сүйгөн көңүл эр экен, Ошол үчүн карылар: “Сүйгөн сулуу” дээр экен, Эркек-айал тууралуу, Чын айтылган кеп экен. Көөнү сүйсө Сейитти, Качып келип мендей кыз, Сага тийем дээр бекен? Сейити жаш, сен кары, Көңүлү түшсө ургаачы, Кары-жашын ылгайбы? Сени кары дебестен, Көзүм түшкөн ургаачы. Деп ушинтип жапылдап, Сүйлөп турат “кыз бийкеч”, Тапан хан турат башты ийкеп. Сөзү менен желмогуз, Тапан ханды эритет, Айта берсе түгөнбөйт, Андан чыгат далай кеп: — Чойтолоң айткан Куткарбас, Азуулуу жолборс-шер болсо, Азуусун айга бүлөгөн, Ааламды бузар эр болсо, Жүз миң колго баш болсо, Сейитимче жаш болсо, Көөнүмдү сага уттуруп, Жаныңда турам мен болсо. Душманымды кем кылсаң, Эмгегиме дем кылсаң, Кыйалымды чыгарып, Кызматыңды мен кылсам, Акылыңа төрдүрүп, Айтканыма көөн бурсаң. Желкемен тепсеп Сейити, Жексен кылып ал турса, “Сексен эки кубулган, Желмогуз экен кыз эмес, Сейит айтты, ырас” деп, Айыңдашып эл турса, Кыйалым кырк, санаам миң, Саруулап өңүм бузулса, Тирүүлүктөн ким тойбойт, Замана мындай кысылса, Дартымды уксаң Тапан хан, Сүйгөнүм, алым ушунча. Чойтолоңду тим койсоң, Айтпай койдуң дебегин, Бир күнү элиң бузулса. Кара нээт бул канчык, Чойтолоңду кастады, Тапан ханга тилдетип, Желкесинен баскалы: — Сейиттен өлдү канча жан, Эми өлсө эки, үч эр Баарысы эрчип бул элиң, Чойтолоңдун артынан, Сейитке жагынып, Кетирет сени баркыңдан, Эмгичекти канча кеп, Таратты экен артыңдан? Ишиң кантип оңолсун, Чойтолоңдой бузуктар, Чыгып турса калкыңдан? “Өздөн чыккан жат жаман, Өзөктөн күйгөн өрт жаман” Бул кептер кандай айтылган? Куткарбасты хан дедиң, Кубаты кыйла бар дедиң, Элиңде бузук турганда, Куткарбаска барам деп, Жарабайт анда ал кебиң, Мындан кийин, Тапан хан, Куткарбас барам дебегин. Башын алып Сейиттен, Мааналап бара жатат деп, Эрчибейт сени элдериң. Айтканым айткан болсун деп, Акылыңа көндүрсөң, Чойтолоңдун -Тапан хан, Колуна бергин эдебин, Чойтолоңдон айрылсам, Кеңешсиз калам дебегин, Жаныңда өзүм турганда, Акылдын камын жебегин. Жинисим менин ургаачы, Аркандай жерде кыйналсаң, Мен табамын себебин. Сейит менен басташып, Кыргыз менен касташып, Таламын элдин талашып, Ач кыйкырык – куу сүрөөн, Кызыл кан аккан кыргында, Акылыман азбадым. Сүйгөнүм Тапан сен турсаң, Сүрөттөй болуп мен турсам, Ишибиз кайдан оңолот, Сымбатың менден шек кылсаң? Анык арбак урбайбы, Ишенбей сенден шек кылсам, Элиңдин сактап бирлигин, Чойтолоңду жок кылсак. Шум канчык мунтип айтканда, Сумсайа түшүп Тапан хан: “Сейит айткан чын эле, Желмогуз болуп жүрбөсүн, Катын эмес кыз сыйак, Анда жок менин күмөнүм, Күмөнсүз кылып сулууну, Кумардан кана сүйөйүн. Бузук деди Чойтолоң, Чойтолоңду жоготсом, Эл бузулат ойлосом. Менин элим төрт урук, Эки уруктун улугун, Сейит койду өлтүрүп. Чойтолоңду жектесем, Укканын айтса чынбы деп, Тузак таап кебин кептесем, Чойтолоң ойлоп калат го, Өлөм деп мындан кетпесем? Чойтолоңду өлтүрсөм, Элдин теңи бузулат, Тапан хан анда кысылат. Бул айткандай жөн койсом, Нээтинде болсо арамдык, Сейитиге кошулат, Аскерлүү болсо Сейити, Тапан хан кандай кутулат? Бир бармагым тиштесем, Тиш