Чокмору түштү дүп этип, Өзү түштү дүк этип, Кылычты кындан суургунча, Мойнунан башын кыйганча, Чойтолоң келди ал жетип: — Жолборсум Сейит, кулак сал, Чойтолоң сөзүн угуп кал, Хандык менен Тапан хан, Бардык элге чоң эле, Тапан хандын элинде, Мындай балбан жок эле. Эс алганча койо тур, Келет экен кай кепке? Тилимди алып бул Тапак, Кирип калса кеңешке, Тапан хандын сыйкыры, Башынан качат бир демде, Тапан ханга бул Тапак, Баш берчү эмес деги эле, Жай жаткан Тапак балбанды, Желмогуз барып ал айтып, Алып келди бул жерге. Мени менен курбалдаш, Сыр жашырбай жүрчү эле, Этегиңе эрмешип, Кошулса Тапак биздерге, Куткарбаска арыз айтып, Тапан хан качат ал түндө. Тапан хан айтса сыр катпай. Куткарбаска бет алып, Таскактаган желмогуз, Же бараткандыр бул кезде… Аңгычакты болбоду, Башын жерден көтөрүп, Тапак өөдө болгону, Баш көтөрүп үлдүрөп, Өзүнчө сүйлөп күңгүрөп: — Атым Тапак болголу, Тапак атка конголу, Мени менен бет маңдай, Келген баатыр болбоду. Кыргыздан келген Сейити, Мындай баатыр болорбу? Кең пейил кенен турбайбы, Башымды кеспей койгону. Уктагандай ойгонуп, Артын карап толгонуп, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Чойтолоң турат чолтойуп, Эр Сейити көрүнбөйт. Тазкара турат шоктонуп, Тапактын атын Тазкара, Кармап келди чуу койуп. Тазкаранын кептери: — Жыгылганда Тапактын, Жарылыптыр беттери. Тапан ханга алданып, Атка миндиң камынып, Кан куйулуп жаагыңан, Кетиптир бетиң жарылып. Мен Тазкара, Чойтолоң, Сейитимге кошулдук, Тапан ханга Таарынып, Эрдигиң билип Сейитим, Аңтара сайды атыңдан, Өлбөй тирүү ким калды, Сейитимге катылган? Жаның калды кел бери, Бир жүрөлү чогулуп, Сейитимдин артынан, Куткарбаска алдырып, Куру калдың катындан, Эр Сейитке эрмелеш, Чыгарат сени дартыңан. Куткарбас алып барса да, Ооруп жатат деп уктум, Келип-кетип калкынан. Укканым чын, жалган жок, Үмүт үзбө жарыңан, Жарыңды колдон алдырып, Баралбадың артынан. Мурунтан бери Чойтолоң, Бирге жүргөн жолдошуң, Сейитиң болсо жолборсуң, Мен Тазкара колдоочуң, Тартып алган катының, Куткарбас кантип оң болсун. Биздин элге Куткарбас, Унуткусуз шор кылды, Өзүңдү, Тапак, баш кылып, Көп кишини кор кылды. Тапан хандын элинде, Өңү сүйкүм кыз болсо, Жез оймок салган колуна, Элден чыккан уз болсо, Калтырбай алды баарысын, Жашы менен карысын, Зордук кандай экени, Эми Сейитимден таанысын. Бир Куткарбас он болсо, Увазири эки эмес, Санаты накай кырк болсо, Кумсар сыйкыр жүз болсо, Куунайза балбан миң болсо, Аскери жүз миң карк толсо, Куткарбас менен Тапан хан, Кол кармашып бир болсо, Желмогуз канчык кошулуп, Кумсар менен төрт болсо, Жери жашыл жээк болсо, Суусу ачуу туз болсо, Кургак жер сары кум болсо, Сапырылып чаң болсо, Адамдары алты түр, Айдап келер көп болсо, Ак кишиси азыраак, Куткарбаска касыраак, Кара беттүү киши көп, Маанайы анын басыраак, Сары кишиси баары сак, Куткарбастын артынан, Сандап чыгат сап-саптап. Кызыл киши кыйла бар, Куткарбаска жарамат, Жан айабайт мындайлар. Көк тендүү киши көп эмес, Куткарбастын элинде, Жашыл тендүү жок эмес, Алты тендүү киши бар, Ар