тийбеген жана ооруйт, Ойлоп көрсөм бул ишти, Он манжамдын баары ооруйт, Эки жагы тепе-тең, Ажал башты не тооруйт?!” Өзөгүнөн өрт күйүп, Тапан хан турду үшкүрүп, Жаанда калган эчкидей, Бытылдата чүчкүрүп. Ошол кезде Тапан хан, Тамак өтпөй алкымдан, Ойго батты дартынан: “Сейит менен касташып, Ажырадым калкымдан, Айрылдым далай баатырдан. Куткарбас барсам мааналап, Эшигине сагаалап, Куткарбас жаш, мен кары, Айрыламбы катындан? Берметим беттен төгүлүп, Ажырасам баркымдан, Кыйамат кайым болгунча, Кеп үзүлбөй артымдан…” Нары кетип толгонуп, Бери кетип мулжуйуп, Сакал-мурут такыр жок, Кемпир ээк мултуйуп, Тайак жеген катындай, Далайгача Тапан хан, Унчукпай калды тултуйуп, Аңгычакты желмогуз, Басып келди кумтунуп, Кер сары тартып сумсайып, Бузулуп өңү кумсарып: — Ит тартканда башымды, Саа келипмин, Тапан хан Сырымды айтып кол артып. Жедигерден келипмин, Жер түбүнө жол тартып, Шорлуу башым муң басып, Саа жолуктум келатып! Тийбеймин деп Сейитке, Мурун ишим бузулган, “Намыс үчүн эр киши, Жоого тийет” деген бар Ал сенде жок, Тапан хан. “Намыстанса ургаачы, Кара кийет” деген бар, Ал менде бар, карачы Эбин таап Чойтолоң, Сейитиге жагынып, Мени алмакчы санаасы, Чойтолоң минет тагыңа, Колуна тийет ойлоп кой, Шоркөлүңдүн калаасы! Чойтолоң такка мингенде, Колуна хандык тийгенде, Куткарбастан күмөнсүп, Арамдык ичке киргенде, Сейитиге жалбарат, Түркүн түйүн сөз табат, Сейитини алпарып, Куткарбаска бир салат. Сейити менен Куткарбас, Аз болсо беш жыл салышат, Кезметин таап Чойтолоң, Ошондо уктап тынч алат, “Шоркөлдүн ханы Чойтолоң” Деп түбөлүк ат калат, Сенин атың Тапан хан, Өлдүң, өчүп жок калат! Хан болгон соң так минген, Канча жылы калк билген, Хандыгыңды билдирсең, Чойтолоңду карматып, Дарга асып илдирсең, Ызырынып сөз менен, Бүткүл элди сабасаң, Чойтолоңдун элинен, Он-он бешин камасаң, Жүрөгү өлүп букара, Түгөнөт сенин каргашаң. Куткарбастан кол сурап, Бир оокумда сен барсаң, Кыйамына келтирип, Кылган ишиң сен айтсаң, Хан казабы жаман деп, Уккан элди саргартсаң, Жаралуу аркар көздөнүп, Жанаша сага мен бассам, Куткарбастан ошондо, Салтың артат, падышам, Нускалуу сөз байкасаң, Ушунчалык мен айтам, Куу булуттай кумпай кыз, Журт түгөткөн кан чачып, Кубулжуган шумпай кыз, Кырктан ашкан кары кыз, (Тапан хандын көзүнө, Мындай сулуу табылгыс), Какжаңдаган Тапан хан, Карыган кой көздөнүп, Чакчаңдаган Тапан хан, Дык тийбеген бетине, Саксаңдаган Тапан хан, Карыганын билбей көйрөңсүп, Дакдаңдаган Тапан хан, Кылжыңдап мойун токтобой, Бакжаңдаган Тапан хан, Узун чапан жеңи жок, Далбаңдаган Тапан хан, Багалеги сүйрөлүп, Балбаңдаган Тапан хан, Ат баскан бака көздөнүп, Тостоңдогон Тапан хан, Бойу бокор, үнү жоон. Кортоңдогон Тапан хан, Оң-тескери кумтунуп, Чолтоңдогон Тапан хан, Шум канчыктан кеп угуп, Көбү какшык, азы акыл Айабаган жеме угуп, Жетик акыл айтты, деп Эл бузулуп кете алгыс, Мен айланы таптым, деп Желдеттерин шаштырып, Чойтолоңду чакыр, деп Желдеттери далдаңдап, Алып учуп калдаңдап, Чойтолоңго барышты, Хан чакырат сени, деп Айтып кабар салышты, Койгон аты Чойтолоң, Көркөм