укмуштуу иши бар. Угуп туруп эр Сейит: “Куткарбас деген арам кор, Тапан хандын элине, Салган экен көп кейиш, Тапан хандын элинде, Балбандары көп экен, Алалбаптыр эңкейтип, Тарттырып алар катынын, Жүрүптүр булар темтейип. Барбай туруп жерине, Көрбөй туруп элине, Жеринин билдим жагдайын, Элин билдим дапдайын, Эл бүлүнткөн Куткарбас, Суудай канын чайкайын, Суусун ичтим Шоркөлдүн, Ичкен тузум актайын, Кантер экен Тапан хан, Мунун сырын байкайын” Деп ичинде ойлонуп, Жабырын угуп бул элдин, Жаш Сейитим толгонуп. Баатыр Тапак талпактап, Этектери далбактап, Булагайлап жеңдери, Шамал чыгып салбактап, Кең багалек кайыш шым, Топурак учуп балбактап: — Эреним Сейит, кайдасың? Тапактын алын байкагын, Тазкарадан уктуңуз, Эми жок менин айтарым, Алчу жарым алдырдым, Куткарбаска ал келбей, Жалдырап ичтен кайгырдым. Сен келгели Шоркөлгө, Канча болду билбеймин, Тапан хан киши жиберип, Эки күн болду келгеним. “Сейит деген эр келди, Сайып бергин сен, деди Куткарбастан жарыңды, Алып берем мен” деди. Жарымды алып берет деп, Жан айабай келгенмин, Тапан хан, Сейит, не үчүн Өчүгүштүң билбейим. Куткарбастан жарыңды, Алып берет деп айтты, Артыңан ээрчип жүрөйүн, Угушпай найза салыпмын, Кечирээрсин күнөөмдү. Чойтолоң менен Тазкара, Эмне кылып жүрөсүң? Алдындагы жоргосун, Чойт камчылап Чойтолоң: — Тапак болбой жерге кир, Жарты тоодой зоңкойгон! Тапан ханды желмогуз, Кыз болуп келип алдады, Баш кишибиз Тапан хан, Бир канчыкка алданып, Кылбаган иши калбады. Элөөсүздөн бир күнү, Эл бүлдүргөн желмогуз, Канчык деп айтып салыпмын, Угуп алып Тапан хан, Жалмагалы аз калды, Акыл айтып Тазкара, Куткарып мени алганы. Жарыңды алып берем, деп Сени дагы алдады. Жарыңды алып бергиндей, Тапан хан сенден балбанбы? Мына бул турган Сейитим, Кененимдин баласы, Манас экен бабасы, Адам өлчөр киши эмес, Эрдиги менен айласы. Жедигердин элинен, Шум желмогуз чыгыптыр, Кылгылыкты кылыптыр, Муну Сейит угуптур. Алы келбей Желмогуз, Качып келип бул жерге, Тапан ханга кыз болуп, Саа тийемин мени ал, деп Сейит менен урушсам, Болуп бергин жардам, деп Жамап айтып жалган кеп, Биздин элди кырдырды, Кымызга сууну куйдурду, Кылчылдашып урушуп, Кызыл каны чубурду, Менден уксаң кеп ушул. Угуп муну эр Тапак: — Желмогузга алданып, Тапан хан болсо чоң акмак, Куткарбастан жарымды, Алып берем дегенге, Алданып келген мен акмак! Тапан хан менен Тапак, Ар экөөбүз тең акмак! Мындан кийин биздерге, Ойлоп көрчү бир сабак, Кырааным Сейит кулак сал, Тапактын айтар дарты бар, Көңүл койуп угуп кал. Хан болгонсуп калдайып, Тапан хан жүрчү далдайып, Эчтеме албай санаага, Мен жатчумун дардайып. Шоркөлдөн сулуу кыз чыкты, Бүткүл элге даңдалып, Жашым кырктан аша элек, Сулууну алсам экен, деп. Ар кимге айттым кеп салып. Сулуунун дайынын угуптур, Соодагерлер кеп салып. Тартып кетти Куткарбас, Бир күнү келип кол салып, Кошо алды мал-пулун, Бир уруу журтту чаап алып, Угуп алып мен бардым, Намыс кылып арданып, Кантип адам болом, деп Сулууну албай кур калып, Кошуунум бар кол бууган, Он балбан чыкты бул элден, Мага окшош кордолгон, Кордолуш жолу бул болгон: Биринин алган мал-пулун, Маа окшотуп какшатып, Биринин алган сулуусун, Өңү жылуу экен, деп Биринин алган өз кызын, Жакшысын алган атынын, Көзгө сүйкүм көрүнсө, Ээ кылбастан эрине, Тартып алган катынын; Тапан хан билет, эл билет Ошол иштин баарысын. Көрүп туруп көз менен, Көңүлдөн кеткис өч менен, Сандаган аскер, он балбан, Куткарбасты кубалап, Келебиз деп эми эле, Куу чөлдө ишин тууралап. Артынан барган биздерди, Адамбы деп элебейт, Кебелбейт да, кенебейт, Ырас-чынын айтканда, Бучкагына теңебейт. Атайлап киши чаптырдык, Арналуу кептен айттырдык: “Улук болсо Куткарбас, Сөзгө келсин ушул чак, Куткарбаска теңелип, Кол салбайбыз биздин жак, Ирегелеш эл туруп, Кол салышсак ушинтип, Бизден качат дөөлөт-бак. Өчүгүшүп урушуп, Ач бөрүдөй жулушуп, Бузулат элден ынтымак, Кепке келип Куткарбас, Катын-кызды таштасаң, Куру кетпей томсоруп, Ала кетсин башкасын”. Айткан кепти угуп тур, Арамга көңүл буруптур: “Алың келсе алып кал, Келбесе алың туруп кал!” Деп арачы кишини, Айабай сабап уруптур, Оозундагы тиштерин, Ат тиш менен жулуптур. Жете барсак артынан, Арага салган кишибиз, Жыгылып жатат атынан, Түшө калып карасак, Бети-башы такыр кан. Жошологон желектей, Башы турат чулуйуп, Шишик басып кетиптир, Кулагы жок мулуйуп. Эс алдырып алганбыз, Куткарбастын артынан, Кубалап жете барганбыз. Бизди көрүп Куткарбас, (Отуз бешче киши экен, Ырас чынын айтканда, Ал кутурган ит экен.) Найза кагар, кол балта, Кармай келди колуна, Аркыратып тулпарын, Аралап кирди чогууга. Мен баштаган он балбан, Бири жүздөй эрди алган, Ачып көздү жумганча, Ат үстүндө калбаган, Бирден домдоп тизеге, Томолоктоп таштаган. Өлтүрүп бизди салбады, Калтырбай атты айдады, Аралап келип чогууга, Ушул болду айтканы: “Эл ичинде эрдемсип, Жүрүпсүңөр онуңар, Байлалуу, эмес бош эле Балта чабар колуңар, Катышпадым, таштадым, Тигинеке колуңар, Аркаман бар эр болсоң, Бузук болсо ойуңар, Көк кептердей толгонуп, Үзүлүп кетет мойнуңар! Ажыратып атыңан, Жөөлөтүп таштап нетейин, Онуңдун алып атыңды, Кай муратка жетемин? Катын алдым, кыз алдым, Тапан хандын элинен, Оймоктуудан уз алдым, “Куру кайрат баш жарат” Кур намыска барсаңар, Жаныңды алчу мен бармын!” Онубуздан жан албай, Минген атты олжо албай, Көп кошуунга карабай, Кашкайган келин катындан, Кыздан чыккан асылдан, Бирде бирин таштабай, Каары катуу Куткарбас, Бастырып кетти жайма-жай. Тарттырып колдон асылды, Койунда жаткан катынды, Биз жүрөбүз баралбай, Куткарбаска кошулса, Суктанып жүргөн сулуусун, Тапан хан калат алалбай, Каары катуу Куткарбас, Жашыл жээктин жерине, Андан коркуп жан барбай, Аркаңан ээрчип жүрөйүн, Арстаным, кечкин күнөйүн. Ар качан калбас арманым, Колума келсе сүйгөнүм. Айтып Тапак барбактап, Жүгүрүп келип дардактап, Далысында калганы, Казанбактай калдактап, Белин ийип бүгүлүп, Башын ийип жүгүнүп, Муну көрүп Тапан хан, Карап турат бир четте, Кара жандан түңүлүп, Муну мындай таштайлы, Тапан хан менен канчыктын, Куткарбасты мааналап, Кеткенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.