жигит болбосо, Келишимдүү койкойгон, Түк күлбөгөн аз сүйлөп, Бойлуу киши зоңкойгон, Алдыңкы эрди кеберсип, Ач калгандай томсоргон. Сен деп киши айтпаган, Айтканга оозу батпаган, Желдеттер сен деп айтканда, Айттып кайра тартканда, Оң жагына бир карап, Тапан ханга баргалы, Опколжуп кооп жатканда, Атасы башка эне бир, Тазкара мындай айтты анда: — Чакырды деп Тапан хан, Чапансыз туруп жатасыз, Ала турган катынын, Канчык дедиң кечээ сен, Тирүү кантип кайтасыз, Бейажал өлсөң ал жерде, Арзыңды кимге айтасыз? Мен билсем чакты желмогуз, Чойтолоң элден качат, деп Элиңди бузуп-чачат, деп Шум канчык бузуп айткандыр, Айтканы акыл мага деп, Чакырып сени жаткандыр. Акбы, кара ханыңдын Сырын анык билели, Бүгүн колум бош эмес, Эртең барсам кантет? деп, Ханга айттырып ийели, Карасы болсо ханыңдын, Тилине кирип катындын, Бүгүн түнү качат, деп Жана киши жиберет, Арамдыгы барлыгы, Анда ачык билинет, Андан жаман Тапан хан, Арамдыгы бар болсо. Сени менен талапташ, Жакшы күнү бир жүргөн, Арам-адал тең жеген, Кишилерди чакыргын, Тиги келген желдетке, Эртең барам деп айткын. Желдеттен кепти укканда, Сен чакырган кишини, Хан чакырат келсин деп, Чакыртып барып бир-бирлеп, Колуна ишкел салдырат, Караңгы түн билбейби, Тирүү кайдан жандырат? Чойтолоң көрбөй калды, деп Алардын көзү жалдырайт. Тазкарадан кеп угуп, Жаның сойот, деп угуп, Желдетке эртең барам, деп Жанына жакын ыктайлуу, Чоңдорун алды чогултуп, Калдаңдап желдет оолугуп, Ханына чуркап жетиптир, Мындай айтып кетиптир: — Кадигине албады, Эртең барам мен деди, Кайта барып ханыңа, Айтып койгун сен деди. Желдеттен келбес кеп угуп, Чойтолоң келбей, деми сууп: Чойтолоңду баш кылып, Кол алдында чоңдорун, Айдап келгин чогултуп! Тапан хан антип болгунча, Чойтолоңдун чоңдору, Барып болгон чогулуп. Баштан-айак буларга, Болгон иштин баарысын, Айтып болгон кеп уруп. Кеп кылышпай бир-бирин Тиктеп турган буулугуп, Аңгычакты бир желдет, Эшиктен кирди оолугуп: — Хан чакырат баарыңды, Келсин деди чогулуп, Бол жүргүлө, баскыла, Кербел тартпай чойулуп! Тазкаранын бир көзү, Чалыр болчу чолуйуп: — Биз барабыз чубуруп, Бизден башка ал жерге, Ким–ким келди чогулуп? Оолугасың не мынча, Эшиктен кирип жулунуп? — “Хандан келген ыңырчак, Канча күнү туйлайт” деп, Карылардан калган кеп, Бул макалдын баары чын, Айтылбаган жалган кеп. Байыркынын нускасы, Кандай сонун балбан кеп, Чакырган жок башканы, Калгандарда жок окшойт, Өгөй татоо болгон кеп. Муну угуп чогулган, Чойтолоңдун чоңдору, Бөлүндү санга ойлору, Карап туруп дени өлүп, Титирек басып бойлору, Селкинчек тээп токтобой, Кармалбай калды колдору. Калгандарга катышпай, Келсин дептир биздерди, Тапан ханда не кыйал, Анык чынын ким билди? Деп бир-бирин тиктешип, Жалдырашып калышты, Күрмөөгө келбей тилдери Балдырашып калышты, Алапайын таба албай, Алдырашып калышты, Ээси оогансып элдиреп, Жакшылык менен жамандык, Кайсынысы билинбейт, Бол жүргүлө, баскын, деп Келген желдет күжүлдөйт, Жарык дүйнө түн болуп, Үйдүн ичи күүгүмдөйт, Койон жүрөк коркоктор, Сийдиги агып бүрүлдөйт, Шамал болбой күн жаабай, Кулактары дүрүлдөйт, Кара тилдүү Тазкара, Кайраты бар алынча, Ата башка, эне бир Чойтолоңдун жанында: — Алдырабай сен желдет, Менден уккун далай кеп, Чойтолоңду не үчүн, Тапан хан жалгыз чакырат, Чоңдору менен келсин деп? Чойтолоңдун кылмышы - Тапан хан алар шум кызды, Канчык деди ушул кеп. Чойтолоңдо не жазык, Андан башка кайсы кеп? Сейитинин кылычтан, Кан жошулат себээлеп, Калкан туткан жандарды, Кара жерге тебээлеп, Балбандын баарын жеп болду, Бук ичиме жык толду, Качып келген желмогуз, Арка болуп Тапан хан, Эл азайып жок болду. Шоркөлдүн эли жай жаткан, Эгин эгип жан баккан, Эрте туруп кеч жатып, Короосуна мал тапкан, Козголбогон эл эле, Бир канчыктын саатынан, Түгөнүп калдык жөн эле, Тапан ханга айтып кой, Биз барбайбыз деги эле. Кол куушуруп кулдук деп, Сейитиге барбайбыз, Ээ болбоду Тапан хан, Сейит бизди кырды, деп, Куткарбаска барбайбыз, Түгөнүп кала жаздадык, Эми урушка барбайбыз, Шоркөлдүн жерин сатпайбыз, Башка жакка баспайбыз, Тоо-токойду аралап, Эптеп жанды сактайбыз. Түзгө эгин салабыз, Тоодон кайып алабыз, Антип жанды багабыз. Жеңдирип койсо Тапан хан, Сейитти ээрчип салпактап, Кыргызга көчүп барбайбыз, Жеңип алса Тапан хан, Үйрөнүшкөн ханыбыз, Дегеле тана албайбыз, Денебиз биздин көк эле, Шоркөлдөгү элдерден, Саныбыз биздин көп эле, Канчык чакты бузук деп, Буйрук кылат Тапан хан, Чойтолоңду чакыр деп, Бир катынча болбогон, Чойтолоң жанга бей керек! Чойтолоңдун чоңдорун, Жипке байла колдорун, Чойтолоңду бузук деп, Эки көзүн ойорун, Анык турса ким билбейт, Эки арамдын ойлорун?! Желдетти байлап кебине, Каш серпип белги бериптир, Карап турган бектерге, Тазкарадан белги алып, Чойтолоңдун аскери, Дүрбөп чыкты аттанып. Чойтолоң эли бөлүндү, Оорукта калган элдердин, Карааны аздай көрүндү. Көрүп туруп байакы, Желдет кайра жүгүрдү, Эки жеңин камчылап, Мурдунан каны тамчылап, Айткан кеби угулбай, Сүйлөй албай алсырап, Тазкара кебин айтам, — деп, Баш-айак кылып тамтырап, Тапан хан, менен шумпай кыз, Кучакташып отурат. Куруп калган бул желдет, Уккан сөзүн улады, Көргөн ишин курады, Тазкаранын кептерин, Аскер чыгып аттанып, Элдер дүрбөп кеткенин, Айтып желдет бүтүрдү, Уккан-көргөн иштерин. Тапан хандан сурабай, Шум канчык туруп жайма-жай, Желдетти чаап таштады, Жерге башын жаздады, Жана бирин чакырып, Сүйрөп чыгып ташта, деп, Буйрук сөзүн айтканы. Өлүгүн сүйрөп кеткени, Тапан ханга канчыктын, Айтып турган кептери: — Бул желдетиң, падышам, Чакырып келбей бектерди, Таап келген кебин көр, Чойтолоң менен Тазкара, Кылганын көр, пемин көр. Өлтүрбөсөң желдетти, Эшикке чыгып эми эле, Элге айтат бул кепти. Чойтолоңдон башкага, Баарына күмөн түшпөйбү, Чойтолоңдой калганы, Аттанып чыкса бузулуп, Анда ишиң бүтпөйбү. Тынч жаткан элдин чоңдорун, Чакыртып кел бул жерге, Чойтолоңду оозго албай, Билмексен бол жөн эле. Чогулуп элдер болгондо, Ордонун ичи толгондо, Чойтолоң жок, кана? деп, Сен сурагын ошондо. Чойтолоңдун аскери, Аттанып чыгып кетти, деп Көргөн элдер айтышат, Элдин кебин укканда, Эл оозунан чыкканда, “Чойтолоң андай киши эмес, Бул ойной турган иш эмес, Кырк күн бүтөт эми эле, Сейитке салчу уруштун, Алдында кылчу кеп-кеңеш, Чакырып кел ылдам” — деп, Ханым буйрук кыларсың, Баргандан кепти укканда, Ооздон мындай чыкканда, Чойтолоң ойлойт далай кеп, Акырында ал айтат, Барган желдет кана? деп, Көрбөдүк деп биз анын, Өлгөнүн бүтүн танабыз, Уктум деген кептерин, Мойунга бирин албайбыз, Бузулдуң, баатыр, кандай? деп, Кебинен ууру кармайбыз, Көрсөтүп туруп көп элге, Тууну кызыл кандайбыз, Чойтолоңду ошентип, Туйундурбай жайлайбыз, Чойтолоңдун ордуна, Тазкараны шайлайбыз, Өз майы менен балыктын, Өзүн антип майлайбыз, Ошондо элди кармайбыз. Келбей койсо Чойтолоң, Болбой койсо Тазкара, Кеңештен куру калдың, деп, Жана киши жумшайбыз, Келсе келсин Чойтолоң, Келбей койсо кокустан, Өз жайына тим койгун. Артынан бар дебеңиз, Алдыраса арканча, Артынан куугун барбаса, Киши эсепке албаса, Өзү келет бир күнү, Чойтолоңдо ал канча? Келбей койсо дегеле, Тазкаранын ыгын таап, Мен жайлайым эми эле, Тазкарадан айрылса, Тамтаңдаган Чойтолоң Өзү келет, — деди эле. Айтып болуп кылт этип, Кызча күлүп шыңк этип, Тапан хандын бетинен, Сылап койду жып этип. Кашын кагып кылыйып, Уурту күлүп жымыйып, Кыйырын салып кара бет, Кыйа карап турду эле. Карган дөбөт Тапан хан, Карыган канчык шумпайга, Каткан кан эрип агылды, Карашы кандай сонун, деп, Караанына жалынды. Каргашалуу канчыкка, Тапан хан неге зарылды? Арким алдайт турбайбы, Акылдан азган карыны, Артыкча айал айлакер, Ар качан алдайт баарыны. Бир көргөндө айралат, Амалың канча барыңды, Алданганда Тапан хан, Сейит менен касташып, Арылгыс доого чалынды, Айтканды кабыл алыптыр, Акылдан азган Тапан хан, Алайып тиктеп калыптыр: — Желдеттер төртөөң кел, — деди, Ооруктагы бектерге, Менден кабар бер, — деди, Бачымыраак чогултуп, Ордого алып кел! — деди, Кабар угуп ханынан, Алек-далек жүгүрүп, Жетип кабар салыптыр, Чойулган чоңдун баарысы, Чогулуп келип калыптыр, Ойрон болгон Тапан хан, Оң-тескери карады: — Чойтолоң кана, мында жок, Минтип элден сурады, Ханы сурап жатканда, Көргөндөр айтпай турабы? — Чойтолоңду көргөнбүз, Ушунча эл чогулуп, Өкүмүңө көнгөнбүз. Кабат темир кийиптир, Далыга калкан илиптир, Аскерди артка салыптыр, Аттанып жөнөп калыптыр, Жайнап чыккан аскердин, Аркасында Тазкара, Ханым бизден сурадың, Билгенибиз ушунча. Сейитиден кечээ эле, Кырк күндүк мөөнөт алды эле, Чойтолоңду көргөндөр, Бизге кызмат барбы, деп Көөнүбүздө ал эле. — Мен кабарсыз бул кептен, Бачым бириң барып кел, Чойтолоңду алып кел, Кеби болсо угалык, Кырк күн бүтөт эми эле, Кандай уруш кылабыз, Чогулуп кеңеш кылабыз. Хандан буйрук алыптыр, Кадырлуунун бири эле, Калдалаңдап калдастап, Апкаарый сүйлөп алдастап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Эки буту салбактап, Этеги кетип балбактап, Таноосу көөп барбактап, Ат өлтүрө чапкылап, Кара тер басып дардактап, Чойтолоңго чокчоңдоп, Картыке жетип барыптыр: — Бирге жүрүп, бирге өскөн Барасың кайда Чоке? — деп, Чылбырынан алыптыр. — Калдаңдаган Картыке, Чылбырлабай атымды, Кебиңди айтчы! — деди эле; — Ханыбыз биздин Тапан хан, Калк билген калбай келсин — деп, Чакыртыптыр эми эле, Чогулуп барсак баарыбыз, Жок экенсиң сен эле, Эл киргенде Тапан хан, Айландыра бир карап, Чойтолоң кана? — деди эле, Аңгычакты да бирөө: Аскери менен Чойтолоң, Аттанып жатат, — деди эле. Чойтолоңду бириңер, Чакыргыла дегенде, Көрбөгөлү көп болду, Көрүшкөнчө алдыңа, Мен, Чоке, келдим Картыке, Каралашып жүрчү элек, Жакшы-жаман ар иште…. Чойт камчылап тору атты, Картыкеге карабай, Бастырып кетти Чойтолоң. Минген атын теминип, Жүргүн, деп, Чойтолоң, Картыке жетти демигип, Чойтолоң жооп кылганча, Тазкара келди делийип, Тазкара жооп берет, деп Чойтолоң көөнү семирип, Картыкеге Тазкара, Кебин айтты энтигип: — Картыке мага агасың, Байкап сөздү карагын, Билесиңби түшүнүп, Тапан хандын абалын? Тапан хан бизге хан эле, Береке менен шыбага, Тери менен тең агып. Куйулуп турган жан эле, Куткарбас менен теңдешип, Болуп турган чагы эле. Кыргыздан келген Сейити, Жалган айтпайт деги эле, Ошону улап Чойтолоң, Желмогуз деп айтты эле. Ар алып канчык ажылдап, Тапан ханды бурганбы, Чойтолоңду чакыр, деп Бир желдетти жумшады. Чойтолоңдун айтканы, Эртең барам мен, деди Кете бергин сен, деди Ачып көздү жумганча, Чоңдоруң менен чогулуп, Келсин деди мында, деп, Дагы бирөө келгени. Билсем дагы, билбесем Кийин келген желдетти, Сырым чыгып калат, деп, Өлтүрүп аны жиберди. Кайтып баргын Картыке, Төкпөй-чачпай кебимди, Айтып баргын Картыке, Чойтолоң барбайт ал жерге, Ошол желдет келбесе. Жибере албай желдетти, Жазгактаса Тапан хан, Акбы сөзү карабы, Ошондо байкап билгиле. Кол куушуруп келдим, деп Чойтолоң барбайт Сейитке, Тапан хандан тайгактап, Куткарбас барбайт деги эле, Мындан башка кебим жок, Кайтып кеткин Картыке. Угуп болуп Картыке, Унчукпай калып бир демге, Кайтып элге келгени, Ханы, беги карасы, Чогуу турган жеринде, Уккан кепти жашырбай, Такыр айтып бергени. Кошуп койду Картыке, Айагында бир кепти: — Тапан хан алчу сулуу кыз, Кыргыздан качып келгели, Бизге тынчтык бербеди, Тапан хандын Сейиттен, Кырылып кетти элдери. Балбандардын баары өлдү, Жашы өлдү, кары өлдү Ханы, беги аралаш, Канча-канча жан өлдү, Бир катынды алам деп, Кырылып эли түгөндү, Барган желдет канаке, Чакырып келсин ал барып, Калганды кийин көрөлү. Каарданып Тапан хан, Каны көздөн акчудай, Заарданып Тапан хан: — Жаагыңды жап, Картыке, Баары жалган сен айткан! Барбай жолдон жаныпсың, Жалган кепке каныпсың, Же болбосо, Картыке, Тили чүчүк Тазкара, Алданып кепке калыпсың, Чойтолоңду мен билдим, Тили чүчүк турбайбы, Мен жүрүпмүн ишенип, Ичи бузук турбайбы, Тазкара ага кошулуп, Баары бузук турбайбы, Эркине койсом мейли деп, Эми кудай урбайбы! Сейиттен коркуп себеп таап, Качкан кулдар турбайбы, Талаадан таап кеп курап, Жылчыгы жок бек курап, Картыке карап турбайбы, Картыкени кармагын, Эки колун байлагын, Талга асып жайлагын! Чойтолоңду жөн койгун, Аркасынан барбагын, Картыкедей алданып, Каласыңар барганың! Картыкени байлады, Талга асып салганы, Карандай докко капташып, Титиреп турат калганы, Муну койо туралы, Сейиттен кепти угалы. Ууга чыкты адырга, Эриккенден Эр Сейит, Кошуунун айдап кол бүтүп, Бир балбан келет керсейип. Кошуунду көрүп Сейитим: “Кырк күндүк мөөнөт алгалы, Бүгүн он бир күн болду, Кара жолду чаңдатып, Келаткан кошуун ким болду? Көрмөксөн болуп нетейин, Көрүшүп буга кетейин.” Деп, Күрөңдү аргытып, Артынан чаңды баргытып, Эңиш тартып эрениң, Эликтей колун сайылтып, Ат куйругун жайылтып, Тосо чыгып жолборсуң: — Ким болосуң өзүңөр, Барасың кайда, жол болсун? Кеп сурады эр Сейит. Сейитти көрүп Чойтолоң, Эсинен танып темтейип: “Тапан хандан башымды, Келе жатсам калкалап, Жоготот экен бул жерде, Сейит эми талкалап”. Деп турганда салаңдап, Аңгычакты Тазкара, Кирип келди алаңдап, Жан тери келип маңдайдан, Куйулуп беттен талаалап: — Сейитим баатыр, жол болсун Арбагы Манас жолдошуң, Арам айла кеп эмес, Чынымды айтам, жолборсум. Менин атым Тазкара, Мунун аты Чойтолоң, Кебимди угуп болгунча, Тирүүлүккө жол койсоң. Он бир күндүн алдында, Кырк күндүк деп өзүңөн, Сурап мөөнөт алганбыз, Сизди туурап Чойтолоң, Айтып койуп канчык деп, Балаага башты салганбыз, Тапан хандын каарынан, Канчыктын качып заарынан, Качып жөнөп калганбыз. Тапан хандын элинде, Денебиз асман көк элек, Калгандардан саныбыз, Канча-канча көп элек. Чойтолоң менен Тазкара, Ата башка, эне бир Бир катындын уулу элек, Эми качып жүрөбүз, Тапан хандан куугун жеп, Ала турган сулуусун, Тайгылдык жолдон канчык деп, Сага келип кез болдук, Жүрөк турат болкулдап, Ажал айдап келдик — деп, Тазкаранын бүттү кеп. — Атың болсо Тазкара, Айтканың адил чын болсо, Менде жок башка ой санаа. Каралды бол деп айтпайым, Караан болуп жаныма, Сыйкыры артык эң жаман, Азыр болгун жаныңа. Ага чейин шумурай, Картыке болуп булардын, Жетип келди жанына, Салам айтып кол сунуп, Чойтолоңго зарыла. Тик айталбай жалтактап, Сейит турса жанында, Жай айткан жалпак тил менен, Коркурап кочкор үн менен, Саймалап сөздү түр менен, Кээ кезинде чочутуп, Илмек түйүн сүр менен. Сейит анда жок болсо, Жүр деп айтып келмекчи, Тил албаса кержеңдеп, Эдебин колго бермекчи, Чойтолоң менен Тазкара, Талпагын ташка кермекчи. Айдап алып бармакчы, Үлөкө кылып калганга, Азапка башын салмакчы. Чойтолоң менен Тазкара, Өкүм кылып Тапан хан, Сүр көрсөтмөк калганга. Иши оңолгон Тазкара, Жел сөзгө тузак салуучу, Мунун өзү бир балаа: — Сен Картыке эмессиң, Кочкор үндүү коркурак, Абазыңан мен билдим, Жайа салып жай айткан, Амалыңдан мен билдим; Алдап-соолап алпарчу, Талабыңды мен билдим, Узун койуп бек тартчу, Танабыңды мен билдим. Чойтолоң менен Тазкара, Тил алса алып келем, деп, Сыр көрсөтүп калганда, Эдебин колго берем, деп, Шумурай канчык, келипсиң, Картыкени дарга асып, Азабын колго берипсиң! Билмексен болуп кара бет, Тазкараны сынайсың, Сейитимди көргөндө, Амалың кетип турасың. Турбай кеткин жаныма, Чойтолоң менен Тазкара, Жүзүн буруп кетти деп, Айтып баргын ханыңа! Карым казык болгончо, Башым жаздык болгончо, Биз турабыз кебелбей, Сейитимдин алдында. Мурунку ой биздерде, Баш мааналап бир жерге, Барыш ой бизде жок эле, Какырында Шоркөлдүн, Жүрсөң көңүл ток эле. Тоо аралап кетсек деп, Сейитимге кез болдук, Тапан ханды азгырып, Кара жүз, элди жеп болдуң! Сени ээрчип самсаалап, Тапан ханга барбайбыз, Тетири сурак кеп угуп, Балаасына калбайбыз. Хан баласы Сейитим, Кастык кылбас карага, Кол куушуруп барбайбыз, Куткарбастай балаага. Кутулар сенден күн кана? Кутулсак баштан садага! Жымыйып канчык жөн туруп, Тазкарадан кеп угуп, Садагам кет, деп угуп, Бура тартып артына, Кеткели калды удургуп. Эр Сейитим ошондо, Мындай деди кеп уруп: — Тура тургун, желмогуз Чойтолоң менен Тазкара, Келипсиң кастап эр болуп, Бөлүнүп менден кеткенде, Бекер өлүп кетпесин, Кара жерге тең болуп, Каны суудай акпасын, Какырды бойоп сел болуп, Кармабай колу шал болуп, Кыймылдарга чама жок, Кара бойу дал болуп, Бүткөн бойу тер басып, Жарык күнү түн болуп, Көрө албай көзүн кал басып, Кулагы укпай кер болуп, Кыйын болот буларга! Ойноп турган Телкүрөң, Чабына батпай суурулуп, Бура тартып тап берди, Сейитке жооп кылалбай, Каарына чыдап туралбай, Кара бет качты далбактап, Асман-жердин арасы, Жалын болду от каптап, Чойтолоң менен Тазкара, Качып кеткен желмогуз, Салып кетти чоң калба. Жалжылдап турат көздөрү, Сүйлөбөй турат өздөрү, Тирүү турат жандары, Баспай калган аттары, От каптаган жолдорду, Кармалбай калган колдору, Кагып турат жүрөгү, Каргашалуу канчыктын, Таштай катсын тилеги. Тарамышы түйүлүп, Сунулбай калды билеги, Сүйлөөрүнө тили жок, Сыйкырлыгын канчыктын, Анык эми билгени. Арамзада желмогуз, Артынан Сейит түшкөндө, Айланып кайра бармакчы, Чойтолоң менен Тазкара, Башын кесип алмакчы, “Кечээ берип мөөнөттү, Бүгүн кууп жүрөмбү? Мен жалынга киргенде, Кайра келип шумурай, Кырып ийет бул элди” Деп Сейит эске алганы. Кайта аркага жанганы, Чойтолоң менен Тазкара, Аралга жетип барганы: — Бастыргыла, жүрү, — деп, Баатырың айтып салганы. Чойтолоң менен Тазкара, Көздөрү көрбөй күүгүмдөйт, Ачык укпай айтканды, Кулактары дүңгүрөйт, Тирүү турат жандары, Өздөрү араң үлдүрөйт. (Бала баатыр жолборсуң, Падыша кудай колдосун) Алдарын ачык билгенде, Тили жок такыр сүйлөргө, Ичи ачынды бул элге, Алмамбеттин алма баш, Жулуп алды ийнинен, Алмамбеттин иштерин, Алладан башка ким билген, Ичинде дүрмөт-огу бар, Милтеде кызыл чогу бар, Милтесинен чок жетти, Атылып мылтык ок кетти, Шоркөлдүн ичи сок этти, Тактасында Тапан хан, Жүрөгү ыргып болк этти, Асман тиреп дүрүлдөп, Күйгөн жалын жок болду, Сыйкырланган көпчүлүк, Көздөрү көрүп жаркырап, Кулактары шаркырап, Тилдери сүйлөп бабырап, Сейитимдин жанына, Чогулушту жабырап: — Шумурай канчык бир келип, Бизди салды санаага, Таш кылып койо жаздады, Шоркөлдүн кара талаада, Арстан эрдин баласы, Кайда барсаң ала кет. Артыңа бизди сала кет, Жаныңдан карыш айрылсак, Биз калабыз балаага, Кайра барсак ал жерге, Капташабыз жалаага. Дешип булар чуркурап, Сейитимден айрылбай, Салбырап ээрчип алыптыр, Ошолордун урпагы, Салар атка калыптыр. Бара-бара ошолор, Салар атты жойуптур, Сала атка конуптур, Чойтолоң менен Тазкара, Айрылгыс жолдош болуптур, Аны-муну кылганча, Ачып көздү жумганча, Кырк күндүк мөөнөт толуптур, Эр Сейит менен Тапан хан, Беттешер маалы болуптур. Муну мындай таштайлы, Эр Сейитке Тапактын, Багынганын баштайлы.